Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дайыма Жахабаны карайсыңбы?

Дайыма Жахабаны карайсыңбы?

«Оо, асманда жашагандын Өзү, көзүмдү сенден албайм» (ЗАБ. 123:1).

ЫРЛАР: 143, 124

1, 2. Дайыма Жахабаны кароо деген эмнени билдирет?

БИЗ «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз. Жаңы заман келип, жер бетине тынчтык орногонго чейин, жашоо барган сайын кыйындай берет (2 Тим. 3:1). Андыктан: «Керек учурда жардамды, жетекчиликти каяктан издейм?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Балким, дароо эле: «Жахабадан»,— дейттирбиз. Бул, албетте, аябай жакшы.

2 Бирок жардамды Жахабадан издөө деген эмнени билдирет? Жашоодо оор жагдайларга кабылганда дайыма Жахабадан жетекчилик издээрибизди кантип билсек болот? Кылымдар мурун забурчу зарыл учурда жардам алыш үчүн Жахабаны карашыбыз керектигин айткан. (Оку: Забур 123:1—4.) Ал муну кулдун өз кожоюнун караганына салыштырган. Забурчунун ал сөздөрү эмнени билдирет? Кул кожоюнунун ага тамак беришин, аны коргошун каалагандыктан эле эмес, эмнени каалап жатканын билип, ошого жараша иш кылуу үчүн да аны дайыма карап турчу. Анын сыңарындай, биз Жахабанын өзүбүзгө карата эрки кандай экенин билип, ошого ылайык иш кылуу үчүн күн сайын анын Сөзүн изилдешибиз керек. Ошондо гана Жахаба бизге муктаж болгонубузда сөзсүз көмөк көрсөтөт (Эф. 5:17).

3. Эмнеден улам Жахабадан башка нерсеге алаксып кетишибиз мүмкүн?

3 Жахабадан эч качан көзүбүздү албаганыбыз маанилүү экенин билсек да, кээде алаксып кетишибиз мүмкүн. Мисалы, Иса Машаяктын жакын досу Марта так ошенткен. Ал «көп нерсеге убара болуп», көңүлү алагды болгон (Лк. 10:40—42). Кудайдын ал ишенимдүү кызматчысы, Иса жанында жүрсө да, алаксып кеткен болсо, анда биздин деле ошентерибиз турган иш. Эмнеден улам көзүбүз Жахабадан башка нерсеге багытталып калышы мүмкүн? Бул макалада башкалардын иш-аракети кандайча бизди алаксытышы мүмкүн экенине токтолобуз. Ошондой эле дайыма Жахабаны караш үчүн эмне кылышыбыз керектигин талкуулайбыз.

ИШЕНИМДҮҮ КИШИ СЫЙЛЫКТАН АЙРЫЛЫП КАЛГАН

4. Муса пайгамбардын убада кылынган жерге кирбей калганына эмне үчүн таң калышыбыз мүмкүн?

4 Муса пайгамбар жетекчиликти дайыма Жахабадан издеген. Ал «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болгон». (Оку: Еврейлер 11:24—27.) Ыйык Китепте: «Ысрайылда Мусадай пайгамбар болгон эмес. Жахаба аны менен өзгөчө ынак мамиледе болгон»,— делет (Мыйз. 34:10). Бирок Жахаба менен ошондой мамиледе болсо да, ал убада кылынган жерге кирбей калган (Сан. 20:12). Буга эмне себеп болгон?

5—7. Ысрайылдыктар Мисирден чыккандан көп өтпөй кандай көйгөй пайда болгон жана Муса аны кантип чечкен?

5 Ысрайылдыктар Мисирден чыккандан эки ай өтүп-өтпөй, Синай тоосуна жете электе эле, бир чоң көйгөй пайда болгон. Эл суунун жоктугун айтып, наалый баштаган. Алар Муса пайгамбарды күнөөлөп, жагдай аябай курчуп кеткендиктен, Муса Жахабага: «Бул элди эмне кылам? Мени таш бараңга алганы калышты»,— деген (Чыг. 17:4). Жахаба ага айкын-так көрсөтмө берген. Муса таягын алып, Хорептеги асканы чабышы керек болгон. Ошондо суу атырылып чыкмак. Ыйык Китептен: «Муса Ысрайыл аксакалдарынын көзүнчө ошондой кылды»,— дегенди окуйбуз. Ысрайылдыктар суусуну кангыча ичишкен. Ошентип, көйгөй чечилген (Чыг. 17:5, 6).

6 Ыйык Китепте андан ары мындай делет: «Муса ал жерди Маса жана Мериба деп атады, анткени Ысрайыл уулдары ошол жерде Мусаны урушушту, алар: „Арабызда Жахаба барбы же жокпу?“ — деп Жахабаны сынашты» (Чыг. 17:7). Ал жердин ошентип аталганы орундуу болгон. Анткени ал аталыштар «сыноо», «чыр-чатак, талаш, келишпестик» деген маанини туюнтат.

7 Мерибада болгон окуяга Жахаба кандай караган? Ал ысрайылдыктардын козголоңун Мусага каршы жасалган иштей эле эмес, өзүнүн бийлигин талашка салган нерседей кабыл алган. (Оку: Забур 95:8, 9.) Алардын кылганы таптакыр туура эмес болчу. Ошол жагдайда Муса пайгамбар Жахабадан жетекчилик издеп, аны аткаруу менен туура иш кылган.

8. Ысрайылдыктардын 40 жылдык чөл кезүүсү аяктап калганда кандай көйгөй болгон?

8 40 жылдай өткөндөн кийин ысрайылдыктар дагы ошо сыяктуу жагдайга кабылган. Ошондо эмне болгон? Чөл кезип жүргөн убагы аяктап калганда, алар кийин Мериба деп аталып калган жерге келишкен. Ал жер убада кылынган жердин чек арасынан алыс эмес жайгашкан Кадешке жакын болчу *. Ысрайылдыктар суунун жоктугун айтып, дагы наалый башташкан (Сан. 20:1—5). Бирок бул жолкусунда Муса пайгамбар такыр башкача иш кылган.

9. Жахаба Мусага кандай көрсөтмө берген, бирок ал эмне кылган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

9 Эл наалып киргенде, Муса пайгамбар эмне кылган? Ал кайрадан Жахабадан жетекчилик сураган. Бирок бул сапар Жахаба ага асканы чап деп айткан эмес. Муса таягын алып, элди асканын жанына чогултуп, анан аскага айтышы керек болчу (Сан. 20:6—8). Тилекке каршы, ал аскага айткандын ордуна, каарданып, чогулган элге: «Кулак салгыла, козголоңчулар! Эмне, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?» — деген. Анан асканы таягы менен бир эмес, эки жолу чапкан (Сан. 20:10, 11).

10. Жахаба Муса пайгамбардын иш-аракетине кандай караган?

10 Жахаба ошондо Муса пайгамбарга ачууланган, атүгүл каарданган (Мыйз. 1:37; 3:26). Эмне үчүн? Мунун бир нече себеби болушу мүмкүн. Жогоруда айтылгандай, балким, ал Муса пайгамбардын жаңы көрсөтмөгө ылайык иш кылбай койгонуна ачуулангандыр.

11. Муса пайгамбардын асканы чапканы кандайча Жахаба жасаган кереметтин күчүн басаңдатып коюшу мүмкүн эле?

11 Жахабанын каарданышына дагы бир нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчи Мерибадагы аскалар катуу граниттен турган. Кимдир бирөө гранитти канчалык катуу чаппасын, андан суу чыгат деп эч ким ойлобойт. Ал эми экинчи Мерибадагы аскалардын курамы такыр башкача болгон. Алардын көбү негизинен акиташтан турган. Акиташ борпоң болгондуктан сууну өзүнө сиңирип алып, жердин кыртышына суу топтоло берчү. Муса пайгамбар ошондой борпоң жерди эки жолу чапканда, эл суунун чыгышын Жахабанын керемети катары эмес, табигый эле кубулуш катары көрүп калганбы? Аскага айткандын ордуна, аны чабуу менен Муса кандайдыр бир деңгээлде кереметтин күчүн басаңдатып койгонбу? * Муну так айта албайбыз.

МУСА КАНДАЙЧА КУДАЙГА КАРШЫ ИШ КЫЛГАН?

12. Жахаба Муса менен Арунга дагы кайсы себептен улам каарданышы мүмкүн эле?

12 Жахаба Кудайдын Муса менен Арунга каарданышына жүйөлүүдөй көрүнгөн дагы бир себеп бар. Муса пайгамбардын элге: «Эмне, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?» — деп айтканын байкасаң. «Берелиби» деп ал, сыягы, өзү менен Арунду айтса керек. Анын ошентип айтканы ошол кереметти жасаган Кудайды таптакыр урматтабагандыкка жаткан. Муну Забур 106:32, 33төгү төмөнкү сөздөр ырастап турат: «Алар аны Мериба суусунун жанында каардантышкан, алардын айынан Муса азап тарткан. Аны ачуулантышкандыктан, ал ойлонбой сүйлөп алган» * (Сан. 27:14). Кандай болбосун, Муса пайгамбар Жахабага тийиштүү урмат көрсөткөн эмес. Жахаба Арун экөөнө: «Силер... буйругума каршы чыктыңар»,— деген (Сан. 20:24). Бул, чынында эле, олуттуу күнөө болгон!

13. Жахабанын Мусага чыгарган өкүмү эмне үчүн туура болгон жана адилеттүүлүккө жаткан?

13 Жахабанын элин жетектегендиктен Муса менен Арун көбүрөөк жооптуу болушкан (Лк. 12:48). Мурунураак Кудай ысрайылдыктардын бүтүндөй бир муунун козголоң чыгарганы үчүн четке кагып, Канаан жерине кирбейт деп чечим чыгарып койгон (Сан. 14:26—30, 34). Андыктан Жахабанын ага каршы иш кылганы үчүн Муса пайгамбарга да ошондой өкүм чыгарганы туура болгон жана адилеттүүлүккө жаткан. Башка козголоңчулардай эле Муса да убада кылынган жерге кирбей калган.

КӨЙГӨЙДҮН СЕБЕБИ

14, 15. Муса пайгамбар эмнеден улам Жахабага каршы иш кылган?

14 Муса пайгамбардын Жахабага каршы иш кылышына эмне себеп болгон? Забур 106:32, 33төгү төмөнкү сөздөргө кайрадан көңүл бурсаң: «Алар аны Мериба суусунун жанында каардантышкан, алардын айынан Муса азап тарткан. Аны ачуулантышкандыктан, ал ойлонбой сүйлөп алган». Ысрайылдыктар, чынында, Жахабага каршы чыгышкан. Бирок буга Муса ачууланган. Өзүн кармай албай калгандыктан ал алды-артын ойлобой сүйлөп алган.

15 Муса пайгамбар башкалардын иш-аракетинен улам көзүн Жахабага багыттабай, алаксып кеткен. Ал биринчи жолкусунда туура иш кылган болчу (Чыг. 7:6). Бирок ондогон жылдар бою козголоңчул элди жетектеп жүргөндүктөн чарчап, ачуулуу болуп калса керек. Ал Жахабаны даңктоону эмес, өзүнүн эле сезимдерин ойлоп калганбы?

16. Эмне үчүн Муса пайгамбардын кылган иши жөнүндө ойлонушубуз керек?

16 Эгер ишенимдүү Муса пайгамбар алаксып, жаза басып алган болсо, биз деле оңой эле ошондой иш кылып алышыбыз мүмкүн. Ага окшоп, биз да азыр каймана мааниде убадаланган жердин, башкача айтканда, Жахаба убада кылган жаңы дүйнөнүн босогосунда турабыз (2 Пет. 3:13). Эч кимибиз ошол өзгөчө сыйлыктан кол жууп калгыбыз келбейт. Бирок ан үчүн дайыма Жахабадан көзүбүздү албай, анын эркин аткарууга умтулушубуз керек (1 Жкн. 2:17). Муса пайгамбардын катасынан кандай сабак алсак болот?

БАШКАЛАРДЫН ИШ-АРАКЕТИНЕН УЛАМ АЛАКСЫП КЕТПЕ

17. Ачууга алдырбаганга эмне жардам берет?

17 Ачууга алдырба. Кайсы бир көйгөйгө кайра-кайра туш болсок да, «жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз» (Гал. 6:9; 2 Тес. 3:13). Кыжырыбызды келтирген жагдайларга кабылганда же кимдир бирөө менен бир нече жолу пикир келишпестик болгондо, өзүбүздү кармап, тилибизди ооздуктай билебизби? (Накыл 10:19; 17:27; Мт. 5:22). Башкалар ачуубузга тийгенде, «Кудайдын каарына орун беришибиз» керек. (Оку: Римдиктер 12:17—21.) Эгер дайыма Жахабадан көзүбүздү албасак, анын өзү туура көргөн убакта иш-аракет кылышын чыдамдуулук менен күтүп, анын каарына орун беребиз. Муну менен ага урмат көрсөткөн болобуз. Ал эми ачууга алдырып, кандайдыр бир жол менен өзүбүз үчүн өч алсак, бул Жахабаны урматтабаганга тете болуп калат.

18. Көрсөтмөлөр берилгенде, эмне кылышыбыз зарыл?

18 Акыркы көрсөтмөлөргө так карман. Жахаба берген акыркы көрсөтмөлөргө так карманабызбы? Ошондой болсо, өзүбүзгө таянып, кайсы бир нерсени көнүп калган мурунку жол менен аткарбайбыз. Анын ордуна, Жахабанын өзүнүн уюму аркылуу берип жаткан жаңы көрсөтмөлөрүнүн баарын дароо аткарганга аракет кылабыз (Евр. 13:17). Ошол эле учурда «жазылгандан четтеп» кетпеш үчүн сак болобуз (1 Кор. 4:6). Мунун аркасында эч качан Жахабадан көзүбүздү албайбыз.

Муса пайгамбардын башкалар ката кетиргенде кылган иш-аракетинен кандай сабак алсак болот? (19-абзацты кара)

19. Башкалардын катасынан улам Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетпеши үчүн эмне кылышыбыз кажет?

19 Башкалардын ката-кемчиликтеринен улам Жахаба менен болгон мамилеңди бузуп алба. Эгер Жахабадан көзүбүздү албасак, башкалардын иш-аракеттеринен улам ачууга алдырып койбойбуз же Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп албайбыз. Бул, айрыкча, Муса пайгамбарга окшоп, Кудайдын уюмунда чоң жоопкерчиликтерди аркалагандар үчүн абдан маанилүү. Албетте, ар бирибиз куткарылуу үчүн «коркуп, титиреп» аракет кыла беришибиз зарыл. Бирок Жахабанын өтө катуу талаптарды коюп, бүт баарын ошол талаптар боюнча соттой бербей турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек (Флп. 2:12). Чынында, аткарган жоопкерчиликтерибиз канчалык көп болсо, анын алдында ошончолук көбүрөөк жооптуу болобуз (Лк. 12:48). Эгер Жахабаны чындап жакшы көрсөк, эч нерсе бизди мүдүрүлтө да, анын сүйүүсүнөн айрылта да албайт (Заб. 119:165; Рим. 8:37—39).

20. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Азыркы кыйын кезеңде «асманда жашагандын» эркин аңдап-билүү үчүн мындан ары да андан көзүбүздү албайлы. Башкалардын иш-аракетинин Жахаба менен болгон достугубузга терс таасир этишине эч качан жол бербейли. Муну акылыбыз менен жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз канчалык маанилүү экени Муса пайгамбардын окуясынан көрүнүп турат. Анда эмесе, айланабыздагылардын жеткилең эместигине кыжырданбай, «Кудайыбыз Жахабаны карап», «анын ырайым кылышын күтө» берели (Заб. 123:1, 2).

^ 8-абз. Бул Репидимдин жанындагы Мерибадан башка жер болгон. Биринчи Мериба Маса менен, экинчиси болсо Кадеш менен байланыштуу айтылат. Бирок эки жерде тең чыр-чатак болгондуктан, экөө тең Мериба деп аталып калган. (Кара: «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал», 7-карта.)

^ 11-абз. Жон Бек деген профессор ошол окуя тууралуу мындай деген: «Жүйүттөрдүн бир билдирүүсүнө ылайык, козголоңчулар Мусаны сындап: „Муса бул асканын курамын билет! Эгер ал керемет жасоого жөндөмдүү экенин далилдегиси келсе, анда бизге мобу аскадан суу чыгарып берсинчи“,— деп айтышкан». Бирок бул, албетте, чындык экени далилденбеген маалымат.

^ 12-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1989-жыл, 1-январь, «Окурмандардын суроолору», ор.