Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Куугунтук учурунда эмнеден улам Степандын жан дүйнөсү ушунчалык тынч болгон?

СТЕПАН деген шакирт ага тишин кайраган топ кишинин алдына алынып келген. Ысрайылдагы эң жогорку соттун, Синедриондун, мүчөлөрү катары кызмат кылган ал 71 сот эл арасындагы абдан таасирдүү кишилерден болушкан. Аларды Каяпа, тактап айтканда, бир нече ай мурун Иса Машаяк өлүм жазасына тартылганда сотто төрагалык кылган башкы дин кызматчы чогулткан (Мт. 26:57, 59; Элч. 6:8—12). Степанды айыпташ үчүн алар улам бир жалган күбөнү алдыга чыгарышкан. Ошондо ал жердегилер таң калыштуу бир нерсеге күбө болушкан: баары «анын жүзү периштеникиндей экенин көрүшкөн» (Элч. 6:13—15).

Жүрөк титиреткен ушундай жагдайда Степандын жан дүйнөсү эмнеден улам ушунчалык тынч болгон? Синедрионго алынып келгенге чейин ал Кудайдын ыйык рухуна толуп, өзүнө тапшырылган ишти жан-дили менен аткарып жүргөн (Элч. 6:3—7). Сот маалында да ошол эле ыйык рух ага жардам берген. Ал аны соороткон жана мурун билгендерин эсине салган (Жкн. 14:16, шилт.). Элчилер китебинин 7-бөлүмүнөн көрүнүп тургандай, Степан өзүн тайманбастык менен коргоп жатканда ыйык рухтун жардамы менен Еврей Жазмаларынан 20дай же андан да көп үзүндү келтирген (Жкн. 14:26). «Кудайдын оң жагында турган» Иса жөнүндө аян көргөндө анын ишеними ого бетер бекемделген (Элч. 7:54—56, 59, 60).

Эртели-кеч биз да куугунтукка кабылышыбыз мүмкүн (Жкн. 15:20). Эгер Кудайдын Сөзүн дайыма окусак жана кызматка жигердүү катышсак, ыйык рухтун бизге таасир этишине жол берген болобуз. Ошондой эле каршылыкка дуушар болгондо бекем туруп, жан дүйнө бейкуттугун сактай алабыз (1 Пет. 4:12—14).