Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

Жалпыга арналган баяндамалар аркылуу Ирландияда жакшы кабар жарыяланган

Жалпыга арналган баяндамалар аркылуу Ирландияда жакшы кабар жарыяланган

1910-ЖЫЛДЫН май айы. Кууш келген Белфаст булуңуна келип, сууну толкута токтогон кеменин палубасында бир нече киши таңкы жарыкка бөлөнгөн көк майсандуу адырларга көз чаптырууда. Алардын арасындагы Чарлз Т. Расселл Ирландияга бешинчи жолу келип отурат. Анын бет маңдайындагы кеме куруучу заводдо асман тиреген эки кеме: кийин суу түбүндө калган «Титаник» менен анын эжеси «Олимпик» курулуп жатат *. Заводдон арыраак жерде болсо Расселлдин келишин күтүп бир канча Ыйык Китеп Изилдөөчү турат.

Жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүнө таратуунун мыкты жолун издеген Расселл бир тууган ошондон 20 жылдай мурун Америкадан башка жерлерди кыдырууга бел байлаган. Биринчи сапарында, 1891-жылы июлда, ал Ирландияга барган. Жээк бойлой жайгашкан Куинстаунга жакындап калган «Чикаго сити» кемесинин бортунда туруп кызара батып бараткан күндү көргөндө Расселл киндик каны тамган ошол жер жөнүндө ата-энесинин айтып бергендерин эстегени шексиз. Расселл бир тууган менен анын шериктери жакшы каралган кооз шаарлар, айыл-кыштактар аркылуу өтүп баратканда, ал жакта түшүмдүн «оргонго даяр болуп, бышып калганын» байкашкан.

Расселл бир тууган Ирландияга жалпы жонунан жети жолу барган. Биринчи жолу барганда угармандардын кызыгуусу артып, кийинки жолкуларында аны угуш үчүн жүздөгөн, айрым учурларда миңдеген кишилер чогулган. Ал жакка жасаган экинчи сапарында, 1903-жылдын майында, Белфастта жана Дублинде өткөрүлө турган жалпыга арналган жолугушуулар жергиликтүү гезиттерге жарыяланган. Расселл бир тууган элдин «Ант менен бекитилген убада» деген баяндаманы «аябай кызыгып укканын» айткан. Ал баяндамада Ыбрайым пайгамбардын ишеними жана келечекте адамзат ала турган баталар жөнүндө айтылган.

Ирландияда кызыккандар ушунчалык көп болгондуктан, Расселл бир тууган Европага үчүнчү сапарга чыкканда ал жакка дагы бара кеткен. 1908-жылы апрелде эртең менен аны Белфасттагы кеме токтоочу жайдан беш бир тууган тосуп алган. Ошол күнү кечинде ага чейин жарнамаланган «Шайтандын империясынын кулашы» деген баяндамага кеңири ой жүгүрткөн 300дөй киши келген. Алардын арасынан бир киши каршы чыгып, бирок Ыйык Китептин негизинде чебердик менен жооп берилгенде, кайра унчукпай калган. Ал эми Дублинде кас маанайдагы дагы бир киши — ИМКАнын (христиан жаштарынын уюмунун) катчысы О’Коннор — баяндаманы угууга чогулган 1 000ден ашуун кишини Ыйык Китеп Изилдөөчүлөргө каршы тукурууга аракет кылган. Анан эмне болгон?

Эмесе, оюбуз менен ошол убакка кайрылып барып, окуянын кандай болгонун элестетип көрөлү. Ыйык Китептеги чындыкты тапкысы келген бир киши «Айриш таймс» гезитине жарыяланган баяндаманы угуп келүүнү чечет. Ал элге жык толгон залга келип, эптеп бир орун табат. Анан чачын бубак баскан, сакалчан, узун кара плащ кийген баяндамачынын айткандарын кунт коюп угуп отуруп калат. Баяндамачы сахнада ары-бери басып, колдорун жандуу жаңсап, аяттарды бири-бирине эң сонун байланыштырып жатат. Анын айткандарынан улам тиги кишинин көзү ачылып, Ыйык Китептеги чындыкты түшүнөт. Үн күчөткүч шаймансыз эле баяндамачынын үнү залдын ар бир бурчуна чейин даана угулуп, бир жарым саат бою угуучулардын көңүлүн байлап алат. Андан соң суроо-жооп иретинде өткөн бөлүктө О’Коннор менен анын таламдаштары баяндамачыга суроолорду беришет. Бирок ал Ыйык Китепти колдонуп, айткандарын чебердик менен коргойт. Ошондо угармандар баяндамачыны кубаттап кол чабышат. Баары тынчыгандан кийин, баягы киши бир туугандарга кайрылып, көбүрөөк билгиси келерин айтат. Ошол кездеги окуяларга күбө болгондордун айтымында, көптөр чындыкты ошондой жол менен таанып-билишкен.

Расселл бир тууган 1909-жылы майда Нью-Йорктон «Мавритания» кемесине отуруп, төртүнчү сапарына аттанган. Кемеде өткөргөн убактысын текке кетирбей, «Күзөт мунарасына» чыга турган макалаларды даярдаш үчүн ал жанына Хантсиңер бир тууганды алып алган. Хантсиңер стенографист (айтылган сөздөрдү өзгөчө белги жана кыскартуулар менен тез жазып алуучу адис) болчу. Расселлдин Белфастта айткан баяндамасын угууга 450 киши келип, орун жетишсиз болгондуктан, 100гө жакыны туруп турган.

Расселл бир тууган «Лузитания» кемесинде

Расселл макаланын башында сөз кылынган бешинчи сапарында да каршылыктарга кабылган. Ал Дублинде жалпыга арналган баяндама айткандан кийин, О’Коннор ээрчитип келген белгилүү теолог суроолорду берген. Расселл ага Ыйык Китептин негизинде жооп бергенде, угуп тургандар абдан кубанган. Кийинки күнү ал шериктери менен катты тез жеткирүүчү кемеге түшүп, Ливерпулга жетишкен да, андан ары «Лузитания» деп аталган атактуу кемеге отуруп, Нью-Йоркко бет алышкан *.

«Айриш таймс» гезитине жарыяланган баяндама, 1910-жыл, 20-май

Расселл бир тууган 1911-жылы Ирландияга алтынчы, жетинчи жолу барганда да, анын жарнамаланган баяндамалары маанилүү роль аткарган. Жазында Белфасттагы 20 Ыйык Китеп Изилдөөчү «Тиги дүйнө» деген баяндаманы укканы келген 2 000 кишини конокко алган. Дублинде О’Коннор дагы бир диний кызматчы менен келип, көп суроолорду беришкен. Бирок Расселл Ыйык Китептин негизинде жооп бергенде, угармандар кол чабышкан. Ошол эле жылы күзүндө дагы башка шаарларда баяндама айтылып, кызыккандар көп келген. О’Коннор өзүнө окшогон 100 эркекти ээрчитип, Дублиндеги жолугушууга тоскоолдук кылууга дагы бир жолу аракет кылган. Анткен менен отургандар баяндамачыны жан-дилден колдошкон.

Ошол убакта жалпыга арналган баяндамаларды көбүнчө Расселл бир тууган айтса да, ал мунун «адамдын эмес, Кудайдын иши» экенин билгендиктен, «эч кимдин алмаштырылгыс эмес экенин» жакшы түшүнгөн. Жалпыга арналган жолугушууга чыйыр салган ошол жарнамаланган баяндамалар Ыйык Китептеги чындыкты элге жеткирүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзгөн. Натыйжасы кандай болгон? Анын аркасында жакшы кабар кеңири жарыяланып, Ирландиянын көптөгөн шаарларында жыйналыштар уюштурулган (Британиядагы архивибизден).

^ 3-абз. «Титаник» ошондон эки жыл өткөндөн кийин чөгүп кеткен.

^ 9-абз. «Лузитания» 1915-жылы майда Ирландиянын түштүк жээгинен кыйроого учураган.