Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Арабалар менен таажы сени коргойт

Арабалар менен таажы сени коргойт

«Эгер Жахаба Кудайыңардын айтканын уксаңар, ушунун баары ишке ашат» (ЗАК. 6:15).

ЫРЛАР: 61, 22

1, 2. Закарыя жетинчи аянды көргөн убак аяктап калганда, Иерусалимдеги жүйүттөрдүн жагдайы кандай эле?

ЖЕТИНЧИ аянды көргөндөн кийин Закарыя пайгамбар көп нерселер тууралуу ойлонушу керек болгон. Жахаба чынчыл эмес адамдарды жаман иштери үчүн жоопко тартарына кепилдик берген. Анын бул убадасы пайгамбарды бекемдегени шексиз. Бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Көптөр алдамчылыкка, ыймансыздыкка жаткан иштерди дагы деле кылып жатышкан. Ошондой эле Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасын кайра куруу ишин бүтүрүү эч кимдин оюнда да жок болчу. Жүйүттөр кантип Кудай тапшырган ишти бат эле таштап коюшкан? Алар мекенине өз кызыкчылыгын көздөп келишти беле?

2 Закарыя пайгамбар Иерусалимге кайтып келген эркек-аялдардын Кудайга бекем ишенген адамдардан болгонун жакшы билген. «Чыныгы Кудай түрткү бергендиктен», алар коопсуз үй-жайын, жүргүзгөн ишин калтырып келишкен эле (Эзра 1:2, 3, 5). Көптөрү өздөрү жакшы билген жерди таштап, эч качан көрбөгөн жерге келишкен. Эгер алар үчүн Жахабанын ибадатканасын куруу маанилүү эмес болсо, кооптуу жерлер аркылуу 1600 чакырымдай жолду басып өтүшмөк эмес.

3, 4. Жүйүттөр мекенине кайтып келгенде кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?

3 Бабылдан Иерусалимге сапар тартуу кандай болгонун элестетип көрсөң. Жүйүттөр жолду карай мекени жөнүндө ойлонуп барышса керек. Алар Иерусалим шаарынын бир кезде канчалык кооз болгонун угушкан болчу. Алардын арасындагы кары-картаңдар ибадаткананын мурун кандай болгонун өз көзү менен көрүшкөн (Эзра 3:12). Эгер сен да алар менен бараткан болсоң, Иерусалимди, мекениңди, биринчи жолу көргөндө кандай сезимде болот элең? Чөп басып калган урандыларды көргөндө кайгырат белең? Дарбазалары, күзөт мунаралары талкаланып, ар кайсы жери аңырайып калган Иерусалимдин дубалдарын Бабылдын килейген, калың дубалдарына салыштырат белең? Ушулардын баарын көргөндө эл көңүлүн чөгөрбөстөн, кайратын жыйнаган. Анткени алар узак жолдо Жахабанын аларды кантип коргоп келгенине күбө болушкан. Мекенине келгенден кийин эле алар ибадаткананын мурунку ордуна курмандык жайын куруп, күн сайын Жахабага курмандык чала башташкан (Эзра 3:1, 2). Жүйүттөр башында ушунчалык кубанып-шаттангандыктан эч нерсе алардын ындынын суутпачудай сезилген.

4 Ибадатканадан тышкары алар өздөрүнүн шаарларын да куруш керек эле. Ошондой эле үй-жайын оңдоп, талаасын иштетип, тамак-аш таап жеши керек болгон (Эзра 2:70). Алдыда тоодой иш жаткандай сезилген. Көп өтпөй эле катуу каршылык башталган. Башында бекем турушса да, 15 жылга созулган ал каршылыктан улам жүйүттөр багынып калышкан (Эзра 4:1—4). Ал эми б.з.ч. 522-жылы Персия падышасы Иерусалимди курууга тыюу салганда, иш биротоло токтогон. Ошентип, шаардын келечеги бүдөмүк болуп калган (Эзра 4:21—24).

5. Жахаба элине иш-аракет кылууга кантип жардам берген?

5 Жахаба элине эмне керек экенин билген. Аларды жакшы көрөрүнө, ага чейин кылгандарынын баарын баалаарына ынандырыш үчүн жана куруу ишин улантышса, коргой турганына кепилдик бериш үчүн Закарыяга акыркы аянды көрсөткөн. Ибадаткананы кайра курууга байланыштуу ал элине: «Эгер Жахаба Кудайыңардын айтканын уксаңар, ушунун баары ишке ашат»,— деп убада берген (Зак. 6:15).

АРАБА АЙДАГАН ПЕРИШТЕЛЕР

6. а) Закарыя көргөн сегизинчи аян кантип башталат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Аттардын өңү эмне үчүн ар башка?

6 Закарыя көргөн акыркы сегизинчи аян ишенимди абдан бекемдейт деп айта алабыз. (Оку: Закарыя 6:1—3.) Элестетип көрсөң: «эки [жез] тоонун ортосунда» согушка даярдалган төрт араба келатат. Араба чегилген аттардын өңү ар башка. Бул атчандарды бири-биринен айырмалаганга жардам бермек. Закарыя: «Булар эмне болгон арабалар?» — деп сураган (Зак. 6:4). Муну биз да билгибиз келет, себеби ал аяндын бизге да түздөн-түз тиешеси бар.

Жахаба элин коргоп, бекемдеш үчүн азыр да периштелерин колдонот

7, 8. а) Эки тоо эмнени билдирет? б) Алар эмне үчүн жезден жасалган?

7 Ыйык Китепте тоолор падышалыктарды же өкмөттөрдү билдирет. Закарыя көргөн тоолор Даниелдин пайгамбарлыгындагы эки тоого окшош. Тоолордун бири Жахабанын бүткүл ааламдагы түбөлүктүү бийлигин, ал эми экинчиси Машаяк башкарган Падышалыкты билдирет (Дан. 2:35, 45). Иса Машаяк 1914-жылы күзүндө такка отургандан бери, эки тоо тең Кудайдын эркинин жерде ишке ашышында өзгөчө ролду аткарып келет.

8 Тоолор эмне үчүн жезден жасалган? Алтын сыяктуу эле, жез да абдан баалуу металл болуп саналат. Жахаба ыйык чатырды, кийинчерээк Иерусалимдеги ибадаткананы курууда ал жалтырак металлды колдонууга көрсөтмө берген (Чыг. 27:1—3; 1 Пад. 7:13—16). Андыктан каймана маанидеги эки жез тоо Жахабанын ааламды кучагына алган бийлигинин жана Машаяк башкарган Падышалыктын теңдешсиз экенин эсибизге салып турат. Бул эки Падышалыктын башкаруусу алдында адамдар коопсуз жашап, мол бата алышат.

9. Араба айдагандар кимдерди билдирет жана алар кандай тапшырма алышкан?

9 Эми кайра арабалар жөнүндө сөз кылалы. Арабалар менен аларды айдагандар эмнени билдирет? Периштелерди, кыязы, периштелердин тобун билдирет. (Оку: Закарыя 6:5—8.) Алар өзгөчө тапшырма алып, «бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдынан» келатышкан. Ал эмне болгон тапшырма эле? Арабалар жана аларды айдагандар белгилүү бир аймактарга кам көрүү үчүн жөнөтүлгөн. Алар Жахабанын элин, айрыкча, «түндүктөн» — Бабылдан — коргомок. Бул аянды көрсөтүү менен Жахаба элин кайра Бабылдын туткунуна түшпөй турганына ынандырган. Ибадаткананы кургандарды бул кандай гана бекемдеп-жубаткан! Алар душмандар кол салат деп коркпошу керек болчу.

10. Арабалар менен аларды айдагандар жөнүндөгү аян бизди эмнеге ынандырат?

10 Закарыянын убагындагыдай эле, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба элин коргоп, бекемдеш үчүн бүгүн да периштелерин колдонот (Мал. 3:6; Евр. 1:7, 14). Рухий ысрайыл 1919-жылы каймана маанидеги Улуу Бабылдын кулчулугунан бошотулгандан бери, чыныгы сыйынуу көптөгөн каршылыктарга карабай кеңири кулач жайып келет (Аян 18:4). Бизди периштелер коргоп тургандыктан, Жахабанын уюму кайрадан рухий кулчулукка түшүп калышы мүмкүн деп коркпошубуз керек (Заб. 34:7). Тескерисинче, Кудайдын дүйнө жүзүндөгү элинин рухий жактан гүлдөй береринен шектенбесек болот. Закарыянын аяны жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө эки тоонун көлөкөсүндө коопсуз экенибизди түшүнөбүз.

11. Кудайдын элине кол сала тургандардан эмне үчүн коркпошубуз керек?

11 Жакында Шайтандын дүйнөсүндөгү саясий күчтөр улуттардын бирикмесин түзүп, Кудайдын элин жок кылууну көздөйт (Жез. 38:2, 10—12; Дан. 11:40, 44, 45; Аян 19:19). Жезекиелдин пайгамбарлыгында ал күчтөрдүн атка минип, бизге каарданып, жер бетин булуттай болуп каптап келатканы сүрөттөлгөн (Жез. 38:15, 16) *. Биз мындан коркушубуз керекпи? Түк да. Биз тарапта да чоң аскер кошууну бар. Улуу алаамат туу чокусуна жеткенде, Жахабанын периштелерден турган аскери бизди коргоп, анын эгедерлигине каршы чыккандарды кыйратыш үчүн келет (2 Тес. 1:7, 8). Ошол күн кандай гана жүрөк толкутарлык болот! Бирок Жахабанын асман аскерин ким баштап келет?

ЖАХАБА ДИН КЫЗМАТЧЫГА ТААЖЫ КИЙГИЗЕТ

12, 13. а) Закарыяга кандай иш тапшырылган? б) Бутактын кандайча Иса Машаякты билдирерин түшүндүрүп бер.

12 Закарыя сегиз аянды тең өзү жалгыз көргөн. Эми башкалар да көрө турган жана Кудайдын ибадатканасын кургандарды бекемдей турган пайгамбарлык мааниси бар бир ишке катышканы турат. (Оку: Закарыя 6:9—12.) Жахаба ага Бабылдан жаңы кайтып келген Хелдайдын, Тобияхтын жана Жедаянын тартуусунан — күмүштөн, алтындан — алып, «чоң таажы» жасашы керектигин айткан (Зак. 6:11). Закарыяга ал таажыны жүйүт уруусунан жана Дөөтүнүн тукумунан чыккан Зоробабылга кийгизиши керектиги айтылды беле? Жок. Ал аны башкы дин кызматчы Жашыяга кийгизген. Ошондо муну көргөн эл аябай таң калса керек.

13 Башкы дин кызматчы Жашыяга таажы кийгизилгени анын падыша болуп калганын билдиргенби? Жок. Ал Дөөтү падышанын тукумунан чыкпагандыктан падыша боло алмак эмес. Ага таажы кийгизилгени пайгамбарлык мааниге ээ болгон. Бул келечекте түбөлүккө башкара турган падыша жана дин кызматчы боло турган бирөөнүн келерин билдирген. Падыша катары дайындалган ал башкы дин кызматчы Бутак деп аталган. Ыйык Жазмада Бутактын Иса Машаяк экени так-даана көрсөтүлгөн (Ыш. 11:1; Мт. 2:23 *).

14. Падыша жана Башкы дин кызматчы катары Иса эмнелерди кылат?

14 Падыша жана Башкы дин кызматчы болгон Иса Машаяк Жахабанын асман аскерин жетектейт. Кудайдын эли аларды жек көргөн дүйнөдө жашаса да, жалпы жонунан коопсуз болушу үчүн, Иса аларды коргоого бүт күчүн жумшайт (Жер. 23:5, 6). Ал жакында душмандарды жок кылуу менен Кудайдын элин коргоп, анын эгедерлигин жактайт (Аян 17:12—14; 19:11, 14, 15). Бирок өкүмдү ишке ашырганга чейин Бутак бир зор ишти аткарат.

АЛ ИБАДАТКАНАНЫ КУРАТ

15, 16. а) Кудайдын эли кандайча тазаланып, калыбына келтирилген жана муну ким ишке ашырган? б) Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягында эмне болот?

15 Падыша жана Башкы дин кызматчы болуп дайындалгандан тышкары, Исага «Жахабанын ибадатканасын куруу» да тапшырылган. (Оку: Закарыя 6:13.) Ал куруу ишине Исанын Кудайдын чыныгы кызматчыларын 1919-жылы Улуу Бабылдын кулчулугунан бошотуп, жыйналышты калыбына келтиргени кирген. Ошондой эле ал улуу рухий ибадаткананын жердеги короолорундагы ишти көзөмөлдөөгө «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган (Мт. 24:45). Иса Кудайдын элин тазалап, ага жаккандай сыйынууга да жардам берип келген (Мал. 3:1—3).

16 Машаяк Миң жылдык башкаруусунда өзү менен падыша жана дин кызматчы катары кызмат кыла турган 144 000 менен чогуу ишенимдүү адамдарды жеткилеңдикке жеткирет. Ошондон кийин тазаланган жер бетинде Кудайдын чыныгы кызматчылары гана калат. Ошентип, чыныгы сыйынуу толугу менен калыбына келет.

КУРУУ ИШИНЕ САЛЫМ КОШ

17. Жахаба жүйүттөрдү дагы эмнеге ынандырган жана анын кабары аларга кандай таасир эткен?

17 Закарыянын кабары ошол убактагы жүйүттөргө кандай таасир эткен? Жахаба аларга ибадаткананы куруп бүтүрүүгө жардам берерин жана аларды коргоорун убада кылган. Анын ибадаткананын сөзсүз куруларына ынандырганы элдин үмүтүн кайрадан жандандырган. Бирок аз эле киши андай зор ишти кантип бүтүрө алмак? Закарыянын кийинки сөздөрү алардын коркунучун, шектенүүсүн сүрүп чыгармак. Кудай айткандай, куруу ишин Хелдай, Тобиях жана Жедая сыяктуу ишенимдүү адамдар колдогондон тышкары, көптөр келип, ибадаткананы курууга катышмак. (Оку: Закарыя 6:15.) Жахабанын колдооруна бекем ишенген жүйүттөр дароо жооп кайтарып, тыюу салынганына карабай, куруу ишин бүтүрүүгө бел байлашкан. Көп өтпөй Жахаба тоодой тоскоолдук болгон тыюуну жоюп, ибадаткана б.з.ч. 515-жылы курулуп бүткөн (Эзра 6:22; Зак. 4:6, 7). Жахабанын ошондо айткан сөздөрү бүгүнкү күндө аткарылып жаткан алда канча маанилүү ишке да тиешелүү.

Жахаба ага көрсөткөн сүйүүбүздү эч качан унутпайт (18, 19-абзацтарды кара)

18. Закарыя 6:15те жазылгандар биздин күндөрдө кандайча аткарылууда?

18 Бүгүнкү күндө миллиондогондор Кудайдын чыныгы кызматчыларына кошулууда. Алар «баалуу нерселерин», алсак, убактысын, күчүн жана акча-каражатын чын жүрөктөн тартуу кылуу менен Жахабанын улуу рухий ибадатканасындагы ишти колдоп жатышат (Накыл 3:9). Жахаба анын ишин берилгендик менен колдоп жатканыбызды баалайт деп эмне үчүн ишенсек болот? Хелдайдын, Тобияхтын жана Жедаянын Закарыя жасаган таажы үчүн алтын-күмүш алып келгенин эстесең. Таажы алардын чыныгы сыйынуу үчүн берген тартуусун «эстетип» турушу үчүн сакталып калган (Зак. 6:14). Анын сыңарындай, Жахаба үчүн кылган ишибиз, ага көрсөткөн сүйүүбүз эч качан унутта калбайт (Евр. 6:10). Жахабанын эсинде түбөлүккө кала берет.

19. Закарыянын аяндары бизге кандай таасир этиши керек?

19 Азыркы акыркы күндөрдө чыныгы сыйынуу үчүн жасалып жаткан иштер Жахабанын бизге батасын берип келатканын жана Исанын жетектеп жатканын айкын далилдеп турат. Биз — туруктуу, коопсуз жана түбөлүктүү уюмдун мүчөсүбүз. Жахабанын чыныгы сыйынууга байланыштуу ой-ниети сөзсүз «ишке ашат». Андыктан Кудайдын элинин арасындагы ордуңду баала жана анын айтканын дайыма ук. Ошондо Падышабыз жана Башкы дин кызматчыбыз, ошондой эле арабаларды айдаган асман аскерлери сени коргойт. Чыныгы сыйынууну колдоого бүт күчүңдү жумша. Ушундай кылсаң, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын сени азыркы убакта да, келечекте да түбөлүккө коргоп, коопсуз болушуңа кам көрөрүнө шектенбесең болот.

^ 13-абз. Кыязы, «назареттик» деген сөз еврей тилиндеги «бутак» деген сөздөн келип чыккан.