Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жол башчыбыз Иса Машаякка ишеним арталы!

Жол башчыбыз Иса Машаякка ишеним арталы!

«Бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк» (МТ. 23:10).

ЫРЛАР: 16, 14

1, 2. Муса пайгамбар көз жумгандан кийин, Жашыя кандай кыйынчылыкка кабылган?

ЖАХАБАНЫН: «Менин кызматчым Муса көз жумду. Эми сен бул эл менен бирге Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, мен Ысрайыл уулдарына бере турган жерге бар»,— деген сөздөрү Жашыянын кулагына кайра-кайра жаңырып жатты (Жаш. 1:1, 2). Дээрлик 40 жылдай Муса пайгамбардын кызматчысы болгон Жашыя үчүн бул үч уктаса түшүнө кирбеген өзгөрүү болгон.

2 Муса пайгамбар Кудайдын элин көп убакыт бою жетектегендиктен, Жашыя өзүнүн анын ордуна жол башчы болуп дайындалганын эл кандай кабыл алат болду экен деп ойлонсо керек (Мыйз. 34:8, 10—12). Ыйык Китеп жөнүндөгү бир эмгекте Жашыя 1:1, 2ге байланыштуу мындай делет: «Байыркы учурду алабызбы же бүгүнкү күндүбү, жол башчылык башка бирөөгө өткөн убак мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган эң коогалаңдуу мезгил болуп эсептелет».

3, 4. Жашыянын Кудайга таянганы туура болгонун кайдан билебиз жана эмне деп ойлонушубуз мүмкүн?

3 Жашыянын корккону жөндүү болчу. Анткен менен ал бир нече эле күндүн ичинде кайраттанып, чечкиндүү иш-аракет кылган (Жаш. 1:9—11). Анын Кудайга таянганы туура болгон. Себеби, Ыйык Китепте баяндалгандай, Жахаба Жашыяга жана ысрайыл элине жол көрсөтүү үчүн периштесин жиберген. Ал периште Сөз, башкача айтканда, Кудайдын тун Уулу болгон деп тыянак чыгаруу акылга сыярлык (Чыг. 23:20—23; Жкн. 1:1).

4 Жахабанын жардамы менен ысрайылдыктар Мусага кандай баш ийсе, Жашыяга да ошондой баш ие баштаган. Биз да тарыхый өзгөрүүлөр болуп жаткан убакта жашап жатабыз. Ошол себептен: «Кудайдын уюму тездик менен алга илгерилеп жаткандыктан, дайындалган жол башчыбыз Исага ишеним артышыбызга олуттуу негиз барбы?» — деп ойлонушубуз мүмкүн. (Оку: Матай 23:10.) Бул суроого жооп алуу үчүн Жахабанын байыркы убакта өзгөрүүлөр болгондо элин кантип жетектегенин карап көрөлү.

КУДАЙДЫН ЭЛИН КАНААН ЖЕРИНЕ ЖЕТЕКТЕП БАРУУ

5. Жерихого жакындаганда Жашыя кимге кезиккен? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

5 Ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өткөндөн көп узабай, Жашыя өзгөчө окуяга кабылган. Ал Жерихо шаарына жакындаганда кылыч көтөргөн бир кишиге кезиккен. Анын ким экенин билбегендиктен Жашыя андан: «Сен биз тараптасыңбы же душмандар тараптасыңбы?» — деп сураган. Тиги киши өзүнүн «Жахабанын аскерлеринин төрөсү» экенин, анын элин коргоо үчүн келгенин айткан. Бул Жашыя үчүн күтүлбөгөн жооп болгон. (Оку: Жашыя 5:13—15.) Ыйык Китептин башка жерлеринде Жахабанын Жашыя менен сүйлөшкөнү айтылса да, чынында, ага периштеси аркылуу сүйлөгөнү шексиз. Себеби Жахаба мурун да адамдар менен көбүнчө периштеси аркылуу сүйлөшчү (Чыг. 3:2—4; Жаш. 4:1, 15; 5:2, 9; Элч. 7:38; Гал. 3:19).

6—8. а) Эмне үчүн Жахабанын айрым көрсөтмөлөрү, бир караганда, кызыктай көрүнүшү мүмкүн эле? б) Жахабанын көрсөтмөлөрүнүн өз убагында берилгени жана эң туура болгону эмнеден көрүнүп турат? (Шилтемени да карагыла.)

6 Жахабанын атынан келген ал периште Жашыяга Жерихо шаарын басып алууга байланыштуу айкын-так көрсөтмөлөрдү берген. Бир караганда, ал көрсөтмөлөрдүн айрымдары анча натыйжалуу эместей көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, Жахаба ага эркек аттуулардын баары сүннөткө отургузулушу керектигин айткан. Бирок алар сүннөткө отургузулса, бир нече күн ооруп, алсырап калышмак. Анда согушка жарактуу эркектердин так ошол маалда сүннөткө отургузулганы акылга сыярлык болгонбу? (Башт. 34:24, 25; Жаш. 5:2, 8).

7 Сыягы, алар: «Алсырап жатканыбызда душмандар кол салса, үй-бүлөбүздү кантип коргойбуз?» — деп тынчсызданышса керек. Бирок ошондо: «Ысрайыл уулдарынан корккондуктан Жерихонун тургундары шаардын дарбазаларын бекем жаап алышты»,— деген кабар келген (Жаш. 6:1). Жагдайдын күтүлбөгөн жерден ушундайча өзгөргөнү ысрайылдыктарга Жахабанын жетекчилигине ого бетер ишеним артууга түрткү берсе керек.

8 Андан сырткары, Жахаба аларга Жерихого сокку урбай, аны алты күн бою бир жолудан, ал эми жетинчи күнү жети жолу айланып чыгышы керектигин буйрук кылган. Балким, ошондо кээ бир жоокерлер: «Убактыбыз менен күчүбүздү ушинтип жөн эле текке кетире беребизби!» — деп ойлонсо керек. Кандай болбосун, Ысрайылдын көзгө көрүнбөгөн Жол башчысы Жахаба өзүнүн эркин кантип аткарарын эң сонун билген. Анын буйругуна ылайык иш кылгандыктан ысрайылдыктар Жерихонун күчтүү жоокерлери менен согушпай туруп эле аны басып алышкан. Мунун аркасында алардын ишеними да бекемделген (Жаш. 6:2—5; Евр. 11:30) *.

9. Эмне үчүн Кудайдын уюму берген көрсөтмөлөргө ылайык иш кылышыбыз керек? Мисал келтиргиле.

9 Бул билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Кээде Жахабанын уюму кандайдыр бир жаңы өзгөрүү киргизгенде, анын себебин толук түшүнбөшүбүз мүмкүн. Алсак, өздүк изилдөөдө, кызматта, жыйналыш жолугушууларында электрондук каражаттарды колдонуу натыйжалуу болоруна адегенде шектенген чыгарбыз. Ал эми азыр анын канчалык пайдалуу экенин көбүбүз эле сезип-көрүп жатабыз. Башында шектенгенибизге карабай жаңы өзгөрүүнү кабыл алып, анын жемишин көрүүнүн аркасында ишенимибиз, биримдигибиз чыңдалууда.

МАШАЯК 1-КЫЛЫМДАГЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫН КАНТИП ЖЕТЕКТЕГЕН?

10. Иерусалимдеги жетектөөчү кеңештин маанилүү маселени чечүү үчүн өткөргөн жолугушуусун ким жетектеген?

10 Корнелийдин чөмүлгөнүнөн 13 жылдай өткөндөн кийин деле Машаяктын жүйүт жолдоочуларынын айрымдары сүннөткө отургузууну жактай беришкен (Элч. 15:1, 2). Буга байланыштуу Антиохияда пикир келишпестик болгондо, шакирттер Пабылды бул маселе боюнча Иерусалимдеги жетектөөчү кеңешке жиберишкен. Бирок чынында мунун артында ким турган? Пабыл: «Ал жакка аян алгандыктан баргам»,— деген. Ооба, жетектөөчү кеңеш ал көйгөйдү чечип бериши үчүн, Машаяк жагдайга өзү кийлигишкен (Гал. 2:1—3).

Машаяктын Кудайдын элин жетектеп жатканы 1-кылымда айкын көрүнгөн (10, 11-абзацтарды карагыла)

11. а) Көп жылдар бою жүйүт шакирттердин арасында сүннөткө отургузулууга байланыштуу кандай көйгөй болгон? б) Пабылдын Иерусалимдеги аксакалдарды колдоого даяр экени кантип сыналган? (Шилтемени да карагыла.)

11 Машаяктын жетекчилиги алдында жетектөөчү кеңеш башка улуттан болгон шакирттердин сүннөткө отургузулушу зарыл эмес деген чечим чыгарган (Элч. 15:19, 20). Өкүнүчтүүсү, кээ бир жүйүт шакирттер ошого карабай балдарын сүннөткө отургуза беришкен. Иерусалимдеги аксакалдар Пабыл Мусанын Мыйзамына карманбай жатат деген ар кандай имиш сөздөрдү укканда ага оюна келбеген көрсөтмө беришкен * (Элч. 21:20—26). Эл анын «Мыйзамга карманып» жатканын көрүшү үчүн, аксакалдар ага төрт кишини ибадатканага ээрчитип барышы керектигин айткан. Пабыл көйгөйдүн баары сүннөткө отургузулууга байланыштуу чыгарылган чечимди айкын түшүнбөгөн жүйүт шакирттерде экенин айтып, аксакалдардын берген көрсөтмөсүн аткаруудан баш тартса деле болмок. Бирок ал ишенимдештеринин биримдигин көздөп жаткан аксакалдарды колдоп, алардын айтканын момундук менен аткарган. Балким: «Иса өзүнүн өлүмү аркылуу Мусанын Мыйзамын жокко чыгаргандан кийин да бул маселенин көп жылдар бою чечилбей келишине эмне үчүн жол берген?» — деп ойлонушубуз мүмкүн (Кол. 2:13, 14).

12. Машаяк сүннөткө отургузууга байланыштуу маселенин көп жылдар бою чечилбей келишине, сыягы, эмнеден улам жол берген?

12 Айрымдарга жаңы түшүнүктү кабыл алуу үчүн убакыт талап кылынган. Жүйүт шакирттерге көз карашын өзгөртүү үчүн жетиштүү убакыт керек болгон (Жкн. 16:12). Кээ бирлерге сүннөткө отургузулуу Кудай менен болгон өзгөчө мамиленин белгиси болбой калганын кабыл алуу кыйынга турган (Башт. 17:9—12). Башкалары жүйүттөрдүн жамаатынан чыгып калуудан, куугунтукталуудан корккон (Гал. 6:12). Бирок убакыттын өтүшү менен Машаяк Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазылган каттары аркылуу буга байланыштуу дагы башка көрсөтмөлөрдү берген (Рим. 2:28, 29; Гал. 3:23—25).

МАШАЯК ЖОЛДООЧУЛАРЫН АЗЫР ДА ЖЕТЕКТӨӨДӨ

13. Машаяктын жетекчилигине баш ийүүгө эмне жардам берет?

13 Уюм киргизген айрым өзгөрүүлөрдүн себебин толук түшүнбөй жатсак, Машаяктын мурун Кудайдын элин кантип жетектегени жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз жакшы. Жашыянын күндөрүндө да, 1-кылымда да ал Кудайдын кызматчыларын коргоп, ишенимин чыңдап, биримдигин сакташ үчүн аларды дайыма туура жол менен жетектеген (Евр. 13:8).

14—16. Машаяктын рухий жыргалчылыгыбызга кызыкдар экени «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берген жетекчилигинен кандайча көрүнүп турат?

14 Исанын биздин рухий жыргалчылыгыбызга мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканы «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу өз убагында жетекчилик берип келатканынан айкын көрүнүүдө (Мт. 24:45). Төрт баланын атасы Марк мындай дейт: «Шайтан үй-бүлөлөргө чабуул коюу менен жыйналыштарды алсыратууга аракет кылууда. Үй-бүлөлүк изилдөөнү жума сайын өткөрүүгө эмне үчүн чакырылып жатканыбыз айкын: үй-бүлө башчылары үйүндөгүлөрүн коргошу керек!»

15 Машаяктын бизди кантип жетектеп жатканын аңдай билсек, анын рухий жыргалчылыгыбызга абдан кызыкдар экенин түшүнөбүз. Патрик деген аксакал: «Дем алыш күндөрү чакан топ болуп өткөрүлгөн кабар айтуу жолугушууларына барганда айрымдар башында көнө албай кыйналышты»,— деген. Бирок ал бул чарадан Исанын жыйналыштагылардын ар бирине кам көрөрү көрүнүп турарын белгилеген. Алсак, тартынчаак же мурун кабарга көп чыкпаган бир туугандар бул өзгөрүүнүн аркасында өздөрүнүн баалуу, керектүү экенин көбүрөөк сезип, рухий жактан жакшы ийгиликтерди кылып жатышат.

16 Рухий муктаждыгыбызга кам көргөндөн сырткары, Машаяк бизге жер бетинде аткарылып жаткан эң маанилүү ишке көңүл топтоого да жардам берип келет. (Оку: Марк 13:10.) Жакында эле аксакал болуп дайындалган Андре дайыма Кудайдын уюму берген жаңы көрсөтмөлөргө ылайык иш кылууга аракет кылат. Ал: «Филиалда кызмат кылгандардын санынын кыскартылганы убакыттын аз калганын, кабар айтуу ишине бүт күчүбүздү жумшашыбыз керектигин эскертип турат»,— дейт.

МАШАЯКТЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ БЕРИЛГЕНДИК МЕНЕН БАШ ИЕЛИ

17, 18. Акыркы өзгөрүүлөргө ылайык иш кылуунун пайдасы жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

17 Тактыда отурган Падышабыз Иса Машаяктын бизге жетекчилик берип жатканынан келечекти эске аларын айкын көрүүгө болот. Андыктан акыркы өзгөрүүлөргө ылайык иш кылуудан кандай пайда алып жатканыбыз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Мисалы, үй-бүлөлүк изилдөөңөрдө жыйналыш жолугушууларына же кызматка байланыштуу болгон өзгөрүүлөр эмнеси менен пайдалуу болгонун талкуулап көрсөңөр болот. Бул силерге дем-шык берери шексиз.

Үй-бүлөңөргө жана башкаларга Жахабанын уюмунан артта калбоого жардам берип жатасыңарбы? (17, 18-абзацтарды карагыла)

18 Жахабанын уюму берген көрсөтмөлөрдүн маңызын түшүнүп, пайдасы тууралуу ой жүгүртсөк, аларга баш ийүүдөн кубаныч алабыз. Айталы, кагаз түрүндөгү адабияттар азыраак чыгарылып, түшкөн тартуулар үнөмдөлүп жатат. Ошондой эле электрондук каражаттардын көбүрөөк колдонулганы Падышалыктын ишин бардык жерде алдыга жылдырууга шарт түзүп жатат. Ушундай болуп жатканына баарыбыз эле сүйүнүүдөбүз. Муну эстей жүрсөк, мүмкүн болсо, адабияттардын электрондук түрүн колдонууга аракет кылабыз. Ошентүү менен уюмдун каражатынын акылдуулук менен колдонулушун каалаган Машаякты колдогон болобуз.

19. Эмне үчүн Машаяктын жетекчилигине баш ийишибиз керек?

19 Машаяктын жетекчилигине даярдуулук менен баш ийсек, башкалардын ишенимин бекемдеп, биримдикке салым кошобуз. Андре дүйнө жүзү боюнча бейтелдиктердин санынын кыскарганы ага кандай таасир эткени тууралуу мындай дейт: «Мурда Бейтелде кызмат кылган бир туугандардын бул өзгөрүүнү кабыл алып, эң сонун маанай чагылдырганы аларды урматтап-сыйлоого, [Машаяктын жетекчилигине] ишеним артууга түрткү берди. Алар кызматтын кандай түрүнө дайындалбасын, аны кубаныч менен аткарып, Жахабанын арабасы менен чогуу кетип баратышат».

ЖОЛ БАШЧЫБЫЗГА ИШЕНИП, АГА ТАЯНАЛЫ

20, 21. а) Жол башчыбызга эмне үчүн ишеним артсак болот? б) Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

20 Кудай дайындаган Жол башчыбыз Иса Машаяк жакында «акыркы жеңишке жетиш үчүн чыгып», «сестентерлик иштерди кылат» (Аян 6:2; Заб. 45:4). Ага чейин ал Кудайдын элин келечектеги жашоого, тирилүү убагында чоң масштабда жүргүзүлө турган билим берүү жана куруу ишине даярдап жатат.

21 Жагдай-шартыбыз өзгөрсө да, майланган Падышабызга толук ишеним арта берсек, ал бизди жаңы дүйнөгө жетектеп барат. (Оку: Забур 46:1—3.) Бирок кээде, айрыкча, жашообузда күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болгондо, жагдайга ылайыкташуу кыйын болушу мүмкүн. Андай учурларда жан дүйнө бейкуттугун сактоого жана Жахабага толук ишенүүгө эмне жардам берет? Бул эмки макалада талкууланат.

^ 8-абз. Археологдор Жерихонун казындыларынан аябагандай көп өлчөмдө буудай табышкан. Бул ал шаардын көпкө курчоого алынбай эле басылып алынганынан, андагы азык-түлүктүн түгөнүп калбаганынан кабар берет. Ысрайылдыктарга Жерихону талап-тоноого жол берилген эмес. Бирок алар ал жерди ылайыктуу учурда басып алышкан. Анткени ал учур оруп-жыюу маалы болчу жана талааларда түшүм мол эле (Жаш. 5:10—12).

^ 11-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2003-жыл, 1-апрель, 16-бет, «Пабыл сыноону момундук менен көтөргөн» деген кутуча.