Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Абийириңди Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык тарбияла

Абийириңди Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык тарбияла

«Насааттарың тууралуу ой жүгүртөм» (ЗАБ. 119:99).

ЫРЛАР: 127, 88

1. Адамдардын жаныбарлардан айырмаланып турганынын бир себеби кайсы?

АДАМДАРДЫН жаныбарлардан айырмаланып турганынын бир себеби аларда абийир бар. Алар жаралгандан тартып эле ушундай өзгөчөлүккө ээ. Адам ата менен Обо эне Жахабанын мыйзамын бузгандан кийин андан жашынып калышкан. Бул аларды абийири кыйнаганын көрсөтүп турат.

2. Абийирибиз кандайча компаска окшош? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

2 Абийирин туура эмес тарбиялагандарды компасы бузук кемеге окшоштурууга болот. Багытты туура көрсөтпөгөн компасты колдонуу абдан кооптуу. Шамалдан, суунун агымынан улам кеме оңой эле башка жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Андайда туура иштеген компас кеме башчысына жолдон адашпаганга жардам берет. Компас сыңары, абийирибиз бизге адеп-ахлактык жактан багыт берип турат. Абийир — бул жаман-жакшыны ажырата билип, туура жолду көрсөткөн ички туюм. Бирок ал жакшы жетекчилик бериши үчүн, аны туура тарбиялашыбыз керек.

3. Абийирди туура үйрөтпөсө, натыйжасы кандай болот?

3 Эгер адамдын абийири тийиштүү түрдө үйрөтүлбөсө, аны жаман иш кылуудан сактабайт (1 Тим. 4:1, 2). Атүгүл «жаманды жакшы» деп ойлошуна алып келиши мүмкүн (Ыш. 5:20). Иса Машаяк жолдоочуларына: «Силерди өлтүрүп жаткандардын ар бири „Кудайга ыйык кызмат кылып жатам“ деп ойлой турган убак келет»,— деп эскерткен (Жкн. 16:2). Степан деген шакиртти өлтүргөндөр жана дагы башка кишилер так ошентип ойлошкон (Элч. 6:8, 12; 7:54—60). Тарых бою көптөгөн динчил кишилер кан төгүү сыяктуу олуттуу кылмыштарды кылып, ошол эле учурда Кудайга сыйынып жатабыз деп айтышкан. Бирок, чынында, алардын кылганы Кудайдын мыйзамдарына караманча каршы келген (Чыг. 20:13). Ооба, аларга абийири туура эмес багыт берген.

4. Абийирибиз туура иштеши үчүн, эмне кылсак болот?

4 Абийирибиз дайыма тийиштүү түрдө иштеши үчүн, эмне кылышыбыз керек? Кудайдын Сөзүндөгү мыйзам-принциптер «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тим. 3:16). Андыктан Ыйык Китепти казып изилдеп, анда жазылгандар тууралуу ой жүгүртүп, аларды жашообузда колдонсок, абийирибиз Кудайдын ой жүгүртүүсүнө ылайык калыптана берет. Натыйжада ал бизге ар убак туура жолду көрсөтүп турат. Анда эмесе, Жахабанын мыйзам-принциптери абийирибизди тарбиялоого кандайча көмөк кыларына токтололу.

КУДАЙДЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЖЕТЕКТЕЛ

5, 6. Канткенде Кудайдын мыйзамдары бизге пайда алып келет?

5 Кудайдын мыйзамдары жардам бериши үчүн, аларды жөн эле окуп же билип коюу жетишсиз. Биз аларды сүйүүгө, баалоого үйрөнүшүбүз талап. Ыйык Китепте: «Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты жакшы көргүлө»,— делет (Амос 5:15). Муну кантип кылсак болот? Мунун негизги жолу — бардык нерсеге Жахаба карагандай кароого үйрөнүү. Мисалы, уйкуң качып кыйналып жатасың дейли. Доктур сага туура тамактанышың, көнүгүү жасашың жана жашоо мүнөзүңдү өзгөртүшүң керектигин айтат. Анын айткандарын кылып көрүп, чындап эле жардам бергенин байкайсың. Акыбалыңдын жакшырышына көмөк кылганы үчүн ага аябай ыраазы болмоктугуң шексиз.

6 Ошо сыяктуу эле, Жаратканыбыз бизге күнөөнүн кесепеттеринен коргой турган жана жашообуздун сапатын жакшырта турган мыйзамдарды берген. Ыйык Китептеги калп айтууга, бирөөгө кыянаттык ойлоого, уурулукка, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, зордук-зомбулукка, спиритизмге байланышкан мыйзамдарды аткаруу кандай пайда алып келери жөнүндө ой жүгүртүп көр. (Оку: Накыл сөздөр 6:16—19; Аян 21:8.) Жахабанын айтканына ылайык иш кылып, мол бата алганыбызда жүрөгүбүз ага жана анын мыйзамдарына болгон сүйүүгө, ыраазычылыкка толот.

7. Ыйык Китептеги окуяларды окуп, ой жүгүртүү эмне кылууга көмөк кылат?

7 Баалуу бир нерсеге үйрөнүү үчүн Кудайдын мыйзамдарын бузуп, анын кесепетин тартып көрүүнүн зарылдыгы жок. Анын ордуна, Ыйык Китептеги ката кетирген инсандардан сабак алсак болот. Накыл сөздөр 1:5те: «Акылдуу адам угуп, көп нерсеге үйрөнөт»,— деп жазылган. Ыйык Китептеги окуяларды окуп, ой жүгүртүүнүн аркасында Кудайдан эң сонун акыл-насааттарды алабыз. Маселен, Дөөтү падышанын Жахабанын буйругун бузуп, Батшеба менен ойноштук кылгандан кийин канчалык кыйналганы жөнүндө ойлонуп көр (2 Шем. 12:7—14). Ал билдирүүнү окуп жатканда мындай деп ой жүгүртсөң болот: «Дөөтү падыша канткенде андай азаптан кача алмак? Эгер ошондой азгырыкка кабылып калсам, аны четке какканга күчүм жетеби? Жусупка окшоп качып кетемби же Дөөтүгө окшоп алдырып коёмбу?» (Башт. 39:11—15). Күнөөнүн кесепети жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында «жамандыкты жек көрүүгө» чечкиндүү болобуз.

8, 9. а) Абийирибиз эмне кылууга жардам берет? б) Жахабанын принциптери абийирибизге кандай таасир этет?

8 Биз Кудай жек көргөн иштерди кылбайбыз. Бирок Ыйык Китепте айрым иштерге же жагдайларга карата эч кандай мыйзам берилген эмес. Андайда Кудайга эмне жагарын кантип аныктай алабыз? Бизге Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирибиз жардам берет.

9 Жахаба сүйүүсүнөн улам принциптерди берген. Алар абийирибизди туура тарбиялоого өбөлгө түзөт. Кудай өзү: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»,— деп айткан (Ыш. 48:17, 18). Ыйык Китептеги принциптердин үстүнөн ой жүгүртүп, жүрөгүбүз менен кабыл алсак, абийирибизди туура багытка буруп, калыптай алабыз. Бул болсо өз кезегинде акылдуулук менен чечим чыгарууга көмөк кылат.

КУДАЙДЫН ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЖЕТЕКТЕЛ

10. Принцип деген эмне жана Иса принциптерди кантип колдонгон?

10 «Принцип» деген «ой жүгүртүү же иш-аракет негизделген негизги чындыкты же окууну» билдирет. Жахаба берген принциптерди түшүнүү деген анын ой жүгүртүүсүн жана белгилүү бир мыйзамдарды эмне үчүн бергенин түшүнүүнү камтыйт. Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса шакирттерине кайсы бир көз караштын же иштин натыйжасы кандай болорун аңдоого жардам бериш үчүн негизги чындыктарды үйрөткөн. Алсак, ачуулануу зордук-зомбулукка, ал эми адеп-ахлаксыз нерселерди ойлоп кумарлануу ойноштукка алып барарын айткан (Мт. 5:21, 22, 27, 28). Эгер Ыйык Китептеги принциптерге жетектелсек, абийирибизди туура тарбиялап, Кудайды даңктагыдай чечимдерди чыгарабыз (1 Кор. 10:31).

Кудайдын жетилген кызматчысы башкалардын абийирин эске алат (11, 12-абзацтарды кара)

11. Эки ишенимдешибиздин абийири кандайча айырмаланышы мүмкүн?

11 Айрым маселелерде абийири Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн эки ишенимдешибиз эки башка чечим чыгарышы мүмкүн. Мисалга ичимдикти алалы. Ыйык Китепте ченеми менен ичүүгө тыюу салынбайт. Бирок өтө көп ичүүдөн жана аракечтиктен сак болушубуз керектиги эскертилет (Накыл 20:1; 1 Тим. 3:8). Бул Кудайдын кызматчысы чени менен ичип жатса, башка нерселерди эске албай эле койсо болот дегенди билдиреби? Албетте, жок. Өзүнүн абийири жемелебесе да, ал башкалардыкын ойлошу керек.

12. Римдиктер 14:21де жазылгандар башкалардын абийирин эске алууга кандайча түрткү берет?

12 Кудайдын кызматчысынын башкалардын абийирин эске алышы керектигине байланыштуу Пабыл: «Бир тууганың мүдүрүлө турган болсо, анда эт жебегениң, шарап ичпегениң же башка нерселерди кылбаганың жакшы»,— деп жазган (Рим. 14:21). Эгер кайсы бир нерсени кылууга укугуң бар болсо, бирок ал бир тууганыңды мүдүрүлтө турган болсо, аны кылуудан баш тартат белең? Ошентмектигиң шексиз. Чындыкты таанып-билгенге чейин айрым ишенимдештерибиз көп ичкендиктен азыр аны такыр оозго албоону чечип алышы мүмкүн. Эч кимибиз биздин айыбыздан андай бир тууганыбыздын ошол жаман адатын кайталап, зыян тартып калышын каалабайбыз (1 Кор. 6:9, 10). Андыктан конокко келген ишенимдешибиз ичимдиктен баш тартса, аны кыйнаганыбыз сүйүүгө жатпай калат.

13. Падышалыктын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу жагынан Тиметей кантип жакшы үлгү көрсөткөн?

13 Өспүрүм курагында же 20дан жаңы ашканда Тиметей жаны ооруганына карабай сүннөткө отургузулууга макул болгон. Ал өзү кабар айта турган жүйүттөрдү мүдүрүлтпөш үчүн ошенткен. Анын маанайы элчи Пабылдыкындай болгон (Элч. 16:3; 1 Кор. 9:19—23). Башкалардын пайдасы үчүн сен да Тиметейге окшоп курмандыкка барууга даярсыңбы?

«ЖЕТИЛГЕНДИККЕ УМТУЛ»

14, 15. а) Жетилүү өз ичине эмнени камтыйт? б) Башкаларга сүйүү көрсөтүү менен рухий жактан жетилүүнүн кандай байланышы бар?

14 Кудайдын бардык кызматчылары «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды калтырып, жетилгендикке умтулушу» керек (Евр. 6:1). Бул өзүнөн өзү эле болуп калбайт. Ан үчүн талыкпай күч-аракет жумшай беришибиз зарыл. Жетилүү өз ичине билимибиздин, түшүнүгүбүздүн улам тереңдей беришин камтыйт. Ошол себептен Ыйык Китепти күн сайын окууга кайра-кайра чакырылып жатабыз (Заб. 1:1—3). Сен муну максат кылып койгонсуңбу? Ыйык Китепти окуу анда жазылгандарды жана Жахабанын мыйзам-принциптерин тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт.

15 Машаяктын жолдоочулары аткарышы керек болгон эң маанилүү мыйзам — сүйүү жөнүндөгү мыйзам. Иса пайгамбар шакирттерине: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жкн. 13:35). Анын уялаш бир тууганы Жакып сүйүүнү «падыша мыйзамы» деп атаган (Жкп. 2:8). Пабыл болсо: «Сүйүү — мыйзамдын аткарылышы»,— деп жазган (Рим. 13:10). Бул сапатка ушунчалык көп басым жасалганы таң калыштуу эмес, себеби Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жкн. 4:8). Бирок Кудайдын сүйүүсү сезимдер менен эле көрсөтүлбөйт. Элчи Жакан: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн»,— деген (1 Жкн. 4:9). Ырас, Кудайдын сүйүүсү ага иш-аракет кылууга түрткү берген. Жахабага, анын Уулуна, ишенимдештерибизге жана башка адамдарга канчалык сүйүү көрсөткөнүбүздөн рухий жактан канчалык жетилип жатканыбыз айкын болот (Мт. 22:37—39).

Кудайдын принциптери жөнүндө ой жүгүрткөн сайын, абийирибиз туура жетекчилик бере баштайт (16-абзацты кара)

16. Эмне үчүн рухий жактан өскөн сайын принциптерди баалай баштайбыз?

16 Рухий жактан жетилген сайын принциптердин маанилүү экенин көбүрөөк түшүнө баштайсың. Анткени мыйзамдар белгилүү бир жагдайда гана колдонулат, ал эми принциптерди ар тараптуу колдонсо болот. Айталы, бала жаман чөйрөнүн канчалык кооптуу экенин аңдай бербейт. Ошондуктан кыраакы ата-эне аны коргош үчүн эрежелерди чыгарат (1 Кор. 15:33). Ал эми бала чоңойгон сайын, акыл жөндөмү өрчүп, Ыйык Китептеги принциптер жөнүндө ой жүгүртө алат. Ошентип, ал чөйрөнү тандоого байланыштуу акылдуулук менен чечим чыгарууга үйрөнөт. (Оку: 1 Корунттуктар 13:11; 14:20.) Анын сыңарындай, Кудайдын принциптеринин негизинде ой жүгүрткөнүбүздө, абийирибиз анын ой жүгүртүүсүнө ылайык калыптанып, туура жетекчилик бере баштайт.

17. Бизде акылдуулук менен чечим чыгаруу үчүн зарыл болгон нерселер барбы? Түшүндүр.

17 Бизде Жахабага жаккандай чечим чыгарууга жардам бере турган нерселердин баары барбы? Ооба. Кудайдын Сөзүндөгү мыйзам-принциптерди колдонгонду билсек, «ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болобуз» (2 Тим. 3:16, 17). Ошондуктан «Жахабанын эркин таанып-билиш» үчүн Ыйык Жазмадагы принциптерди изде (Эф. 5:17). Уюм берип жаткан куралдарды, алсак, «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексин», «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын», Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасын (Watchtower Libraryни), «Күзөт мунарасы коомунун ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫН», JW Library программасын жакшы колдон. Булардын баары өздүк же үй-бүлөлүк изилдөөбүздөн көбүрөөк пайда алышыбыз үчүн чыгарылган.

АБИЙИРИН ЫЙЫК КИТЕПТИН НЕГИЗИНДЕ ТАРБИЯЛАГАНДАР БАТА АЛАТ

18. Жахабанын мыйзам-принциптерине ылайык иш кылсак, кандай бата алабыз?

18 Жахабанын мыйзам-принциптерине кармануунун аркасында мол бата алабыз. Буга байланыштуу Забур 119:97—100-аяттарда мындай делет: «Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм! Ал тууралуу эртеден кечке ой жүгүртөм. Осуятың мени душмандарыман акылдуу кылат, анткени ал мени ар дайым жетектеп жүрөт. Бардык устаттарыма караганда мен көбүрөөк түшүнүккө ээ болдум, анткени насааттарың тууралуу ой жүгүртөм. Карыяларга караганда мен көбүрөөк түшүнүк менен иш кылам, анткени буйруктарыңды аткарам». Эгер Кудайдын мыйзам-принциптери тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөлсөк, барган сайын акылмандык, түшүнүк менен иш кыла беребиз. Абийирибизди Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык тарбиялап, буга бүт күчүбүздү жумшоо менен «Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге жете» алабыз (Эф. 4:13).