Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пайгамбарлыктын тактыгын ырастаган тилсиз күбө

Пайгамбарлыктын тактыгын ырастаган тилсиз күбө

РИМДИН БОРБОРУ ИТАЛИЯДА ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНӨН КЕЛГЕН ТУРИСТТЕРДИ ӨЗҮНӨ ТАРТЫП ТУРГАН АРКА БАР. АЛ РИМДИКТЕРДИН ЖАКШЫ КӨРГӨН ИМПЕРАТОРЛОРУНУН БИРИ БОЛГОН ТИТТИН УРМАТЫНА КУРУЛГАН.

Титтин аркасынын дубалына чегилген эки чоң сүрөттө көптөргө белгилүү тарыхый окуя чагылдырылган. Бирок ал арка менен Ыйык Китептин ортосунда тыгыз байланыш бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Титтин аркасы Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын ушунчалык так аткарылганын тилсиз күбөлөндүрүп турат.

ӨКҮМ ЧЫГАРЫЛГАН ШААР

Б.з. 1-кылымынын башында Рим империясынын аймагы Британия менен Галлиядан (азыркы Франция) тартып Египетке чейин созулган. Анын карамагындагы жерлер болуп көрбөгөндөй гүлдөп-өсүп, ал жактарда тынчтык, бейпилдик өкүм сүргөн. Бирок римдиктердин дайыма кыжырына тийген алыскы бир аймак бар эле. Ал такыр тынчыбаган Жүйүт провинциясы болчу.

Бир энциклопедияда мындай делген: «Рим бийлиги алдында, жүйүттөрдөй болуп, римдиктерди жек көргөн жана римдиктер өздөрү да аларды жек көргөн бир нече аймак болгон. Жүйүт эли бөтөн улуттан болгон башкаруучуларына алардын каада-салтын сыйлабаганы үчүн нааразы болгон. Ал эми римдиктер жүйүттөрдүн тоң моюндугуна такыр чыдай алган эмес». Жүйүттөрдүн көбү куткаруучу келип, римдиктерди жок кыларына жана Ысрайылды мурунку даңкына жеткирерине үмүттөнүшкөн. Анткен менен б.з. 33-жылы Иса Машаяк Иерусалимдин башына каран түн түшөрүн айткан.

Ал мындай деген: «Душмандарың айланаңа учтуу устундардан коргон куруп, сени курчап, туш тараптан кысымга ала турган күндөр келет. Алар өзүң менен кошо балдарыңды жерге чаап, таш-талканыңды чыгарышат» (Лука 19:43, 44).

Исанын сөздөрү шакирттеринин башын маң кылса керек. Ошондон эки күндөн кийин алардын бири Иерусалимдеги ибадаткананы карап: «Устат, бул таштарды, бул имараттарды карачы!» — деген. Чынында эле, бир билдирүүгө ылайык, ибадаткананын айрым таштарынын узундугу 11 метрден ашса, туурасы 5 метрге, бийиктиги 3 метрге чейин жеткен. Бирок Иса аларга: «Силер көрүп тургандын бардыгы кыйратылып, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет»,— деп айткан (Марк 13:1; Лука 21:6).

Андан ары Иса Машаяк аларга мындай деген: «Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле. Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар кайра кирбесин» (Лука 21:20, 21). Анын айткандары аткарылганбы?

ШААРДЫН ТАЛКАЛАНЫШЫ

33 жылдан кийин деле жүйүттөрдүн Римге болгон нааразычылыгы басаңдаган эмес. Ал эми б.з. 66-жылы Жүйүт жерин башкарган римдик прокуратор Гессий Флор ыйык ибадаткананын казынасындагы каражатты тартып алганда, каары кайнаган жүйүттөрдүн чыдамы жетер чегине жеткен. Көп өтпөй жүйүт жоокерлер Иерусалимге чогулуп, жергиликтүү Рим аскеринин көзүн тазалап, өздөрүнүн Римден көз карандысыз экенин жарыялашкан.

Болжол менен үч айдан кийин Цестий Галл баштаган 30 000ден ашуун Рим жоокери Иерусалимге козголоңду басыш үчүн келген. Римдиктер шаарга бат эле кирип барып, ибадаткананы курчаган дубалдын түбүн каза башташкан. Анан белгисиз себептерден улам артка чегинишкен. Ошондо жүйүт жоокерлер аябай сүйүнүп, дароо алардын артынан кууп жөнөшкөн. Рим жоокерлери да, жүйүт жоокерлер да шаардан чыгып кеткендиктен, Исанын жолдоочулары анын эскертүүсүнө кулак кагып, Иордандын аркы өйүзүндөгү тоолуу аймакка качып кетишкен (Матай 24:15, 16).

Кийинки жылы Рим кайрадан кол топтоп, Жүйүткө каршы аттанган. Ал жолкусунда аскерлерди генерал Веспасиан менен уулу Тит баштап барган. Бирок б.з. 68-жылы император Нерон көз жумгандан көп өтпөй, Веспасиан анын ордуна такка отуруш үчүн Римге кайткан. Уулу Титти болсо ишти аягына чыгарышы үчүн 60 000дей жоокер менен Жүйүт аймагына калтырган.

Б.з. 70-жылы июнда Тит жоокерлерине Жүйүт аймагындагы дарактарды кыюуга буйрук берген. Жоокерлер алардан учтуу устундарды жасап, Иерусалимди тегерете узундугу 7 километрге созулган тосмо курушкан. Ал эми үч айдан кийин римдиктер шаарды жана ибадаткананы талап-тоноп, өрттөп жиберишкен. Ошондо, Иса айткандай, шаардын да, ибадаткананын да таш-талканы чыккан (Лука 19:43, 44). Бир эсептөөгө ылайык, Иерусалимде жана өлкөнүн башка жактарында өмүрү менен кош айтышкандардын саны 500 000ге жакын болушу мүмкүн.

ИМПЕРИЯНЫН УЛУУ ЖЕҢИШИ

Б.з. 71-жылы Тит Италияга кайтып барганда, Рим жарандары аны чоң сүрөөн менен тосуп алышкан. Борбордо уюштурулган, улуу жеңиштердин бирине арналган ошол майрамды бүт шаар белгилеген.

Эл Римдин көчөлөрүнөн алынып өткөн эсеп жеткис олжого суктанган. Алар кайыктарды, үстүндө майдандагы салгылаштар чагылдырылган жана Иерусалимдеги ибадатканадан тартылып алынган буюм-тайымдар толтурулган килейген арабаларды көрүп ыракат алышкан.

Б.з. 79-жылы Тит атасы Веспасиандын ордун басып, император болгон. Бирок ал эки жылдан кийин эле күтүлбөгөн жерден каза болуп калган. Ордуна иниси Домициан такка келген. Ал дароо Титтин урматына анын жеңишин эске салган арка курдурган.

ТИТТИН АРКАСЫ БҮГҮН

Римдеги Титтин аркасы

Титтин аркасы жыл сайын Римди көргөнү келген жүз миңдеген кишилердин көңүлүн байлап алат. Айрымдар аны кереметтүү искусство чеберчилиги катары көрөт. Башкалары кубаттуу Рим империясынын сыйлыгы деп эсептейт. Дагы бирөөлөр болсо ага Иерусалимдин жана ал жактагы ибадаткананын «мүрзөсүнө» тургузулган эстеликтей карашат.

Ал эми Ыйык Китепти кылдат окуп-изилдегендер Титтин аркасы андан да зор мааниге ээ экенин түшүнүшөт. Ал арка Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга ишенсе болорун, алардын так аткарылганын, ошондой эле Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылганын далилдеген тилсиз күбө болуп эсептелет (2 Петир 1:19—21).