Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Башында кедей болсом, аягында бай болдум

Башында кедей болсом, аягында бай болдум

Мен АКШнын Индиана штатындагы Либерти деген кичинекей шаарда бир бөлмөлүү жыгач кепеде жарык дүйнөгө келгем. Мага чейин бир байкем, эки эжем төрөлгөн. Апам менден кийин да үчтү төрөп, эки инилүү, бир карындаштуу болдум.

Мен төрөлгөн жыгач кепе

МЕКТЕПТЕ окуп жүргөн кезимде шаарыбызда эч нерсе деле өзгөргөн эмес. Мен окуган мектепте биринчи класска чогуу баргандар кийин кайра ошол эле балдар менен мектепти чогуу бүтүрчү. Шаардын тургундарынын көбү бири-бирибизди атыбыздан билчүбүз.

Жети баланын ортончусумун; бала кезимде дыйканчылыкка байланыштуу көп нерсени үйрөнгөм

Либертинин тегерек-четинде чакан талаалар бар эле. Ал жакта негизинен жүгөрү өстүрүлө турган. Мен төрөлгөн убакта атам жергиликтүү бир дыйкандын талаасында иштечү экен. Өспүрүм курагымда трактор айдаганды, жер иштетүүнүн дагы башка ыкмаларын үйрөндүм.

Жаш ата кандай болорун билбей калдым. Себеби мен төрөлгөндө, атам 56да болчу. Апам болсо 35 жашта эле. Атам арык болгону менен, ден соолугу чың, күчтүү киши болчу. Ал күжүрмөн эмгектенгенди жакшы көрчү, бизди да эмгекти сүйүүгө үйрөттү. Атам көп акча таппаса да, үстүбүздө үйүбүз, кийим-кечегибиз болушуна, курсагыбыз ток жүрүшүнө кам көрчү. Ошондой эле бизди дайыма колдоп турар эле. Ал 93кө чыгып көз жумду. Ал эми апам 86 жашында каза болду. Экөө тең Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Бир туугандарымдан бир эле иним чындыкта. Ал аксакалдарга байланыштуу жаңы чара киргизилгенден бери, тагыраак айтканда, 1970-жылдардан бери аксакал болуп ишенимдүү кызмат кылып келет.

ӨМҮРҮМДҮН АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАРЫ

Апам динчил киши эле. Ал бизди жекшемби сайын баптисттердин чиркөөсүнө алып барчу. 12 жашымда биринчи жолу Үчилтик жөнүндө уктум. Аябай таң калып, апаман: «Иса кантип бир эле учурда Уул да, Ата да боло алат?» — деп сурагам. Ошондо апамдын: «Балам, бул деген сыр. Биз муну түшүнбөйбүз»,— деп жооп бергени эсимде. Мен үчүн бул чынында эле сыр болчу. Ошентсе да 14 жаштарымда биз жашаган жактагы бир көлмөгө чөмүлтүлдүм. Мени Үчилтик үчүн сууга үч жолу чумкутушкан!

1952-ж. 17 жашымда, аскерге чакырылганга чейин

Жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө мыкты мушкер болгон бир досум мени мушкердикти сынап көрүүгө көндүрдү. Ошентип, машыга баштадым. «Алтын мээлей» деп аталган мушкердик боюнча бир уюмга да жазылдым. Бирок анча жакшы үйрөнө алган жокмун, ошондуктан бир нече жолу таймашка катышкандан кийин ал жактан кетип калдым. Кийинчерээк АКШнын аскерине чакырылып, Германияга жөнөтүлдүм. Ал жерде кызмат өтөп жүргөнүмдө, башчыларым табиятыман эле жол башчы болууга шыгым бар экенин байкап, мени Унтер-офицерлер академиясына жиберишти. Себеби алар менин ошол тармак боюнча алга илгерилешимди каалашкан. Бирок мен аскерде такыр калгым келчү эмес, ошондуктан эки жылдык мөөнөтүм аяктагандан кийин 1956-жылы ал кызматтан кеттим. Көп өтпөй эле башка аскерге кошулдум.

1954—1956-ж. АКШнын аскеринде 2 жыл кызмат өтөгөм

ЖАҢЫ ЖАШООМДУН БАШТАЛЫШЫ

Чындыкты таанып-билгенге чейин чыныгы эркек кандай болушу керектигине байланыштуу жаңылыш көз карашты өрчүтүп алган элем. Ой жүгүртүүмө кинодон көргөндөрүм, айланамдагы адамдар күчтүү таасир эткен. Кудайдын Сөзүн окуткан кишилерди чыныгы эркек деп эсептечү эмесмин. Бирок кийин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрткөн нерсе жөнүндө биле баштадым. Бир жолу машинем менен кетип баратканда, эки кыз кол булгалап калды. Аларды таанычумун, себеби жездемдин карындаштары болчу. Ал экөө Жахабанын Күбөсү эле. Мурда алар мага «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын берген болчу, бирок «Күзөт мунарасында» жазылгандар мага өтө эле татаалдай сезилчү. Ошол жолкусунда ал кыздар мени жыйналыштын китеп изилдөөсүнө — Ыйык Китепти изилдеп-талкуулоо үчүн өткөрүлгөн чакан жолугушууга — чакырышты. Мен аларга ойлонуп көрөйүн дедим. Ошондо ал экөө жылмая: «Сөз бересиңби?» — деп сурашты. «Сөз берем»,— дедим.

Убада берип коюп, кайра өкүндүм. Бирок сөзүмө турушум керек деп ойлогондуктан ошол күнү кечинде жолугушууга бардым. Мени, өзгөчө, кичинекей балдар таасирлентти. Алардын Ыйык Китепти аябай жакшы билерине ишене албай турдум. Апам менен жекшемби күндөрү чиркөөгө барып жүрсөм да, Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу аз эле билчүмүн. Эми көбүрөөк билүүгө бел байладым. Анан Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Адегенде эле Кудурети Күчтүү Кудайдын аты Жахаба экенин билдим. Бир канча жыл мурун апаман Жахабанын Күбөлөрүнүн кимдер экенин сураганымда, ал: «Алар Жахаба деген бир кары кишиге сыйынышат»,— деп койгон. Эми болсо көзүм ачылгандай эле болду.

Чындыкты тапканыма көзүм жеткендиктен, тез эле ийгилик кылдым. Ошол жолугушууга барганымдан 9 ай өткөндөн кийин, 1957-жылы мартта, чөмүлдүм. Көз карашым толугу менен өзгөрдү. Ыйык Китептен чыныгы эркектин кандай болорун билгениме аябай сүйүнөм. Иса Машаяк жеткилең киши болчу. Ал күч-кубаттуу болгондуктан, өзүн эркекмин деп эсептегендердин баары анын жанында аябай эле алсыз болуп калат. Бирок ал эч ким менен мушташкан эмес, тескерисинче, алдын ала айтылгандай, «азап чегүүгө моюн сунган» (Ыш. 53:2, 7). Мен Исанын чыныгы жолдоочусу «баарына жумшак мамиле кылышы» керектигин билдим (2 Тим. 2:24).

Бир жылдан кийин, 1958-жылы, пионердик кызматты баштадым. Бирок көп өтпөй кыска убакытка токтотууга туура келди. Эмне үчүн? Анткени Глорияга үйлөнүүнү чечтим. Ал мени китеп изилдөөгө чакырган кыздардын бири болчу. Чыгарган чечимиме такыр өкүнбөйм. Глория ошондо кандай асыл бермет болсо, азыр деле ошондой. Мен үчүн ал эң кымбат алмаздан да баалуу. Ага үйлөнгөнүм үчүн өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем! Эмесе, жубайым өзү жөнүндө бир аз кеп салсын:

«Биз 17 бир тууганбыз. Апам Жахабанын ишенимдүү кызматчысы болчу. Ал 14 жашымда каза болуп калган. Ошол кезде атам Ыйык Китепти изилдей баштаган. Апам көз жумгандан кийин, атам мектептин деректирине барып, эжем экөөбүздүн мектепке кезектешип барып турушубузду сүйлөшкөн. Эжем жогорку класста окучу. Ошентип, деректир уруксат бергендиктен, бирөөбүз мектепке кеткенде, бирөөбүз үйдө калып, бөбөктөрүбүздү карачубуз жана атам жумуштан келгенче, баарыбызга тамак жасап койчубуз. Эжем мектепти бүткөнгө чейин ошентип жүрдүк. Жахабага кызмат кылган эки үй-бүлө биз менен изилдеп, он бирибиз Жахабанын Күбөсү болдук. Тартынчаак болсом да, кызматка чыкканды жакшы көрчүмүн. Сем мага уялчаактыгым менен күрөшүүгө көп жылдан бери жардам берип келет».

Глория экөөбүз 1959-жылы февралда баш коштук. Бизге чогуу пионер болуп кызмат кылуу кубаныч тартуулачу. Ошол жылы июль айында Бейтелде кызмат кылууга арыз толтурдук, себеби экөөбүз тең бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта кызмат кылууну аябай самачубуз. Саймон Кракер бир тууган биз менен маектешип, Бейтелге бойдоктор гана чакырылып жатканын айтты. Ошентсе да Бейтелде кызмат кылууга болгон каалообузду өчүргөн жокпуз. Бирок кыялыбыз ишке ашканга чейин көпкө күткөнгө туура келди!

Биз бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкка кат жазып, муктаждык көп жерге жөнөтүшүн сурандык. Бизге бир эле жерди, Арканзас штатындагы Пайн-Блафф деген шаарды, сунуш кылышты. Ал кезде Пайн-Блаффта бири ак, бири кара түстөгү бир туугандардан турган эки жыйналыш бар эле. Бизди кара түстөгү бир туугандар барган жыйналышка дайындашты. Ал жыйналышта 14төй эле жарчы бар болчу.

РАСИЗМДИН АЙЫНАН БОЛГОН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

Балким, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары эмне үчүн ак-кара болуп бөлүнгөн деп таң калып жаткандырсыңар. Мунун жообу жөпжөнөкөй: ал убакта ошенткенге мажбур болгонбуз. Себеби расалардын аралашышына тыюу салган мыйзамдар бар болчу, зордук-зомбулукка кабылышыбыз да толук мүмкүн эле. Көптөгөн жерлерде ишенимдештерибиздин эки башка расадагылар сыйынуу үчүн бир жерге чогулса, Падышалык залын талкалап кетишет деп коркушуна себеп бар болчу. Анткени ошондой учурлар болгон. Эгер кара түстөгү Жахабанын Күбөлөрү ак түстөгү адамдар жашаган аймакта үйдөн үйгө кабар айтса, полиция кызматкерлери кармап кетмек, атүгүл уруп-сабап да коймок. Ошондуктан кабар айтуу иши токтобошу үчүн, жагдайдын жакшы жакка өзгөрөрүнө үмүттөнүп, мыйзамдарга баш ие бергенбиз.

Кызматыбыз ар кандай кыйынчылыктар менен коштолчу. Кара түстөгүлөр жашаган жерде кабар айтып жүрүп кээде байкабай ак түстөгү адамдардын эшигин тыкылдатып алчубуз. Андайда Ыйык Китептин негизинде кыскача сунуштоо айтабызбы же кечирим сурап, кетип калабызбы, дароо чечишибиз керек эле. Ооба, ушундай күндөр өткөн.

Пионердик кызматта өзүбүздү камсыз кылыш үчүн оор эмгектенчүбүз. Иштеген жерибиздин көбүнөн күнүнө үч эле доллар алчубуз. Глория бир нече үйдү жыйнап иштечү. Бир жумушунда ага жардам беришиме уруксат берилгендиктен, ал эртерээк бошой турган. Түшкүсүн тоңдурулган тамак беришчү. Кетерибизде ошону жеп алчубуз. Глория жума сайын дагы бир үйгө барып, кирлерин үтүктөп берчү. Мен болсо бакчасындагы жумуштарды кылчумун, терезе жуучумун жана башка иштерин аткарчумун. Ак түстөгү бир үй-бүлөнүкүндө Глория экөөбүз терезе жуучубуз: ал ичин жууса, мен сыртын жуучумун. Буга бир күн кеткендиктен, бизге тамак беришчү. Глория үйдүн ичинде ал үй-бүлөдөн өзүнчө тамактанса, мен сыртта гаражда тамактанар элем. Бирок буга жаман болчу деле эмесмин. Берген тамагы абдан даамдуу эле. Алар өздөрү да сонун үй-бүлө болчу, болгону эле, алардын көз карашы ошол убактагы ой жүгүртүүгө ылайык калыптанып калган. Бир жолу май куюучу жайга токтогонубуз эсимде. Май куюп бүткөндөн кийин ошол жерде иштеген бир кишиден Глория алардын дааратканасына кирип алса болор-болбосун сурадым. Ал мени акшыя карап: «Жабык»,— деп койду.

ЭСТЕН КЕТКИС ЖАКШЫ ИШТЕР

Бирок бир туугандарыбыз менен сонун күндөрдү өткөрдүк. Кызматыбызды да абдан жакшы көрчүбүз. Пайн-Блаффка биринчи жолу барганыбызда жыйналыштын кызматчысы болгон бир ишенимдешибиздикинде жашадык. Аялы Жахабанын Күбөсү эмес болгондуктан, Глория аны менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Өзүм болсо ошол жубайлардын кызы, күйөө баласы менен изилдей баштадым. Убакыттын өтүшү менен апасы да, кызы да Жахабага кызмат кылууну чечип, чөмүлүштү.

Ак түстөгү ишенимдештерибиздин арасында ынак досторубуз бар болчу. Алар бизди тамакка чакырып турар эле. Бирок башкаларга билгизбеш үчүн кечинде чакырышчу. Ал убакта расалык бөлүнүүчүлүктү, зордук-зомбулукту жайылткан Ку-клукс-клан (ККК) деген уюм күч алып турган. Бир жолу Хэллоуин майрамы болгон кечте бир кишинин эшигинин алдында КККнын мүчөлөрүндөй болуп башына да, үстүнө да аппак кийим кийип, ошонусуна сыймыктанып отурганын көргөм. Анткен менен ушундай нерселер бир туугандардын бири-бирине жакшылык кылышына тоскоолдук кыла алган эмес. Мисалы, бир жолу жайында жыйынга барыш үчүн акча керек болуп калды. Ошондо ак түстөгү ишенимдешибиз машинебизди сатып алганга макул болду. Бир айдан кийин күндүн ысыгында үйдөн-үйгө кабар айтып, изилдөөлөрдү өткөрүп, үйгө чарчап келгенибизде такыр оюбузга келбеген нерсеге кабылдык: эшиктин алдында баягы машинебиз туруптур! Алдыңкы терезесинде: «Машинеңерди менден белек катары алып койгула. Бир тууганыңар»,— деген сөздөр жазылган кагаз бар экен.

Ишенимдештерибиздин дагы бир жакшылыгы жүрөгүмдү ушунчалык козгогон. 1962-жылы Нью-Йорк штатындагы Саут-Лансингде өткөрүлө турган Падышалык кызмат мектебине чакырылдым. Ал мектептен жыйналыштагы жооптуу бир туугандар, райондук жана облустук көзөмөлчүлөр бир ай билим алышчу. Бирок ал учурда жумушум жок болуп, акча жагынан кыйналып жаткам. Так ошол маалда Пайн-Блаффтагы телефон компаниясы чакырып, жумушка алыш үчүн мени менен маек курушту. Эгер мени алышса, ал компанияда иштеген биринчи кара киши болмокмун. Акыры, жумушка ала турганын айтышты. Ошондо эмне кылдым? Нью-Йоркко барганга бир да тыйыным жок болчу. Ошондуктан мектепке барбай эле, жумушка орношоюн деп ойлодум. Анан мектепке барбай турганымды билдирип кат жазайын деп жүргөндө эстен кеткис бир нерсе болду.

Күндөрдүн биринде эртең менен эрте жыйналыштагы бир эже үйгө келип, колума конверт карматты. Ачсам, ичи толтура акча экен. Ал эженин күйөөсү Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Нью-Йоркко барып келишиме жете тургандай акча чогултуш үчүн эже балдарынын айрымдары менен бир нече жума бою таң атпай туруп, талаага барып пахта отошуптур. Ал мага: «Мектепке барып, колуңан келишинче көп нерсе үйрөнгөнгө аракет кыл, анан келип, бизди окут!» — деди. Кийинчерээк телефон компаниясы менен байланышып, сүйлөшүлгөн убактан беш жума кечирээк иштей баштасам болор-болбосун сурадым. Алар: «Жок!» — деп кесе жооп беришти. Бирок мага айырмасы жок болчу, анткени чечим чыгарып алгам. Ошол жумушка орношпогонума аябай сүйүнөм!

Эмесе, Глория Пайн-Блаффта өткөргөн күндөрүбүз тууралуу айтып берсин: «Аймагымды аябай жакшы көрүп калгам! 15—20 изилдөө өткөрчүмүн. Ошондуктан эртең менен үйдөн үйгө кабар айтып, калган убактыбызда изилдөөлөрдү өткөрчүбүз. Кээде түнкү 11ге чейин созулуп кетчү. Кызматыбыз ушунчалык кызыктуу эле. Ошол кызматты жыргап аткарып жүрө бермекмин. Чынын айтсам, дайындоомдун өзгөрүшүн жана кыдыруучулук кызматты башташыбызды каалаган эмесмин. Бирок Жахабанын ою такыр башкача болгон экен». Ооба, көрсө, ошондой экен.

КЫДЫРУУЧУЛУК ИШТИ АТКАРЫШЫБЫЗ

Пайн-Блаффта пионер болуп кызмат кылып жүргөндө атайын пионер болууга арыз толтурганбыз. Дайындалат болушубуз керек деп күткөнбүз, себеби облустук көзөмөлчү Техастагы жыйналышка жардам беришибизди жана ошол жакта атайын пионер болуп кызмат кылышыбызды каалачу. Мындай ой өзүбүзгө да жакчу. Ошол себептен уюмдан качан жооп келет деп көпкө күттүк, бирок кат келбей жатты. Акыры, кат келди. Бизди кыдыруучулук кызматка дайындашыптыр! Ошондо 1965-жылдын январы болчу. Азыр Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин координатору болуп кызмат кылып жаткан Леон Уивер да ошол учурда райондук көзөмөлчү болуп дайындалган.

Жаңы дайындалганда аябай тынчсыздангам. Бир жыл же ага жетпеген убакыт мурун Жеймс Томпсон деген облустук көзөмөлчү ошол кызматты аткарууга канчалык даяр экенимди текшерип көргөн. Ал жакшы райондук көзөмөлчү болуш үчүн зарыл болгон жөндөмдүүлүктөрдү сөз кылып, кайсы жактардан жакшырышым керектигин жылуу-жумшак айткан. Кыдыруучулук кызматты баштагандан көп өтпөй эле анын эң керектүү кеңештерди бергенин түшүндүм. Дайындалганымдан кийин мен кызматташкан биринчи облустук көзөмөлчү ошол Жеймс бир тууган болду. Рухий жактан жетилген ал ишенимдүү бир туугандан көп нерсеге үйрөндүм.

Рухий жактан жетилген ишенимдүү бир туугандардын жардамын абдан баалайм

Ал кездерде райондук көзөмөлчүлөр көп деле окутулуп-үйрөтүлчү эмес. Бир жолу бир райондук көзөмөлчү менен кызматташып, анын жыйналыштарды кыдырганда эмнелерди кыларын бир жума бою байкагам. Кийинки жумада башка жыйналышка барганыбызда, ал ошенткен. Анан мага сунуштарын, кеп-кеңештерин берген. Андан кийин экөөбүз эки бөлөк кызмат кыла баштаганбыз. Глорияга: «Чын эле эми ал кете берсе болобу?» — деп айтканым эсимде. Бирок убакыттын өтүшү менен маанилүү бир нерсени түшүндүм: жаныңда жардам бере турган жакшы бир туугандар дайыма болот. Эгер өзүң жол берсең, алар сөзсүз колдоо көрсөтүшөт. Мурда кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Ж. Браун жана Бейтелде кызмат кылган Фред Раск сыяктуу тажрыйбалуу бир туугандардын жардамын азыркыга чейин жогору баалайм.

Ошол убактарда расалык бөлүнүүчүлүк курчуп турган. Бир жолу КККнын мүчөлөрү биз барган Теннесидеги бир шаарда жүрүшкө чыгышкан. Дагы бир жолу болсо мындай окуя болгон: кабар айтуу тобундагы бир туугандар болуп шам-шум этип алыш үчүн бир жерге кирдик. Мен дааратканага кирип баратып, ак түстөгү адамдардын тарабын жактаган, денесине сүрөт чегилген, заары бетине чыккан бир кишинин ордунан туруп, артыман келатканын байкап калдым. Бирок менден да, андан да бир топ чоң ак түстөгү бир тууган кирип келип: «Хёрд бир тууган, баары жакшы элеби?» — деп сурады. Ошондо жанагы киши дааратканага кирбей эле дароо чыгып кетти. Көптөгөн жылдардан бери бейкалыстыкка, чынында, адамдын терисинин түсү эмес, Адам атадан баарыбызга тукум кууп өткөн күнөө себепкер экенине күбө болуп келем. Ошондой эле, терисинин түсү кандай болбосун, бир тууган бир тууган бойдон каларын, керек болсо, сен үчүн өлгөнгө да даяр болорун түшүндүм.

БАЙ БОЛУШУМ

Жубайым экөөбүз кыдыруучулук кызматты 33 жыл аркаладык. Анын 21 жылын облустук ишке арнадык. Ошол жылдар ичинде жашообуз байып, мол бата алдык, ишенимибизди бекемдеген көп окуяларга күбө болдук. Бирок бизди алдыда дагы бир бата күтүп туруптур. 1997-жылы августта көптөн берки кыялыбыз орундалды. Биринчи жолу арыз толтурганыбыздан 38 жылдай өткөндөн кийин Кошмо Штаттардагы Бейтелге чакырылдык! Ошентип, кийинки айда Бейтелде кызмат кыла баштадык. Бейтелдеги жооптуу бир туугандар мени убактылуу эле жардам берүүгө чакырышты болуш керек деп ойлогом. Бирок баары башкача болуп чыкты.

Үйлөнгөнүмдө Глория кандай асыл бермет болсо, азыр деле ошондой

Алгач кызмат бөлүмүнө дайындалып, ал жерден көп нерсеге үйрөндүм. Ал бөлүмдөгү бир туугандарга өлкөнүн ар кайсы жагындагы аксакалдар кеңештеринен, райондук көзөмөлчүлөрдөн келген көптөгөн татаал, курч суроолорду чечүүгө туура келет. Мени үйрөтүүдө жардамын аябаган, чыдамдуу бир туугандарга абдан ыраазымын. Эгер ал бөлүмгө кайра дайындалсам, дагы деле көп нерсени үйрөнүшүм керек болмок.

Глория экөөбүзгө бейтелдик жашоо абдан жагат. Биз башынан эле эрте турганды жакшы көрчүбүз. Бейтелде бул адатыбыздын пайдасы тийип жатат. Бейтелге баргандан бир жылдай убакыт өткөндөн кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин Кызмат комитетинин жардамчысы катары кызмат кыла баштадым. Ал эми 1999-жылы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп дайындалдым. Ушул кызматты аткарып жатып бир топ нерсеге үйрөндүм. Баарынан да маанилүүсү, жыйналыштын башчысы кайсы бир адам эмес, Иса Машаяк экенин айкын түшүндүм.

1999-жылдан бери Жетектөөчү Кеңештин мүчөсүмүн

Өткөн күндөрүмө сереп салып, кээде өзүмдү Амос пайгамбардай сезип кетем. Жахаба ал момун койчуга көңүлүн бурган. Амос жылдын бир мезгилинде көптөр төмөн деп эсептеген жумушту аткарчу, тактап айтканда, жакырлардын азыгы катары каралган сикомор дарагынын мөмөсүн тилип иштечү. Кудай аны пайгамбар кылып дайындаган. Бул кызматтын аркасында анын рухий жактан байыганы шексиз (Амос 7:14, 15). Ошол сыяктуу эле Жахаба мага, Индиана штатындагы Либерти шаарында жашаган кедей дыйкандын уулуна, назарын салып, батасын мол төктү. Анын баталарын санаганга сан жетпейт! (Накыл 10:22). Ооба, башында колунда жок кедей болсом, аягында рухий жактан өзүм ойлогондон да көп байлыкка ээ болдум!