Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардай жакшы билесиңби?

Жахабаны Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардай жакшы билесиңби?

«Кыянаттык кылгандар адилеттикти түшүнбөйт, ал эми Жахабаны издегендер баарын түшүнөт» (НАКЫЛ 28:5).

ЫРЛАР: 126, 150

1—3. а) Азыркы акыркы күндөрдө Кудайга ишенимдүү бойдон калууга эмне жардам берет? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

АКЫРКЫ күндөр соңуна жакындаган сайын, ыймансыздар «чөптөй өсө» берет (Заб. 92:7). Андыктан адеп-ахлак нормаларынын улам төмөндөп баратканы таң калыштуу эмес. Ушундай чөйрөдө жашасак да, канткенде «жаман иштерге келгенде наристелердей, ал эми ой жүгүртүү жагынан жетилген кишилердей» боло алабыз? (1 Кор. 14:20).

2 Бул суроонун жообун ушул макала негизделген аяттагы: «Жахабаны издегендер баарын түшүнөт»,— деген сөздөрдөн таба алабыз. Аяттагы «баарын» деген сөз Кудайга жагуу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын билдирет (Накыл 28:5). Накыл сөздөр 2:7, 9да да ушул сыяктуу ой камтылган. Анда айтылгандай, Жахаба «чынчыл адамдар үчүн акылмандыкты сактайт». Ошонун аркасында алар «адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун түшүнө» алат.

3 Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлар так ошондой акылмандыкка ээ болушкан (Жез. 14:14). Кудайдын бүгүнкү күндөгү эли жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ал эми сенчи? Жахабага жагуу үчүн зарыл болгон нерсенин «баарын түшүнөсүңбү»? Ан үчүн Жахаба жөнүндө так билим алуу кажет. Эмесе, ушуга байланыштуу төмөнкү үч суроону карап чыгалы: 1) Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлар Кудайды кантип таанып-билишкен? 2) Ал билими аларга кандай пайда алып келген? 3) Канткенде алардыкындай ишеним өрчүтө алабыз?

НУХ ЫЙМАНСЫЗ ДҮЙНӨДӨ КУДАЙДЫН ЖОЛУНДА ЖҮРГӨН

4. Нух пайгамбар Кудайды кантип таанып-билген жана ал билими ага кандай пайда алып келген?

4 Нух пайгамбар Жахабаны кантип таанып-билген? Адамзат тарыхынын башталышынан бери эле ишенимдүү эркек-аялдар Кудайды төмөнкү үч негизги жол аркылуу таанып-билип келет: табиятка байкоо салуу, Кудайдан корккон адамдар менен пикирлешүү, Кудайдын адил мыйзам-принциптерине ылайык жашоонун аркасында бата алуу (Ыш. 48:18). Жаратылышка көз чаптыруу менен Нух Кудайдын бар экенин эле эмес, анын көзгө көрүнбөгөн көптөгөн сапаттарга ээ экенин айкын кылган толгон-токой далилдерди көрө алган. Алсак, анын «түбөлүк күчү менен кудайлык табиятын» баамдаган (Рим. 1:20). Натыйжада анын Кудайга болгон ишеними тереңдеген.

5. Нух Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниети жөнүндө каяктан билген?

5 «Ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот» (Рим. 10:17). Нух Жахаба жөнүндө каяктан уккан? Сыягы, өзүнүн туугандарынан, мисалы, атасы Лемектен укса керек. (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) Лемек Кудайга бекем ишенген жана Адам атанын замандашы болгон. Ошондой эле чоң атасы Матушалдан жана чоң чоң аталарынан болгон Жареттен көп нерсени билген көрүнөт. Нух төрөлгөндөн кийин, Жарет дагы 366 жыл жашаган * (Лк. 3:36, 37). Нух ошол кишилерден жана алардын жубайларынан адам баласынын тарыхы кантип башталганы, Кудайдын адил адамдардын жер бетин толтурушун ниет кылганы жана кесепетин өз көзү менен көрүп жаткан Эйдендеги окуя жөнүндө көп укса керек (Башт. 1:28; 3:16—19, 24). Кандай болбосун, уккандары анын жүрөгүн козгоп, Кудайга кызмат кылууга түрткү берген (Башт. 6:9).

6, 7. Кайсы үмүт Нухтун ишенимин бекемдеген?

6 Ишеним үмүт аркылуу бекемделет. Нух өзүнүн ысмы үмүт менен байланыштуу экенин билгенде ишеними канчалык бекемделгенин элестетсең. Анын ысмы, кыязы, «эс алуу; сооронуч» дегенди билдирет (Башт. 5:29, шилт.). Кудайдын рухунун жетеги менен Лемек уулу Нух жөнүндө: «Бул биздин Жахаба каргаган жерди иштеткенде тарткан азабыбызды... жеңилдетип, сооронуч болот»,— деген. Ошондуктан Нух Кудайдын жагдайды оңдооруна үмүттөнгөн. Мурун жашап өткөн Абыл менен Энох сыяктуу эле ал да жыландын башын жанчый турган «тукумдун» келерине ишенген (Башт. 3:15).

7 Башталыш 3:15теги пайгамбарлыкты майда-чүйдөсүнө чейин түшүнбөсө да, Нух анын куткарылууга үмүт берерин билгени шексиз. Андан тышкары, Эйден багында берилген ошол убада Кудайдын ыймансыздарга чыгарган өкүмүн алдын ала айткан Энохтун кабарына шайкеш келген (Жүй. 14, 15). Армагедондо толугу менен аткарыла турган ал өкүм Нухтун ишенимин, үмүтүн чыңдаганы күмөнсүз!

8. Кудай жөнүндөгү так билими Нухту эмнелерден коргогон?

8 Кудай жөнүндөгү так билим Нух пайгамбарга кандай пайда алып келген? Ал билим Нухка ишенимге, Кудайдын акылмандыгына ээ болууга жардам берген. Ошондой эле аны ар кандай зыяндан, өзгөчө, Жахаба менен болгон мамилесине доо кетире турган иштерден коргогон. Айталы, «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөндүктөн» Нух ыймансыздар менен жакын мамиледе болуудан качкан. Адам кейпин кийип келип, ишенчээк, Кудайдан коркпогон адамдарды күчү менен таасирленткен жаман периштелерге алданган эмес (Башт. 6:1—4, 9). Мындан тышкары, Нух Кудайдын адамдарга көбөйүп, жер бетин толтурууга буйрук бергенин билген (Башт. 1:27, 28). Ошол себептен адам кейпин кийген периштелердин аялдар менен жыныстык мамиледе болгону табиятка каршы келерин жана туура эмес экенин түшүнгөн. Алардан табияттан тыш балдар төрөлгөндө, ал буга ого бетер ынанган. Кийинчерээк Кудай ага жер бетине Топон суу каптатарын айткан. Нух анын айткандарына ишенгендиктен кеме курган. Натыйжада үй-бүлөсүн сактап калган (Евр. 11:7).

9, 10. Нух пайгамбардыкындай ишеним өрчүтүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Канткенде Нух пайгамбардыкындай ишеним өрчүтө алабыз? Ан үчүн Кудайдын Сөзүн казып изилдеп, билгендерибизди бүт жүрөгүбүз менен кабыл алганыбыз жана ал билимге ылайык калыптанып, ага дайыма жетектелгенибиз маанилүү (1 Пет. 1:13—15). Ошондо ишенимибиз жана Кудайдын акылмандыгы бизди куу Шайтандын айла-амалдарынан, бул дүйнөнүн жаман рухунан коргойт (2 Кор. 2:11). Дүйнөнүн руху зордук-зомбулукту, адеп-ахлаксыздыкты жакшы көрүүгө, дененин каалоосун гана ойлоого түртөт (1 Жкн. 2:15, 16). Андай рухтун таасирине алдырган ишеними алсыз адамдар Кудайдын улуу күнүнө аз калганын көрсөткөн далилдерге көңүл бурбай калышы да мүмкүн. Иса пайгамбар биздин убакты Нухтун күндөрүнө салыштырганда зордук-зомбулукка же адеп-ахлаксыздыкка эмес, рухий жактан уктап калуу коркунучуна басым жасаган. (Оку: Матай 24:36—39.)

10 Андыктан: «Жахабаны жакшы билерим жашоомдон көрүнүп турабы? Ишенимим Кудайдын адил нормаларына ылайык жашаганга эле эмес, алар тууралуу башкаларга айтканга да түрткү берүүдөбү?» — деп ойлонуп көр. Бул сага «чыныгы Кудайдын жолунда» жүргөн-жүрбөгөнүңдү аныктаганга жардам берет.

ДАНИЕЛ БУРКАНГА ТОЛГОН БАБЫЛДА КУДАЙДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ МЕНЕН ИШ КЫЛГАН

11. а) Жаш Даниелдин Кудайга берилгендигин сактаганы анын тарбиясы тууралуу эмнени айтып турат? б) Даниелдин кайсы сапаттарын чагылдыргың келет?

11 Даниел пайгамбар Жахабаны кантип таанып-билген? Аны ата-энеси жакшы тарбиялап, Жахабаны жана анын Сөзүн сүйүүгө үйрөтсө керек. Ал ошол сүйүүсүн өмүр бою өчүргөн эмес. Улгайып калган кезинде да Ыйык Жазманы кылдат изилдеп, ой жүгүрткөн (Дан. 9:1, 2). Даниелдин Кудайды жана анын ысрайыл элине кылган мамилесин жакшы билгени тиленүүсүнөн айкын көрүнүп турат. Анын момундук менен чын жүрөктөн айткан ошол тиленүүсү Даниел 9:3—19-аяттарда жазылган. Бир аз убакыт бөлүп, ошол тиленүүсүн окуп, андан Даниел жөнүндө эмнелерди биле аларың тууралуу ой жүгүртүп көр.

12—14. а) Даниелдин Кудайдын акылмандыгына ээ экени эмнеден көрүнгөн? б) Кудайга болгон берилгендигин сактаганы үчүн Даниел кандай бата алган?

12 Кудай жөнүндөгү так билим Даниел пайгамбарга кандай пайда алып келген? Бурканга сыйынуу кулач жайган Бабылда жашоо Кудайга берилген жүйүттөр үчүн аябай кыйын болгон. Маселен, Жахаба жүйүттөргө: «Мен силерди туткунга жиберген шаарга тынчтык сурагыла»,— деген (Жер. 29:7). Ошол эле учурда алардан толук берилгендикти талап кылган (Чыг. 34:14). Даниелге ушул эки талапты аткарууда тең салмактуу болууга эмне көмөк кылган? Кудайдын акылмандыгы ага биринчи кезекте адамдардын бийлигине эмес, Кудайдыкына баш ийиши керектигин түшүнүүгө жардам берген. Кылымдар өткөндөн кийин Иса Машаяк да так ошондой принципти айткан (Лк. 20:25).

13 Эч ким 30 күндүн ичинде падышадан башка эч бир кудайдан же адамдан тиленбеши керектиги жөнүндө буйрук чыкканда Даниелдин эмне кылганын карап көрөлү. (Оку: Даниел 6:7—10.) Ал: «Эми 30 күн эчтеке деле эмес да»,— деп ойлогон эмес. Тескерисинче, падышанын буйругуна карабай, Кудайга сыйына берген. Албетте, ал эч кимге көрүнбөй деле тилене берсе болмок. Бирок ал өзүнүн күн сайын Кудайдан тиленгени баарына маалым экенин билчү. Ошондуктан алар аны Жахабадан тиленбей калды деп ойлоп калбашы үчүн, өмүрүнө коркунуч туулса да, башкалардын көзүнчө тилене берген.

14 Жахаба Даниелди арстандардын азуусунан кереметтүү түрдө аман алып калып, ага абийирин таза сактаганы, кайраттуу болгону үчүн батасын берген. Натыйжада Жахаба жөнүндө Мадай-Персия империясынын тээ алыскы аймактарында жашагандар да угушкан (Дан. 6:25—27).

15. Канткенде ишенимибиз Даниел пайгамбардыкындай күчтүү болот?

15 Канткенде Даниел пайгамбардыкындай ишеним өрчүтө алабыз? Ишенимибиз күчтүү болушу үчүн, Кудайдын Сөзүн окуп эле койбой, окугандарыбыздын «маңызын түшүнүшүбүз» керек (Мт. 13:23). Биз бардык нерсеге карата Жахабанын көз карашын билгибиз, анын ичинде Ыйык Китептеги принциптерди терең түшүнгүбүз келет. Андыктан окугандарыбыз тууралуу ой жүгүрткөнүбүз зарыл. Ошондой эле дайыма, айрыкча, сыноолорго же оор жагдайларга кабылганда чын жүрөктөн тиленишибиз керек. Эгер Жахабадан ишеним менен тиленип, акылмандык, күч сурасак, ал берешендик менен берет (Жкп. 1:5).

АЮП ЖАКШЫ УБАКТА ДА, КЫЙЫН КЕЗЕҢДЕ ДА КУДАЙДЫН ПРИНЦИПТЕРИНЕ КАРМАНГАН

16, 17. Аюп пайгамбарга Кудайды таанып-билүүгө эмне жардам берген?

16 Аюп пайгамбар Жахабаны кантип таанып-билген? Ал ысрайыл элинен болгон эмес, бирок Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарлардын алыскы туугандарынан болгон. Жахаба аларга өзү жана адамзатка байланышкан ой-ниети жөнүндө көп нерсени ачып берген. Аюп пайгамбар да кандайдыр бир жол менен ошол чындыктардын көбү тууралуу уккан (Аюп 23:12). Ал Жахабага: «Сен жөнүндө кулагым чалган»,— деген (Аюп 42:5). Жахаба өзү да Аюптун ал жөнүндө туура сүйлөгөнүн айткан (Аюп 42:7, 8).

Табияттан Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттарын көргөнүбүздө, ишенимибиз бекемделет (17-абзацты кара)

17 Аюп табиятка байкоо жүргүзүү менен да Кудайдын көзгө көрүнбөгөн көптөгөн сапаттары тууралуу биле алган (Аюп 12:7—9, 13). Кийинчерээк ага Кудайга салыштырмалуу адамдардын канчалык төмөн турарын түшүнүүгө көмөк кылуу үчүн Элиу да, Жахаба да анын көңүлүн жаратылышка бурган (Аюп 37:14; 38:1—4). Жахабанын сөздөрү жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, Аюп ага: «Колуңан келбеген эч нерсе жок экенин, ой-ниетиңдин аткарылышына эч ким тоскоолдук кыла албасын эми түшүндүм... Топурак менен күлгө отуруп өкүнөм»,— деген (Аюп 42:2, 6).

18, 19. Аюп пайгамбар Жахабаны жакшы билерин кантип көрсөткөн?

18 Кудай жөнүндөгү так билим Аюп пайгамбарга кандай пайда алып келген? Аюп Кудайдын принциптерин терең түшүнгөн. Ал Жахабаны жакшы билген жана ошого ылайык иш кылган. Мисалы, Кудайды сүйөм деп айтып, ошол эле учурда башкаларга жаман мамиле кылганы туура эмес болорун билген (Аюп 6:14). Аюп өзүн көтөрбөй, бардык адамдарды: байларды да, кедейлерди да жакын кишисиндей көргөн. «Мени энемдин ичинде Жараткан аны да жараткан эмеспи?» — деген ал (Аюп 31:13—22). Ырас, байлыгы ашып-ташып, атагы таш жарып турган кезинде да ал өзү жөнүндө жогору ойлоп, башкаларды басынткан эмес. Бул дүйнөдөгү таасирдүү, бай кишилерден ал кандай гана айырмаланган!

19 Аюп пайгамбар бурканга табынуунун бардык түрүн четке каккан, атүгүл жүрөгүндө да андай ишти жек көргөн. Ал башка нерселерге сыйынуу, анын ичинде мал-мүлккө баш-оту менен берилүү «жогорудагы чыныгы Кудайдан баш тартканга» тете экенин жакшы билген. (Оку: Аюп 31:24—28.) Ошондой эле никени эркек менен аялдын ортосундагы ыйык түйүн деп эсептеген. Кызды кумарлануу менен карабаш үчүн атүгүл көзү менен келишим түзгөн (Аюп 31:1). Көңүлгө аларлык нерсе, Кудай ал кезде көп аял алууга жол берчү. Ошол себептен Аюп эгер кааласа аялынын үстүнө дагы аял ала алмак *. Бирок ал, сыягы, Кудайдын Эйден багында түзгөн нике түйүнүн үлгү тутуп, аны өзүнө мыйзам кылып алган (Башт. 2:18, 24). Ошондон 1 600 жылдай өткөндөн кийин, Иса Машаяк никеге жана жыныстык адеп-ахлактыкка карата так ошондой адил принципке кармануу керектигин үйрөткөн (Мт. 5:28; 19:4, 5).

20. Жахаба жана анын нормалары жөнүндөгү так билим чөйрөнү, көңүл ачууну туура тандоого кандайча жардам берет?

20 Канткенде Аюп пайгамбардыкындай ишеним өрчүтө алабыз? Ан үчүн дагы эле Жахаба жөнүндө так билим алып, жашообуздун ар бир тармагында ага ылайык иш кылышыбыз керек. Алсак, Дөөтү падыша Жахабанын «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү» жек көрөрүн айткан жана «жалганчылар менен» мамилелешпөө керектигин эскерткен. (Оку: Забур 11:5; 26:4.) Бул аяттардан Кудайдын ой жүгүртүүсү жөнүндө эмнени биле аласың? Ал билгендериң эмнени биринчи орунга коёруңду чечүүдө, Интернетти колдонууда, чөйрөнү жана көңүл ачуунун түрүн тандоодо кандай таасир этиши керек? Бул суроолорго берген жообуң Жахабаны канчалык жакшы билериңди аныктаганга жардам берет. Азыркы татаал, бузулган дүйнөдө кынтыксыз бойдон калыш үчүн акылыбызды туураны туура эместен ажыратууга эле эмес, эмне акылдуулукка, эмне акылсыздыкка жатарын айырмалай билүүгө да машыктырышыбыз керек (Евр. 5:14; Эф. 5:15).

21. Асмандагы Атабызга жагуу үчүн зарыл болгон нерсенин «баарын түшүнүүгө» бизге эмне жардам берет?

21 Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлар Жахабаны бүт жүрөгү менен издегендиктен аны табышкан. Жахаба аларга ага жагуу үчүн зарыл болгон нерсенин «баарын түшүнүүгө» жардам берген. Ошонун аркасында алар адил болуу жагынан үлгү көрсөтүп, ар бир ишинде ийгиликке жетишкен (Заб. 1:1—3). Андыктан: «Жахабаны Нух, Даниел, Аюп пайгамбарлардай жакшы билемби?» — деп ойлонуп көр. Рухий жарык барган сайын жаркырап жаткандыктан, биз Жахаба жөнүндө аларга караганда көбүрөөк биле алабыз (Накыл 4:18). Ошол себептен Кудайдын Сөзүн терең изилде, ой жүгүрт, ыйык рух сурап тилен. Ошондо асмандагы Атаңа ого бетер жакындайсың. Анын аркасында көптөрдөн ыйман кеткен азыркы заманда акылмандык, түшүнүк менен иш кыласың (Накыл 2:4—7).

^ 5-абз. Нухтун чоң аталарынан болгон Энох да Нухка окшоп «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн». Бирок Нух төрөлгөнгө чейин 69 жылдай мурун «аны Кудай алып кеткен» (Башт. 5:23, 24).

^ 19-абз. Нух пайгамбар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Бир нече аял алуу Эйден багындагы окуядан көп өтпөй эле башталса да, анын бир эле аялы болгон (Башт. 4:19).