Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындык «тынчтык эмес, кылыч алып келет»

Чындык «тынчтык эмес, кылыч алып келет»

«Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес, кылыч алып келдим» (МТ. 10:34).

ЫРЛАР: 123, 128

1, 2. а) Биз кандай тынчтыкка ээбиз? б) Толугу менен тынчтыкта болушубузга эмнелер тоскоолдук кылат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БААРЫБЫЗ ЭЛЕ санаа тартпай, тынч жашагыбыз келет. Бизге өзүнүн «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» — бушайман кылган ой-сезимдерден коргогон жан дүйнө тынчтыгын — бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! (Флп. 4:6, 7). Өзүбүздү ага арнагандыктан биз аны менен да тынчтыктабыз, башкача айтканда, ынак мамиледебиз (Рим. 5:1).

2 Бирок Кудай толугу менен тынчтык орното турган убак али келе элек. Азыркы акыркы күндөрдө чыр-чатактар, келишпестиктер көп болууда жана адамдардын басымдуу бөлүгү талашып-тартышууга жакын (2 Тим. 3:1—4). Кудайдын кызматчылары катары биз Шайтанга жана ал жайылтып жаткан жалган окууларга каршы күрөш жүргүзүшүбүз керек (2 Кор. 10:4, 5). Анткен менен тынчсызданышыбызга көбүнчө Жахабага кызмат кылбаган туугандарыбыздын каршылыгы себеп болушу мүмкүн. Алардын айрымдары ишенген нерселерибиз үчүн шылдыңдашы, үй-бүлөбүздүн бөлүнүп жатканына бизди күнөөлөшү же ишенимибизден баш тартпасак, тууганчылыктан кечип коёрун айтып коркутушу ыктымал. Андай каршылыктарга кандай карашыбыз керек? Алардан улам пайда болгон кыйынчылыктарды кантип жеңсек болот?

ҮЙДӨГҮЛӨРДҮН КАРШЫЛЫГЫНА КАНДАЙ КАРАШЫБЫЗ КЕРЕК?

3, 4. а) Иса Машаяктын окуулары адамдарга кандай таасир эткен? б) Исанын жолун жолдоо эмнеден улам кыйын болушу мүмкүн?

3 Иса Машаяк өзүнүн окутууларынан улам адамдардын бөлүнүп-жарыларын жана анын жолун жолдогондор каршылыктарга туруштук берүү үчүн кайраттуу болушу керектигин билген. Каршылык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ынтымагын ыдыратышы мүмкүн. Иса мындай деген: «Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес, кылыч алып келдим. Анткени мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим. Ооба, адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот» (Мт. 10:34—36).

4 Эмне үчүн Иса: «Мени... тынчтык алып келди деп ойлобогула»,— деген? Ал угармандарынын айрымдары анын жолдоочусу болуу кандай кыйынчылыктар менен коштолору жөнүндө ойлонушу керектигин айткысы келген. Ал жарыялаган кабар адамдардын бөлүнүшүнө алып келмек. Албетте, Иса бөлүп-жарууну эмес, Кудайдын чындыгы жөнүндө күбөлөндүрүүнү көздөгөн (Жкн. 18:37). Бирок адамдын жакын досу же үй-бүлөсүндөгүлөр чындыкты четке какса, ага Исанын окууларына бекем кармануу кыйын болмок.

5. Исанын шакирттери эмнеге туш болмок?

5 Иса пайгамбар үй-бүлөдөгүлөрдүн каршылыгы анын жолдоочулары чыдашы керек болгон кыйынчылыктардын бири болорун айткан (Мт. 10:38). Анын шакирти болууга татыктуу болгусу келгендер үйүндөгүлөрүнүн шылдыңына, атүгүл бөлүп салышына даяр болушу керек болчу. Бирок алар баш тарткан нерселеринен алда канча көп нерсеге ээ болушмак. (Оку: Марк 10:29, 30.)

6. Туугандарыбыз каршылык көрсөткөндө, эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

6 Туугандарыбыз Жахабага сыйынышыбызга каршы болсо да, аларды жакшы көрө беребиз. Бирок биринчи кезекте Кудайды жана Машаякты сүйүшүбүз керектигин эстен чыгарбашыбыз зарыл (Мт. 10:37). Шайтан кынтыксыздыгыбыздан тайдырыш үчүн үй-бүлөбүздөгүлөргө болгон ынак сезимдерибизди колдонорун да унутпаганыбыз маанилүү. Келгиле, үй-бүлөдөгү каршылыкка байланыштуу айрым жагдайларга токтолуп, алардан улам пайда болгон кыйынчылыктарды кантип чечсек болорун карап көрөлү.

ӨМҮРЛҮК ЖАРЫҢ ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛБАСА

7. Түгөйү Жахабага кызмат кылбагандар жагдайына кандай карашы керек?

7 Ыйык Китепте үй-бүлө кургандардын «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болору» эскертилет (1 Кор. 7:28). Эгер түгөйүң Жахабага кызмат кылбаса, үй-бүлөлүк жашооңдо кыйынчылыктар, тынчсыздануулар адаттагыдан көбүрөөк болушу мүмкүн. Ошентсе да жагдайыңа карата Жахабаныкындай көз карашта болгонуң маанилүү. Жарыңдын чындык жолуна түшкүсү келбегени бөлөк жашоого же ажырашууга орчундуу себеп эмес (1 Кор. 7:12—16). Жахабага кызмат кылбаган күйөөсү рухий иштерде жетекчиликти колго албаса да, аялы аны үй-бүлө башчысы катары урматташы керек. Ошо сыяктуу эле, чындык жолундагы күйөө, аялы ишенимдеши болбосо да, аны жан-дилден сүйүп, назик мамиле кылышы талап (Эф. 5:22, 23, 28, 29).

8. Өмүрлүк жарың сыйынууга байланыштуу чек койсо, кайсы суроолор тууралуу ойлонуп көрсөң болот?

8 Өмүрлүк жарың сыйынууга байланыштуу кандайдыр бир чек койсо, эмне кылсаң болот? Мисалы, бир ишенимдешибизге күйөөсү жуманын белгилүү бир күндөрүндө гана кабарга чыкса болорун айткан. Сенин да жагдайың ушундай болсо: «Жарым Кудайга сыйынышыма таптакыр эле тыюу салып жатабы? Эгер антпесе, анын өтүнүчүнө ылайык иш кыла аламбы?» — деп ойлонуп көр. Эстүү болуу ашыкча чыр-чатактан алыс кылат (Флп. 4:5).

9. Жарың чындык жолунда болбосо, балдарыңды аны урматтап-сыйлоого кантип үйрөтсөң болот?

9 Күйөөсү же аялы Жахабага кызмат кылбаса, балдарды тарбиялоо өзгөчө кыйын болот. Алсак, балдарыңды Ыйык Китептеги: «Ата-энеңди сыйла»,— деген осуятка баш ийүүгө үйрөтүшүң керек (Эф. 6:1—3). Бирок жубайың Ыйык Китептеги жүрүм-турум нормаларына карманбаса, эмне кылсаң болот? Аны урматтап-сыйлоо менен балдарыңа үлгү көрсөт. Жубайыңдын жакшы сапаттарына көңүл топтоп, ага ыраазы экениңди билдирип тур. Балдарыңдын көзүнчө ал жөнүндө терс нерселерди айтпа. Анын ордуна, аларга Жахабага кызмат кылар-кылбасын ар бир адам өзү тандаарын түшүндүрүп бер. Балдарыңдын жакшы жүрүм-туруму жубайыңды чындык жолуна тартышы мүмкүн.

Мүмкүнчүлүк болгон сайын, балдарыңа чындыкты окута бер (10-абзацты кара)

10. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдөгү ишенимдештерибиз балдарына чындыкты таанып-билүүгө кантип жардам бере алышат?

10 Ишенимдеш эмес жарың кээде балдарыңдын жалган дин менен байланышы бар майрамдарга катышышын же жалган диндин окууларына карманышын талап кылышы мүмкүн. Айрым күйөөлөр аялына балдарын Ыйык Китептин негизинде тарбиялашына тыюу салышы ыктымал. Ошондой болсо да ишенимдешибиз балдарына Кудайды таанып-билүүгө жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кыла берет (Элч. 16:1; 2 Тим. 3:14, 15). Маселен, жолдошу ага жашы жете элек балдары менен Ыйык Китепти изилдөөгө же аларды жыйналышка алып барууга уруксат бербеши мүмкүн. Ишенимдешибиз күйөөсүнүн чечимин сыйласа да, мүмкүнчүлүк болгон сайын, балдарына ишеними жөнүндө айтып берсе болот. Ошентүү менен аларга адеп-ахлак нормаларын үйрөтүп, Жахаба жөнүндө билүүгө жардам бере алат (Элч. 4:19, 20). Албетте, балдары сыйынууга байланыштуу чечимди акыр-аягы өздөрү чыгарышат (Мыйз. 30:19, 20) *.

ТУУГАНДАРЫҢ ЧЫНДЫККА КАРШЫ БОЛСО

11. Жахабанын Күбөсү болбогон туугандарың менен эмнеден улам келишпестик болушу мүмкүн?

11 Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша баштаганда ал тууралуу адегенде үйдөгүлөрүбүзгө айтпашыбыз мүмкүн. Ал эми ишенимибиз өскөндө, билгендерибизди алар менен бөлүшүшүбүз керектигин түшүнө баштайбыз (Мр. 8:38). Эгер ишенимиңе бекем кармангандыктан, Жахабанын Күбөсү болбогон туугандарың менен келишпестик болсо, эмне кылсаң болот? Анда көйгөйдү азайтууга жана кынтыксыздыгыңдан жазбоого жардам бере турган айрым кеңештерге токтололу.

12. Туугандарыбыз эмне үчүн бизге каршы болушу мүмкүн жана аларга кантип түшүнүү менен мамиле кыла алабыз?

12 Түшүнүү менен мамиле кыл. Ыйык Китепте камтылган чындыкты билгенде күйүп-жанышыбыз мүмкүн. Бирок туугандарыбыз алданып калды же сектага кирип кетти деп жаңылыш ойлоп алышы ыктымал. Алар менен чогуу майрамдарды белгилебей калгандыктан, бизди жакшы көрбөй калды деп да ойлошу мүмкүн. Атүгүл келечегибизди ойлоп тынчсызданышы этимал. Андыктан жагдайга алардын көзү менен карап, эмнеге тынчсызданып жатканын билиш үчүн кунт коюп угуп, түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек (Накыл 20:5). Элчи Пабыл жакшы кабарды ар кандай адамдарга айтыш үчүн аларды түшүнгөнгө аракет кылган. Биз да ошентсек, натыйжасы жакшы болот (1 Кор. 9:19—23).

13. Туугандарыбыз менен кантип сүйлөшүшүбүз керек?

13 Жылуу-жумшак сүйлө. Ыйык Китепте: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу... болсун»,— делет (Кол. 4:6). Туугандарыбыз менен сүйлөшкөндө ыйык рухтун жемишине кирген сапаттарды чагылдыра алышыбыз үчүн Жахабадан ыйык рух сурасак болот. Алардын жалган диний түшүнүктөрүнүн баарын төгүнгө чыгарып, талашып-тартыша бербешибиз керек. Эгер алар сөзү же иши менен көңүлүбүздү оорутса, элчилерден үлгү алганыбыз жакшы. Пабыл: «Бизди кордошкондо, батабызды беребиз; куугунтукташканда, чыдайбыз; жалаа жабышканда, жумшак жооп беребиз»,— деп жазган (1 Кор. 4:12, 13).

14. Өзүбүздү үлгүлүү алып жүргөнүбүздүн кандай пайдасы бар?

14 Өзүңдү үлгүлүү алып жүр. Жылуу-жумшак сүйлөгөнүбүз каршы болгон туугандарыбызга жакшы таасир этсе, үлгүлүү жүрүм-турумубуз андан да күчтүү таасир калтырат. (Оку: 1 Петир 3:1, 2, 16.) Андыктан туугандарыңа Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөсү менен бактылуу жашаарын, балдарына жакшы кам көрөрүн, таза, адеп-ахлактуу, маңыздуу жашоо өткөрөрүн үлгүң менен көрсөт. Атүгүл туугандарыбыз чындык жолуна түшпөсө да, Жахабага ишенимдүү кызмат кылып, анын жүрөгүн кубантып жатканыбызды билүү бизге кубаныч тартуулайт.

15. Талаш-тартышты жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга кантип даярдансак болот?

15 Алдын ала ойлонуштур. Талаш-тартышты жаратышы мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө ойлонуп, эмне кыларыңды чечип ал (Накыл 12:16, 23). Австралиялык ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Кайнатам чындыкка аябай каршы болчу. Аны менен байланышардан мурун күйөөм экөөбүз Жахабадан ачууланбаганга жардам беришин сурап тиленчүбүз. Жакшы маанайда пикирлеше алышыбыз үчүн эмне тууралуу сүйлөшөрүбүздү алдын ала ойлонуштуруп алар элек. Узакка сүйлөшүү адатта дин жөнүндөгү кызуу талкууга айланып кеткендиктен, мындан качыш үчүн аны менен канча убакыт сүйлөшөрүбүздү чечип алчубуз».

16. Туугандарың менен келишпестик болгону үчүн өзүңдү күнөөлүү сезгенде эмне кылсаң болот?

16 Албетте, Жахабага ишенбеген туугандарың менен кайчы пикир болбой койбойт. Мындан толугу менен кача албайсың. Аларды жакшы көргөндүктөн жана дайыма аларга жаккың келгендиктен, келишпестиктер болгондо, өзүңдү күнөөлөшүң мүмкүн. Андайда Жахабага болгон берилгендигиңди үй-бүлөңдөгүлөргө болгон сүйүүңдөн жогору кой. Мунун натыйжасында алар Ыйык Китептеги чындыкка ылайык иш кылуу өмүрүбүз үчүн абдан маанилүү экенин түшүнүшү мүмкүн. Кандай болбосун, башкаларды чындыкты кабыл алууга мажбурлай албай турганыңды унутпа. Анын ордуна, Жахабанын жолу менен жүрүү көп пайда алып келерин жашооң менен көрсөтө бер. Мээримдүү Кудайыбыз аларга да анын жолунда жүрүүнү сунуштап, өздөрү тандашына мүмкүнчүлүк берүүдө (Ыш. 48:17, 18).

ҮЙ-БҮЛӨҢДӨН БИРӨӨ ЖАХАБАНЫ ТАШТАП КЕТСЕ

17, 18. Үй-бүлөңдөн бирөө Жахабаны таштап кеткенде, эмне кылганың туура?

17 Үй-бүлөңдөн бирөө жыйналыштан чыгарылса же өзү баш тартып кетсе, жүрөгүңө канжар сайылгандай эле болушу мүмкүн. Андай учурда эмне кылганың оң?

18 Рухий күн тартибиңе бекем карман. Ыйык Китепти дайыма окуп, жыйналыш жолугушууларына даярданып, катышып, кызматка үзгүлтүксүз чыгып, туруктуу болуш үчүн күч сурап тиленип, өзүңдү бекемдей бер (Жүй. 20, 21). Бирок буларды бүт жүрөгүң менен эмес, үстүртөн эле кылып жатсаңчы? Багынба! Жакшы рухий күн тартипке кармануу ой-сезимдериңди башкарганга жардам берет. Мисалы, Кудайдын 73-забурду жазган кызматчысынын окуясын карап көрөлү. Ал туура эмес көз караш өрчүтүп алып, ошонун айынан абдан кыйналган. Бирок Кудайга сыйына турган жайга киргенден кийин кайрадан туура ой жүгүртө баштаган (Заб. 73:16, 17). Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берсең, сен да ошенте аласың.

19. Жахабанын тартипке салуу чарасын колдооруңду кантип көрсөтө аласың?

19 Жахабанын тартипке салуу чарасын колдо. Башында кыйын болсо да, андай чара баарына, анын ичинде күнөө кылган кишиге да чоң пайда алып келет. (Оку: Еврейлер 12:11.) Жахаба бизди өкүнбөгөн күнөөкөрлөр менен мамилелешпегенге чакырат (1 Кор. 5:11—13). Жүрөгүбүз канчалык сыздабасын, өтө зарыл болбосо, жыйналыштан чыгарылган жакыныбыз менен сүйлөшкөндөн, телефон аркылуу байланышкандан, SMS же кат жазышкандан, электрондук кат же социалдык тармактар аркылуу байланышкандан качышыбыз керек.

20. Эмнеден үмүт үзбөсөк болот?

20 Үмүт үзбө. Сүйүү баарына, Жахабаны таштап кеткендердин ага кайтып келерине да үмүттөнөт (1 Кор. 13:7). Эгер жакыныңдын жүрөгү өзгөрүп жатканын байкасаң, анын Ыйык Китептен күч алып, Жахабанын: «Мага кайрылып кел»,— деген чакырыгын кабыл алышын сурап тиленсең болот (Ыш. 44:22).

21. Исанын жолдоочусу болгонуң үчүн үйүңдөгүлөр каршылык көрсөтүп жатса, эмне кылышың керек?

21 Иса Машаяк кайсы бир адамды андан жогору койгондор анын жолдоочусу болууга татыктуу болбой турганын айткан. Ошол эле учурда ал шакирттеринин үй-бүлөсүндөгү каршылыктарга карабай кайраттуу болуп, берилгендигин сакташарына шектенген эмес. Эгер Исанын жолдоочусу болгонуң үчүн үйүңдөгүлөр каршылык көрсөтүп жатса, Жахабага таянып, анын сага кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берерине ишен (Ыш. 41:10, 13). Жахаба менен Иса Машаяктын сени жакшы көрөрүн жана ишенимдүү болгонуң үчүн сыйлык берерин эстен чыгарбай, кубаныч ала бер.

^ 10-абз. Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө балдарды тарбиялоого байланыштуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү журналды кара: «Күзөт мунарасы», 2002-жыл, 15-август, «Окурмандардын суроолору», ор.