Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп жана келечегиңер

Ыйык Китеп жана келечегиңер

КАРАҢГЫ көчөдө жалгыз кетип баратканыңарды элестетсеңер. Күн эчак эле батса да, эч нерседен коркпойсуңар, себеби колуңарда жакшы жарык берген кол чырак бар. Аны ылдый багыттасаңар, түбүңөрдө турган нерсени даана көрөсүңөр. Алдыга багыттасаңар, алыстагы нерселер айкын көрүнөт.

Ыйык Китеп кандайдыр бир деңгээлде ошондой кол чыракка окшош. Буга чейинки макалалардан билгенибиздей, Кудайдын Сөзү бизге түбүбүздө турган нерселер менен, башкача айтканда, оомалуу-төкмөлүү бул дүйнөдө баарыбыз кабылып жаткан күнүмдүк түйшүктөр менен күрөшүүгө жардам берет. Бирок Ыйык Китепте мындан башка да жетекчилик камтылган. Алсак, ал келечегибизге жарык чачып, түбөлүк бакыт, канааттануу тартуулаган жолду көрүүгө жана ошол жолго түшүүгө көмөк кылат (Забур 119:105). Кандайча?

Келгиле, Ыйык Китеп келечекке болгон үмүтүбүздү кандайча бекемдээрине байланыштуу эки нерсени карап көрөлү: 1 Ал жашоонун маңызын тапканга көмөк кылат жана 2 Жаратканыбыз менен кантип түбөлүккө дос боло аларыбызды үйрөтөт.

ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ

Ыйык Китепте кыйынчылыктарыбызды чечүүгө жардам берген даанышман кеңештер камтылат. Бирок ал тек гана өз алдынча үйрөнүүгө арналган китеп эмес. Ыйык Китеп бизди өзүбүздүн эле көйгөйлөрүбүзгө көңүл топтобостон, башкаларды да ойлоого чакырат. Себеби ошондо гана жашообуз маңызга толот.

Мисалга Ыйык Китептеги: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген принципти алалы (Элчилер 20:35). Балким, силер кимдир бирөөгө материалдык жактан жардам бергендирсиңер. Же досуңар жүрөгүндөгүсүн айтып берип жатканда, аны кунт коюп уккандырсыңар. Ошондо колдоо көрсөткөнүңөр үчүн канааттанып калганыңар шексиз.

Ордуна эч нерсе күтпөй жакшылык кылсак, зор кубаныч алабыз. Бир жазуучу: «Кимдир бирөөдөн өзүң бергенден көптү албай туруп, тагыраак айтканда, ордуна бир нерсе албайм деген ой менен жакшылык кылуу дээрлик мүмкүн эмес»,— деп жазган. Бирок башкаларга, айрыкча, эч нерсе кайрып бере албай тургандарга жакшылык кылсак, ордуна сөзсүз бир нерсе алабыз. Чынында, бирөөлөргө жардам бергенибизде Жараткан менен кызматташкан болобуз. Ал башкаларга жакшылык кылган кишиге өзүн карыздар деп эсептейт (Накыл сөздөр 19:17). Кудай бей-бечарага кылгандарыбызды жогору баалайт. Ошондуктан жер бетинде боло турган бейиште түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн берерин убада кылат. Бул кандай гана кереметтүү үмүт! (Забур 37:29; Лука 14:12—14) *.

Баарынан маанилүүсү, Ыйык Китептен чыныгы Кудай Жахабага сыйынуунун аркасында жашообуздун чындап маңыздуу болорун билебиз. Кудайдын Сөзү бизди аны даңктап-мактоого, ага баш ийүүгө үндөйт. Анткени ал ошого татыктуу (Насаатчы 12:13; Аян 4:11). Ошондой кылсак, өзүбүз такыр элестетпеген бир нерсени кылган болобуз, тагыраак айтканда, Жаратканыбыздын жүрөгүн кубантабыз. Ал бизди: «Акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант»,— деп чакырат (Накыл сөздөр 27:11). Элестетсеңер, Ыйык Китептеги принциптерди эске алып, акылдуулук менен чечим чыгарсак, асмандагы Атабыздын жүрөгүн кубанычка бөлөйбүз. Эмне үчүн? Анткени ал бизге кам көрөт жана анын жетекчилигине баш ийүүдөн пайда алышыбызды каалайт (Ышая 48:17, 18). Ырас, Ааламдын Эгедерине сыйынуудан жана анын жүрөгүн сүйүнтүүдөн башка эч нерсе жашообузду маңыздуу кыла албайт.

ЖАРАТКАН МЕНЕН ДОС БОЛУУ

Ыйык Китеп бизге Жараткан менен дос болууга да жардам берет. Анда: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8). Балким, Кудурети күчтүү Кудай менен дос болуу мүмкүн эмес деп ойлойттурсуңар. Бирок Ыйык Китепте Кудайды издесек, аны табарыбыз, анын «ар бирибизге жакын» экени айтылат (Элчилер 17:27). Кудай менен ынак мамиледе болсок, бул келечегибизге зор таасир тийгизет. Кандайча?

Ойлонуп көрсөңөр, канчалык аракет кылбайлы, эч кимибиз өз күчүбүз менен акыркы душмандан — өлүмдөн — качып кутула албайбыз (1 Кор. 15:26). Бирок Кудай түбөлүк жашайт. Ал эч качан өлбөйт жана досторунун да түбөлүк өмүр сүрүшүн каалайт. Жахаба Кудай аны издегендерге эмнени каалай турганын көрсөтүп: «Алардын жүрөгү түбөлүк соксун»,— деген абдан жөнөкөй, ошол эле учурда жанга жагымдуу сөздөрдү айткан (Забур 22:26).

Канткенде Кудай менен түбөлүккө дос боло аласыңар? Анын Сөзүн изилдеп, аны таанып-биле бергиле (Жакан 17:3; 2 Тиметей 3:16). Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүш үчүн Кудайдан жардам сурагыла. Ыйык Китепте андан талыкпай акылмандык сурап, чын жүрөктөн тилене берсек, анын бизге сөзсүз акылмандык берери айтылат * (Жакып 1:5). Андан тышкары, окуп-билгендериңерди иш жүзүндө колдонууга аракет кылып, Кудайдын Сөзүнүн бутуңарга «чырак», жолуңарга «жарык» болушуна жол бергиле (Забур 119:105).

^ 8-абз. Кудайдын жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө байланыштуу убадасы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китептин 3-бөлүмүн карагыла.

^ 13-абз. Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепте жазылгандарды тереңирээк түшүнүүгө акысыз жардам берүүнү сунушташат. Бул тууралуу билүү үчүн jw.org/ky сайтынан «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?» деген видеотасманы көргүлө.

Кудай түбөлүктүү. Ал досторунун да түбөлүк жашашын каалайт