Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жакында азап-кайгынын баарын жок кылат

Кудай жакында азап-кайгынын баарын жок кылат

«Оо, Жахаба, качанкыга чейин жардам сурап кыйкыра берем? Сен мени качанкыга чейин укпайсың? Качанкыга чейин зордук-зомбулуктан куткарышыңды сурап зар какшай берем?» (Хабакук 1:2, 3). Бул сөздөрдү Кудайдын кызматчысы Хабакук айткан. Ал ишеними жетишсиз болгондуктан ушинтип айтканбы? Албетте, андай эмес. Кудай аны өзү белгилеген убакта азап-кайгыны жок кыларына ынандырган (Хабакук 2:2, 3).

Өзүбүз же жакыныбыз кыйналганда, дароо эле Кудай эчтеке кылбай жатат, ал азыр жардам бериши керек болчу деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок Ыйык Китеп бизди: «Кээ бирөөлөргө создуктуруп жаткандай көрүнсө да, Жахаба убадасын создуктурбай аткарат. Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан силерге чыдамдуулук көрсөтүп жатат»,— деп ынандырат (2 Петир 3:9).

КУДАЙ КАЧАН ИШ-АРАКЕТ КЫЛАТ?

Ал убакка аябай эле аз калды! Иса пайгамбар адамдардын белгилүү бир мууну «бул дүйнө түзүлүшүнүн» акыркы күндөрүн өзгөчөлөп турган белгилерге күбө болорун айткан (Матай 24:3—42). Анын айткандарынын баарынын азыркы учурда аткарылып жатканы жакында Кудайдын адамдардын иштерине кийлигишерин көрсөтүп турат *.

Бирок Кудай бардык азап-кайгыны кантип жок кылат? Иса жерде жүргөндө Кудайдын адамзаттын көйгөйлөрүн чечип берүүгө кудурети жетерин айкын кылган. Буга байланыштуу бир нече мисал карап көрөлү.

Табигый кырсыктар. Иса пайгамбар менен элчилери Галилея деңизинде кетип баратышканда, катуу шамал согуп, кайык чөгүп кетейин деген. Ошондо Иса өзүнүн да, Атасынын да табият күчтөрүнүн үстүнөн бийлиги бар экенин көрсөткөн (Колосалыктар 1:15, 16). Ал: «Басыл! Тынчы!» — дегенде, «шамал токтоп, айлана тыптынч болуп калган» (Марк 4:35—39).

Оору. Иса сокурларды, аксактарды, талмасы барларды, пес оорулууларды жана башка илдеттерге чалдыккандарды айыктырганы менен белгилүү болгон. Ал «бардык ооруларды айыктырган» (Матай 4:23, 24; 8:16; 11:2—5).

Тамак-аштын жетишсиздиги. Иса Машаяк Атасы берген күчтү колдонуп, аз эле тамак-ашты көбөйткөн учурлар болгон. Ыйык Китепте анын жерде жүргөндө эки жолу миңдегендерди тойгузганы жазылган (Матай 14:14—21; 15:32—38).

Өлүм. Жахабанын өлүмдү жок кыла алары Исанын үч кишини тирилткенинен айкын көрүнүп турат. Алардын бири өлгөнүнө төрт күн болгондон кийин тирилген (Марк 5:35—42; Лука 7:11—16; Жакан 11:3—44).

^ 5-абз. Акыркы күндөр жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин 32-бөлүмүн карагыла. Китепти www.pr418.com/ky сайтынан акысыз жүктөп алууга болот.