Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нижня Апшада өткөн облустук жыйын, 2012-жыл

Мол түшүм!

Мол түшүм!

ИСА МАШАЯК жолдоочуларынын акыркы күндөрдө мол түшүм жыйнаарын алдын ала айткан (Мт. 9:37; 24:14). Анын сөздөрү Украинанын Закарпатье облусунда кандай өзгөчө жол менен аткарылып жатканын карап көрөлү. Ал жактагы кошуна жайгашкан үч шаарчада эле 50 жыйналыш бар *. Аларда 5 400дөн ашык жарчы кызмат кылат. Ошол үч шаарчанын жалпы элин кошкондо, ар бир төртүнчү киши Жахабанын Күбөсү!

Ал аймакта кандай адамдар жашайт? «Бул жактагылар Ыйык Китепти, адилеттикти жогору баалашат, үй-бүлөлөр абдан бекем, эл бири-бирине чын жүрөктөн жардам берет»,— дейт Василе деген жергиликтүү бир тууган. Анан: «Алар биз ишенген нерселерге дайыма эле макул боло беришпейт. Бирок Ыйык Китептен бир нерсе окуп бергенде, аябай кунт коюп угушат»,— деп кошумчалайт.

Албетте, жарчылар ушунчалык көп болгон ошондой жерде кабар айтууда бир туугандар өзүнчө бир кыйынчылыктарга кабылышат. Мисалы, бир жыйналыш 134 жарчыдан турат, ал эми анын аймагында 50 эле үй бар. Бир туугандар жагдайга кантип ылайыкташып жатат?

Көптөгөн ишенимдештерибиз муктаждык чоң аймактарга барып кабар айтууга аракет кылышат. 90 жаштагы Йонаш деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Биздин жыйналыштын аймагында 1 жарчыга 2 үй туура келет. Азыр өзүм жашаган жерде кабар айтам. Бирок ден соолугум начарлаганга чейин, 160 чакырымдай алыстыктагы дайындалбаган аймакка барып, венгр тилинде кабар айтчумун». Башка аймактарды иштетүүгө жардам берүү үчүн жарчылардан күч-аракет талап кылынат. Йонаш ата: «Поездге жетишип калыш үчүн таңкы 4тө турчумун. Анан кечки 6га чейин кабар айтчумун. Поезд ошол убакта кайра артты көздөй жөнөчү. Жумасына 2 же 3 күн ошентчүмүн»,— деп эскерет. Ал кылган аракетинин акыбети кайтты деп эсептейби? «Кызматтын ушундай түрүнө катышуудан зор кубаныч алдым. Алыс жактагы бир үй-бүлөгө чындыкты таанып-билүүгө жардам берүү мага ыракат тартуулачу»,— дейт ал.

Албетте, ал жактагы жыйналыштардагы жарчылардын ар бири эле алыс жерлерге барып кызмат кыла албайт. Анткен менен баары, анын ичинде кары ишенимдештерибиз да жергиликтүү аймакты кылдат иштетүүгө күч жумшап жатышат. Мунун аркасында 2017-жылы ушул үч шаарчада өткөрүлгөн Эскерүү кечесине катышкандардын жалпы саны жарчылардын санынан дээрлик эки эсе көп болгон. Бул ошол жактагы калктын жарымына барабар. Ооба, кайсы жерде кызмат кылбайлы, жумуш арбын болгондуктан, «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенишибиз» керек (1 Кор. 15:58).

^ 2-абз. Ал шаарчалар: Глибокий Потик, Середне-Водяне жана Нижня Апша.