Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Сыноолордо туруктуу болгондуктан бата алдык

Сыноолордо туруктуу болгондуктан бата алдык

«СЕН ушунчалык таш боор ата экенсиң,— деп ачуулана сүйлөдү КГБнын офицери.— Боюнда бар аялыңды, чиедей кызыңды таштап кеттиң. Эми аларды ким багат, ким карайт? Ишиңден баш тартып, үйүңө эле кетип калбайсыңбы!» Мен: «Жок, мен үй-бүлөмдү таштаган жокмун. Мени силер кармап келбедиңерби. Эмнеге?» — дедим. Ошондо ал: «Жахабанын Күбөсү болуудан өткөн кылмыш жок»,— деп кесе жооп берди.

Бул 1959-жылы Орусиянын Иркутск шаарындагы түрмөдө болгон. Анда эмесе, жубайым Мария экөөбүздүн «адилдик үчүн азап чегүүгө» эмне себептен даяр болгонубузду, ишенимдүү бойдон калганыбыздын аркасында кандай баталарды алганыбызды айтып берейин (1 Пет. 3:13, 14).

Мен 1933-жылы Украинанын Золотники деген айылында жарык дүйнөгө келгем. Таежем күйөөсү экөө Жахабанын Күбөлөрү болчу. 1937-жылы алар бизди көргөнү Франциядан келип, Күзөт мунарасы коому чыгарган «Өкмөт», «Куткарылуу» деген китептерди таштап кетишкен. Ал китептерди окуганда атамдын Кудайга болгон ишеними кайрадан жандана түшкөн. Тилекке каршы, 1939-жылы атам катуу ооруп калды. Бирок өлөр алдында апама: «Бул — чындык. Муну балдарга окутуп-үйрөт»,— дептир.

СИБИРЬ — КАБАР АЙТА ТУРГАН ЖАҢЫ АЙМАК

1951-жылы апрелде бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүн СССРдин батышынан Сибирге сүргүнгө айдай башташты. Апам, мен, иним Григорий да Батыш Украинадан айдалдык. Поезд менен 6 000 чакырымдан ашуун жол жүрүп, Сибирдеги Тулун шаарына жеттик. Эки жумадан кийин Богдан байкем Ангарск шаарынын жанындагы лагерге алынып келди. Ал 25 жылга кесилип, оор жумуштарга салына турган болду.

Апам, Григорий, мен — үчөөбүз Тулундун тегерегиндеги айыл-кыштактарда кабар айтчубуз. Бирок тапкыч болушубуз керек болду. Мисалы, тургундардан: «Уй сата турган бирөөнү билбейсиңерби?» — деп сураар элек. Анан уй сатчу кишиге жолукканда ага уйдун канчалык кереметтүү жаратылганын айтчубуз. Көп өтпөй эле Жараткан жөнүндө сөз башталып кетчү. Ошол убакта бир гезитке Жахабанын Күбөлөрүнүн элден уй сураганы менен, чынында, койлорду издеп жүрүшкөнү жөнүндө жазылган макала чыккан. Ал жактан, чын эле, кой мүнөздүү адамдарды таптык! Ошол дайындалбаган аймактагы момун, меймандос адамдар менен Ыйык Жазманы изилдөө өзүнчө эле рахат болчу. Учурда Тулунда 100дөн ашык жарчыдан турган жыйналыш бар.

МАРИЯНЫН ИШЕНИМИНИН СЫНАЛЫШЫ

Өмүрлүк жарым Мария чындыкты Экинчи дүйнөлүк согуштун орто чендеринде Украинада угуптур. 18 жашында КГБнын бир офицери аны жыныстык мамиледе болууга көндүрүүгө аракет кылып, аябай тажаткан экен. Бирок Мария такыр макул болбой коюптур. Бир жолу үйүнө келсе, баягы офицер анын төшөгүнө жатып алыптыр. Мария качып кеткенде, ачууга ууккан офицер аны Жахабанын Күбөсү болгону үчүн каматарын айтып коркутуптур. Анан, чын эле, 1952-жылы Мария 10 жылга кесилип кетиптир. Ошондо ал өзүн кынтыксыздыгын сактаганы үчүн түрмөгө камалган Жусуптай сезген экен (Башт. 39:12, 20). Марияны сот залынан түрмөгө алып бараткан айдоочу ага: «Коркпой эле кой. Көптөр түрмөгө түшсө да, өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготпой кайтып келишет»,— дептир. Бул ага аябай дем-күч берген экен.

Мария 1952-жылдан 1956-жылга чейин Орусиянын Горький (азыр Нижний Новгород) шаарына жакын жердеги түзөтүү-эмгек абагында иштептир. Ал жакта атүгүл кычыраган суукта да бактарды тамыры менен жулдуруп иштетишчү экен. Ошентип жүрүп ден соолугу начарлап кетиптир. Бирок 1956-жылы бошотулуп, Тулунга жол тартыптыр.

ЖУБАЙЫМ МЕНЕН БАЛДАРЫМАН АЛЫС ЖАКТА

Тулундагы бир байке мага бир ишенимдешибиз келатканын айтты. Мен ал кызды тосуп алып, жүктөрүн көтөрүүгө жардам бериш үчүн велосипед менен аялдаманы көздөй жөнөдүм. Марияны көрөрүм менен жактырып калдым. Анын жүрөгүн багындыруу оңой болгон жок, бирок акыры ага жеттим. Экөөбүз 1957-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин кызыбыз Ирина төрөлдү. Бирок кубанычыбыз көпкө созулган жок. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды басканым үчүн 1959-жылы камакка алынып, жарым жыл бир кишилик камерада отурдум. Жүрөгүмдө тынчтык болушу үчүн, дайыма тиленип, Падышалыктын ырларын ырдачумун жана эркиндикке чыккандан кийин кантип кабар айтарымды элестетчүмүн.

Түзөтүү-эмгек абагында, 1962-жыл

Түрмөдө сурак учурунда тергөөчү: «Жакында силерди чычканды тебелегендей тебелеп жок кылабыз!» — деп кыйкырды. Мен: «Иса Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын бардык элдерге ТАРАТЫЛАРЫН айткан. Аны эч ким токтото албайт»,— дедим. Анан тергөөчү ыкмасын өзгөртүп, сөзүмдүн башында айткандай, ишенимимден баш тарттырууга аракет кыла баштады. Коркутканынан да, азгырганынан да эч майнап чыкпагандыктан, мени 7 жылга кесип, Саранск шаарынын жанындагы лагерде оор жумуштарды аткарууга жөнөтүштү. Ал жакка баратып экинчи кызыбыз Ольганын төрөлгөнүн уктум. Мария менен кыздарымдан алыс жүрсөм да, жубайым экөөбүздүн тең Жахабага берилгендигибизди сактап жатканыбызды билип, соорончумун.

Мария жана кыздарыбыз Ольга менен Ирина, 1965-жыл

Тулундан Саранскка чейин поезд менен барып-келгенге 12 күн кетсе да, Мария жыл сайын мени көргөнү келип турчу. Дайыма бир жуп жаңы бут кийим ала келчү. Алардын согончогуна «Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын катып коёр эле. Бир жылы Мариянын келгени өзгөчө окуя болду, анткени ал эки кызыбызды ала келиптир. Аларды көргөнүмө, чогуу болгонума канчалык сүйүнгөнүмдү элестетсеңер!

ЖАҢЫ ЖЕРДЕГИ ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

1966-жылы түзөтүү-эмгек абагынан бошотулуп, үй-бүлөбүз менен Кара деңизге жакын жайгашкан Армавир шаарына көчүп кеттик. Уулдарыбыз Ярослав менен Павел ошол жактан төрөлдү.

Көп узабай эле КГБнын офицерлери Ыйык Китепке негизделген адабияттарды издеп, үйүбүздү тинте башташты. Алар ар бир бурчту, атүгүл уйлардын жем-чөбүнө чейин карап чыгышты. Бир жолу офицерлер ысыктан тердеп, кийимдери чаң болуп калды. Мария алардын тек гана буйрукту аткарып жатканын билгендиктен боору ачып, суусундук куюп берди жана кийим тазалай турган щётка, суу, сүлгү алып келди. Башчысы келгенде, алар биздин жакшы мамиле кылганыбызды айтып беришти. Кетип баратышканда, башчысы бизге жылмайып, кол булгалады. Жамандыкты «дайыма жакшылык менен жеңүүгө» жасаган аракетибиздин жемишин көрүп, аябай сүйүндүк (Рим. 12:21).

Кайра-кайра тинтишкенине карабай, Армавирде кабар айта бердик. Ошондой эле Курганинск шаарындагы жарчылардан турган чакан топту бекемдегенге жардам берчүбүз. Азыр Армавирде алты, Курганинскте төрт жыйналыш бар экенине аябагандай кубанам.

Албетте, рухий жактан алсыраган күндөрүбүз да болду. Жахабанын ошондой учурларда ишенимдүү бир туугандарды колдонуп, бизди оңдоп-түзөгөнүнө, рухий жактан бекемдегенине ыраазыбыз (Заб. 130:3). Билинбей жыйналышка кирип алган КГБнын кишилери менен кызмат кылуу да чоң сыноолордон болду. Алар абдан ынталуу, жигердүү кызмат кылып жаткандай көрүнүшчү. Атүгүл айрымдары жыйналышта жооптуу милдеттерди аркалачу. Бирок убакыттын өтүшү менен алардын чыныгы жүзү ачылды.

1978-жылы Мария 45 жашында кош бойлуу болуп калды. Жүрөгү начар болгондуктан, доктурлар өмүрүнөн айрылып калат деп коркуп, боюнан алдырууга көндүрө башташты. Бирок Мария болбой койду. Ошондо доктурлардын кээ бирлери боюнан түшүрүш үчүн шприцин көтөрүп, артынан аңдып алышты. Курсагындагы баласын коргош үчүн Мария ооруканадан качып кетти.

Бир күнү КГБдагылар бизге шаардан чыгып кетүүгө буйрук берди. Биз ошол кезде СССРдин курамына кирген Эстониянын Таллин шаарына жакын жайгашкан бир айылга көчүп бардык. Доктурлардын айтканы ордунан чыкпай, Мария Таллинде көз жарып, Виталий дени сак болуп төрөлдү.

Кийинчерээк Эстониядан Орусиянын түштүгүндөгү Незлобная айылына көчүп бардык. Биз кошуна жайгашкан курорт шаарларга барып, сактык менен кабар айтчубуз. Ал жакка өлкөнүн чар тарабынан келише турган. Алар дарыланганы келип, айрымдары түбөлүк өмүргө болгон үмүткө ээ болуп кайтышчу.

БАЛДАРЫБЫЗДЫ ЖАХАБАНЫ СҮЙҮҮГӨ ҮЙРӨТТҮК

Биз уул-кыздарыбыздын Жахабага болгон сүйүүсүн, ага кызмат кылууга болгон каалоосун өстүрүүгө аракет кылдык. Балдарыбызга жакшы таасир эте турган бир туугандарды көп чакырчубуз. Иним Григорий да үйүбүзгө дайыма келип турчу. Ал 1970-жылдан 1995-жылга чейин кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылды. Анын келгенине бүт үй-бүлөбүз кубанчубуз, анткени ал шайыр, тамашакөй эле. Коноктор келгенде, Ыйык Китепке негизделген оюндарды көп ойноор элек. Анын аркасында балдарыбыз Ыйык Китептеги тарыхый билдирүүлөрдү жакшы көрүп чоңоюшту.

Уулдарым жубайлары менен.

Солдон оңго, үстүнкү катарда: Ярослав, Павел, Виталий

Астынкы катарда: Алёна, Рая, Светлана

1987-жылы уулубуз Ярослав Латвиянын Рига шаарына көчүп барып, ээн-эркин кабар айтып жүрдү. Бирок аскер кызматынан баш тартканда бир жарым жылга кесилип, ар кайсы жердеги тогуз түрмөгө отуруп чыкты. Түрмөдө жатканда башыман өткөндөрдү айтып бергеним ага туруктуу болгонго жардам берди. Кийин ал пионердик кызматты баштады. 1990-жылы 19 жаштагы уулубуз Павел пионер болуп, Жапониянын түндүк жагындагы Сахалин аралында кызмат кылгысы келерин айтты. Адегенде анын кетишин каалаган жокпуз. Анткени бүт арал боюнча 20 эле жарчы бар болчу, анын үстүнө, бизден 9 000 чакырымдай алыс эле. Бирок акыры макул болдук. Ошенткенибиз жакшы болуптур. Аралдагылар Падышалык жөнүндөгү кабарды жакшы угуп, бир нече эле жылдын ичинде 8 жыйналыш пайда болуптур. Павел Сахалинде 1995-жылга чейин кызмат кылды. Ошол убакта биз менен кичүү уулубуз Виталий эле калган. Бала кезинен эле ал Ыйык Китепти окуганды аябай жакшы көрчү. Ал 14 жашында пионердик кызматты баштады. Мен ага кошулуп эки жыл пионер болдум. Ошол күндөр эстен кеткис болду. 19 жашында Виталий атайын пионер болуп, үйдөн кетти.

1952-жылы КГБнын офицери Марияга: «Ишенимиңден баш тарт, болбосо он жыл түрмөдө отурасың. Ал жактан чыкканда карып, жалгыз калып каласың»,— деген экен. Бирок баары таптакыр башкача болуп чыкты. Биз ишенимдүү Кудайыбыз Жахабанын, балдарыбыздын, өзүбүз чындыкты табууга жардам берген көптөгөн адамдардын сүйүүсүнө бөлөндүк. Мария экөөбүз балдарыбыз кызмат кылган жерлерди да көрүп келдик. Бул бизге кубаныч тартуулады. Балдарыбыз Жахабаны таанып-билүүгө жардам берген адамдардын аларга канчалык ыраазы экенине күбө болдук.

ЖАХАБАНЫН ЖАКШЫЛЫГЫНА ЫРААЗЫМЫН

1991-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн иши мыйзамдуу түрдө катталды. Ошондо кабар айтуу ишине жаңы күч менен кириштик. Жыйналышыбыз атүгүл автобус сатып алып, жума сайын кошуна шаарларга, айыл-кыштактарга бара баштадык.

Жубайым менен 2011-жылы

Ярослав менен жубайы Алёнанын, Павел менен аялы Раянын Бейтелде кызмат кылып жатканына, ал эми Виталийдын жубайы Светлана менен кыдыруучулук ишти аткарып жатканына абдан сүйүнөм. Улуу кызыбыз Ирина үй-бүлөсү менен Германияда жашайт. Анын жолдошу Владимир жана үч уулу аксакал болуп кызмат кылууда. Ольга деген кызыбыз Эстонияда жашайт. Ал мага дайыма чалып турат. Өкүнүчтүүсү, жанымдай көргөн шеригим Мария 2014-жылы каза болуп калды. Ал тириле турган убакты чыдамсыздык менен күтүп келем! Учурда Белгород шаарында жашап жатам. Бул жактагы ишенимдештерим мага жөлөк-таяк болууда.

Жахабага кызмат кылган жылдарымда кынтыксыздыкты сактоо курмандыкты талап кыларын, бирок Жахаба берген жан дүйнө тынчтыгы андан алда канча баалуу кенч экенин түшүндүм. Мария экөөбүздүн туруктуу болгонубуз үчүн алган баталарыбыз мен элестеткенден да ашып түштү. 1991-жылы кулаганга чейин СССРде 40 000ден ашык жарчы бар болчу. Ал эми бүгүнкү күндө мурун Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдөгү жарчылардын саны 400 000ден ашат! Азыр жашым 83тө. Дагы эле аксакал болуп кызмат кылып жатам. Жахабанын колдоосу мага туруктуу болгонго дайыма күч берип келет. Ооба, Жахаба бизге батасын мол төктү (Заб. 13:5, 6).