Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыртына карап баа бербе

Сыртына карап баа бербе

«Адамды сыртына карап соттогонуңарды токтоткула, адилет сот жүргүзгүлө» (ЖКН. 7:24).

ЫРЛАР: 142, 123

1. Ышая пайгамбар Иса тууралуу эмнени алдын ала айткан жана бул бизди эмне үчүн бекемдейт?

ЫШАЯНЫН Мырзабыз Иса Машаяк жөнүндө айткан пайгамбарлыгы жүрөгүбүздү жылытып, үмүт берет. Ал Иса тууралуу: «Көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт»,— деген. Ошондой эле анын «бей-бечараларды адилдик менен соттой» турганын айткан (Ыш. 11:3, 4). Бул бизди эмне үчүн бекемдейт? Анткени биз адилетсиздик, бейкалыстык өкүм сүргөн дүйнөдө жашап жатабыз. Баарыбыз адамдарга сыртына карап баа бербей турган жеткилең Сотко абдан муктажбыз!

2. Иса бизге кандай буйрук берген жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Ар бирибиз эле күн сайын башкалар жөнүндө ойлонуп, ар кандай жыйынтык чыгарабыз. Бирок жеткилеңсиз болгондуктан, Исадан айырмаланып, бардык нерсеге туура баа бере албайбыз. Биз көргөнүбүз боюнча иш кылууга жакын келебиз. Анткен менен Иса жерде жүргөндө: «Адамды сыртына карап соттогонуңарды токтоткула, адилет сот жүргүзгүлө»,— деп буйрук кылган (Жкн. 7:24). Мындан көрүнүп тургандай, ал биздин ага окшош болушубузду жана эч кимге сыртына карап баа бербешибизди каалайт. Бул макалада башкаларга болгон көз карашыбызга үч нерсе: алардын улуту же уруусу, байлыгы жана жашы кандайча таасир этерине токтолобуз. Ар бирин карап жатканда Исанын буйругуна баш ийүүнүн кандай пайдасы бар экенин талкуулайбыз.

УЛУТУНА ЖЕ УРУУСУНА КАРАБА

3, 4. а) Элчи Петир кайсы окуялардан улам башка улуттагыларга болгон көз карашын өзгөрткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Жахаба Петирге кайсы жаңы чындыкты түшүнүүгө жардам берген?

3 Бөлөк улуттан болгон жана Кесарияда жашаган Корнелий элчи Петирди үйүнө чакыртканда, аны кандай ойлор чырмаганын элестетип көрсөң (Элч. 10:17—29). Башка жүйүттөрдөй эле, Петирге улуту бөлөктөр таза эмес деген көз караш кичинекейинен эле таасир этип келген. Бирок ал оюн өзгөртүүгө түрткү берген окуяларга күбө болгон. Алсак, Корнелийдин кишилери келердин алдында Петир аян алган (Элч. 10:9—16). Ал эмнени көргөн? Асмандан дасторконго окшогон нерсенин түшүп келатканын, анда таза эмес жан-жаныбарлар бар экенин көргөн. Анан: «Петир, ордуңан тур да, буларды союп же!» — деген үндү уккан. Ошондо Петир баш тарткан. Анан асмандан: «Кудай тазалаган нерсени мындан ары арам дебе»,— деп айтылган. Аян көргөндөн кийин ал мунун эмнени билдирерин түшүнө албай, башы маң болгон. Так ошол маалда Корнелий жиберген кишилер келген. Ыйык рух жетекчилик бергенден кийин, Петир алар менен чогуу Корнелийдин үйүнө жөнөгөн.

4 Эгер Петир адамдын сыртына эле караса, Корнелийдин үйүнүн босогосун такыр аттабайт болчу. Себеби жүйүттөр башка улуттагылардын үйүнө кирчү эмес. Анда Петир кан-жанына сиңген ошондой бейкалыс көз карашына карабай эмне үчүн Корнелийдикине жөнөгөн? Ал көргөн аянынан, ыйык рухтун жетекчилигинен улам оюн өзгөрткөн. Корнелийдин айтып бергендерин укканда Петирдин жүрөгү козголуп, рухтун жетеги менен мындай деген: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм» (Элч. 10:34, 35). Бул Петир үчүн жүрөк толкуткан жаңы түшүнүк болгон. Бет карама болбоо керектигин көрсөткөн бул чындык Исанын бардык жолдоочуларына кандай таасир этмек?

5. а) Жахаба бардык кызматчыларынын эмнени түшүнүшүн каалайт? б) Чындык жолунда жүрсөк да, жүрөгүбүздө кандай көз караш жашап жүрүшү мүмкүн?

5 Жахаба Петир аркылуу кызматчыларынын баарына өзүнүн бет карама эмес экенин түшүнүүгө көмөк кылган. Ал биздин расабызга, улутубузга, уруубузга же тилибизге карабайт. Андан корккон, туура иш кылган ар бир адам ага жагат (Гал. 3:26—28; Аян 7:9, 10). Мунун чындык экенине сенин да кошуларың шексиз. Бирок башкаларга карата болгон бейкалыс көз караш терең тамыр алган жерде же үй-бүлөдө өсүп-чоңойгон болсоңчу? Өзүңдү бет карама эмесмин деп ойлосоң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө ошондой терс көз караш дагы эле жашап жүрүшү мүмкүн. Атүгүл башкаларга Жахабанын бет карама эмес экенин түшүнүүгө жардам берген Петирдин да кийин бет карамалык кылган учуру болгон (Гал. 2:11—14). Анда канткенде Исанын: «Адамды сыртына карап соттогонуңарды токтоткула»,— деген буйругуна ылайык иш кыла алабыз?

6. а) Жүрөгүбүздөн бейкалыстыкты тамыры менен жулуп салууга эмне жардам берет? б) Бир аксакалдын филиалга жазган сөздөрүнөн эмне айкын көрүнүп турат?

6 Башкаларга карата бейкалыс көз караштабызбы же жокпу, билиш үчүн өзүбүздү Кудайдын Сөзүнүн негизинде текшерип көрүшүбүз керек (Заб. 119:105). Ошондой эле ишенген кишибизден бизден бет карамалыктын белгилерин байкаган-байкабаганын сурап көрсөк болот, анткени бул өзүбүзгө билинбеши мүмкүн (Гал. 2:11, 14). Андай көз караш ушунчалык сиңип калгандыктан, кээде өзүбүзгө сезилбей калат. Мисалга бир аксакалдын толук убакыт кызмат кылган үлгүлүү жубайлар тууралуу филиалга эмне деп жазганын карап көрөлү. Үй-бүлө башчысы көптөр басынта берген уруудан эле. Сыягы, аксакал ошол урууга карата бейкалыс көз карашта экенин өзү да байкачу эмес. Ал тиги бир тууган жөнүндө көп жакшы нерселерди жазып, бирок аягында мындай деп жыйынтыктаган: «Ал [ушул уруудан] болсо да, анын өзүн кандай алып жүргөнү, жашоо мүнөзү башкаларга [бул уруудан] болсо эле [алардын] көбүндөй болуп сөзсүз кир жүрүүнү, төмөн жашоо өткөрүүнү билдирбей турганын түшүнүүгө жардам берет». Мындан кандай сабак алсак болот? Жахабанын уюмунда кандай жоопкерчиликтерди аркалабайлы, жүрөгүбүздө бейкалыстыктын белгилери бар-жогун аныкташ үчүн ар бирибиз өзүбүздү кылдат текшеришибиз жана башкалардын бул жагынан көрсөткөн жардамын кабыл алууга даяр болушубуз керек. Дагы эмне кылсак болот?

7. Жүрөгүбүздү кенен ачып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз?

7 Эгер жүрөгүбүздү кенен ачсак, бейкалыстыктын ордун сүйүү ээлейт (2 Кор. 6:11—13). Сен өзүңдүн расаңдан, улутуңдан, урууңдан болгон же сенин тилиңде сүйлөгөн адамдар менен гана дос болууга жакын эмессиңби? Ошондой болсо, жүрөгүңдү кенен ач. Балким, тек-жайы башка бир туугандарды чогуу кызматка чыгууга же үйүңө конок болуп кетүүгө чакыраттырсың (Элч. 16:14, 15). Эгер ошентсең, жүрөгүң сүйүүгө толуп, бейкалыстыкка орун табылбай калат. Бирок дагы бир жактан бейкалыстык кылышыбыз, тагыраак айтканда, адамдын бай-кедейине карашыбыз мүмкүн. Эмесе, ошого токтололу.

БАЙ-КЕДЕЙИНЕ КАРАБА

8. Лебилер 19:15тен адамдын бай же кедей болгону ага карата болгон көз карашыбызга таасир этиши мүмкүн экени кандайча көрүнүп турат?

8 Башкаларга болгон көз карашыбызга алардын бай же кедей болгону да таасир этиши мүмкүн. Лебилер 19:15те: «Жардыга бет карамалык кылба, жогорку даражалууну андан өйдө көрбө. Жакыныңдын ишин караганда калыс бол»,— делет. Бирок кандайча кимдир бирөөнүн бай же кедей болгону ал жөнүндө кандай ойдо болорубузга таасир этиши ыктымал?

9. Сулайман пайгамбар кайсы кейиштүү чындык жөнүндө жазган жана андан эмнени биле алабыз?

9 Сулайман пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен жеткилеңсиз адамдар тууралуу кейиштүү чындыкты жазган. Накыл сөздөр 14:20да ал: «Жардыны жакыны да жек көрөт, ал эми бай кишинин достору көп»,— деген. Бул аяттан эмнени биле алабыз? Абайлабасак, бай бир туугандар менен дос болуп, ал эми жарды бир туугандардан кача башташыбыз мүмкүн. Башкаларга колунда бар-жогуна карап баа берүү эмне үчүн коркунучтуу?

10. Шакирт Жакып кандай көйгөй жөнүндө айткан?

10 Эгер ишенимдештерибизге бай-кедейине жараша баа бере турган болсок, жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына себепкер болуп калышыбыз мүмкүн. Шакирт Жакып 1-кылымдагы айрым жыйналыштарда ушундай көйгөй болгонун айткан. (Оку: Жакып 2:1—4.) Бүгүнкү күндө андай ой жүгүртүүнүн жыйналыштарыбызга терс таасир этишине жол бербеш үчүн абдан сак болушубуз керек. Анда башкаларга чөнтөгүнө жараша баа берүүдөн канткенде кача алабыз?

11. Адамдын бай же кедей болгону Жахаба менен болгон мамилесине таасир этеби? Түшүндүр.

11 Ишенимдештерибизге Жахаба карагандай карашыбыз зарыл. Адамдын Жахабанын көз алдында баалуу болор-болбосу кедей же бай болгонунан көз каранды эмес. Жахаба менен болгон мамилебиз дүнүйө-мүлкүбүздүн көптүгүнө же аздыгына жараша болбойт. Албетте, Иса бир жолу: «Бай кишинин асман Падышалыгына кириши кыйын»,— деген. Бирок ал мунун таптакыр мүмкүн эмес экенин айткан эмес (Мт. 19:23). Ал: «Жакырлар, силер бактылуусуңар, анткени Кудайдын Падышалыгы силерге таандык»,— деп да айткан (Лк. 6:20). Анткен менен Иса жакырлардын баары анын кабарына кулак кагарын, өзгөчө бата аларын айткысы келген эмес. Колунда жоктордун деле көбү жакшы кабарды кабыл албай койгон. Демек, адамдын Жахаба менен болгон мамилесине анын материалдык абалына карап баа бере албайбыз.

12. Ыйык Китепте байлар жана жакырлар эмне кылууга чакырылат?

12 Арабызда Жахабаны сүйүп, ага бүт жүрөгү менен кызмат кылып жаткан бай да, кедей да бир туугандар арбын. Ыйык Китепте байлар «өзгөрүлмө байлыкка эмес,.. Кудайга таянууга» чакырылат. (Оку: 1 Тиметей 6:17—19.) Ошол эле учурда анда Кудайдын бардык кызматчылары: байлары да, кедейлери да акчаны сүйүүдөн сак болууга үндөлөт (1 Тим. 6:9, 10). Ооба, эгер бир туугандарга Жахаба карагандай карасак, аларга мүлкү бар-жогуна карап баа берүүдөн алыс болобуз. Ал эми адамдын жаш курагы жөнүндө эмне айтууга болот? Башкаларга жашына карап баа берүү туурабы? Анда ушуну карап чыгалы.

ЖАШЫНА КАРАБА

13. Ыйык Китепте улууларды урматтоого байланыштуу эмне делет?

13 Ыйык Китепте улууларды урматтап-сыйлашыбыз керектиги көп айтылат. Мисалы, Лебилер 19:32де: «Чачын ак баскан кишинин алдында ордуңдан тур, кары кишини сыйла. Кудайыңдан корк»,— делет. Накыл сөздөр 16:31де болсо: «Адилдик жолунда жүргөн ак чач — сулуулук таажысы»,— деп айтылат. Ошондой эле элчи Пабыл Тиметейди улуу кишини катуу жемелебей, аны атасындай көрүүгө үндөгөн (1 Тим. 5:1, 2). Жашы өтүп калган бир туугандарга жетекчилик берүүгө кандайдыр бир деңгээлде бийлиги бар болсо да, Тиметей аларга боорукердик менен мамиле кылып, урматташы керек болчу.

14. Өзүбүздөн улуу бир тууганга кандай жагдайда кеңеш бергенибиз же аны оңдоп-түзөгөнүбүз орундуу болот?

14 Бирок жашы улуу бир тууган атайылап күнөө кылса же Жахабага жакпаган кайсы бир нерсени жактаса, көз жумуп коюшубуз керекпи? Жахаба адамга сыртына карап баа бербегендиктен аны кары болгону үчүн эле актап койбойт. Ышая 65:20да кандай принцип камтылганына көңүл бурсаң. Ал жерде: «Күнөөкөр жүз жашка чыкса да, каргышка калат»,— делет. Ушул сыяктуу принцип Жезекиелдин аянында да чагылдырылган (Жез. 9:5—7). Андыктан биз дайыма биринчи кезекте Күндөрү Байыркыны, Жахаба Кудайды, урматтап-сыйлашыбыз керек (Дан. 7:9, 10, 13, 14). Ошентсек, кеңешке муктаж ишенимдешибизди жаш курагына карабай оңдоп-түзөгөндөн коркпойбуз (Гал. 6:1).

Жаш бир туугандарга урмат көрсөтөсүңбү? (15-абзацты кара)

15. Жаш бир туугандарды урматтоо жагынан Пабылдан эмнеге үйрөнө алабыз?

15 Ал эми жыйналыштагы инилерибиз жөнүндө эмне айтууга болот? Аларга кандай карайсың? Элчи Пабыл Тиметейге: «Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун. Ишенимдүүлөргө сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, адеп-ахлактуулугуң менен үлгү бол»,— деп жазган (1 Тим. 4:12). Ал убакта Тиметей 30дардан өтүп калса керек. Ошентсе да Пабыл ага чоң жоопкерчиликтерди тапшырган. Тиметейге кандай себептен улам кеңеш бербесин, Пабылдын эмне деп айткысы келгени айкын: биз жаштарга курагына карап баа бербешибиз керек. Атүгүл Мырзабыз Иса Машаяк да жердеги кызматын 33 эле жашында аткарып бүткөнүн эстен чыгарбайлы.

16, 17. а) Аксакалдар кимдир бирөөнүн кызмат жардамчысы же аксакал болууга жарактуу экенин кантип аныктай алышат? б) Жеке көз караш же маданият кандайча Ыйык Жазмага каршы келип калышы мүмкүн?

16 Балким, силердин маданиятта кичүүлөрдү жашсынта беришеттир. Эгер ошондой болсо, жыйналыштагы аксакалдар кызмат жардамчысы же аксакал болууга жарактуу бир туугандарга кепилдеме бергиси келбеши мүмкүн. Аксакалдардын баары Ыйык Китепте канча жаштан баштап кызмат жардамчысы же аксакал болсо болоруна байланыштуу эч нерсе айтылбай турганын унутпашы керек (1 Тим. 3:1—10, 12, 13; Тит 1:5—9). Эгер аксакал маданиятынын негизинде кандайдыр бир эрежелерди чыгарса, Ыйык Жазмага ылайык иш кылган болбойт. Жыйналыштагы инилерге баа берүүгө жеке көз караш же маданият таасир этпеши керек. Аксакалдар Кудайдын Сөзүндөгү нормаларга жетектелиши зарыл (2 Тим. 3:16, 17).

17 Ыйык Китепке эмес, маданиятка негизделген көз караш талаптарга жооп берген инилерди дайындоого кандайча тоскоолдук кыларын карап көрөлү. Бир өлкөдө жаш кызмат жардамчысы жыйналышта чоң жоопкерчиликтерди аткарчу. Аксакалдар ал бир туугандын аксакалдарга коюлган талаптарга тийиштүү деңгээлде жооп берерине макул болушса да, ага кепилдеме берилген эмес. Себеби бир нече улуу аксакал аны өтө эле жаш деп каршы болушкан. Өкүнүчтүүсү, ал бир тууган жаш деп эсептелгени үчүн эле аксакал болуп дайындалбай калган. Бул бир эле окуя болсо да, отчёттордон көрүнүп тургандай, мындай көз караш дүйнө жүзүндөгү көптөгөн жыйналыштарга таасир этүүдө. Жеке оюбузга же маданиятыбызга эмес, Ыйык Китепке жетектелгенибиз абдан маанилүү! Ошенткенибизде гана Исага баш ийип, башкаларга сыртына карап баа берүүдөн кача алабыз.

АДИЛЕТТҮҮ СОТ

18, 19. Башкаларга Жахаба карагандай караш үчүн эмне кылышыбыз керек?

18 Жеткилеңсиз болсок да, бет карама эмес Кудайыбыз Жахабадан үлгү алып, адамдарга ал карагандай кароого үйрөнө алабыз (Элч. 10:34, 35). Бирок ал үчүн талыкпай күч-аракет жумшап, Кудайдын Сөзүндөгү эскертүүлөрдү дайыма эсибизге салып турушубуз керек. Аларды иш жүзүндө колдонуу менен Исанын: «Адамды сыртына карап соттогонуңарды токтоткула»,— деген буйругун аткара алабыз (Жкн. 7:24).

19 Падышабыз Иса Машаяк жакында адамдарды көзүнүн көргөнү же кулагынын укканы боюнча эмес, адилеттүүлүк менен соттойт (Ыш. 11:3, 4). Ошондо кандай сонун болот!