Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ар кандай адамдарга» боорукердик көрсөтөлү

«Ар кандай адамдарга» боорукердик көрсөтөлү

ИСА МАШАЯК шакирттерине Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кантип айтуу керектигин үйрөткөндө аны баары эле уга бербей турганын эскерткен (Лк. 10:3, 5, 6). Кызматта жүргөндө орой, атүгүл катаал мамиле кылган адамдарды жолуктурушубуз мүмкүн. Ошондон улам өзүбүз кабар айткан адамдарга боорукердик көрсөтүү кээде кыйынга турат.

Боорукер киши башкалардын муктаждыктарын, кыйынчылыктарын көрө билет, аларга боору ачып, иш жүзүндө жардам бергиси келет. Эгер кабар айтып жүргөндө жолуктурган адамдарга боорукердик көрсөткүбүз келбей баштаса, ынтабыз сууп, кызматыбыз анча натыйжалуу болбой башташы ыктымал. Ал эми боорукердик сапатын өрчүткөнүбүздө отко отун таштагандай болобуз, тагыраак айтканда, кызматты жалындап аткара беребиз (1 Тес. 5:19).

Канткенде кыйынга турган учурларда да боорукер боло алабыз? Эмесе, бул жагынан мыкты үлгү калтырган Жахабадан, Иса Машаяктан жана элчи Пабылдан эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү.

ЖАХАБАДАЙ БООРУКЕР БОЛОЛУ

Миңдеген жылдардан бери Жахаба өзүнүн ысмынын караланып жатканына чыдап келет. Ал «жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылганын» токтоткон жок (Лк. 6:35). Жахаба боорукердигинен улам чыдамдуулук көрсөтүп келатат. Ал «ар кандай адамдардын» куткарылышын каалайт (1 Тим. 2:3, 4). Ыймансыздыкты жек көрсө да, Кудай адамдардын өмүрүн абдан баалагандыктан эч кимисинин өлүшүн каалабайт (2 Пет. 3:9).

Ал Шайтандын ишенбеген адамдардын акылын канчалык сокур кылып койгонун билет (2 Кор. 4:3, 4). Көптөргө бала кезинен эле жалган окуулар, көз караштар сиңип калгандыктан, аларга чындыкты кабыл алуу оңой эмес. Кудай андай адамдарга жардам бергиси келет. Муну кайдан билебиз?

Жахабанын байыркы нинебиликтерге карата кандай ойдо болгонуна токтололу. Алар мыкаачы болушса да, ал Жунус пайгамбарга: «Мен кантип оң колун сол колунан айырмалай албаган жүз жыйырма миңден ашык кишиси... бар улуу шаар Нинебини аябайын?» — деген (Жун. 4:11). Ооба, Жахаба өзү жөнүндөгү чындыкты билбеген нинебиликтерге боору ачыган. Ошондуктан аларга эскертүү үчүн Жунусту жөнөткөн.

Жахабага окшоп, биз да адамдарды жогору баалайбыз. Андан үлгү алып, башкаларга, атүгүл кабарды укпачудай көрүнгөндөргө да жардам берүүгө жан-дилден аракет кылабыз.

ИСАДАЙ БООРУКЕР БОЛОЛУ

Атасындай болуп, Иса да рухий жактан ачка жүргөндөрдү көргөндө боору ооруган. Ыйык Китепте: «Элди көрүп, Исанын боору ачыды. Анткени алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле»,— делет (Мт. 9:36). Ал аны угуш үчүн келген элдин жалган окууларга сугарылып, диний жетекчилердин жаман мамилесине кабылып келгенин көрө билген. Көптөрдүн ар кандай тоскоолдуктардан улам жакшы кабарды кабыл албай коёрун билсе да, Иса аларды «көп нерсеге окуткан» (Мр. 4:1—9).

Кимдир бирөө башында кызыкпаса, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө

Жагдай-шарты өзгөргөндө, адамдын чындыкка болгон көз карашы да өзгөрүшү мүмкүн

Ошо сыңары, башкалар кабарыбызга кулак какпай койгондо, көйгөйдүн тамырын көрө билип, эмне үчүн ошенткени жөнүндө ойлонушубуз керек. Өздөрүн Исанын жолдоочуларыбыз деп ырастагандардын туура эмес иштерин көргөндүктөн айрымдар Ыйык Китеп же Машаяктын жолдоочулары жөнүндө терс ойдо болушу мүмкүн. Дагы бирөөлөрү биз ишенген нерселер жөнүндө жалган маалыматтарды уккандыр. Башкалары болсо элдин же үйдөгүлөрдүн шылдыңына кабылам деп корккондуктан биз айткандарды жакшы кабыл албашы ыктымал.

Ал эми кээ бирлер жан дүйнөсүнө так калтырган окуяларга дуушар болгондуктан кабарыбызды укпашы мүмкүн. Ким деген миссионер мындай дейт: «Биз кабар айткан бир аймакта көптөр согуштан жапа чегип, бүт мүлкүнөн айрылышкан. Алар келечектен үмүтүн үзүп коюшкан. Аябай ачуулуу болуп, эч кимге ишенбей калышкан. Ал аймакта кабар айтып жүргөндө каршылык көрсөткөндөргө көп жолугабыз. Кызматта жүргөнүмдө мага кол салынган учур да болгон».

Ошого карабай боорукер болгонго ага эмне жардам берет? Ким мындай деп бөлүшөт: «Мага жаман мамиле кылышканда, Накыл сөздөр 19:11деги: „Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат“,— деген сөздөрдү эсимен чыгарбаганга аракет кылам. Аймагымдагылардын эмнелерди башынан өткөргөнүн унутпаганым аларга боорукердик көрсөткөнгө жардам берет. Биз жолуктурган адамдардын баары эле каршы боло бербейт. Ошол эле аймакта кабарыбызды жакшы угуп, кайра жолугууга макул болгондор да бар».

Ар бирибиз: «Эгер өзүм кабар айткан адамдардын ордунда болсом, Падышалык жөнүндөгү кабарды кандай кабыл алат элем?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Алсак, Жахабанын Күбөлөрү тууралуу жалган маалыматтарды көп уксак, эмне кылат элек? Андайда, балким, биз деле укпай коймоктурбуз жана Жахабанын кызматчыларынын боорукердик көрсөтүшүнө муктаж болмокпуз. Иса пайгамбардын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деген буйругун унутпасак, оор учурларда да боорукер болууга умтулабыз (Мт. 7:12).

ЭЛЧИ ПАБЫЛДАЙ БООРУКЕР БОЛОЛУ

Элчи Пабыл ага зордук-зомбулук көрсөткөндөргө да боорукердик менен мамиле кылган. Эмне үчүн? Анткени ал өзүнүн бир кезде кандай киши болгонун унуткан эмес. Ал: «Мурун акарат кылуучу, куугунтуктоочу жана уятсыз киши болсом да, мага кайрымдуулук көрсөтүлдү, себеби мен ал иштерди билбестиктен жана ишенбегендиктен кылып жүргөм»,— деген (1 Тим. 1:13). Ал Жахаба менен Исанын ага зор ырайым кылганын жакшы түшүнгөн. Кыязы, Пабыл кабарга каршы чыккандардын айрымдарын көргөндө өзүнүн да мурун ошенткенин эстесе керек.

Кээде Пабыл жалган окууларга бекем ишенгендерге жолуккан. Андай учурда эмне кылган? Элчилер 17:16да Пабылдын бир жолу Афинде жүргөндө ал «шаардын буркандарга жык толгонун көрүп, ичинен кыжырданганы» баяндалат. Бирок ал өзүн кыжырданткан так ошол нерсени сөз кылып, эң сонун күбөлөндүргөн (Элч. 17:22, 23). Ооба, Пабыл «айрымдарды кандайдыр бир жол менен болсо да куткарып калыш үчүн» ар кандай адамдардын тек-жайын эске алып, кабар айтуу ыкмасын аларга ылайыкташтыра билген (1 Кор. 9:20—23).

Ага окшоп, биз да кызматта жүргөндө кезиккен адамдардын кандай терс көз карашы бар экенин же кандай жалган окууларга ишенерин аңдай билип, «жакшылык жөнүндө жакшы кабар» айтууда тапкыч болушубуз керек (Ыш. 52:7). Дороти деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Биздин аймакта көптөр Кудайды каардуу, соттогонго эле даяр турат деп ойлошот. Андай адамдар менен сүйлөшкөндө Кудайга бекем ишенгени үчүн мактайм. Анан алардын көңүлүн Ыйык Китепте Жахабанын сонун сапаттары, келечекке байланышкан убадалары жөнүндө айтылгандарга бурам».

ЖАМАНДЫКТЫ «ДАЙЫМА ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН ЖЕҢЕЛИ»

«Акыркы күндөр» соңуна жакындаган сайын, айрым адамдардын «барган сайын бузула берери» шексиз (2 Тим. 3:1, 13). Бирок ошондон улам башкаларга боорукердик көрсөтпөй калбашыбыз же кубанычыбызды жоготуп койбошубуз керек. Жахаба бизге жамандыкты «дайыма жакшылык менен жеңүүгө» күч берет (Рим. 12:21). Жесика деген пионер мындай дейт: «Кызматта жүргөндө текебер жана бизди, айткан кабарыбызды баркка албаган адамдарды көп кезиктирем. Андайда жаман болбой койбойсуң. Бирөөгө кабар айта баштаганда ичимен Жахабадан ал кишиге ал карагандай караганга жардам беришин сурап тиленем. Бул өзүмдүн сезимдериме көңүл топтобой, ага кантип жардам берсем болору жөнүндө ойлонууга көмөк кылат».

Түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду издей беребиз

Айрымдар убакыттын өтүшү менен чындыкты кабыл алат

Биз ишенимдештерибизди кантип бекемдесек болору тууралуу да ойлонуп көрүшүбүз керек. Жесика мындай деп бөлүшөт: «Өзүм же шеригим жагымсыз жагдайга кабылганда, ал нерсеге көңүл топтобогонго аракет кылам. Анын ордуна, сөздү жакшы нерселерге, мисалы, айрымдардын каршылыгына карабай, кабар айтуу иши аркылуу эмнелер ишке ашып жатканына бурам».

Жахаба кызматта кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканыбызды жакшы билет. Ага окшоп кайрымдуу болгонубузда, анын абдан сүйүнөрү күмөнсүз (Лк. 6:36). Албетте, Жахаба боорукердигин түбөлүккө көрсөтө бербейт. Биз анын бул дүйнө түзүлүшүн өз убагында жок кыларынан шектенбесек болот. Ага чейин кабар айтуу ишинин шашылыш экенин эсибизден чыгарбайлы (2 Тим. 4:2). Келгиле, өзүбүзгө тапшырылган ишти мындан ары да ынталуулук менен аткарып, «ар кандай адамдарга» боорукердик көрсөтө берели.