Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Закарыя көргөн аяндардын бизге кандай тиешеси бар?

Закарыя көргөн аяндардын бизге кандай тиешеси бар?

«Мага кайрылып келгиле,.. ошондо мен да силерге кайрылып келем» (ЗАК. 1:3).

ЫРЛАР: 89, 86

1—3. а) Закарыя пайгамбарлык кыла баштаганда, ысрайылдыктардын жагдайы кандай эле? б) Жахаба эмне үчүн элин кайтып келүүгө чакырган?

УЧУП бараткан түрмөк, идиштин ичинде отурган аял жана илегилектикине окшош канаттары бар, каалгып учкан эки аял — булар Закарыя китебиндеги таң калыштуу аяндарда сүрөттөлгөн айрым көрүнүштөр (Зак. 5:1, 7—9). Жахаба пайгамбарына ушундай таасирдүү аяндарды эмне үчүн көрсөткөн? Ошол убакта ысрайылдыктардын жагдайы кандай эле? Закарыя пайгамбар алган аяндардын бизге кандай тиешеси бар?

2 Б. з. ч. 537-жыл Жахабанын арналган эли үчүн зор кубаныч тартуулаган жылдардын бири болгон. Себеби алар Бабылда 70 жыл кул болуп жүргөндөн кийин эркиндикке чыгышкан. Башында Иерусалимде чыныгы сыйынууну калыбына келтирүүгө ынтызарлык менен киришишкен. Б.з.ч. 536-жылы ибадаткананын пайдубалы салынган. Ошондо алар кубанганынан «ушунчалык катуу кыйкырышкандыктан, үндөрү алыска угулган» (Эзра 3:10—13). Бирок көп өтпөй эле куруу ишине катуу каршылык көрсөтүлө баштаган. Ар кандай кыйынчылыктардан улам элдин ындыны өчүп, курулуш ишин токтотуп коюшкан жана ар ким өз үйүнө кам көрүп, талаасын иштетүү менен алек болуп кетишкен. Он алты жыл бою курулуш бир орунда тура берген. Ысрайылдыктарга Жахабага кайтып келиши жана жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга койбошу керектигин эскертүү зарыл болгон. Жахаба алардын ага кайтып келип, мурдагыдай кайраттуу болуп, чын жүрөктөн сыйынышын каалаган.

3 Бабыл кулчулугунан эмне үчүн бошотулушканын элинин эсине салыш үчүн Жахаба б.з.ч. 520-жылы Закарыя пайгамбарды жөнөткөн. Закарыянын «Жахаба эстеди» деген маанини туюнткан ысмынын өзү эле аларга маанилүү чындыкты эстетсе керек. Ысрайыл эли Кудайдын куткаруу үчүн жасаган иштерин унутуп коюшса да, ал элин унуткан эмес. (Оку: Закарыя 1:3, 4.) Жахаба аларды чыныгы сыйынууну калыбына келтирүүгө жардам берерине мээримдүүлүк менен ынандырган. Ошол эле учурда бүт жүрөгү менен кызмат кылбагандарды кабыл албай турганын эскерткен. Эмесе, Жахабанын Закарыя алган алтынчы, жетинчи аяндар аркылуу элине иш-аракет кылууга кандайча түрткү бергенин жана ал аяндардан эмнеге үйрөнсөк болорун карап чыгалы.

КУДАЙ УУРУЛУК КЫЛГАНДАРДЫ ЖАЗАЛАЙТ

4. Закарыя алтынчы аянда эмнени көргөн жана түрмөктүн эки бетине тең жазылганы эмнени көрсөтүп турат? (Макаланын башындагы 1-сүрөттү карагыла.)

4 Закарыя китебинин 5-бөлүмү адаттан тыш аян менен башталат. (Оку: Закарыя 5:1, 2.) Закарыя узундугу 9, туурасы 4,5 метрдей болгон учуп бараткан түрмөктү көргөн. Түрүлбөгөн, окуганга даяр ал түрмөктүн эки бетине тең сот өкүмү жазылган эле (Зак. 5:3). Адатта, түрмөктүн бир эле бетине жазылчу. Андыктан бул түрмөктүн эки бетине тең жазылганы анда олуттуу, маанилүү кабар камтылганын көрсөтүп турат.

Кудайдын эли уурулуктун бардык түрүнөн алыс болушу керек (5—7-абзацтарды карагыла)

5, 6. Жахаба уурулуктун бардык түрүнө кандай карайт?

5 Оку: Закарыя 5:3, 4. Бүт адамзат Жахабанын алдында жооптуу, ал эми анын аты менен аталган эл өзгөчө жооптуу. Кудайды сүйгөндөр уурулуктун бардык түрү анын «атына тил тийгизерин» түшүнүшөт (Накыл 30:8, 9). Ниети кандай болбосун же кандай себептен уурулукка барбасын, уурулук кылган киши материалдык нерселерге өтө чоң маани берип, өзүмчүл каалоосун Кудайдан жогору койгон болот. Ал Жахабаны, анын ысмын урматтабайт жана мыйзамдарынын баалуулугун төмөндөтөт.

6 Закарыя 5:3, 4тө: «Каргыш... уурунун үйүнө... кирип, ошол жерде калат да, үйдү... кыйратып жок кылат»,— деп айтылганын байкадыңарбы? Жахабанын өкүмүнүн ишке ашышына эшик бекиткичтер да, кулпулар да тоскоолдук кыла албайт. Жахабага элинин арасында жасалып жаткан жаман иштер алаканга салгандай көрүнүп турат. Ууру кыңыр ишин бийликтегилерден, жумуш берүүчүсүнөн, аксакалдардан же ата-энесинен жашырышы мүмкүн, бирок Кудайдан жашыра албайт. Кудай ууру кылгандардын ар биринин бетин ачарына кепилдик берет (Евр. 4:13). «Бардык жагынан» чынчыл болуу керектигин түшүнгөн адамдардын арасында болуу кандай жакшы! (Евр. 13:18).

7. Түрмөктө жазылган каргыштан канткенде кача алабыз?

7 Жахабанын көз алдында уурулуктун бардык түрү жийиркеничтүү. Биз Жахабанын бийик адеп-ахлак нормаларына ылайык жашап, өзүбүздү анын ысмына тил тийгизбегидей алып жүрүүнү сыймык катары көрөбүз. Ушунун аркасында Кудайдын мыйзамдарын атайылап бузгандардын башына түшө турган каргашадан алыс болобуз.

КҮН САЙЫН АНТЫБЫЗГА ЫЛАЙЫК ЖАШАЙЛЫ

8—10. а) Ант деген эмне? б) Ситкия падыша кайсы антын бузган?

8 Учуп бараткан түрмөктө Кудайдын ысмын «оозанып жалган ант бергендер» үчүн да эскертүү жазылган (Зак. 5:4). Ант — бул бир нерсенин чындык экенин тастыктоо үчүн айтылган олуттуу сөз же кайсы бир нерсени кылууга же кылбоого берилген салтанаттуу убада.

9 Жахабанын ысмын оозанып ант берүү — абдан орчундуу маселе. Муну Иерусалимдеги тактыда отурган акыркы падыша Ситкиянын окуясы тастыктап турат. Ал Бабыл падышасына берилгендик менен кызмат кыларын айтып, Жахабанын ысмы менен ант берген. Бирок сөзүнө турган эмес. Ошондуктан Жахаба ага каршы өкүм чыгарып: «Мен тирүүмүн,.. падыша катары коюлган, антын барк албай, келишимди бузган киши падышанын жеринде, Бабылда өлөт»,— деген (Жез. 17:16).

10 Ситкия падыша Жахабанын ысмын оозанып ант бергендиктен антына ылайык жашоого анын алдында милдеттүү болчу (2 Жылн. 36:13). Өкүнүчтүүсү, ал Бабылдын моюнтуругунан бошонуш үчүн убадасын бузуп, Мисирге жардам сурап кайрылган. Бирок анысынан майнап чыккан эмес (Жез. 17:11—15, 17, 18).

11, 12. а) Кайсы убадабыз эң маанилүү? б) Жахабага арналганда берген убадабыз күнүмдүк жашообузга кандай таасир этиши керек?

11 Жахаба биздин убадаларыбызды да угуп турат. Ал аларга олуттуу карайт. Ошондуктан ага жагыш үчүн сөзүбүзгө турушубуз керек (Заб. 76:11). Убадаларыбыздын эң маанилүүсү — Жахабага өзүбүздү арнаганда берген убадабыз. Арналуу — бул ага эч шарт койбой кызмат кылуу үчүн берилген салтанаттуу убада.

12 Канткенде ал убадабызга ылайык жашай алабыз? Чоң болобу же кичинеби, кандай сыноого кабылбайлы, Жахабаны «ар күнү» даңктап жашайбыз деген убадабызга жеңил ойлуу карабай турганыбызды көрсөтүшүбүз керек (Заб. 61:8). Мисалы, жумуштан же мектептен бирөө тийишкенде, анын сунушун четке кагып, Жахабанын жолдорунан «ырахат аларыбызды» айгинелейбизби? (Накыл 23:26). Эгер үй-бүлөбүздөн жалгыз эле биз чындык жолунда жүрсөк, Жахабадан үйдөгүлөрүбүздүн жүрүм-турумуна карабай ага жаккандай иш кыла берүүгө жардам сурайбызбы? Күн сайын асмандагы Атабыздан тиленип, сүйүүсү жана элине кошкону үчүн ыраазычылык билдиребизби? Ыйык Китепти күнүгө окуйбузбу? Анткени биз ушулардын баарын кылабыз деп убада бергенбиз. Сөзүбүздү аткаруу менен баш иерибизди көрсөтөбүз. Сыйынууга байланышкан иштерге толук кандуу катышсак, Жахабаны жакшы көрөрүбүздү жана өзүбүздү ага чындап эле арнаганыбызды далилдейбиз. Биз сыйынуубузга көнүмүш нерсе катары карабайбыз, ал — жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Берген убадабызды аткаруу өзүбүзгө эле жакшы; ишенимдүү кызмат кылганыбыз жаркын келечекке жетүүгө өбөлгө түзөт (Мыйз. 10:12, 13).

13. Закарыя көргөн алтынчы аяндан эмнени биле алабыз?

13 Закарыя көргөн алтынчы аян бизге Жахабаны сүйгөндөр уурулуктун бардык түрүнөн оолак болушу же жалган ант бербеши керектигин түшүнүүгө жардам берди. Ысрайылдыктар көп туура эмес иштерди кылышса да, Жахабанын аларды таштап койбогонун да билдик. Ал элине айланадагы душмандардын канчалык кысым көрсөткөнүн жакшы билген. Кудай сөзгө туруу жагынан эң сонун үлгү көрсөтөт жана бизге да убадабызга ылайык жашоого жардам берет. Айталы, ан үчүн ал жакында бүт жер жүзүнөн жамандыктын баарын жок кыларын убада кылууда. Закарыя көргөн кийинки аян ошондой кереметтүү келечектин болоруна кепилдик берет.

ЫЙМАНСЫЗДЫК ЖОК КЫЛЫНАТ

14, 15. а) Закарыя жетинчи аянда эмнени көргөн? (Макаланын башындагы 2-сүрөттү карагыла.) б) Идиштин ичиндеги аял эмнени билдирет? Периште эмне үчүн аны идиштин ичине түртүп киргизип, капкагын жаап койгон?

14 Закарыя учуп бараткан түрмөктү көргөндөн кийин, периште ага: «Башыңды көтөр»,— деп айткан. Ал көргөн жетинчи аян аркылуу эмне ачылып берилген? Закарыя аянда «эйфа» деп аталган идиштин жакындап келатканын көргөн. (Оку: Закарыя 5:5—8, шилт.) Ал чакан идиштин «коргошундан жасалган тегерек капкагы» бар экен. Капкак ачылганда, Закарыя «идиштин ичинде бир аял отурганын» көргөн. Периште аялдын «ыймансыздыкты» билдирерин айткан. Анын идиштен чыкканы жатканын көргөндө Закарыянын канчалык коркконун элестетсеңер. Бирок периште дароо аялды кайра идиштин ичине түртүп киргизип, оор капкагын жаап салган. Бул эмнени билдирет?

15 Аяндын бул бөлүгүндө Жахабанын өзүнүн элинин арасында жасалган ыймансыз иштердин бирин да жактырбай турганы баса белгиленген. Ал ыймансыздыктын баарын көрүп турат жана аны жок кылуу үчүн тезинен иш-аракет кылат (1 Кор. 5:13). Бизди буга периштенин капкакты жаап койгону ынандырат.

Жахаба чыныгы сыйынууну таза сактоо үчүн чара көргөн (16—18-абзацтарды карагыла)

16. а) Закарыя көргөн идиш эмне болгон? (Макаланын башындагы 3-сүрөттү карагыла.) б) Канаттары бар аялдар идишти каякка алып барышкан?

16 Андан кийин Закарыя илегилектикиндей кубаттуу канаттары бар эки аялды көргөн. (Оку: Закарыя 5:9—11.) Алар идиштин ичиндеги аялдан кандай гана айырмаланышкан! Ал аялдар учуп келип, ичинде «ыймансыздык» бар идишти алып жөнөшкөн. Аны каякка алып барышкан? Алар идишти «Шынар жерине», башкача айтканда, Бабылга алып барышкан. Эмне үчүн?

17, 18. а) Эмне үчүн Шынар ыймансыздык «жайгаштырыла» турган ылайыктуу жер болгон? б) Ыймансыздыкка байланыштуу эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

17 Закарыянын күндөрүндөгү ысрайылдыктарга Шынардын ыймансыздык «жайгаштырыла» турган ылайыктуу жер экени белгилүү болчу. Закарыя менен жүйүттөр ошол убакта Бабылдын ыймансыздыкка толгонун ырастай алышмак. Адеп-ахлаксыздык, бурканга табынуучулук күч алган ошол шаарда жашап жүргөндө аларга ал жактагылардын таасирине алдырбаш үчүн күн сайын күрөшүүгө туура келчү. Андыктан аянда көрсөтүлгөндөр — Жахабанын чыныгы сыйынууну таза сактоого кепилдик бергени — аларды сооротуп-жубатканы шексиз!

18 Анткен менен аянда көрсөтүлгөндөр жүйүттөргө сыйынуусун таза сактоого милдеттүү экенин да эскерткен. Ыймансыздыкка Жахабанын элинин арасынан эч кандай орун берилбеши керек. Кудай бизди өзүнүн таза, коопсуз, жакшы кам көрүлгөн уюмуна кошкондуктан, биз аны таза сактаганга жооптуубуз. Ар бирибиз «үйүбүздүн», Жахабанын уюмунун, булганбашына салым кошуп жатабызбы? Рухий бейишибизге ыймансыздыктын эч бир түрүн жолотпошубуз керек.

ТАЗА ЭЛ ЖАХАБАНЫ ДАҢКТАЙТ

19. Закарыя көргөн укмуштуудай аяндардын бизге кандай тиешеси бар?

19 Закарыя көргөн алтынчы, жетинчи аяндар жаман иш кылганын токтотпогондорго Жахабанын ыймансыздыкка көз жумбай турганын эскертип турат. Анын кызматчылары ыймансыздыкты жек көрүшү керек. Бул аяндар аркылуу асмандагы Атабыз бизди бир нерсеге ынандырат. Эгер Кудайдын ырайымына, коргоосуна ээ болуш үчүн бүт күчүбүздү жумшасак, анын каргышына калбайбыз, өмүрүбүздөн айрылбайбыз. Тескерисинче, Жахаба бизге батасын берет. Ыймансыздыкка белчесинен баткан бул дүйнөдө өзүбүздү таза сакташ үчүн жумшаган бардык аракетибиздин акыбети сөзсүз кайтат. Жахаба Кудайдын жардамы менен ийгиликке жетерибизге шектенбесек болот. Бирок бул заманда ыпылас иштер көп жасалса да, таза сыйынуунун гүлдөй берерин кайдан билебиз? Улуу алаамат жакындап келаткан азыркы убакта Жахабанын өз уюмун коргой турганына кандай кепилдик бар? Бул суроолор кийинки макалада талкууланат.