Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Никеде турбаган эркек менен аял орчундуу себеп жок эле бир үйдө түнөсө, укуктук комитет түзүлө тургандай күнөө кылышкан болобу?

Ооба. Алардын чогуу бир үйдө түнөгөнү жыныстык адеп-ахлаксыздык кылды деп эсептөөгө негиз берет. Андыктан экөөнүн бир үйдө түнөшүнө эч кандай олуттуу себеп жок болгон болсо, укуктук комитет түзүлөт (1 Кор. 6:18).

Аксакалдар кеңеши укуктук комитет түзүүнүн зарылдыгы бар-жогун аныкташ үчүн ар бир жагдайды кылдат иликтейт. Мисалы, бир үйдө түнөгөн эркек менен аял сүйлөшүп жүрөбү? Аларга бири-бирине кылган мамилесине байланыштуу мурун кеңеш берилгенби? Чогуу бир үйдө түнөшүнө эмне себеп болду? Муну атайын пландаштырышканбы? Алар башкача кылышса болот беле? Же алардан көз каранды болбогон себептерден, алсак, күтүлбөгөн жагдайлардан же кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдан улам бир үйдө калууга аргасыз болуштубу? (Нас. 9:11). Каякта укташты? Ар бир жагдай ар башка болгондуктан, аксакалдар эске алышы керек болгон дагы башка нерселер болушу мүмкүн.

Баарын таразалап көргөндөн кийин аксакалдар кеңеши укуктук комитет түзүү керекпи же жокпу, чечет.