Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн «көп жемиш бере» беришибиз керек?

Эмне үчүн «көп жемиш бере» беришибиз керек?

«Силер көп жемиш берип, шакирттерим экениңерди далилдеп жатканыңардан улам Атам даңкталып жатат» (ЖКН. 15:8).

ЫРЛАР: 53, 60

1, 2. а) Өлөрүнө аз калганда Иса пайгамбар шакирттерине эмне жөнүндө айткан? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Кабар айтышыбызга кандай себептер бар экенин унутпаганыбыз эмне үчүн маанилүү? в) Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

ИСА МАШАЯК өлүм жазасына тартылганга чейинки түнү элчилери менен узакка чейин сүйлөшүп, аларды аябай жакшы көрөрүнө ынандырган. Ошондой эле мурунку макаладан билгенибиздей, жүзүм сабагы жөнүндө мисал айткан. Муну менен ал шакирттерин «көп жемиш бере» берүүгө — Падышалык жөнүндөгү кабарды талыкпай айта берүүгө — үндөгөн (Жкн. 15:8).

2 Бирок Иса пайгамбар аларга эмне кылышы керектигин эле эмес, аны эмне үчүн кылышы керектигин да түшүндүргөн. Башкача айтканда, кабар айтууга кандай себептер бар экенин айткан. Аларды карап чыкканыбыз эмне үчүн маанилүү? Эмне себептен кабар айта беришибиз керектигин эсибизден чыгарбасак, «бардык элдерге күбөлөндүрүү» ишинде туруктуу болууга түрткү алабыз (Мт. 24:13, 14). Бул макалада Ыйык Китепте жакшы кабарды жарыялай беришибизге кандай төрт себеп бар экенине токтолобуз. Андан тышкары, Жахабанын кайсы төрт белеги туруктуулук менен жемиш бере берүүгө көмөк кыларын талкуулайбыз.

ЖАХАБАНЫ ДАҢКТАЙБЫЗ

3. а) Жакан 15:8де кабар айтышыбыз керектигинин кайсы себеби жазылган? б) Исанын мисалындагы жүзүмдүн мөмөсү эмнени билдирет жана мындай салыштыруу эмне үчүн абдан орундуу?

3 Кабар айтканыбыздын эң негизги себеби — бүт адамзаттын алдында Жахабаны даңктоо жана анын ысмын ыйыктоо. (Оку: Жакан 15:1, 8.) Исанын Жахабаны багбанга — жүзүм өстүргөн кишиге — салыштырганына көңүл бурсаң. Ал эми өзүн жүзүм сабагына, жолдоочуларын бутактарга салыштырган (Жкн. 15:5). Андыктан жүзүмдүн мөмөсүн Машаяктын жолдоочулары берип жаткан Падышалыктын жемишине салыштыруу абдан орундуу. Иса элчилерине: «Силер көп жемиш берип... жатканыңардан улам Атам даңкталып жатат»,— деген. Жүзүм сабагы жакшы жемиш бергенде, аны өстүргөн багбан макталгандай эле, Падышалык жөнүндөгү кабарды колубуздан келишинче жакшы жарыялаганыбызда, Жахаба даңкталып-макталат (Мт. 25:20—23).

4. а) Кудайдын ысмын кантип ыйыктай алабыз? б) Кудайдын ысмын ыйыктоо сыймыгына ээ болгонуңа кандай карайсың?

4 Кандайча кабар айтуу иши Кудайдын ысмын ыйыктайт? Биз анын ысымын ыйыгыраак кыла албайбыз. Анткени ал башынан эле толук мааниде ыйык. Бирок Ышая пайгамбардын: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны ыйык туткула»,— деген сөздөрү көңүлгө аларлык (Ыш. 8:13). Кудайдын ысмын ыйыктоонун бир жолу — аны башка ысымдардан жогору көрүп, ыйык тутуу жана башкаларга да ошентүүгө жардам берүү (Мт. 6:9). Мисалы, Жахабанын кереметтүү сапаттары жана адамзатка байланыштуу өзгөрүлгүс ой-ниети жөнүндөгү чындыкты жарыялаганыбызда Шайтандын Жахаба тууралуу айткандарынын баары карандай калп экенин далилдейбиз (Башт. 3:1—5). Ошондой эле аймагыбыздагыларга Кудуреттүү Кудайыбыз Жахабанын «даңкталууга, урматталууга татыктуу» экенин түшүнүүгө көмөк кылганыбызда Кудайдын ысмын ыйыктаган болобуз (Аян 4:11). 16 жылдан бери пионер болуп кызмат кылып келаткан Руни мындай дейт: «Ааламдын Жаратканы жөнүндө күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенимди билгендиктен жүрөгүм ыраазычылыкка толот. Бул мага мындан ары да кабар айта бергенге түрткү берет».

ЖАХАБАНЫ ЖАНА АНЫН УУЛУН ЖАКШЫ КӨРӨБҮЗ

5. а) Жакан 15:9, 10до кабар айтышыбыз керектигинин кайсы себеби көрсөтүлгөн? б) Туруктуу болуунун маанилүүлүгүн Иса кантип баса белгилеген?

5 Оку: Жакан 15:9, 10. Жахабаны жана Исаны чын жүрөктөн сүйгөнүбүз — Падышалык жөнүндөгү кабарды эмне үчүн айтышыбыз керектигинин маанилүү себеби (Мр. 12:30; Жкн. 14:15). Иса Машаяк шакирттерин анын сүйүүсүнөн айрылбаганга чакырган. Эмне үчүн? Анткени акырына чейин Исанын жолдоочусу бойдон калуу үчүн туруктуулук керек. Иса мунун маанилүүлүгүн Жакан 15-бөлүмдүн 4—10-аяттарында баса белгилеген. Ал шакирттерине аны менен биримдикте болуп, сүйүүсүнөн айрылбашы керектигин кайра-кайра айткан.

6. Машаяктын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбей турганын кантип көрсөтөбүз?

6 Исанын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбесин жана дайыма ага жаккыбыз келерин кантип көрсөтө алабыз? Анын осуяттарын аткаруу менен. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ал бизге: «Мага баш ийгиле»,— деген. Чынында, Иса бизден өзү кылганды эле талап кылган. Себеби ал: «Мен Атамдын осуяттарын аткарып, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле...» — деген сөздөрдү да айткан. Ооба, ал бизге үлгү калтырган (Жкн. 13:15).

7. Баш ийүү менен сүйүүнүн кандай байланышы бар?

7 Баш ийүү менен сүйүүнүн ортосунда кандай байланыш бар экенин көрсөтүш үчүн Иса пайгамбар элчилерине: «Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт»,— деген (Жкн. 14:21). Исанын баргыла да, кабар айткыла деген буйругуна баш ийсек, Жахабаны да сүйөрүбүздү айгинелейбиз. Анткени анын осуяттары Атасынын көз карашын чагылдырып турат (Мт. 17:5; Жкн. 8:28). Ал эми Жахаба менен Иса сүйүүбүзгө жооп кайтарып, бизге дайыма сүйүү көрсөтүшөт.

ЭЛГЕ ЭСКЕРТЕБИЗ

8, 9. а) Дагы кайсы себептен улам кабар айтабыз? б) Эмне үчүн Жахабанын Жезекиел 3:18, 19дагы жана 18:23төгү сөздөрү кабар айта берүүгө түрткү берет?

8 Биз дагы бир себептен улам, тагыраак айтканда, башкаларга эскертүү үчүн кабар айтабыз. Ыйык Китепте Нух пайгамбар «кабарчы» деп айтылат. (Оку: 2 Петир 2:5.) Анын Топон сууга чейин жарыялаган кабары өз ичине алаамат келатканын эскертүүнү да камтыса керек. Эмне үчүн мындай жыйынтык чыгарууга болот? Исанын бул сөздөрүнө көңүл бурсаңар: «Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес. Адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот» (Мт. 24:38, 39). Замандаштары кош көңүл караса да, Нух ишенимдүүлүк менен Кудайдын эскертүүсүн айта берген.

9 Бүгүнкү күндө биз, башкалар Кудайдын адамзатка байланышкан ой-ниети жөнүндө биле алышы үчүн, Падышалык тууралуу кабар айтып жатабыз. Жахабага окшоп, биз да алардын жакшы кабарга кулак кагып, түбөлүккө «тирүү жүрүшүн» абдан каалайбыз (Жез. 18:23). Ошондой эле үйдөн үйгө, эл көп жүргөн жерлерде кабар айтканыбызда мүмкүн болушунча көптөргө Кудайдын Падышалыгы келерин жана ыймансыздыкка толгон бул дүйнөнү жок кыларын эскертебиз (Жез. 3:18, 19; Дан. 2:44; Аян 14:6, 7).

АДАМДАРДЫ ЖАКШЫ КӨРӨБҮЗ

10. а) Матай 22:39дан кабар айта беришибиз керектигинин кайсы себебин биле алабыз? б) Пабыл менен Сыластын Филипидеги түрмө сакчысына кантип жардам бергенин айтып бер.

10 Кабар айта беришибиз керектигинин дагы бир маанилүү себеби бар: биз адамдарга болгон сүйүүбүздөн улам кабар айтабыз (Мт. 22:39). Жагдай-шарты өзгөргөндө, адамдын ою да өзгөрүшү мүмкүн экенин түшүнгөндүктөн кабар айтуу ишин сүйүүбүздөн улам туруктуулук менен аткара беребиз. Элчи Пабыл менен шериги Сыластын кандай окуяга туш болгонун карап көрөлү. Филипи шаарында жүргөндө каршылаштары аларды түрмөгө камап салышкан. Анан түн ортосунда түрмөнү пайдубалынан бери солкулдаткан катуу жер титирөө болуп, эшиктери ачылып калган. Ошондо түрмө сакчысы камакта отургандарды качып кетти деп ойлоп, өзүн өлтүрмөкчү болгон. Бирок Пабыл: «Өзүңө зыян келтирбе!» — деп кыйкырып, аны токтотуп калган. Алапайын таппай турган түрмө сакчысы алардан: «Куткарылыш үчүн эмне кылышым керек?» — деп сураган. Алар ага: «Мырзабыз Исага ишен, ошондо... куткарыласың»,— дешкен (Элч. 16:25—34).

Жахабага, Исага жана адамдарга болгон сүйүү бизге кабар айтууга түрткү берет (5, 10-абзацтарды кара)

11, 12. а) Түрмө сакчысы жөнүндөгү билдирүүнүн кабар айтуу ишибизге кандай байланышы бар? б) Эмне үчүн кабар айтуу ишин уланта бергибиз келет?

11 Түрмө сакчысы жөнүндөгү билдирүүдөн кабар айтуу ишине байланыштуу эмнени билүүгө болот? Эске алчу нерсе, түрмө сакчысы жер титирегенден кийин гана көз карашын өзгөртүп, жардам сураган. Анын сыңарындай, мурун Ыйык Китептеги кабарга кулак какпагандардын айрымдары, жашоосунда каймана мааниде жер титирөө болгондо, оюн өзгөртүп, жардам издеши мүмкүн. Алсак, аймагыбыздагы кээ бир адамдар көптөн бери иштеп келаткан жумушунан айрылып, эмне кыларын билбей жаткандыр. Башкалары жакында эле өмүрлүк жары менен ажырашып, кайгырып жүргөндүр. Дагы бирөөлөрү болсо катуу ооруга чалдыгып же жакынынан айрылып, жүрөгү сыздап жаткандыр. Ушундай жагдайга туш болгондо айрымдар мурун маани бербеген суроолор жөнүндө, мисалы, жашоонун маңызы тууралуу ой жүгүртө башташы мүмкүн. Атүгүл, мындайча айтканда: «Куткарылыш үчүн эмне кылышым керек?» — деп ойлоно башташы ыктымал. Андай адамдар менен сүйлөшкөнүбүздө, алар үмүт берерлик кабарыбызга өмүрүндө биринчи жолу кызыгышы мүмкүн.

12 Андыктан кабар айтуу ишине ишенимдүүлүк менен катыша берсек, кабарыбызды угууга даяр болуп калгандарды өз убагында сооротуп-жубата алабыз (Ыш. 61:1). Толук убакыт кызматты 38 жылдан бери аркалап келаткан Шарлот: «Адамдар азыр адашып жүрөт. Алар жакшы кабарды угууга муктаж»,— дейт. Ал эми пионер болгонуна 34 жыл болуп калган Эвор мындай дейт: «Азыр мурункуга караганда ушунчалык көп адамдардын жан дүйнөсү жабыркап, мүңкүрөп жүрүшөт. Аларга аябай жардам бергим келет. Ушундан улам кабар айтууга түрткү алам». Ооба, адамдарга болгон сүйүү — кызматты туруктуулук менен аткарууга түрткү берген орчундуу себеп!

КЫЗМАТЫБЫЗДЫ УЛАНТА БЕРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕН БЕЛЕКТЕР

13, 14. а) Жакан 15:11де кайсы белек жөнүндө айтылат? б) Канткенде Исаныкындай кубанычты сезе алабыз? в) Кубаныч кызматыбызга кандай таасир этет?

13 Өлөрүнө чейинки түнү Иса Машаяк элчилерине жемиш бере берүүгө көмөк кыла турган белектер жөнүндө да айткан. Алар эмне болгон белектер жана алардын бизге кандай пайдасы бар?

14 Кубаныч. Исанын кабар айтууга байланыштуу берген буйругу оор жүктөйбү? Албетте, жок! Жүзүм сабагы жөнүндө мисал келтиргенден кийин Иса Падышалыктын жарчыларынын ал ишти аткаруудан кубаныч аларын айткан. (Оку: Жакан 15:11.) Ал бизди өзүнүкүндөй кубанычты сезе аларыбызга ынандырган. Аны кантип сезе алабыз? Жогоруда айтылгандай, Иса өзүн жүзүм сабагына, шакирттерин бутактарга салыштырган. Бутактар азыкты жүзүм сабагынан алат. Сабактан ажырап калбаса эле, бутактар ал аркылуу сууну жана керектүү азыктарды алып турат. Ошо сыңары, Иса Машаяктын изи менен так жүрүп, аны менен дайыма биримдикте болсок, ал Атасынын эркин аткаруудан кандай кубаныч алса, биз да ошондой кубаныч алабыз (Жкн. 4:34; 17:13; 1 Пет. 2:21). 40 жылдан ашуун убакыттан бери пионер болуп келаткан Хани: «Кызматтан алган кубанычым Жахабага кылган кызматымды уланта берүүгө жардам берет»,— дейт. Ырас, жүрөгүбүздөгү терең кубаныч кабар айтуу кыйын болгон аймактарда да талыкпай кызмат кыла бергенге дем-күч берет (Мт. 5:10—12).

15. а) Жакан 14:27де кайсы белек жөнүндө жазылган? б) Тынчтык бизге жемиш бере берүүгө кандайча жардам берет?

15 Тынчтык. (Оку: Жакан 14:27.) Жердеги жашоосунун акыркы түнү Иса элчилерине: «Мен силерге... өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам»,— деп да айткан. Ал белек — анын тынчтыгы — бизге жемиш берүүгө кандайча жардам берет? Туруктуулук менен кабар айта берсек, Жахабага жана Исага жагарыбызды билип, жүрөгүбүз тынчтыкка бөлөнөт (Заб. 149:4; Рим. 5:3, 4; Кол. 3:15). Толук убакыт кызматты 45 жылдан бери аткарып келаткан Улф: «Кабар айтканда кээде чарчайм, бирок бул иш мага чыныгы канааттануу тартуулап, жашоомду маңызга толтурат»,— деп бөлүшөт. Жан дүйнө тынчтыгына ээ болгонубуз үчүн кандай гана ыраазыбыз!

16. а) Жакан 15:15тен кайсы белек тууралуу биле алабыз? б) Элчилер канткенде Иса менен дос бойдон кала алышмак?

16 Достук. Элчилеринин кубанычты «толук сезишин» каалаарын айткандан кийин Иса аларга жан аябас сүйүү көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүргөн (Жкн. 15:11—13). Анан: «Мен силерди досторум деп атадым»,— деген. Иса менен дос болуу кандай гана баа жеткис белек! Элчилер аны менен дос бойдон калыш үчүн эмне кылышы зарыл эле? Алар «дайыма көп жемиш бериши» керек болчу. (Оку: Жакан 15:14—16.) Эки жылдай мурун Иса Машаяк элчилерине: «Баратканыңарда: „Асман Падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла»,— деп буйрук берген (Мт. 10:7). Демек, өлөрүнө чейинки түнү ал аларды ошол ишин туруктуулук менен уланта берүүгө үндөгөн (Мт. 24:13; Мр. 3:14). Анын буйругун аткаруу оңой болмок эмес, бирок алар ийгиликке жетип, ошонун аркасында анын достору бойдон кала алышмак. Кантип? Дагы бир белектин жардамы менен.

17, 18. а) Жакан 15:16да кайсы белек жөнүндө айтылат? б) Ал белек Исанын шакирттерине кандайча жардам бермек? в) Жемиш берүүгө бизге кайсы белектер көмөк кылат?

17 Тиленүүгө жооп алуу. Иса пайгамбар: «Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал силерге берет»,— деген (Жкн. 15:16). Бул убада элчилерди абдан бекемдегени шексиз! * Алар Мырзасынын жакында өлөрүн айкын түшүнүшкөн эмес. Бирок ал өлгөндөн кийин деле, алар колдоосуз калбайт болчу. Жахаба алардын тиленүүсүн угуп, Падышалык жөнүндө кабар айтуу үчүн зарыл болгон жардамды берүүгө даяр болчу. Көп өтпөй эле алар Жахабанын тиленүүгө чындап эле жооп берерине ынанышкан (Элч. 4:29, 31).

Жахабадан жардам беришин сурап тиленгенибизде, ал сөзсүз жооп берет (18-абзацты кара)

18 Бүгүн да ошондой. Туруктуулук менен жемиш берсек, Иса менен дос боло алабыз. Андан сырткары, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтууда кабылган тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам беришин сурап тиленгенибизде Жахабанын сөзсүз жооп берерине шектенбесек болот (Флп. 4:13). Тиленүүбүзгө жооп алып жатканыбыз жана Иса менен дос болгонубуз үчүн кандай гана ыраазыбыз! Ооба, Жахаба берген бул белектер бизге туруктуулук менен жемиш бергенге көмөк кылат (Жкп. 1:17).

19. а) Эмне үчүн кабар айта беребиз? б) Кудайдын ишин акырына чейин аткарууга эмне жардам берет?

19 Ушул макалада талкуулаганыбыздай, биз Жахабаны даңктап, анын ысмын ыйыкташ үчүн, аны жана Исаны сүйөрүбүздү айгинелеш үчүн, элге эскертиш үчүн, башкаларга сүйүү көрсөтүш үчүн талыкпай кабар айта беребиз. Ошондой эле Кудай берген белектер: кубаныч, тынчтык, достук, тиленүүбүзгө жооп алганыбыз анын ишин акырына чейин аткарууга дем-күч берет. «Көп жемиш бере» берүүгө чын жүрөктөн аракет кылып жатканыбызды көргөндө Жахаба абдан сүйүнөт!

^ 17-абз. Элчилери менен сүйлөшүп жатканда Иса аларды тиленүүсүнө жооп алышарына кайра-кайра ынандырган (Жкн. 14:13; 15:7, 16; 16:23).