Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жер бетинде түбөлүк жашай аласыңар

Жер бетинде түбөлүк жашай аласыңар

БУЛ КАНДАЙ СОНУН КЕЛЕЧЕК! Жаратканыбыз ушул эле жер бетинде түбөлүк жашай турганыбызды убада кылган. Бирок көптөр үчүн буга ишенүү кыйын. Алар: «Эртеби-кечпи, ар бир адам өлөт. Бирөө төрөлөт, бирөө өлөт; бул — жашоонун ажырагыс бөлүгү»,— дешет. Кээ бирлер болсо түбөлүк өмүр жер бетинде эмес, башка жакта болот деп ишенишет. Алардын ою боюнча, адамдар өлүп, асманга баргандан кийин гана түбөлүк өмүр сүрүшөт. Ал эми силер кандай ойдосуңар?

Бул суроого жооп бергениңерге чейин төмөнкү үч суроого Ыйык Китепте кандай жооп бар экенин карап көргөнүңөр оң: Адам баласынын кандай жаратылганы анын канча убакыт жашашы керектигине байланыштуу эмнени көрсөтүп турат? Кудай жерди жана адамдарды кандай ой-ниет менен жараткан? Адамдар эмне себептен өлөт?

АДАМ БАЛАСЫНЫН ТАБИЯТЫ ӨЗГӨЧӨ

Жер бетиндеги тирүү жандардын ичинен адам баласы, чындап эле, өзгөчө. Эмне үчүн? Ыйык Китепте Кудай адамдарды гана «өзүндөй кылып», «өзүнө окшош кылып» жаратканы айтылат (Башталыш 1:26, 27). Бул эмнени билдирет? Кудай аларга сүйүү, адилеттүүлүк сыяктуу өзүнүкүндөй касиет-сапаттарды берген.

Андан сырткары, адамдар ойлонуу, ой жүгүртүү жана жаман менен жакшыны ажыратуу жөндөмү, ошондой эле Кудайды таанып-билүүгө, аны менен ынак мамиле өрчүтүүгө болгон каалоо менен жаратылган. Ошондуктан биз ааламдын ушунчалык чексиз экенин, табияттын кооздугун, искусствону, музыканы, поэзияны түшүнүп, баалай алабыз. Андан да маанилүүсү, адам баласы гана Жараткан менен мамиле өрчүтүүгө жөндөмдүү. Мындай өзгөчөлүктөр адамдар менен жер бетиндеги башка тирүү жандыктардын ортосунда абдан чоң айырмачылык бар экенин көрсөтүп турат.

Ойлонуп көрсөңөр, эгер Кудай биздин кыска эле өмүр сүрүшүбүздү каалаган болсо, ушундай кереметтүү сапаттарды берип, аларды чексиз өрчүтүп-курчута берүүгө жөндөмдүү кылып жаратат беле? Чынында, ал бизге мунун баарын жер бетинде түбөлүк жашап, ырахат алышыбыз үчүн берген.

КУДАЙДЫН БАШТАПКЫ ОЙ-НИЕТИ

Бирок айрымдар Кудай адамдарды жаратканда алардын жер жүзүндө түбөлүк жашашын ниет кылган эмес дешет. Алар: «Жердеги жашоо сыноо үчүн гана убактылуу берилген, сынактан өткөндөр асманга барып, Кудайдын жанында түбөлүк жашоого татыктуу болушат»,— деп айтышат. Эгер ушул чын болсо, жердеги жамандык менен ыймансыздыктын баарына Кудай жооптуу болуп калбайбы? Бул анын касиет-сапаттарына түзмө-түз каршы келет. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Анын... жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт, ал адил, чынчыл»,— деп жазылган (Мыйзам 32:4).

Ыйык Китептеги: «Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген»,— деген сөздөрдөн Кудайдын жерди кандай максат менен жаратканын айкын көрүүгө болот (Забур 115:16). Ооба, ал жерди адамдардын кооз, түбөлүктүү үйү кылып жараткан жана жашообуз маңыздуу болуп, чексиз өмүр сүрүшүбүз үчүн, аны зарыл нерселердин баарына толтурган (Башталыш 2:8, 9).

«Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген» (Забур 115:16).

Ыйык Китепте Кудайдын адам баласына байланыштуу ой-ниети да так айтылган. Ал биринчи түгөйлөргө: «Жер бетин толтургула, аны иштеткиле жана ...жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»,— деп тапшырма берген (Башталыш 1:28). Жерге кам көрүп, аны толугу менен Бейишке айлантуу алар үчүн кандай зор сыймык болмок! Ырас, Адам ата менен Обо эне жана алардын болочок урпактары асманда эмес, жерде түбөлүк жашашмак.

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЛӨБҮЗ?

Анда адамдар эмне үчүн өлөт? Ыйык Китепте баяндалгандай, Кудай жараткан периштелердин бири — кийинчерээк Шайтан Ибилис деп аталып калган жаратуу — Эйден багында анын эркине каршы иш кылган. Кантип?

Шайтан түпкү ата-энебизди, Адам ата менен Обо энени, өзүнө кошулуп Кудайга каршы чыгууга азгырган. Ал Кудайдын алардан жакшы бир нерсени жашырып жатканын, тактап айтканда, эмне туура, эмне туура эмес экенин чечүү укугун бербегенин айтканда, экөө тең Кудайдан баш тартып, анын тарабына өтүп кетишкен. Натыйжасы кандай болгон? Кудай эскерткендей, убакыттын өтүшү менен өлүшкөн. Алар жер бетиндеги Бейиште түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калышкан (Башталыш 2:17; 3:1—6; 5:5).

Адам ата менен Обо эненин туура эмес иши бүгүнкү күнгө чейин баарыбызга залакасын тийгизип келет. Кудайдын Сөзүндө: «Бир киши [Адам ата] аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн»,— делет (Римдиктер 5:12). Биз, Кудай алдын ала ойлонуштургандыктан эмес, түпкү ата-энебизден күнөө менен өлүм тукум кууп өткөндүктөн, өлөбүз.

ЖЕР БЕТИНДЕ ТҮБӨЛҮК ЖАШАЙ АЛАСЫҢАР

Бактыга жараша, Эйден багында болгон окуя Кудайдын адамзатка жана жерге карата болгон алгачкы ой-ниетинин аткарылышына тоскоолдук кыла алган эмес. Кудайдын сүйүүсү, адилеттүүлүгү жеткилең болгондуктан, ал бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн чара көргөн. Муну элчи Пабыл: «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп түшүндүргөн (Римдиктер 6:23). Кудай сүйүүсүнөн улам «өзүнүн жалгыз Уулун [Иса Машаякты] ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берген» (Жакан 3:16). Иса Машаяктын өзүн кун катары даярдуулук менен бергенинин аркасында Адам ата жоготкон бардык нерсенин калыбына келишине жол ачылган *.

Жакында Кудайдын жер бети бейишке айланары жөнүндөгү убадасы аткарылат. Силер да ошол кереметтүү заманда жашай аласыңар. Ан үчүн Иса пайгамбардын төмөнкү сөздөрүнө ылайык иш кылганыңар маанилүү: «Тар дарбазадан киргиле, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз» (Матай 7:13, 14). Ооба, келечегиңер өз колуңарда. Силер эмне кыласыңар?

^ Кундун төлөнгөнү силерге кандай пайда алып келери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин 27-бөлүмүн карагыла. Китеп www.pr418.com/ky сайтында бар.