Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңы табиятты кийип, кайра чечпегенге эмне жардам берет?

Жаңы табиятты кийип, кайра чечпегенге эмне жардам берет?

«Жаңы табиятты кийгиле» (КОЛ. 3:10).

ЫРЛАР: 126, 28

1, 2. а) Эмне үчүн ар бирибиз жаңы табиятты кие алабыз? б) Колосалыктар 3:10—14-аяттарда жаңы табиятка мүнөздүү кайсы сапаттар жазылган?

«ЖАҢЫ табият». Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» бул сөз айкашы эки жолу кезигет (Эф. 4:24; Кол. 3:10). Ошондой эле анын «Кудайдын эркине ылайык жаратылганы» айтылат. Жаңы табиятты ар бирибиз кие алабыз. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени Жахаба бизди өзүнө окшоштуруп, анын кереметтүү сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан (Башт. 1:26, 27; Эф. 5:1).

2 Албетте, түпкү ата-энебизден тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктен улам биз туура эмес каалоолорго жетеленгенге жакын келебиз. Андан сырткары, бизге чөйрөбүз да күчтүү таасир этиши мүмкүн. Ошентсе да ырайымдуу Кудайыбыздын жардамы менен ага жаккандай адам боло алабыз. Ал максатка жетүүгө болгон каалообузду өстүрүү үчүн, келгиле, элчи Пабыл жазган жаңы табиятка мүнөздүү айрым сапаттарды талкуулайлы. (Оку: Колосалыктар 3:10—14.) Ошондой эле ал сапаттарды кызматта кантип чагылдырсак болорун карап чыгалы.

«БААРЫҢАР... БИРИМДИКТЕСИҢЕР»

3. Жаңы табиятка мүнөздүү өзгөчөлүктөрдүн бири кайсы?

3 Ишенимдештерин жаңы табиятты кийүүгө чакыргандан кийин Пабыл бет карама эместикти жаңы табиятка мүнөздүү өзгөчөлүктөрдүн бири катары сүрөттөгөн. Ал: «Мында грек да, жүйүт да, сүннөткө отургузулуу да, отургузулбоо да, бөтөн жерлик да, скиф да, кул да, эркин адам да жок»,— деп жазган *. Эмне үчүн жыйналыштагылар расасына, улутуна же коомдо ээлеген абалына карап бөлүнбөшү керек? Себеби алардын баары биримдикте (Кол. 3:11; Гал. 3:28).

4. а) Жахабанын кызматчылары башкаларга кандай мамиле кылышы керек? б) Кудайдын элинин биримдигине эмне коркунуч туудурушу мүмкүн?

4 Жаңы табиятты кийгендер ишенимдештерине жана башкаларга, алардын коомдо ээлеген абалына же расасына карабай, урмат-сый менен мамиле кылышат (Рим. 2:11). Бирок бул айрым өлкөлөрдө оңой болбошу мүмкүн. Мисалы, мурун Түштүк Африканын өкмөтү ак түстөгү адамдардын өзүнчө, кара түстөгүлөрдүн өзүнчө аймактарда жашашын талап кылган. Ал жактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү дагы эле ошондой аймактарда жашайт. Андыктан 2013-жылы октябрда Жетектөөчү Кеңеш ал бир туугандарды жүрөгүн «кенен ачууга» чакырып, бири-бири менен жакшыраак таанышууга жардам бериш үчүн атайын чара уюштурган (2 Кор. 6:13). Ал өз ичине эмнелерди камтыган?

5, 6. а) Бир өлкөдө Кудайдын кызматчыларынын биримдигин чыңдоо үчүн кандай чара уюштурулган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Анын натыйжасы кандай болууда?

5 Ал чарага ылайык, ар кайсы тилдеги же расадагы эки жыйналыштын жарчылары айрым дем алыш күндөрүн чогуу өткөрүшкөн. Алар кабарга чогуу чыгышкан, жыйналышка чогуу катышышкан жана бири-бириникине конокко барышкан. Мындай чара жүздөгөн жыйналыштарда уюштурулган. Көптөгөн бир туугандар, атүгүл башка адамдар да ал тууралуу филиалга жакшы пикирлерин билдиришкен. Алсак, бир диний кызматкер: «Мен Жахабанын Күбөсү эмесмин, бирок силердин кабар айтуу ишиңер укмуштуудай сонун уюштурулганын жана ортоңордо расалык бөлүнүүчүлүк жок экенин баса белгилемекмин»,— деген. Ал эми бир туугандарга кандай таасир эткен?

6 Коса тилинде сүйлөгөн Нома деген ишенимдешибиз жупуну турат. Ошол себептен англис тилиндеги жыйналыштагы бир туугандарды үйүнө чакыргандан адегенде тартынган. Бирок ак түстөгү бир туугандар менен кабарга чыгып, алардыкына конокко барып келгенден кийин: «Алар деле биздей эле адамдар экен!» — деп сүйүнгөн. Ошондуктан коса тилиндеги жыйналыштагылар англис тилиндеги жыйналыштагы ишенимдештерин конокко чакыра турган күн келгенде, ал тамак жасап, алардын бир нечесин үйүнө чакырган. Коноктордун арасында ак түстөгү аксакал да бар эле. Нома: «Анын желим жашикке эле отуруп алганына абдан таң калдым»,— деген. Азыркыга чейин уланып жаткан ал чаранын аркасында көптөгөн бир туугандарыбыз жаңы досторду таап, мындан ары да тек-жайы ар кандай адамдар менен жакыныраак таанышууга чечкиндүү болуп калышты.

«НАЗИКТИК МЕНЕН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ БООРУКЕРДИКТИ, АК КӨҢҮЛДҮКТҮ... КИЙГИЛЕ»

7. Эмне үчүн дайыма боорукер болушубуз керек?

7 Шайтандын дүйнөсү жок болгонго чейин, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болорубуз турган иш. Маселен, жумушсуздукка, катуу ооруга, куугунтукка, табигый кырсыктарга кабылышыбыз, кылмыштуулуктан улам мал-мүлкүбүздөн айрылышыбыз же дагы башка кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн. Ошондой учурларда бири-бирибизге колдоо көрсөтүш үчүн боорукер болушубуз керек. Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердик бизге ак көңүл, кайрымдуу болууга түрткү берет (Эф. 4:32). Жаңы табиятка мүнөздүү болгон мындай сапаттар Кудайдан үлгү алууга, башкаларды сооротууга жардам берет (2 Кор. 1:3, 4).

8. Боорукер болуп, жыйналыштагылардын баарына жакшы мамиле кылганыбыздын натыйжасы кандай болушу мүмкүн? Мисал келтиргиле.

8 Жыйналышыбызга келген чет өлкөлүктөргө же жаман мамилеге дуушар болгондорго кантип көбүрөөк боорукердик көрсөтсөк болот? Аларга жылуу-жумшак мамиле кылып, өздөрүнүн жыйналышка керектүү экенин түшүнүүгө жардам беришибиз зарыл (1 Кор. 12:22, 25). Мисалга Филиппинден Жапонияга көчүп барган Дэникарлды алалы. Ал башка өлкөдөн болгондуктан, жумушундагылар ага жакшы мамиле кылышчу эмес. Кийин ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барган. «Дээрлик баары жапондор болсо да, алар мени эски таанышындай жылуу тосуп алышты»,— деп эскерет Дэникарл. Бир туугандардын дайыма боорукер болуп, жакшы мамиле кылганы ага рухий жактан өсүүгө жардам берген. Ал чөмүлүп, учурда аксакал болуп кызмат кылууда. Жыйналышындагы аксакалдар Дэникарл менен жубайы Женифердин бир туугандар үчүн чоң бата экенин айтып, мындай дешет: «Алар пионер болгондуктан аябай жөнөкөй жашашат жана Падышалыкты биринчи орунга коюу жагынан мыкты үлгү көрсөтүп келишет» (Лк. 12:31).

9, 10. Кызматта жүргөндө боорукердик көрсөтүү жакшы натыйжа берерин кайсы окуялар көрсөтүп турат?

9 Башкаларга Падышалык жөнүндө кабар айтуунун аркасында «баарына... жакшылык кыла» алабыз (Гал. 6:10). Иммигранттарга жардам бериш үчүн көптөгөн бир туугандар бөтөн тил үйрөнүүдө (1 Кор. 9:23). Натыйжада мол бата алып жатышат. Айталы, Австралиядагы Тиффани деген пионер Брисбен шаарындагы суахили тилиндеги жыйналышка жардам бериш үчүн ошол тилди үйрөнгөн. Бул кыйын болсо да, Тиффанинин жашоосу мурдагыдан бир топ байыган. Ал мындай дейт: «Кызматыңды кызыктуу кылгың келсе, бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кыл. Бул өз шаарыңда жүрүп эле ар кайсы жерге саякаттаганга окшош. Бүткүл дүйнөлүк бир туугандык деген эмне экенин сезип, анын канчалык биримдүү экенин өз көзүң менен көрөсүң».

Бизге чет өлкөдөн келгендерге жардам берүүгө эмне түрткү берет? (10-абзацты карагыла)

10 Жапониядагы бир үй-бүлөнүн окуясына да токтололу. Алардын кызы Сакико мындай деп бөлүшөт: «1990-жылдары кызматта жүргөндө Бразилиядан келгендерди көп жолуктурчубуз. Аларга өздөрүнүн тилиндеги, португал тилиндеги, Ыйык Китептен Аян 21:3, 4 же Забур 37:10, 11, 29 сыяктуу аяттарды окуп бергенибизде, аябай кунт коюп угушчу, кээде атүгүл көздөрүнө жаш алышчу». Ал үй-бүлө ушуну менен эле чектелип калган эмес. Сакико: «Алардын рухий жактан ачка экенин көргөндө үй-бүлөбүз менен чогуу португал тилин үйрөнө баштадык»,— деп кошумчалайт. Кийинчерээк алардын үй-бүлөсү португал тилиндеги жыйналыштын негизделишине жардам беришкен. Бир нече жылдын ичинде алар көптөгөн чет өлкөлүктөргө Жахабанын кызматчысы болууга көмөк кылышкан. «Португал тилин үйрөнүү бир топ күч-аракетти талап кылды,— дейт Сакико,— бирок алган баталарыбыз алардын баарынан ашып түштү. Жахабага чексиз ыраазыбыз». (Оку: Элчилер 10:34, 35.)

«МОМУНДУКТУ... КИЙГИЛЕ»

11, 12. а) Жаңы табиятты кийүүдө ниетибиздин таза болгону эмне үчүн маанилүү? б) Дайыма момун болууга эмне жардам берет?

11 Бизге жаңы табиятты кийүүгө адамдардан мактоо угуу эмес, Жахабаны даңктоо түрткү бериши керек. Эстесеңер, атүгүл бир кездеги жеткилең рухий жаратуу да текебердиктен улам Кудайга каршы күнөө кылган. (Салыштыр: Жезекиел 28:17.) Анда күнөөкөр адамдар үчүн текебердиктен, менменсинүүдөн алыс болуу ого бетер кыйын экени айтпаса да түшүнүктүү. Анткен менен ар бирибиз момундукту кие алабыз. Буга эмне жардам берет?

12 Дайыма момун болуш үчүн күн сайын Кудайдын Сөзүнөн окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек (Мыйз. 17:18—20). Айрыкча, Иса Машаяктын окуулары, момундук менен кылган кызматы тууралуу ойлонгонубуз маанилүү (Мт. 20:28). Ал ушунчалык момун болгондуктан элчилеринин бутун жууган (Жкн. 13:12—17). Өзүбүздөн текебердиктин кандай белгисин байкабайлы, Кудайдан аны жеңүүгө ыйык руху менен жардам беришин сурап, тез-тез тиленип турушубуз зарыл (Гал. 6:3, 4; Флп. 2:3).

13. Момун болсок, кандай баталарды алабыз?

13 Оку: Накыл сөздөр 22:4. Кудай бардык кызматчыларынан момун болууну талап кылат. Момундар андан мол бата алат. Ал сапатты өрчүтө берсек, жыйналышта тынчтык, биримдик болушуна шарт түзөбүз. Ошондой эле Кудайдын ырайымына ээ болобуз. Элчи Петир: «Баарыңар бири-бириңерге момундук менен мамиле кылгыла. Анткени Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кылат»,— деген (1 Пет. 5:5).

«ЖУМШАКТЫКТЫ ЖАНА ЧЫДАМКАЙЛЫКТЫ КИЙГИЛЕ»

14. Жумшак, чыдамкай болуу жагынан ким эң мыкты үлгү көрсөтүп келет?

14 Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү жумшак, чыдамкай адамдарды алсыз деп эсептешет. Алар кандай гана жаңылышат! Чынында, ал баа жеткис сапаттардын булагы — ааламдагы эң күчтүү Кудай Жахаба. Ооба, ал жумшак, чыдамкай болуу жагынан эң мыкты үлгү көрсөтүп келет (2 Пет. 3:9). Мисалы, анын периштелери аркылуу Ыбрайым пайгамбар жана Лот менен сүйлөшкөнү жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр (Башт. 18:22—33; 19:18—21). Ошондой эле Жахаба тоң моюн ысрайыл элине 1 500 жылдан ашык убакыт бою чыдаган (Жез. 33:11).

15. Иса Машаяк жумшак, чыдамкай болуу жагынан кандай үлгү көрсөткөн?

15 Иса Машаяк да жумшак болгон (Мт. 11:29). Жолдоочулары ката-кемчилик кетирсе да, аларга чыдамкайлык менен мамиле кыла берген. Жерде кызмат кылып жүргөндө, аны диний жетекчилер далай жолу сынга алып, ак жерден каралашкан. Ошонун баарына карабай Иса өмүрүнүн акырына чейин жумшактыгынан, чыдамкайлыгынан жазган эмес. Жаза устунуна кадалып, жаны кыйналып турганда ал өзүн жазага тарткандар үчүн Жахабадан: «Ата, буларды кечире көр, анткени эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деп тиленген (Лк. 23:34). Оор жагдайда да жумшак, чыдамкай болуу жагынан ал кандай сонун үлгү көрсөткөн! (Оку: 1 Петир 2:21—23.)

16. Жумшак, чыдамкай болуунун бир жолу кайсы?

16 Биз канткенде жумшак, чыдамкай боло алабыз? Элчи Пабыл мунун бир жолу тууралуу мындай деген: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле» (Кол. 3:13). Бул буйрукка баш ийип, кечиримдүү болуу үчүн жумшактык, чыдамкайлык талап кылынат. Бирок кечиримдүү болсок, жыйналышта биримдик болушуна өбөлгө түзөбүз.

17. Жумшак, чыдамкай болгонубуз эмне үчүн маанилүү?

17 «Жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийүү» — ар бирибизге коюлган талап. Бул куткарылышыбыз үчүн зарыл (Мт. 5:5; Жкп. 1:21). Бирок андан да маанилүүсү, ал сапаттарды чагылдыруу менен Жахабаны даңктайбыз жана башкаларга Ыйык Китептеги ошол кеңешти колдонууга жардам беребиз (Гал. 6:1; 2 Тим. 2:24, 25).

«СҮЙҮҮНҮ КИЙГИЛЕ»

18. Сүйүү менен бет карама эместиктин кандай байланышы бар?

18 Жогоруда талкууланган сапаттардын баары сүйүү менен тыгыз байланышта. Алсак, шакирт Жакып байды кедейден жогору көргөн ишенимдештерине кеңеш берип, мунун: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген падыша мыйзамын бузгандыкка жатарын айткан. Анан: «Бет карамалык кылып жатсаңар, анда күнөө кылып жатасыңар»,— деп кошумчалаган (Жкп. 2:8, 9). Сүйүү бизге башкаларга билимине, расасына же коомдогу абалына карап мамиле кылбоого жардам берет. Биз сыртыбыздан эле бет карама эмес болуп көрүнүп койбошубуз керек. Ал сапат табиятыбыздын бир бөлүгү болушу талап.

19. Сүйүүнү кийгенибиз эмне үчүн маанилүү?

19 Сүйүү «чыдамкай, боорукер» жана «менменсинбейт» (1 Кор. 13:4). Башкаларга Падышалык жөнүндөгү кабарды айта бериш үчүн бизден чыдамкайлык, боорукердик, момундук талап кылынат (Мт. 28:19). Ошол эле сапаттар бизге жыйналыштагы бир туугандардын баары менен жакшы мамиледе болууга жардам берет. Ушундай сүйүү көрсөтүүнүн натыйжасы кандай болот? Жыйналышта биримдик өкүм сүрүп, Жахаба даңкталат жана башкалар чындыкка тартылат. Андыктан жаңы табият жөнүндө жазылган сөздөрдүн: «Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү»,— деп аяктаганы абдан жөндүү (Кол. 3:14).

«МЫНДАН АРЫ ДА ЖАҢЫЛАНА» БЕРГИЛЕ

20. а) Кайсы суроолор тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек жана эмне үчүн? б) Кайсы убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз?

20 Ар бирибиз: «Эски табиятты чечип, кайра кийбеш үчүн дагы эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Кудайдан дайыма жардам сурап тиленишибиз жана анын Падышалыгын мурастоого тоскоолдук кылган маанайдан, иштерден арылуу үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл (Гал. 5:19—21). Ошондой эле: «Ой жүгүртүүмдү жаңылантып жатамбы?» — деп да ойлонушубуз керек (Эф. 4:23, 24). Жаңы табиятты кийип, аны чечпеш үчүн талыкпай аракет кыла беришибиз кажет. Анткени бул — ага мүнөздүү сапаттарды толук деңгээлде өрчүткөнгө чейин улана берүүчү процесс. Баарыбыз ал сапаттарды жеткилең түрдө чагылдырган убак келгенде жашоо кандай гана кереметтүү болорун элестетсеңер!

^ 3-абз. Байыркы убакта скифтерди караңгы, түркөй адамдар катары көрүшчү.