Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат»

«Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат»

Көбүбүз эле адилеттиктин бурмаланып жатканын, туура иштерди кылууга умтулган жакшы адамдардын зөөкүрлөрдөн запкы жеп келатканын көрүп жүрөбүз. Адилетсиздик, ыймансыздык жок боло турган убак келеби?

Бул суроонун жообун Ыйык Китептеги 37-забурдан таба алабыз. Ал забурда азыр эмне кылышыбыз керектиги да айтылат. Анда ал жерде төмөнкү суроолорго эмне деп жооп берилерине көңүл бурсаңар.

  • Бизге жамандык кылгандарга кандай карашыбыз керек? (1, 2-аяттар)

  • Ыймансыздар эмне болот? (10-аят)

  • Туура иш кылгандарды кандай келечек күтүп турат? (11, 29-аяттар)

  • Азыр эмне кылышыбыз керек? (34-аят)

Ыйык рухтун жетеги менен жазылган 37-забурдан «Жахабага үмүт артып», «анын жолунан чыкпагандардын» келечеги кең болору айкын көрүнүп турат. Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти изилдөөгө жана өзүңөр да, жакындарыңар да ошондой келечекке жетиш үчүн эмне кылышыңар керектигин билүүгө жардам берүүгө даяр.