Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Душманыбызды жакшы билели

Душманыбызды жакшы билели

«[Шайтандын] айла-амалдары бизге белгилүү» (2 КОР. 2:11).

ЫРЛАР: 150, 32

1. Эйден багында Жахаба душманыбыз жөнүндө эмнелерди ачып берген?

АДАМ АТАНЫН жыландын сүйлөй албай турганын билгени шексиз. Андыктан ал Обо энеге жылан аркылуу рухий жаратуулардын бири сүйлөгөнүн түшүнсө керек (Башт. 3:1—6). Обо эне экөө ал рухий жаратуу жөнүндө дээрлик эч нерсе билишчү эмес. Ошентсе да Адам ата өзү жакшы билбеген ошол жаратууга кошулуп, Кудайдын эркине каршы иш кылган. Ошентип, билип туруп асмандагы мээримдүү Атасынан баш тарткан (1 Тим. 2:14). Ошондо Жахаба дароо иш-аракет кылган, тактап айтканда, Адам ата менен Обо энени азгырган ал душманды акыры жок кыларын убада кылып, ал жөнүндө ачып бере баштаган. Андан сырткары, жылан аркылуу сүйлөгөн ал рухий жаратуунун Кудайды жакшы көргөндөргө белгилүү бир убакыт бою каршылык көрсөтөрүн да айткан (Башт. 3:15).

2, 3. Машаяк келгенге чейин, кыязы, кайсы себептен улам башкы душманыбыз жөнүндө аз эле айтылган?

2 Акылмандыгынан улам Жахаба өзүнө каршы чыккан ошол периштенин ысмы ким экенин такыр айткан эмес *. Атүгүл анын Эйден багындагы козголоңдон кийин кандай атка конгонун ошондон 2 500 жылдай убакыт өткөнгө чейин ачып берген эмес (Аюп 1:6). Еврей Жазмаларынын үч эле китебинде: 1 Жылнаама, Аюп жана Закарыя китептеринде гана анын «Душман» дегенди билдирген Шайтан деген наамы кездешет. Машаяк келгенге чейин башкы душманыбыз жөнүндө эмне үчүн аз эле айтылган?

3 Кыязы, Жахаба Еврей Жазмаларында Шайтан жана анын иш-аракеттери тууралуу көп айтылып, ага ашыкча көңүл бурулушун каалаган эмес көрүнөт. Жахаба Еврей Жазмаларын, негизинен, элге Машаяктын ким экенин аныктап билүүгө жана аны кабыл алууга жардам бериш үчүн жаздырган (Лк. 24:44; Гал. 3:24). Машаяк келгенден кийин, Жахаба аны жана анын шакирттерин колдонуп, Шайтан менен ага кошулуп кеткен периштелер жөнүндө көбүрөөк ачып берген *. Анын мындай кылганы туура болгон. Анткени Жахаба Шайтан менен аны жактагандарды жок кылыш үчүн Иса Машаякты жана аны менен чогуу бийлик кыла турган майлангандарды колдонот (Рим. 16:20; Аян 17:14; 20:10).

4. Эмне үчүн Шайтандан өтө эле коркуп, тынчсыздана бербешибиз керек?

4 Элчи Петир Шайтан Ибилисти «арылдаган арстан» деп, ал эми Жакан жылан жана ажыдаар деп сыпаттаган (1 Пет. 5:8; Аян 12:9). Бирок Шайтандан өтө эле коркуп, тынчсыздана бербешибиз керек, себеби анын күчү чектелүү. (Оку: Жакып 4:7.) Бизди Жахаба, Иса, ишенимдүү периштелер колдоп турат. Алардын жардамы менен душманыбызга каршы тура алабыз. Ошентсе да төмөнкү үч маанилүү суроого жооп алышыбыз керек: Шайтан канчалык деңгээлде таасир эте алат? Ал адамдарга кандай жолдор менен таасир этүүгө аракет кылат? Анын күчү кайсы жактардан чектелүү? Бул суроолордун жообун талкуулап жатканда эмнелерге үйрөнсөк болоруна да токтолобуз.

ШАЙТАН КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ТААСИР ЭТЕ АЛАТ?

5, 6. Эмне үчүн жердеги бир да өкмөт адамзат зар болуп турган өзгөрүүлөрдү кыла албайт?

5 Көптөгөн периштелер Шайтанга кошулуп, Кудайга каршы чыгышкан. Топон сууга чейин ал айрым периштелерди адамдардан төрөлгөн кыздар менен жыныстык мамиледе болгонго азгырган. Бул Ыйык Китептеги ажыдаардын каймана мааниде өзү менен кошо асмандагы жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүн кулатканы жөнүндөгү билдирүүдөн айкын болууда (Башт. 6:1—4; Жүй. 6; Аян 12:3, 4). Ал периштелер Кудайдын үй-бүлөсүндөгү ордун таштап кеткенден кийин Шайтандын көзөмөлү астында болуп калышкан. Бирок алар тек гана дүрбөлөң салган козголоңчулар эмес. Шайтан Кудайдын Падышалыгына окшоштуруп өзүнүн өкмөтүн түзүп, падыша болуп алган. Көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө ал жин-перилерден өзүнчө өкмөттөрдү уюштуруп, аларга бийлик берип, дүйнөнүн башкаруучулары кылып койгон (Эф. 6:12).

6 Өзүнүн өкмөтү аркылуу Шайтан адамдар башкарган бардык өкмөттөргө бийлик жүргүзөт. Бул анын Иса Машаякка «жер жүзүндөгү бардык падышалыктарды» көрсөтүп: «Сага ушул падышалыктардын бийлигин, атак-даңкын берем, анткени ал бийлик мага берилген. Мен аны, кимге кааласам, ошого берем»,— деп айтканынан көрүнүп турат (Лк. 4:5, 6). Бирок Шайтандын терс таасирине карабай, көптөгөн өкмөттөр жарандары үчүн кандайдыр бир деңгээлде жакшы иштерди кылышат. Ошондой эле кээ бир башкаруучулардын ниети чындап эле жакшы болот. Анткен менен жердеги бир да өкмөт же башкаруучу адамзат зар болуп турган өзгөрүүлөрдү кыла албайт (Заб. 146:3, 4; Аян 12:12).

7. Кандайча Шайтан өкмөттөрдү эле эмес, жалган дин менен коммерция түзүлүшүн да колдонот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

7 Шайтан менен жин-перилер «бүт жер жүзүн адаштырыш» үчүн өкмөттөрдү эле эмес, жалган дин менен коммерция түзүлүшүн да колдонот (Аян 12:9). Жалган дин аркылуу Шайтан Жахаба жөнүндө ар кандай калпты жайылтууда. Ал Кудайдын ысмын мүмкүн болушунча көптөрдөн жашырууну көздөйт (Жер. 23:26, 27). Ошондуктан Кудайга сыйынып жатам деп ойлогон жүрөгү таза адамдар адашып, жиндерге сыйынып жатышат (1 Кор. 10:20; 2 Кор. 11:13—15). Шайтан коммерция түзүлүшү аркылуу да жалганды жайылтууда. Мисалы, бул дүйнөдө көптөр акчаны күрөп табуу, дүнүйө-мүлк топтоо бактылуу болуунун эң мыкты жолу деп эсептейт (Накыл 18:11). Мындай калпка ишенгендер Кудайга эмес, «байлыкка» кызмат кылып калышат (Мт. 6:24). Анын натыйжасында материалдык нерселерге болгон сүйүүсү Кудайга болгон сүйүүсүн сүрүп чыгарып салат (Мт. 13:22; 1 Жкн. 2:15, 16).

8, 9. а) Адам ата, Обо эне жана козголоңчул периштелер жөнүндөгү билдирүүлөрдөн кайсы эки маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз? б) Шайтандын канчалык деңгээлде таасир этерин билгенибиз эмнеси менен пайдалуу?

8 Адам ата, Обо эне жана Кудайга каршы иш кылган периштелер жөнүндөгү билдирүүлөрдөн, бери дегенде, эки маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. Биринчиден, эки эле тарап бар, биз анын бирин тандашыбыз керек. Башкача айтканда, биз же Жахабага берилгендик сактайбыз, же Шайтандын тарабын жактайбыз (Мт. 7:13). Экинчиден, Шайтанга кошулгандардын көргөн пайдасы чектелүү эле болот. Алсак, Адам ата менен Обо эне эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча чечүүгө, ал эми жин-перилер адамдар башкарган өкмөттөргө кандайдыр бир деңгээлде таасир этүүгө мүмкүнчүлүк алышкан (Башт. 3:22). Бирок Шайтандын тарабын ээлөө дайыма каргашалуу болгондуктан, анын кесепети ал сунуш кылган жана пайдалуудай көрүнгөн нерселерден алда канча ашып түшөт (Аюп 21:7—17; Гал. 6:7, 8).

9 Шайтандын канчалык деңгээлде таасир этерин билип алганыбыз эмнеси менен пайдалуу? Бул бизге бийликтегилерге карата тең салмактуу көз карашта болгонго жана кабар айтуу ишин уланта бергенге түрткү берет. Жахаба бийлик башындагыларды сыйлашыбызды каалайт (1 Пет. 2:17). Ошондой эле анын мыйзам-принциптерине каршы келбесе, өкмөт чыгарган мыйзамдарга баш ийишибизди күтөт (Рим. 13:1—4). Бирок биз кайсы бир саясий партияны же башкаруучуну башкалардан жогору койбой, бейтараптуулукту сакташыбыз керектигин түшүнөбүз (Жкн. 17:15, 16; 18:36). Шайтандын Жахабанын ысымын каралап, кадыр-баркын түшүрүүгө аракет кылып жатканын билгендиктен башкаларга Кудайыбыз жөнүндөгү чындыкты окутуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Кудайдын ысмы менен аталууну жана ага ысмынан кайрылууну сыймык деп эсептейбиз, себеби ага болгон сүйүү акчага же дагы башка нерсеге болгон сүйүүгө караганда көп пайда алып келерин билебиз (Ыш. 43:10; 1 Тим. 6:6—10).

КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ТААСИР ЭТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛАТ?

10—12. а) Шайтан айрым периштелерди азгыруу үчүн, сыягы, кандай ыкманы колдонгон? б) Көп периштелердин кайырмакка түшүп калганынан кандай сабак алсак болот?

10 Шайтан адамдарга таасир этиш үчүн күчтүү ыкмаларды колдонот. Айталы, өзүнө жаккандай иш кылдыруу үчүн азгырат. Ошондой эле өзүнө баш ийдирүү үчүн кээде сокку урат, кысым көрсөтөт.

11 Шайтандын көп периштелерди кайырмагына түшүрүү үчүн колдонгон ыкмасы канчалык натыйжалуу болгонун карап көрөлү. Өзү тарапка тартыш үчүн ал аларга бир топ убакыт бою байкоо салып жүрсө керек. Айрым периштелер анын жемине кызыгып, кыздар менен жыныстык мамиледе болгон. Алардан төрөлгөн табияттан тыш балдар адамдарга ырайымсыз мамиле кылышкан (Башт. 6:1—4). Кыязы, Шайтан ишенимсиз периштелерди жыныстык мамиледе болууга эле эмес, адамзаттын үстүнөн бийлик берерин убада кылып да азгырган көрүнөт. Ал Кудайдын аялдын тукуму жөнүндөгү убадасынын аткарылышына тоскоолдук кылууну көздөсө керек (Башт. 3:15). Кандай болбосун, Жахаба жер бетине Топон суу каптатып, Шайтан менен анын тарабына өтүп кеткен периштелердин аракетине бөгөт койгон.

Шайтан бизди төмөнкүлөр аркылуу кылтакка түшүрүүнү көздөйт: адеп-ахлаксыздык, текебердик, спиритизм (12, 13-абзацтарды карагыла)

12 Бул окуядан эмнени билүүгө болот? Адеп-ахлаксыздыктын же текебердиктин капканына түшпөйм деп эч качан ойлобойлу. Шайтанга кошулуп кеткен периштелер көп кылымдар бою Кудайдын жанында болуп, ага кызмат кылышкан. Ошондой сонун чөйрөдө жүрүшсө да, көптөрү туура эмес каалоолордун тамыр алып, өрчүп кетишине жол берип коюшкан. Анын сыңарындай, биз да Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгүндө ондогон жылдардан бери кызмат кылып келатышыбыз мүмкүн. Бирок ушундай рухий жактан таза чөйрөдө жүрсөк да, жүрөгүбүздө таза эмес ойлор тамырлап кетиши ыктымал (1 Кор. 10:12). Андыктан жүрөгүбүздү дайыма текшерип турганыбыз, адеп-ахлаксыз ойлорду, текебердикти четке какканыбыз кандай гана маанилүү! (Гал. 5:26; оку: Колосалыктар 3:5).

13. Шайтандын тузактарынын дагы бири кайсы жана канткенде андан сак боло алабыз?

13 Шайтан көп колдонгон тузактардын дагы бири — табияттан тыш нерселерге кызыктыруу. Бүгүнкү күндө ал жалган дин аркылуу эле эмес, көңүл ачуу тармагы аркылуу да адамдардын жин-перилердин иштерине болгон кызыгуусун арттырууда. Фильмдерде, электрондук оюндарда жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында спиритизм абдан кызыктуу нерседей көрсөтүлөт. Андай тузакка түшүп калбаш үчүн эмне кылышыбыз кажет? Биз Кудайдын уюму кандай көңүл ачуулар ылайыктуу, кайсылары ылайыксыз экенин тизмелеп берет деп күтпөшүбүз керек. Ар бирибиз абийирибизди Кудайдын нормаларына ылайык үйрөтүшүбүз зарыл (Евр. 5:14). Эгер элчи Пабылдын кеңешине кулак кагып, Кудайды «эки жүздүүлөнбөй» сүйсөк, акылдуулук менен чечим чыгарабыз (Рим. 12:9). Өзүбүздөн мындай деп сурап көрсөк болот: «Тандаган көңүл ачуумдан улам эки жүздүүдөй көрүнүп калбаймынбы? Мен ыйык китептик изилдөө өткөрүп жаткан же кайра жолугууга барып жүргөн киши кантип көңүл ачарымды көрсө, эмне деп ойлойт? Айткан кабарына ылайык жашайт экен деп ойлойбу?» Сөзүбүз менен ишибиз канчалык дал келсе, Шайтандын тузагынан ошончолук алыс болобуз (1 Жкн. 3:18).

Шайтандын кысым көрсөтүү жолдору: өкмөттөрдүн тыюу салышы, классташтардын кысымы, үйдөгүлөрдүн каршылыгы (14-абзацты карагыла)

14. Шайтан бизге кандай жолдор менен кысым көрсөткөнгө аракет кылат жана андайда багынбаганга эмне жардам берет?

14 Шайтан бизди ар кандай жолдор менен азгыргандан тышкары, Жахабага болгон берилгендигибизден тайдырыш үчүн кысым көрсөтөт. Алсак, өкмөттөгүлөрдү кабар айтуу ишибизге тыюу салууга же жумушубуздагыларды, классташтарыбызды Ыйык Китептеги нормаларга ылайык жашаганыбыз үчүн бизди шылдыңдоого түртүшү мүмкүн (1 Пет. 4:4). Ошондой эле ал үйдөгүлөрүбүзгө да таасир эткендиктен, алар жакшы эле ой менен бизге жыйналыштарга барууга жолтоо кылышы ыктымал (Мт. 10:36). Андайда багынбаганга эмне жардам берет? Биринчиден, Шайтан биз менен согушуп жаткандыктан, анын түзмө-түз кол саларына даяр болушубуз керек (Аян 2:10; 12:17). Экинчиден, андай сыноолорго кабылганда маанилүү маселени эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Шайтан адамдар оңой болгондо гана Жахабага кызмат кылышат, ал эми кыйынчылыкка кабылганда андан баш тартып кетишет деп айткан (Аюп 1:9—11; 2:4, 5). Үчүнчүдөн, Жахабага таянып, чыдаганга күч беришин сурашыбыз зарыл. Ал бизди эч качан калтырбай турганын унутпайлы (Евр. 13:5).

ШАЙТАНДЫН КҮЧҮ КАЙСЫ ЖАКТАРДАН ЧЕКТЕЛҮҮ?

15. Шайтан бизди өзүбүз каалабаган нерсени кылууга мажбурлай алабы? Түшүндүргүлө.

15 Шайтан адамдарды өздөрү каалабаган нерсени кылууга мажбурлай албайт (Жкп. 1:14). Көптөр өздөрү билбей эле Шайтандын эркине ылайык иш кылышат. Бирок чындыкты таанып-билгенден кийин кимге кызмат кыларын ар бир адам өзү чечет (Элч. 3:17; 17:30). Эгер Кудайдын эркин аткарууга чечкиндүү болсок, Шайтан кынтыксыздыгыбыздан эч качан тайдыра албайт (Аюп 2:3; 27:5).

16, 17. а) Шайтан менен жин-перилердин күчү дагы кайсы жактан чектелүү? б) Эмне үчүн үнүбүздү чыгарып тиленгенден коркпошубуз керек?

16 Шайтан менен жин-перилердин күчү дагы башка жактардан чектелүү. Маселен, алардын адамдардын оюнда же жүрөгүндө эмне бар экенин окуй алары Ыйык Китептин эч жеринде айтылбайт. Андай жөндөмдүүлүк Жахаба менен Исада гана бар (1 Шем. 16:7; Мр. 2:8). Анда үнүбүздү чыгарып тиленүү жөнүндө эмне айтууга болот? Шайтан же жин-перилер тиленүүбүздү угуп, тоскоолдук кылат деп коркушубуз керекпи? Жок. Эмне үчүн? Мисалы, биз Шайтан көрүп коёт деп коркуп, Жахабага кызмат кылууда жакшы иштерди кылбай койбойбуз. Ошо сыңары, Шайтан угуп коюшу мүмкүн деп ойлоп, үнүбүздү чыгарып тиленгенден коркпошубуз керек. Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын үнүн чыгарып тиленгени жөнүндө көп айтылат, бирок анын эч жеринде алардын Шайтан угуп коёт деп корккону жазылбайт (1 Пад. 8:22, 23; Жкн. 11:41, 42; Элч. 4:23, 24). Эгер Кудайдын эркине ылайык сүйлөгөнгө жана иш-аракет кылганга бүт күчүбүздү жумшасак, ал Шайтандын бизге орду толгус зыян келтиришине жол бербей турганына бекем ишенсек болот. (Оку: Забур 34:7.)

17 Биз душманыбызды жакшы билишибиз, бирок андан коркпошубуз керек. Жахабанын колдоосу менен жеткилеңсиз адамдар да Шайтанды жеңе алышат (1 Жкн. 2:14). Эгер ага каршы турсак, ал бизден качат (Жкп. 4:7; 1 Пет. 5:9). Шайтан өзгөчө жаштарды мээлеп жаткандай сезилет. Ага багынбай, бекем туруш үчүн жаштар эмне кылса болот? Бул суроону кийинки макалада талкуулайбыз.

^ 2-абз. Ыйык Китепте айрым периштелердин аты жазылган (Бий. 13:18; Дан. 8:16; Лк. 1:19; Аян 12:7). Жахабанын ар бир жылдызды атынан атаганын эске алганда (Заб. 147:4), бардык периштелердин, анын ичинде Шайтан болуп калган периштенин да ысмы болгон деп жыйынтык чыгарууга болот.

^ 3-абз. Шайтан деген наам Еврей Жазмаларында 18 эле жолу, ал эми Грек Жазмаларында 30дан ашуун жолу кезигет.