Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакып Эйсаптан туңгучтук укугун сатып алгандыктан Машаяктын ата-бабаларынан болуп калганбы?

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Байыркы убакта Машаяктын чоң аталарынан болуш үчүн сөзсүз туңгучтук укукка ээ болуу керек беле?

Бул тууралуу мурда адабияттарыбызда талкууланып калчу. Аларда айтылгандар Еврейлер 12:16га шайкеш келгендей сезилчү. Аятта Эйсаптын «ыйык нерселерди баалабаганы» жана «бир табак тамак үчүн туңгучтугунан баш тартып», аны Жакыпка бергени айтылат. Ушундан улам Жакып «туңгучтук» укукту сатып алгандан кийин Машаяктын ата-бабаларынан болуп калган деп түшүндүрүлүп келген (Мт. 1:2, 16; Лк. 3:23, 34).

Бирок Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү карап чыгуунун аркасында айкын көрүнгөндөй, Машаяктын ата-бабаларынан болуш үчүн сөзсүз түрдө эле тун уул болуунун зарылдыгы болгон эмес. Буга байланыштуу айрым далилдерге токтололу.

Жакыптын (Ысрайыл) тун уулу анын Лия деген аялы төрөп берген Рубейин болгон. Кийин жакшы көргөн аялы Рахил төрөгөн уулдарынын биринчиси Жусуп болгон. Рубейин туура эмес иш кылганда, анын туңгучтук укугу Жусупка өткөн (Башт. 29:31—35; 30:22—25; 35:22—26; 49:22—26; 1 Жылн. 5:1, 2). Бирок Машаяк Рубейиндин да, Жусуптун да тукумунан чыккан эмес. Ал Жакыптын Лия төрөгөн төртүнчү уулу Жүйүттүн тукумунан чыккан (Башт. 49:10).

Лука 3:32де Машаяктын санжырасында саналган кишилердин бешөөнүн аты аталган. Алардын ар бири тун уул болгон көрүнөт. Мисалы, Бууздан Обейт, Обейттен Жышай төрөлгөн (Рут 4:17, 20—22; 1 Жылн. 2:10—12).

Анткен менен Жышайдын уулу Дөөтү тун уул болгон эмес. Ал сегиз уулдун акыркысы болгон. Ошентсе да Машаяк Дөөтүнүн тукумунан чыккан (1 Шем. 16:10, 11; 17:12; Мт. 1:5, 6). Санжырада Дөөтүдөн кийин саналган Сулайман жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ал да Дөөтүнүн тун уулу болгон эмес (2 Шем. 3:2—5).

Бирок бул тун уул болуу анча деле маанилүү болгон эмес дегенди билдирбейт. Тун уул көбүрөөк кадыр-баркка ээ боло турган жана көбүнчө атасынан кийинки үй-бүлө башчысы болчу. Ошондой эле ага эки эсе көп мурас берилчү (Башт. 43:33; Мыйз. 21:17; Жаш. 17:1).

Кээде туңгучтук укук башкага өткөрүлүп берилген учурлар болгон. Алсак, Ыбрайым пайгамбар туңгучтук укукту Ысмайылга эмес, Ыскакка берген (Башт. 21:14—21; 22:2). Жогоруда айтылгандай, Рубейиндин да андай укугу Жусупка өткөн.

Эми кайра Еврейлер 12:16га көңүл буралы. Ал жерде: «Араңарда бузуктук кылып жүргөндөр да, бир табак тамак үчүн туңгучтугунан баш тарткан Эйсап сыяктуу ыйык нерселерди баалабагандар да болбосун»,— деп жазылган. Бул аятта кандай ой камтылган?

Элчи Пабыл бул жерде Машаяктын ата-бабалары жөнүндө сөз кылган эмес. Ал, болгону, ишенимдештерин «дайыма түз жолдор менен басууга» үндөгөн. Бул аларга адеп-ахлаксыз иш кылып, «Кудайдын ырайымынан айрылып калбаганга» жардам бермек (Евр. 12:12—16). Эгер ошондой ишке барышса, Эйсаптай болуп калышмак. Ал «ыйык нерселерди баалабай», денеге мүнөздүү нерселерге берилип кеткен.

Эйсап уруу башчыларынын убагында жашаган. Ошол себептен атүгүл кээде үйүндөгүлөрү үчүн дин кызматчы катары кызмат кылып, курмандык чалып турса керек (Башт. 8:20, 21; 12:7, 8; Аюп 1:4, 5). Бирок ал денесинин каалоосун эле ойлогондуктан тун уул катары ээ болгон артыкчылыктарын бир табак жасмыкка сатып жиберген. Эйсап алдын ала айтылган, Ыбрайымдын урпактары кабыла турган кыйынчылыктардан качкысы келсе керек (Башт. 15:13). Ошондой эле денеге мүнөздүү нерселерге жакын экенин жана ыйык нерселерди баалабай турганын көрсөтүп, жалган кудайларга сыйынган элден эки аял алган. Анын айынан ата-энеси көп азап тарткан (Башт. 26:34, 35). Ал чыныгы Кудайдын кызматчысына баш кошууга умтулган Жакыптан кандай гана айырмаланган! (Башт. 28:6, 7; 29:10—12, 18).

Демек, Иса Машаяктын ата-бабалары тууралуу кандай жыйынтык чыгарсак болот? Анын санжырасына кирген адамдардын баары эле тун уулдар болгон эмес. Жүйүттөр чынында эле ошондой болгонуна кошулушкан. Мисалы, алар Машаяктын Жышайдын акыркы уулу Дөөтүдөн чыкканын четке кагышкан эмес (Мт. 22:42).