Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий адам кандай болот?

Рухий адам кандай болот?

«Кудай силерди Машаяк Исаныкындай ой жүгүртүүгө ээ кылсын» (РИМ. 15:5).

ЫРЛАР: 17, 13

1, 2. а) Көп ишенимдештерибиз рухийлик жөнүндө кандай ойдо? б) Рухийликке байланыштуу кайсы негизги суроолорду карап чыгабыз?

«РУХИЙ адам болуу өзүмдү бактылуу сезүүгө, күндөлүк турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берүүдө»,— дейт Канададагы бир ишенимдешибиз. Бразилиялык бир тууганыбыз болсо: «Рухий адам болууга күч жумшаганыбыздын аркасында жубайым экөөбүз 23 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келебиз»,— деп бөлүшөт. Ал эми Филиппиндеги ишенимдешибиз: «Рухий адам болуу жан дүйнөмдүн тынч болушуна жана тек жайы ар кандай бир туугандарым менен болгон мамилемдин жакшырышына өбөлгө түзүүдө»,— дейт.

2 Бул сөздөр рухий адам болуунун пайдасы зор экенин ырастап турат. Ошондуктан: «Канткенде мен да рухий жактан дагы өсүп, жогорудагыдай баталарга көбүрөөк ээ боло алам?» — деп ойлонушубуз мүмкүн. Бирок бул суроого жооп алардан мурун Ыйык Китепке ылайык рухий адам кандай болорун жакшы түшүнүп алышыбыз керек. Ушул макалада төмөнкү үч негизги суроону карап чыгабыз: 1) Рухий адам болуу деген эмнени билдирет? 2) Рухий жактан өсүүгө кимдердин үлгүсү жардам берет? 3) «Машаяктын акылына» ээ болууга умтулганыбыз рухий адам болууга кандайча өбөлгө түзөт?

РУХИЙ АДАМГА МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕР

3. Ыйык Китепке ылайык, рухий адам менен «өз каалоолоруна жетектелген кишинин» ортосунда кандай айырма бар?

3 Элчи Пабыл «Кудайдын рухуна жетектелген киши» менен «өз каалоолоруна жетектелген кишинин» ортосундагы айырманы көрсөтүп, рухий адамдын кандай болорун түшүнүүгө жардам берген. (Оку: 1 Корунттуктар 2:14—16.) Алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Пабыл сүрөттөгөндөй, «өз каалоолоруна жетектелген киши Кудайдын руху ачып берген нерселерди кабыл албайт, анткени аларды акылсыздык деп эсептейт. Ошондой эле аларды таанып-биле албайт». «Кудайдын рухуна жетектелген киши болсо бардык нерсеге туура баа берет» жана «Машаяктын акылына ээ». Пабыл бизди рухий адам болууга үндөгөн. Өз каалоосуна жетеленген киши менен рухий адам дагы эмнеси менен айырмаланат?

4, 5. Өз каалоосуна жетеленген киши кандай болот?

4 Адегенде өз каалоосуна жетеленген кишинин ой жүгүртүүсү кандай болоруна токтололу. Бул дүйнөдө көптөр денесинин каалоосун гана ойлошот. Элчи Пабыл алардыкындай маанайды «азыр тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рух» деп сыпаттаган (Эф. 2:2). Ал рух көптөргө дүйнөдө кеңири жайылган маанайды чагылдырууга, тагыраак айтканда, көпчүлүктү ээрчүүгө түрткү берүүдө. Андай адамдардын көбү керт башынын кызыкчылыгын көздөгөндүктөн Кудайдын мыйзам-принциптерин такыр баркка албай, өздөрү туура көргөндү гана кылышат. Өз каалоосуна жетеленген киши жогорку абалга, материалдык нерселерге же өзүнүн укуктарын коргоого өтө чоң маани берет.

5 Андай адам дагы эмнеси менен айырмаланат? Ал «күнөөгө баткан дененин иштерин» кылат (Гал. 5:19—21). Пабылдын Корунттагы жыйналышка жазган биринчи катында денеге мүнөздүү нерселерди ойлогондорго таандык дагы башка белгилер саналып өтөт. Аларга бөлүнүп-жарылуу, бирөөнүн тарабын ээлөө, араздашуу, соттошуу, башчылык тартибин сыйлабоо, ашыкча жеп-ичүү сыяктуу нерселер кирет. Азгырык болгондо, өз каалоосуна жетеленген киши туруштук бере албайт (Накыл 7:21, 22). Шакирт Жүйүт андай адамдын рухий абалы төмөндөп отуруп, атүгүл «Кудайдын рухунан» айрылып каларын айткан (Жүй. 18, 19).

6. Рухий адам эмнеси менен айырмаланат?

6 Ал эми рухий адам кандай болот? Өз каалоосуна жетеленген кишиден айырмаланып, ал биринчи кезекте Кудай менен болгон мамилесин ойлойт. Ошондой эле Кудайды туураганга умтулат (Эф. 5:1). Бул анын Жахабадай ой жүгүртүүгө, бардык нерсеге карата аныкындай көз карашта болууга аракет кыларын билдирет. Ал Жахабанын тирүү Кудай экенине толук ишенет. Керт башын ойлогондордон айырмаланып, жашоосунун ар бир тармагында Жахабанын нормаларына ылайык иш кылууга күч жумшайт (Заб. 119:33; 143:10). Дененин иштерин көздөбөй, «рухтун жемишине» кирген сапаттарды чагылдырат (Гал. 5:22, 23). Рухий адам деген сөз айкашынын маанисин дагы айкыныраак түшүнүүгө мындай салыштыруу жардам берет: соода-сатык тармагын кыйын билген кишини бизнес адамы деп коюшат. Анын сыңарындай, рухий же диний иштерге бүт көңүлүн топтогон кишини рухий адам деп айта алабыз.

7. Рухий адам болууга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делет?

7 Ыйык Китепте рухий адам болууга байланыштуу жакшы сөздөр айтылат. Мисалы, Матай 5:3тө: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык»,— делет. Римдиктер 8:6да болсо рухий адам болуунун пайдасы тууралуу: «Денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо өлүм, рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтык алып келет»,— деп жазылган. Рухий иштерге көңүл топтосок, Кудай менен ынак болобуз жана жан дүйнөбүз тынч болот, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө жетебиз.

8. Рухийлигибизди чыңдап, аны бекем сактаганга эмне үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек?

8 Өкүнүчтүүсү, биз кооптуу чөйрөдө жашап жатабыз. Айлана-тегеректегилердин баары эле өз каалоосун көздөгөндүктөн, рухийлигибизди чыңдап, аны бекем сактаганга бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Эгер адам рухий жактан алсырап калса, акылында «боштук» пайда болуп, бул дүйнөнүн булганган «абасы» толо баштайт. Мындан канткенде сак боло алабыз? Рухий жактан өсүш үчүн эмне кылсак болот?

БИЗ ҮЛГҮ АЛЧУ ИНСАНДАР

9. а) Рухий жактан өскөнгө бизге эмне жардам берет? б) Кимдердин үлгүсүн карап чыгабыз?

9 Бала ата-энесин көрүп, алардан көп нерсеге үйрөнөт. Ошо сыңары, рухий жактан өсүшүбүз үчүн Жахаба менен абдан ынак мамиледе болгондорго байкоо салып, алардан үлгү алышыбыз керек. Ал эми өз каалоосуна жетеленгендерден сабак алышыбыз зарыл (1 Кор. 3:1—4). Ыйык Китепте ошол эки топтогу адамдар жөнүндө билдирүүлөр жазылган. Бирок максатыбыз рухий жактан өсүү болгондуктан, бизге мыкты үлгү калтырган инсандардын айрымдарына токтололу. Эмесе, Жакыптан, Мариямдан жана Исадан эмнеге үйрөнсөк болорун карап чыгалы.

Жакыптан эмнеге үйрөнсөк болот? (10-абзацты кара)

10. Жакыптын рухий адам болгону эмнеден көрүнгөн?

10 Эң оболу, Жакыптын үлгүсүнө көңүл буралы. Көбүбүздүкүндөй эле Жакыптын жашоосу оңой болгон эмес. Ага өз кызыкчылыгын көздөгөн жана аны өлтүргүсү келген агасы Эйсапка чыдаганга туура келген. Анысы аз келгенсип, кайнатасы куулук менен иш кылып, аны кайра-кайра өзүнүн пайдасына колдонгон. Өз каалоосуна жетеленген ошондой адамдардын арасында жашаса да, Жакып рухий адам болгон. Ал Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга берген убадасынын аткарыларына ишенген. Ошондой эле үй-бүлөсүнүн Жахабанын ой-ниетинин ишке ашышында өзгөчө роль аткарарын билгендиктен ага жакшы кам көргөн (Башт. 28:10—15). Анын сөздөрүнөн, иштеринен Кудайдын мыйзам-принциптерин, эркин дайыма эске алары көрүнүп турган. Алсак, Эйсап өлтүрүп коёт деп корккондо Кудайдан: «Мени... куткара көр... Сен өзүң: „Сага батамды берем, укум-тукумуңду деңиз жээгиндеги кумдай сан жеткис кылып көбөйтөм“,— деп айтпадың беле»,— деп тиленген (Башт. 32:6—12). Ооба, Жакып Жахабанын ага, ата-бабаларына берген убадаларына бекем ишенген жана анын эркине, ой-ниетине ылайык иш кылууну каалаган.

Мариямдан эмнеге үйрөнсөк болот? (11-абзацты кара)

11. Мариямдын рухий адам болгонун кайдан билебиз?

11 Эми Мариямдын үлгүсүн карап көрөлү. Жахаба аны эмне үчүн Исанын энеси кылып тандаган? Анткени ал рухий адам болгон. Муну кайдан билебиз? Тууганы Элизабеттикине барганда Жахабаны даңктап айткан сөздөрүнөн анын рухий экени айкын көрүнгөн. (Оку: Лука 1:46—55.) Ошондо айткандарынан Мариямдын Кудайдын Сөзүн аябай жакшы көргөнү, Еврей Жазмаларын эң сонун билгени көрүнүп турат (Башт. 30:13; 1 Шем. 2:1—10; Мал. 3:12). Көңүлгө аларлык дагы бир нерсе, Жусуп экөө жаңы эле баш кошсо да, Иса төрөлгөнгө чейин жыныстык мамиледе болушкан эмес. Мындан эмнени билүүгө болот? Экөө тең денесинин каалоосун эмес, Жахабанын эркин көбүрөөк ойлошкон (Мт. 1:25). Мариям кийинчерээк уулу Исанын жашоосунда болгон нерселерге кылдат байкоо салып, ал айткан даанышман сөздөрдү кунт коюп уккан. Ошондой эле алардын «баарын көкүрөгүнө түйүп жүргөн» (Лк. 2:51). Ал Кудайдын Машаякка байланыштуу ой-ниетине абдан кызыкдар болгон. Анын үлгүсү бизге Кудайдын эркин канткенде биринчи орунга коё аларыбыз жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү бербейби?

12. а) Иса Атасын кантип туураган? б) Биз Исадан кандай үлгү алсак болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

12 Рухий адам болуу жагынан баарынан да ким эң мыкты үлгү калтырган? Албетте, Иса Машаяк. Ал жашоосунда да, кызматында да Атасы Жахабаны туурагысы келерин айгинелеген. Исанын ой жүгүртүүсү, сезимдери, иш-аракети Жахабаныкындай болгон жана ал анын эркине, мыйзам-принциптерине ылайык жашаган (Жкн. 8:29; 14:9; 15:10). Мисалы, Ышая пайгамбардын Жахабанын боорукердиги жөнүндө жазгандарын Марктын Исанын сезимдери тууралуу жазгандары менен салыштырып көр. (Оку: Ышая 63:9; Марк 6:34.) Жардамга муктаж адамдарды көргөндө биз да Исага окшоп боорукердик көрсөткөнгө умтулабызбы? Ошондой эле ага окшоп жакшы кабарды таратууга жана элди окутууга өзүбүздү толугу менен арнайбызбы? (Лк. 4:43). Рухий адам башкаларга карата ушундай сезимдерди туюп, ушундай иш-аракет кылат.

13, 14. а) Бүгүнкү күндөгү рухий адамдардан эмнелерге үйрөнсөк болот? б) Мисал келтир.

13 Ыйык Китептеги инсандардан сырткары, бүгүнкү күндө көптөгөн ишенимдештерибиз Иса Машаяктыкындай сапаттарды өрчүтүп, рухий адам болуу жагынан жакшы үлгү көрсөтүп келишет. Сен алардын кызматка жигердүү катышарын, меймандос, боорукер экенин же дагы башка сонун сапаттарын байкагандырсың. Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырууга аракет кылып жатып алар да, биз сыяктуу эле, алсыз жактары, жеткилеңсиздиги менен күрөшүүдө. Бразилияда жашаган Рейчл деген ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Мен моданын аркасынан кубалаганды жакшы көрчүмүн. Ошондуктан жөнөкөй кийинчү эмесмин. Бирок чындыкты таанып-билгенде рухий адам болуш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү кылууга түрткү алдым. Бул оңой болгон жок, бирок өзүмдү мурдагыдан бактылуу сезип, жашоом маңыздуу болуп калды».

14 Филиппиндик Рейлин башка кыйынчылык менен күрөшкөн. Ал элден калбаш үчүн жогорку билим алууга, жакшы жумушка орношууга умтулчу. Рейлин мындай дейт: «Рухий максаттарыма көп маани бербей калгам. Бирок кийинчерээк жашоомдо бир нерсени, жумушумдан алда канча маанилүү нерсени, көз жаздымында калтырып жатканымды түшүндүм. Анан кайрадан Жахабага кызмат кылууга көңүл топтой баштадым». Ал ошондон бери Жахабанын кам көрөрү жөнүндө айтылган Матай 6:33, 34төгү сөздөргө бекем ишенүү жагынан үлгү көрсөтүп келет. «Жахабанын мага кам көрөрүнө кымындай да шектенбейм!» — дейт Рейлин. Балким, сенин жыйналышыңда да ушундай бир туугандар бардыр. Машаякты туурап жаткан андай ишенимдүү бир туугандардан үлгү алгыбыз келбейби? (1 Кор. 11:1; 2 Тес. 3:7).

«МАШАЯКТЫН АКЫЛЫНА» ЭЭ БОЛ

15, 16. а) Канткенде Машаякка окшош боло алабыз? б) «Машаяктын акылына» ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

15 Канткенде жеке ар бирибиз Исадан үлгү ала алабыз? 1 Корунттуктар 2:16да «Машаяктын акылына» ээ болууга чакырылабыз. Римдиктер 15:5те да «Машаяк Исаныкындай ой жүгүртүшүбүз» керектиги айтылат. Ошол себептен Машаякка окшош болуш үчүн анын ой жүгүртүүсүн, сапаттарын жакшы билип, анын изи менен жүрүшүбүз керек. Иса Кудай менен болгон мамилесин көңүлүнүн борборунда сактаган. Ошондуктан ага окшош болуунун аркасында Жахабага жакындайбыз. Мындан Исадай ой жүгүртүүгө үйрөнүү канчалык маанилүү экени көрүнүп турат.

16 Бул жагынан бизге эмне жардам берет? Исанын шакирттери анын кереметтерине күбө болушкан, акыл-насааттарын угушкан, тек жайы ар кандай адамдарга кандай мамиле кылганын, Кудайдын принциптерин кантип колдонгонун көрүшкөн. Ошондуктан алар: «Биз анын... кылган иштеринин баарына күбөбүз»,— деп айтышкан (Элч. 10:39). Албетте, бүгүнкү күндө биз Исаны түзмө-түз көрө албайбыз. Бирок аны айкын элестете алышыбыз үчүн, Жахаба сүйүүсүнөн улам Инжилге ал тууралуу жаздырып койгон. Матай, Марк, Лука, Жакан китептерин окуп, ой жүгүртсөк, «Машаяктын акылын» таанып-билебиз. Анын аркасында ага окшоп «ой жүгүрткөнгө даяр болуп», анын «изи менен так жүрөбүз» (1 Пет. 2:21; 4:1).

17. Машаяктай ой жүгүрткөнүбүз кандай пайда алып келет?

17 Машаяктай ой жүгүртүүгө үйрөнгөнбүз бизге кандайча жардам берет? Пайдалуу тамак-аш ден соолугубузду чыңдагандай эле, акылыбызды Машаяктын ой жүгүртүүсү менен азыктандыруу рухийлигибизди бекемдейт. Акырындык менен Машаяктын кайсы жагдайда кандай иш кылмактыгын биле беребиз. Ал эми анын натыйжасында абийирибизди таза сактоого жана Кудайга жагууга жардам берген чечимдерди чыгара алабыз. Мунун «Мырзабыз Иса Машаяктын үлгүсү боюнча жашоого» орчундуу себеп экенине кошулбайсыңбы? (Рим. 13:14).

18. Бул макаладан рухий адам болууга байланыштуу эмнелерге үйрөндүң?

18 Бул макалада биз рухий адам кандай болорун карап чыктык. Ошондой эле рухий адамдардан көп нерсеге үйрөнө аларыбызды билдик. Андан сырткары, «Машаяктын акылына» ээ болуу рухий адам болууга кандайча жардам берерин талкууладык. Бирок рухийликке байланыштуу дагы башка нерселерди билишибиз керек. Маселен, рухийлигибиздин деңгээлин кантип текшере алабыз? Аны чыңдаш үчүн дагы эмне кылсак болот? Рухий адам болгонубуз күндөлүк жашообузга кандай таасир этет? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.