Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын жеке веб-сайтка же социалдык тармактарга салууга болбойт?

Ыйык Китепке негизделген материалдарыбыз акысыз сунушталгандыктан, айрымдар аларды көчүрүп алып, башка сайттарга же социалдык тармактарга салса болот деп ойлошот. Бирок бул сайтыбыздын «Колдонуу шарттарын» * бузгандыкка жатат, ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда. «Колдонуу шарттарында» айкын-так түшүндүрүлгөндөй, эч кимге бул сайттагы сүрөттөрдү, электрондук адабияттарды, jw, jw.org логотибин, музыканы жана тасмаларды Интернетке (башка сайттарга, файл же тасма алмашуу кызматтарына же социалдык тармактарга) коюуга уруксат берилбейт. Эмне үчүн?

Автордук укуктары корголгон адабияттарыбызды жеке сайттарга салууга такыр болбойт

Веб-сайтыбыздагы бардык материалдардын автордук укуктары корголгон. Чындыктан четтегендер жана бизге каршы болгон башка адамдар Жахабанын Күбөлөрүн да, башкаларды да алдаш үчүн биздин адабияттарды өздөрүнүн сайттарына салууга аракет кылышат. Андай сайттардын максаты — окурмандын акылына шек саноонун уругун себүү (Заб. 26:4; Накыл 22:5). Дагы бирөөлөр болсо адабияттарыбыздан алынган кайсы бир маалыматты же jw.org логотибин өздөрүнүн жарнамаларында, сатуу үчүн чыгарылган кайсы бир нерселеринде жана электрондук каражаттарга жүктөп ала турган программаларында колдонушат. Эгер биздин логотиптерди жана материалдарыбыздын автордук укуктарын коргосок, алардын туура эмес колдонулушуна бөгөт коюуга юридикалык жактан негиз болот (Накыл 27:12). Ал эми башкалардын, атүгүл ишенимдештерибиздин электрондук материалдарыбызды бөлөк сайттарга салышына же кайсы бир нерсесин сатуу үчүн jw.org логотибин колдонушуна билип туруп жол берсек, соттор автордук укуктарыбызды бузган каршылаштарыбыздын же коммерциялык уюмдардын иш-аракетин токтотууга жумшаган күч-аракетибизди колдобой коюшу мүмкүн.

Интернеттен рухий тамакты төмөнкү булактардан гана алууга болот:

Адабияттарыбызды jw.org веб-сайтынан башка жактан жүктөп алуу өтө кооптуу. Жахаба рухий тамакты берип турууга «ишенимдүү жана акылдуу кулду» гана дайындаган (Мт. 24:45). Ал «кул» рухий тамакты берүүдө расмий веб-сайттарыбызды: www.pr418.com, tv.pr418.com, wol.pr418.com сайттарын колдонот. Ошондой эле электрондук каражаттарга орното турган үч эле расмий программабыз бар. Алар: JW Language®, JW Library®, JW Library Sign Language® программалары. Биз булардын биринде да жарнама же Шайтандын дүйнөсүнө мүнөздүү ыпылас нерселер камтылбай турганына толук ишенсек болот. Ал эми рухий тамакты Интернеттеги башка булактар аркылуу ала турган болсок, анын бурмаланбаганына же таза сакталганына эч кандай кепилдик болбойт (Заб. 18:26; 19:8).

Андан тышкары, адабияттарыбызды ар ким оюн жаза турган сайттарга салсак, чындыктан четтегендердин жана башка сынчылардын Жахабанын уюмуна шек келтирген маалыматтарды жазышына жол берип коёбуз. Өкүнүчтүүсү, айрым ишенимдештерибиз онлайн талкууга аралашып, Жахабанын ысмына тил тийишине себепкер болушкан. Эске алчу нерсе, онлайн талкуу «каршы чыккандарга жумшактык менен насаат айтуунун» ылайыктуу жолу эмес (2 Тим. 2:23—25; 1 Тим. 6:3—5). Ошондой эле уюмдун, Жетектөөчү Кеңештин, анын мүчөлөрүнүн атынан социалдык тармактарды жана веб-сайттарды ачкан жалганчылар да кездешет. Чынында, Жетектөөчү Кеңештин бир да мүчөсү өзүнө сайт ачкан эмес жана социалдык тармактардын эч бирин колдонбойт.

Адамдарды jw.org сайтына багыттоо «жакшы кабардын» таралышына шарт түзөт (Мт. 24:14). Кызматта колдонуу үчүн чыгарылган электрондук куралдарыбыз улам жакшырууда. Биз алардан ар бир кишинин пайда алышын каалайбыз. Андыктан, «Колдонуу шарттарында» жазылгандай, jw.org сайтындагы электрондук адабияттардын көчүрмөлөрүн же материалдардын шилтемелерин башкаларга жөнөтсөк болот. Кызыккандарды расмий веб-сайттарыбызга кирүүгө үндөсөк, аларды рухий тамакты берип турууга дайындалган жалгыз топко — «ишенимдүү жана акылдуу кулга» — багыттайбыз.

^ 1-абз. «Колдонуу шарттарын» jw.org сайтынын башкы бетинин төмөн жагынан табууга болот. Ал жактагы чектөөлөр сайтыбыздагы бардык материалдарга тиешелүү.