Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Анын... тирилерин билем»

«Анын... тирилерин билем»

«Досубуз Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам» (ЖКН. 11:11).

ЫРЛАР: 142, 129

1. Марта эмнеден шектенген эмес? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ИСА МАШАЯКТЫН жакын досу жана шакирти Марта катуу күйүт тартып жаткан. Себеби бир тууганы Лазардан айрылып калган эле. Анын кайгысына даба бар беле? Ооба. Иса ага: «Бир тууганың тирилет»,— деген. Бул анын күйүтүн толугу менен баспаса да, Марта Исанын айткандарына ишенип: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— деп айткан (Жкн. 11:20—24). Ал бир тууганынын келечекте тирилерине шектенген эмес. Бирок Иса так ошол күнү керемет жасап, Лазарды тирилткен.

2. Эмне үчүн тирилүү болоруна Мартадай бекем ишенгиң келет?

2 Биз Иса же анын Атасы жакыныбызды азыркы убакта тирилтип берет деп күтпөйбүз. Ошентсе да сен жакшы көргөн кишиңдин келечекте тирилерине Мартадай бекем ишенесиңби? Балким, жубайыңдан, атаңдан же энеңден, же чоң ата-чоң энеңден, же таята-таенеңден айрылгандырсың. Же мүмкүн, жаныңдай көргөн балаңды жоготкондурсуң. Аны кучактап, аны менен сүйлөшүп, чогуу күлө турган убакты эңсеп келаткандырсың. Бактыга жараша, сенде да, Мартадай болуп: «Анын тирилерин билем»,— деп айтканга толук негиз бар. Ошентсе да Кудайдын ар бир кызматчысы өлгөндөрдүн тирилерине эмне үчүн бекем ишенсе болору жөнүндө ой жүгүртүп көргөнү жакшы.

3, 4. Исанын жакында эле кылган кереметтери Мартанын ишенимин эмне үчүн бекемдемек?

3 Марта Иерусалимге жакын жашачу. Ошондуктан анын Иса пайгамбардын Галилеядагы Наин шаарынын жанынан жесир аялдын уулун тирилткенин өз көзү менен көргөнү күмөн. Бирок ал жөнүндө укса керек. Иса Жайыр деген кишинин кызын да тирилткен. Жайырдын үйүнө чогулгандардын баары «кыздын өлүп калганын билишчү». Анткен менен Иса кыздын жансыз колунан кармап: «Кызым, тур!» — дегенде, ал ошол замат ордунан турган (Лк. 7:11—17; 8:41, 42, 49—55). Марта да, анын бир тууганы Мариям да Исанын оорулууларды айыктыра аларын билишкен. Ошондуктан алар Иса болгондо, Лазар өлмөк эмес деп ишенишкен. Бирок Исанын жакшы көргөн досу Лазар каза болуп калгандан кийин, алар эмнеге үмүттөнө алышмак? Мартанын бир тууганы Лазардын келечекте, «акыркы күнү» тирилери жөнүндө айтканына көңүл бурсаң. Ал буга эмне үчүн ишенген? Сен да келечекте өлгөндөрдүн, анын ичинде жакшы көргөн кишилериңдин тирилерине эмне үчүн ишенсең болот?

4 Буга орчундуу себептер бар. Анда эмесе, алардын айрымдарына токтололу. Аларды талкуулап жатканда Ыйык Китептеги кээ бир билдирүүлөрдөн көзү өтүп кеткен жакындарыңды кайрадан көрүүгө болгон үмүтүңдү бекемдей турган ойлорду табышың мүмкүн.

ҮМҮТ БАЙЛАТКАН ОКУЯЛАР

5. Марта Лазардын тирилерине эмнеден улам ишенген?

5 Мартанын: «Бир тууганымдын тирилерине үмүттөнөм»,— деп эмес, «Анын... тирилерин билем»,— деп айтканына көңүл бурсаң. Ал буга, сыягы, Иса кызматын баштаганга чейин эле уккан кереметтерден улам ишенген. Марта алар жөнүндө бала кезинде үйүнөн же синагогадан угушу толук мүмкүн болчу. Бул макалада Ыйык Жазмада баяндалган ошол билдирүүлөрдүн үчөөнү талкуулайбыз.

6. Мартанын кайсы керемет жөнүндө укканы шексиз?

6 Тирилүү жөнүндөгү окуялардын биринчиси Кудай Илияс пайгамбарга керемет жасоого күч берген убакта болгон. Финикиялыктардын деңиз жээгинде жайгашкан Сарепат деген шаарында жашаган бир жарды жесир аял Илияс пайгамбарга меймандостук көрсөткөн. Ошондуктан Кудай керемет жолу менен анын унунун, майынын түгөнбөшүнө кам көрүп, уулу экөөнүн өмүрүн сактап калган (1 Пад. 17:8—16). Кийинчерээк ал аялдын уулу ооруп, каза болуп калган. Ошондо Илияс пайгамбар өлүктү кучактап: «Кудайым, суранам, бул баланын өмүрүн кайрып бере көр»,— деп тиленген. Анан так ошондой болгон! Кудай Илияс пайгамбардын үнүн угуп, баланы тирилткен. Бул — Ыйык Китепте жазылган эң алгачкы тирилүү. (Оку: 1 Падышалар 17:17—24.) Мартанын жүрөк толкутарлык ошол окуя жөнүндө укканы шексиз.

7, 8. а) Элиша пайгамбар бир аялдын кайгысын кантип жеңилдеткен? б) Элиша пайгамбар жасаган керемет Жахаба жөнүндө эмнени ырастап турат?

7 Ыйык Китепте баяндалган экинчи тирилүү Илиястын ордуна пайгамбар болуп дайындалган Элишанын убагында болгон. Шунемде жашаган кадыр-барктуу ысрайылдык бир аял Элиша пайгамбарга өзгөчө меймандостук көрсөткөн. Кудай пайгамбары аркылуу убада кылгандай, ал аял менен улгайып калган күйөөсү уулдуу болушкан. Өкүнүчтүүсү, бир канча жылдан кийин уулу каза болуп калган. Ошондо энесинин жүрөгү тилинип, канчалык сыздаганын элестетсең. Күйөөсүнүн уруксаты менен ал 30 чакырымдай жол жүрүп, Кармел тоосунда жүргөн Элиша пайгамбарга барган. Пайгамбар кызматчысы Гехазини Шунемге өздөрүнөн мурун жөнөткөн. Бирок Гехази баланы тирилте алган эмес. Анан күйүткө баткан аял менен Элиша пайгамбар келген (2 Пад. 4:8—31).

8 Элиша баланын сөөгү жаткан бөлмөгө кирип, Кудайдан тиленген. Натыйжада бала тирилип, энеси кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн! (Оку: 2 Падышалар 4:32—37.) Сыягы, ал бир кездерде балалуу боло албай жүргөн Аннанын кичинекей Шемуелди ыйык чатырга алып барганда: «Жахаба... көргө түшүрө да алат, көрдөн чыгара да алат»,— деп тиленгенин эстесе керек (1 Шем. 2:6). Ырас, Жахаба Шунемде жашаган аялдын баласын кандайдыр бир мааниде «көрдөн чыгарып», өлгөндөрдү тирилтүүгө кудурети жетерин ырастаган.

9. Ыйык Китепте баяндалган үчүнчү тирилүүгө Элишанын кандай катыштыгы болгон?

9 Укмуштуу кереметтердин дагы бири Элиша пайгамбар өлгөндөн кийин болгон. Пайгамбарлык кызматын 50 жылдан ашуун убакыт аткаргандан кийин Элиша «катуу ооруп, өлүмгө» моюн сунган. Убакыттын өтүшү менен анын денеси чирип, сөөктөрү эле калган. Ошол убактарда душмандар бир күнү Ысрайыл жерин басып киришкен. Айрым ысрайылдыктар бир кишинин сөөгүн койгону баратканда аларды көрүп калып, сөөктү Элишанын мүрзөсүнө таштай салып, качып кетишкен. Андан ары Ыйык Китепте: «Элишанын сөөгүнө тиери менен, өлгөн киши тирилип, туруп кетти»,— деп айтылат (2 Пад. 13:14, 20, 21). Ошол окуялардын Мартага кандай таасир этмектиги жөнүндө ойлонуп көрсөң. Кудай, чындап эле, өлүмдү багындыра алат. Тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөр жеке сага кандай таасир этиши керектиги тууралуу да ойлонуп көр. Алар сени Кудайдын күчү чексиз, зор экенине ынандырары күмөнсүз.

1-КЫЛЫМДА БОЛГОН ОКУЯЛАР

10. Бир ишенимдеши өлүп калганда, Петир эмне кылган?

10 Грек Жазмаларынан да Кудайдын өкүлдөрүнүн айрымдарды тирилткени жөнүндө окуй алабыз. Буга Иса пайгамбардын Наин шаарынын жанында жана Жайырдын үйүндө жасаган кереметтери далил боло алат. Элчи Петир да Дорка (Табита) деген ишенимдешин тирилткен. Бир туугандар Табитанын сөөгүн койгону жатканда, Петир келип, Кудайдан тиленген. Анан: «Табита, тур!» — дегенде, ал ошол замат тирилген. Петир ишенимдештерин чакырып, «тирилген Табитаны көрсөткөн». Ошол окуя ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен, «көптөр Мырзабызга ишене баштаган». Алар башкаларга Иса тууралуу жана Жахабанын өлгөндөрдү тирилте алары жөнүндө күбөлөндүрүп, тастыктай алышмак (Элч. 9:36—42).

11. Дарыгер Лука Эйтик жөнүндө эмне деген жана ал окуя башкаларга кандай таасир эткен?

11 Көптөр дагы башка тирилүүгө күбө болушкан. Элчи Пабыл азыркы Түркиянын түндүк-батышында жайгашкан Троас шаарында жүргөндө бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө өткөн жолугушууга барган. Ал түн бир оокумга чейин сөз сүйлөгөн. Эйтик деген бир жигит терезеде угуп отурган. Бир убакта уктап кетип, үчүнчү кабаттан кулап түшкөн. Сыягы, биринчилерден болуп дарыгер Лука чуркап барган жана текшерип көрүп, Эйтиктин жөн эле жаракат алганын же эс-учун жоготуп койгонун эмес, өлүп калганын айткан. Бирок Пабыл түшүп келип, Эйтикти кучактап: «Бала тирүү»,— деп баарын таң калтырган. Мунун ошол жерде тургандарга канчалык таасир эткенин элестетсең! Анын чындап эле тирилгенин көргөндө «баары аябай сооронуп калышкан» (Элч. 20:7—12).

БЕКЕМ ҮМҮТ

12, 13. Биз карап чыккан тирилүүгө байланыштуу билдирүүлөрдөн улам кандай суроолор туулат?

12 Жогоруда талкууланган тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөр, Мартанын ишенимин бекемдегендей, сенин да ишенимиңди бекемдээри бышык. Биз Кудайыбыздын жана Өмүр Берүүчүбүздүн өлгөн кишини тирилтүүгө кудурети жетеринен такыр шектенбешибиз керек. Кызыктуусу, айтылып өткөн ар бир тирилүүгө Кудайдын Илияс, Иса же Петир сыяктуу ишенимдүү кызматчыларынын катыштыгы болгон. Ошондой эле ал окуялар Жахаба кереметтерди жасаган кездерде болгон. Бирок андан кийинки убактарда көзү өтүп кеткен адамдар тууралуу эмне айтууга болот? Кудай кайсы бир доордо эч кимди тирилтпесе, ишенимдүү эркек-аялдардын анын келечекте өлгөндөрдү тирилтерине ишенишине негиз барбы? Алар да Мартадай болуп: «[Бир тууганым] акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— деп айта алышабы? Марта тирилүү болоруна эмне үчүн ишенген? Ал эми сен эмне үчүн ишенсең болот?

13 Рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китепте Кудайдын берилген кызматчыларынын келечекте тирилүү болоруна ишенгенин көрсөткөн бир нече билдирүү бар. Алардын айрымдарын карап көрөлү.

14. Ыбрайым жөнүндөгү билдирүүдөн тирилүү тууралуу эмнени биле алабыз?

14 Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга анын көптөн күткөн мураскору Ыскак жөнүндө эмне дегени тууралуу ойлонуп көрсөң. Жахаба ага: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып,.. бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал»,— деген (Башт. 22:2). Ошондо Ыбрайымды кандай сезимдер чулгаганын элестетсең. Жахаба Ыбрайымга анын тукуму аркылуу бардык элдер бата аларын убада кылган болчу (Башт. 13:14—16; 18:18; Рим. 4:17, 18). Ошондой эле ал тукумдун Ыскактан чыгарын айткан (Башт. 21:12). Бирок Ыбрайым Ыскакты курмандыкка чалса, бул кандайча мүмкүн болмок? Элчи Пабыл рухтун жетеги менен Ыбрайым пайгамбардын Кудайдын Ыскакты тирилте аларына ишенгенин жазган. (Оку: Еврейлер 11:17—19.) Ыйык Китепте Ыбрайым пайгамбардын Кудайдын тилин алсам, Ыскак бир нече сааттан же бир күндөн кийин же бир жумадан кийин тирилет деп күткөнү айтылбайт. Ал уулунун качан тирилерин билген эмес. Ошентсе да Жахабанын Ыскакты тирилтип берерине бекем ишенген.

15. Аюп пайгамбар эмнеге үмүттөнгөн?

15 Аюп пайгамбар да тирилүү боло турган убакты күткөн. Ал кыйылган дарактын кайрадан өсүп чыгып, жаңы даракка айланарын билген. Ал эми адам андай эмес (Аюп 14:7—12; 19:25—27). Өлгөн киши өзү көрдөн туруп келип, кайрадан жашай албайт (2 Шем. 12:23; Заб. 89:48). Бирок бул Кудайдын өлгөндөрдү тирилте албай турганын билдирбейт. Аюп пайгамбар Жахабанын аны келечекте эстей турганына ишенген. (Оку: Аюп 14:13—15.) Ал убактын качан келерин билбесе да, Аюп адамды жараткан Кудайдын аны эстеп, сөзсүз тирилтеринен күмөн санаган эмес.

16. Периште Даниел пайгамбарды эмне деп бекемдеген?

16 Еврей Жазмаларынан ишенимдүү пайгамбарлардын бири болгон Даниел жөнүндө да билебиз. Ал Кудайга көптөгөн жылдар бою берилгендик менен кызмат кылган. Жахаба аны колдоп-коргоп келген. Бир жолу периште Кудайдын «абдан сүйүктүү кишиси» болгон Даниелге: «Сага тынчтык болсун. Кайраттуу бол»,— деген (Дан. 9:22, 23; 10:11, 18, 19).

17, 18. Даниелге келечегине байланыштуу кандай убада берилген?

17 100гө таяп, ичер суусу түгөнүп бараткан Даниел келечеги жөнүндө ойлонсо керек. Ал кайрадан жашайт беле? Албетте! Даниел китебинин акыркы аятынан Кудайдын ага: «Сен болсо акырына чейин бекем бол. Сен эс аласың»,— деп айтканын окуйбуз (Дан. 12:13). Улгайып калган Даниел өлгөндөрдүн эс аларын, «көрдө... ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок» экенин билген. Көп өтпөй өзү да ошол жайга бармак (Нас. 9:10). Бирок анын жашоосу ошону менен эле бүтүп калмак эмес. Кудай ага кереметтүү келечекти убада кылган.

18 Ал Даниелге: «Күндөрдүн акырында үлүшүңдү алыш үчүн кайра турасың»,— деген. Анткен менен анын так күнүн айткан эмес. Даниел пайгамбар акыры көз жумуп, эс алмак. Бирок Кудайдын: «Үлүшүңдү алыш үчүн кайра турасың»,— деген сөздөрүн укканда Даниел өзүнүн өлгөндөн көп убакыт өткөндөн кийин кайра тирилерин айкын түшүнгөн. Ал «күндөрдүн акырында» тирилмек. Бул сөздөр «Иерусалим Ыйык Китебинде»: «Үлүшүңдү алыш үчүн акыркы убакта кайра турасың»,— деп берилген.

Сен да, Мартага окшоп, тирилүү болоруна толук ишенсең болот (19, 20-абзацтарды кара)

19, 20. а) Бул макалада талкууланган окуялардын Мартанын Исага айткан сөздөрү менен кандай байланышы бар? б) Кийинки макалада эмнелерге токтолобуз?

19 Мартанын Лазардын «акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерине» ишенишине, чынында эле, орчундуу негиз бар болчу. Кудайдын Даниел пайгамбарга берген убадасы жана Мартанын Исага ишенимдүү түрдө айткан сөздөрү бүгүнкү күндө биздин да ишенимибизди бекемдейт. Өлгөндөр келечекте сөзсүз тирилет.

20 Биз мурун болгон окуялардын тирилүү болорун тастыктап турарын көрдүк. Ошондой эле Кудайга кызмат кылган эркек-аялдардын көзү өтүп кеткен адамдардын келечекте тирилерине ишенгенин билдик. Бирок тирилүүнүн Кудай убада кылгандан көп убакыт өткөндөн кийин болмоктугун көрсөткөн кандайдыр бир далил барбы? Эгер бар болсо, ал бизге тирилүү боло турган убакты, Мартага окшоп, ого бетер эңсеп күтүүгө түрткү берет. Анда өлгөндөр тириле турган убак качан болот? Буларга кийинки макалада токтолобуз.