Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыдамкайлык үмүт үзбөөгө жардам берет

Чыдамкайлык үмүт үзбөөгө жардам берет

«АКЫРКЫ КҮНДӨРДӨ» жашоо барган сайын оордоп бараткандыктан, Жахабанын эли чыдамкайлыкты мурункудан да көбүрөөк өрчүтө бериши керек (2 Тим. 3:1—5). Тегерегибиздегилердин көбү өзүн өзү сүйөт, эпке-сөзгө келбейт, өзүн кармай албайт. Андай адамдар чыдамдуулук көрсөтпөй, көп учурда ачууга алдырышат. Ошондуктан Кудайдын ар бир кызматчысы мындай деп ойлонуп көрүшү керек: «Дүйнөдөгү адамдарга окшоп чыдамы жок болуп бараткан жокмунбу? Чындап чыдамкай болуу деген эмнени билдирет? Бул баалуу сапат табиятымдын бир бөлүгү болуп калышы үчүн, эмне кылсам болот?»

ЧЫДАМКАЙЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Ыйык Китепке ылайык, чыдамкайлык кыйынчылыкка жөн эле чыдап коюуну билдирбейт. Чыдамкай киши жагдайдын жакшырарынан үмүт үзбөйт. Ал өзүнүн эле муктаждыктарын ойлобойт, тескерисинче, кыйынчылык туудурган кишинин жыргалчылыгын көздөйт. Андыктан кимдир бирөө жаман мамиле кылганда же ачуусуна тийгенде, чыдамкай киши багынып калбай, көйгөйдүн чечилерине үмүттөнөт. Ошол себептен Ыйык Китепте «чыдамкайлыктын» сүйүүнүн * аркасында өрчүй турган көптөгөн сонун сапаттардын биринчиси болуп саналганы таң калыштуу эмес (1 Кор. 13:4). Ошондой эле анда «чыдамкайлык» «рухтун жемишине» кирген сапат экени да айтылат (Гал. 5:22, 23). Анда чыдамкай болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

ЧЫДАМКАЙЛЫКТЫ КАНТИП ӨРЧҮТСӨ БОЛОТ?

Чыдамкайлыкты өрчүтүү үчүн Жахабадан ыйык рух сурашыбыз керек. Ал аны ага ишеним артып, таянгандарга берет (Лк. 11:13). Бирок Кудайдын руху күчтүү болсо да, биз өзүбүз тараптан да күч жумшап, тиленгенибизге жараша иш кылышыбыз зарыл (Заб. 86:10, 11). Чыдамкайлык жүрөгүбүздөн орун алышы үчүн, бизден күн сайын чыдамдуу болууга колубуздан келишинче аракет кылуу талап кылынат. Анткен менен чыдамкайлык табиятыбыздын бир бөлүгү болуп калышы үчүн, дагы башка нерсе кылышыбыз керек. Анда ошол тууралуу билели.

Чыдамкайлыкты өрчүтүү үчүн Иса Машаяктын жеткилең үлгүсү жөнүндө изилдеп, аны туураганыбыз маанилүү. Элчи Пабыл өз ичине «чыдамкайлыкты» да камтыган «жаңы табият» жөнүндө сөз кылып, бизди: «Жүрөгүңөрдө Машаяктын тынчтыгы өкүм сүрсүн»,— деп чакырган (Кол. 3:10, 12, 15). Жүрөгүбүздө ошондой тынчтык «өкүм сүрүшү» үчүн, Исадай болуп, Кудайдын тынчыбызды алган нерселерди өзү туура көргөн убакта чечип берерине бекем ишенишибиз абзел. Эгер Исадан үлгү алсак, кандай жагдай болбосун, ачууга алдырбай, чыдамдуу болобуз (Жкн. 14:27; 16:33).

Кудай убадалаган жаңы заманды эңсеп келатсак да, анын бизге кандайча чыдамкайлык көрсөтүп жатканы жөнүндө ой жүгүртүү менен көбүрөөк чыдамдуу болууга үйрөнөбүз. Ыйык Китеп бизди: «Кээ бирөөлөргө создуктуруп жаткандай көрүнсө да, Жахаба убадасын создуктурбай аткарат. Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан силерге чыдамдуулук көрсөтүп жатат»,— деп ынандырат (2 Пет. 3:9). Жахабанын бизге канчалык чыдап жатканы жөнүндө ойлонгонубузда, биз да башкаларга чыдаганга түрткү албайбызбы? (Рим. 2:4). Эмесе, кандай учурларда чыдамкайлык талап кылынарын карап көрөлү.

ЧЫДАМКАЙЛЫК ТАЛАП КЫЛЫНГАН ЖАГДАЙЛАР

Чыдамдуулугубуз күн сайын ар кандай жагдайларда сыналат. Мисалы, маанилүү бир нерсени айткың келип жатса, башкалардын сөзүн бөлбөш үчүн, чыдамдуу болуп, күтө турушуң керек болот (Жкп. 1:19). Кайсы бир адаттары кыжырыңды келтирген ишенимдештериң менен пикир алмашканда да чыдамкайлык талап кылынат. Андайда өзүңдү кармап, Жахаба менен Исанын биздин алсыздыктарыбызга кандай карары жөнүндө ойлонгонуң жакшы. Алар майда-чүйдө кемчиликтерибизге көңүл топтой беришпейт. Тескерисинче, жакшы сапаттарыбызга көңүл буруп, жакшыруу үчүн кылып жаткан аракетибизге чыдамдуулук менен байкоо салып турушат (1 Тим. 1:16; 1 Пет. 3:12).

Кимдир бирөө бизге туура эмес сүйлөгөнүбүздү же туура эмес иш кылганыбызды айтканда да, чыдамдуулугубуз сыналат. Андайда шак эле таарынып, өзүбүздү актап киришибиз мүмкүн. Бирок Кудайдын Сөзүндө андай кылбашыбыз керектиги айтылат. Анда: «Сабырдуу киши бой көтөрчөөктөн артык. Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт»,— делет (Нас. 7:8, 9). Андыктан биз жөнүндө айтылгандар карандай калп болсо да, жооп кайтарардан мурун жакшылап ойлонушубуз керек. Башкалар себепсиз эле айыпташканда, Иса так ушундай кылган (Мт. 11:19).

Ата-энелер балдарына туура эмес ой жүгүртүүсүн өзгөртүшү, жаман каалоолорду четке кагышы керектигин үйрөтүп жатканда өзгөчө чыдамдуу болушу зарыл. Скандинавиядагы Бейтелде кызмат кылган Матиастын окуясын карап көрөлү. Өспүрүм кезинде классташтары аны ишенген нерселери үчүн дайыма шылдыңдашчу. Башында ата-энеси муну билген эмес. Бирок баласынын ишеними солгундай баштаганын көргөндө ага жардам берүүгө бүт күчүн жумшашкан. Матиастын атасы Гиллис: «Биз аябай чыдамдуу болушубуз керек болду»,— дейт. Матиас аларга: «Кудай деген ким? Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү эмес болсочу? Бизден тигини же муну чындап эле Кудай талап кылып жатканын кайдан билебиз?» — деген суроолорду берчү. Ошондой эле атасынан: «Кайсы бир нерсеге силердикиндей көз карашта болбогонум үчүн же силер ишенген нерселерге ишенбегеним үчүн башкалар мени эмнеге айыпташы керек?» — деп да сурачу.

«Кээде уулубуз мага же апасына эмес, чындыкка ачуусу келгендиктен суроолорду берчү. Себеби ага чындык жолунда жүргөндүктөн жашоосу оор болуп жаткандай сезилчү»,— дейт Гиллис. Бул көйгөйдү ал кантип чечкен? Гиллис мындай дейт: «Уулум экөөбүз отуруп алып бир нече саат бою сүйлөшчүбүз. Анын сезимдерин, көз карашын толук түшүнүш үчүн көбүнчө бүт дитимди коюп угуп, анда-санда суроолорду берчүмүн. Айрым учурларда ага кайсы бир нерсени түшүндүргөндөн кийин кайра сүйлөшкөнгө чейин ошол тууралуу ойлонуп көргөнгө бир күндөй убакыт берчүмүн. Кээде болсо ал айткан нерселер жөнүндө ойлонуп көрүшүм үчүн бир нече күн беришин суранчумун. Дайыма сүйлөшүп турганыбыздын аркасында Матиас акырындык менен кун, Кудайдын эгедерлиги, Жахабанын сүйүүсү жөнүндө айтылгандарды жана башка окууларды тереңирээк түшүнүп, кабыл ала баштады. Бул бир топ убакытты талап кылды, оңойго да турган жок. Бирок бара-бара анын жүрөгүндө Жахабага болгон сүйүү өсө баштады. Жубайым экөөбүз уулубузга өспүрүм курагында жардам берүү үчүн чыдамдуулук менен жумшаган күч-аракетибиздин акыбети кайтканына, анын жүрөгүн козгой алганыбызга абдан сүйүнөбүз».

Баласына чыдамдуулук менен жардам берүүдө Гиллис менен жубайы Жахабага таянышкан. Артка кылчая карап, Гиллис мындай дейт: «Матиаска апасы экөөбүз аны аябай жакшы көргөндүктөн Жахабадан ага кайсы бир нерсени түшүнгөнгө көмөк кылышын сурап жалындуу тиленерибизди көп айтчумун». Алар чыдамдуу болгону үчүн кандай гана кубанышат!

Кудайдын кызматчылары башкаларга рухий жактан жардам бергенден сырткары, өнөкөт ооруга чалдыккан жакындарына же досторуна сүйүү менен кам көрүүдө да чыдамдуу болушу керек. Буга байланыштуу Эллендин * окуясына токтололу. Ал да Скандинавияда жашайт.

Сегиз жылдай мурун Эллендин күйөөсү эки жолу инсульт болуп, мээсине доо кеткен. Ошонун айынан эчтекени: кайгыны да, кубанычты да сезбей калган. Бул Эллен үчүн абдан оор. Ал: «Мага аябай чыдамдуу болууга, көп тиленүүгө туура келет»,— дейт. Анан: «Мени Филипиликтер 4:13төгү: „Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам“,— деген сөздөр жубатып-сооротот»,— деп кошумчалайт. Ооба, Жахаба күч берип, колдогондуктан, Эллен баарына туруктуулук менен чыдап келет (Заб. 62:5, 6).

ЖАХАБАДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

Чыдамдуу болуу жагынан Жахаба бизге эң мыкты үлгү көрсөтүп келет (2 Пет. 3:15). Ыйык Китепте анын зор чыдамдуулук көрсөткөнү жөнүндөгү окуялар көп (Нек. 9:30; Ыш. 30:18). Мисалы, Жахаба Содом шаарын жок кылууну чечкенде, Ыбрайым пайгамбар ага бир канча суроо берген. Ошондо Жахаба эмне кылган? Ыбрайым сүйлөп жатканда, ал адегенде анын сөзүн бөлбөй, кунт коюп уккан. Ыбрайым суроо берген сайын, Кудай анын айткандарын кайталап, аны чындап эле угуп жатканын көрсөткөн. Ошондой эле аны, эгер Содомдон атүгүл он эле адил киши табылса, шаарды жок кылбай турганына ынандырган (Башт. 18:22—33). Ачууга алдырбай, кунт коюп угуу жагынан Жахаба кандай сонун үлгү калтырган!

Чыдамкайлык Кудайдын бардык кызматчылары кийиши керек болгон жаңы табияттын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эгер баа жеткис ал сапатты өрчүтүүгө бүт күчүбүздү жумшасак, асмандагы камкор, чыдамкай Атабызды даңктайбыз жана «ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардын» арасында болобуз (Евр. 6:10—12).

^ 4-абз. Сүйүү жөнүндө ыйык рухтун жемишине кирген сапаттар талкууланып турган бул рубриканын биринчи макаласында сөз кылынган.

^ 15-абз. Ысмы өзгөртүлдү.