Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти изилдөө канткенде көбүрөөк пайдалуу, кызыктуу болот?

Ыйык Китепти изилдөө канткенде көбүрөөк пайдалуу, кызыктуу болот?

ЖАШЫЯГА абдан оор иш тапшырылган. Ал тоодой тоскоолдуктарга карабай ысрайыл элин Кудай убада кылган жерге жетектеп барышы керек болгон. Жахаба аны ийгиликке жетерине ынандырып, мындай деп бекемдеген: «Кайраттуу, бекем бол... Мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп оку. Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың» (Жаш. 1:7, 8).

Азыркы «өзгөчө оор мезгилде» биз да кыйын жагдайларга туш болобуз (2 Тим. 3:1). Бирок Жахабанын Жашыяга берген кеңешине ылайык иш кылсак, ага окшоп, ийгиликке жетебиз. Ан үчүн Ыйык Китепти дайыма окуп, кыйынчылыктар менен беттешкенде андагы принциптерди колдонууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек.

Анткен менен көбүбүз эле кантип изилдесе болорун жакшы биле бербешибиз же андан анча кубаныч албашыбыз мүмкүн. Бирок Ыйык Китепти изилдөө маанилүү болгондуктан, « Бул кеңештерди колдонуп көр» деген кутучаны карап чык. Ал жерден изилдөөнү көбүрөөк пайдалуу, кызыктуу кылууга жардам бере турган жакшы кеңештерди таба аласың.

Бир забурчу Кудайга: «Мени осуяттарыңдын жолуна сал, анткени мен ал жолду жакшы көрөм»,— деген (Заб. 119:35). Кудайдын Сөзүн окуудан сен да зор ырахат ала аласың. Аны канчалык терең казган сайын, рухий кенчти ошончолук көп таба бересиң.

Жашыядай болуп бир элди жетектебесең да, башыңан кайсы бир сыноолорду кечирип жатканың шексиз. Андыктан, ага окшоп, сенин пайдаң үчүн жазылган Кудайдын Сөзүн изилдеп, андан билгендериңди иш жүзүндө колдон. Ошондо сен да ийгиликке жетип, акылмандуулук менен иш кыласың.