Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага таянып, түбөлүк өмүр сүр!

Жахабага таянып, түбөлүк өмүр сүр!

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа» (НАКЫЛ 3:5).

ЫРЛАР: 3, 8

1. Эмне үчүн баарыбыз сооротууга муктажбыз?

БААРЫБЫЗ сооротууга муктажбыз. Балким, көптөн бери кайсы бир нерсеге тынчсызданып, кайгырып жүргөндүрбүз же көңүл кайттыкка учурагандырбыз. Айрымдарыбыз карылыктан, оорудан улам же жакыныбыздан айрылгандыктан кыйналсак, башкаларыбыз жаман мамилеге кабылып жаткандырбыз. Ошондой эле бул дүйнөдө зордук-зомбулук да күч алууда. Ооба, азыркы «өзгөчө оор мезгил» «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды жана күн өткөн сайын жаңы дүйнөгө жакындап баратканыбызды далилдеп турат (2 Тим. 3:1). Бирок Жахабанын убадаларынын аткарылышын көп жылдардан бери күтүп келатсак жана кыйынчылыктарыбыз барган сайын көбөйүп жатса, сооронучту кайдан таба алабыз?

2, 3. а) Бизге Хабакук жөнүндө эмнелер маалым? б) Ал жазган китепти изилдеп көргөнүбүз эмне үчүн пайдалуу?

2 Жогорудагы суроого жооп алыш үчүн Хабакук китебин изилдеп көрөлү. Ыйык Китепте Хабакуктун жашоосу, кылган иши жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтылбаса да, анын ысмы менен аталган китептен дем-күч берерлик ойлорду табууга болот. Анын ысмы, кыязы, «кыса кучактоо» дегенди билдирет. Бул Жахабанын өз кызматчыларын сооротуу үчүн аларды каймана мааниде кучагына аларын же кичинекей бала атасын кучактагандай, биздин аны бекем кучактаарыбызды көрсөтүп турат. Хабакук Кудайга кайрылып, суроолорду берген. Анын суроолору бизге да пайдалуу болорун билгендиктен Жахаба ага экөөнүн сүйлөшкөнүн Ыйык Китепке жаздыртып койгон (Хаб. 2:2).

3 Хабакук жөнүндө Ыйык Китептеги ошол билдирүүдөн гана биле алабыз. Анын китеби «туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн» «мурун жазылып», Ыйык Китепте сакталып калган билдирүүлөрдүн бир бөлүгүн түзөт (Рим. 15:4). Ал китептен ар бирибиз кандай пайда алабыз? Анда жазылгандар Жахабага таянуу деген эмнени билдирерин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле андан сыноолорго, кыйынчылыктарга карабай жан дүйнө тынчтыгын сактоо мүмкүн экенин биле алабыз. Анда эмесе, Хабакук китебине кененирээк токтололу.

ЖАХАБАДАН ТИЛЕН

4. Хабакук эмнеден улам бушайман болгон?

4 Оку: Хабакук 1:2, 3. Хабакук аябай кыйын кезеңде жашаган. Тегерегиндеги адамдар ыймансыз, зөөкүр болгондуктан, ал катуу кайгырып: «Жахаба жамандыкты качан жок кылат? Эмне үчүн ушуга чейин создуктуруп келатат?» — деп бушайман болгон. Ал мекендештеринин адилетсиз иштерди кылып, башкаларга кысым көрсөтүп жатканын нечен ирет көргөн. Ошондуктан өзүн жардамсыз калгандай сезген. Кара булут каптаган ошондой оор мезгилде ал Жахабадан жагдайга кийлигишишин суранып, жалбарган. Балким, Хабакук: «Жахабага баары бир окшойт. Ал жакында иш-аракет кылбайт»,— деп ойлоно баштагандыр. Кудайдын ал сүйүктүү кызматчысынын сезимдери сага да таанышпы?

5. Хабакук китебинен кандай маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Хабакук Жахабага таянбай калганбы? Анын убадаларынын аткарыларына шектенгенби? Түк да! Жүрөгүн уйгу-туйгу кылган ойлорун, тынчсызданууларын адамдарга эмес, Жахабага айтканы анын жакшылыктан таптакыр үмүт үзүп койбогонун айгинелеп турат. Сыягы, ал Кудайдын жамандыкты качан жок кыларын билбегендиктен же анын ошондой кейиштүү абалга туш болушуна эмне үчүн жол берип жатканын түшүнбөгөндүктөн кыйналган. Жахаба Хабакуктун тынчсызданууларын ыйык руху аркылуу анын өзүнө жаздыруу менен бизди маанилүү бир нерсеге үйрөткүсү келген: биз тынчыбызды алган ойлорду же шек саноолорубузду ага айткандан коркпошубуз керек. Тескерисинче, ал бизди ички сезимдерибиздин баарын тиленүү аркылуу ага айтууга чакырат (Заб. 50:15; 62:8). Накыл сөздөр 3:5те: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа»,— деп жазылган. Хабакуктун бул сөздөрдү жакшы билгени жана аларды көкүрөгүнө бекем түйүп алганы шексиз.

6. Тиленүү эмне үчүн маанилүү?

6 Хабакук ишеничтүү Досу жана Атасы болгон Жахабага жакындаш үчүн өзү иш-аракет кылган. Ал өз түшүнүгүнө таянып, жагдайынан улам мүңкүрөп отура берген эмес. Анын ордуна, Кудайга кайрылып, ага жан дүйнөсүнө бүлүк салган нерселерди айткан. Муну менен бизге эң сонун үлгү калтырган. Тиленүүлөрдү угуучу Жахаба бизди да жүрөгүбүздү түпөйүл кылган көйгөйлөрүбүздүн баарын айтуу менен ага таянарыбызды көрсөтүүгө чакырат (Заб. 65:2). Ошондой кылсак, Жахабанын бизди сүйүүсү менен кучактаганын, башкача айтканда, мээримдүүлүк менен жетекчилик бергенин сезе алабыз (Заб. 73:23, 24). Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, ал бизге жагдайыбызга карата өзүнүн кандай көз карашта экенин түшүнүүгө жардам берет. Ооба, чын жүрөктөн тиленүү — ага таянарыбызды көрсөтүүнүн эң сонун жолдорунун бири.

ЖАХАБАНЫ УК

7. Хабакук кыйынчылыктарын айтканда, Жахаба эмне кылган?

7 Оку: Хабакук 1:5—7. Хабакук бардык кыйынчылыктарын Жахабанын колуна тапшыргандан кийин анын кандай жооп кайтарарын ойлоп тынчсызданса керек. Түшүнүү менен мамиле кылган боорукер Ата катары Жахаба аны арыз-муңун айтканы үчүн айыптаган эмес. Ал анын канчалык кыйналып, азап тартып жатканын билген. Ошондой эле ага түз жолдон чыккан жүйүттөрдү жакында эмне кыларын айткан. Жахаба зордук-зомбулукка белчесинен баткан ал элди чукул арада жазалаарын эң биринчи Хабакукка ачып берген көрүнөт.

8. Жахабанын жообун укканда эмне үчүн Хабакуктун башы маң болгон?

8 Жахаба Хабакукка иш-аракет кылууга даяр экенин көрсөткөн. Зордук-зомбулукчул, ыймансыз муун жазасын ала турган убакка аябай эле аз калган болчу. «Силердин күндөрүңөрдө» деген сөздөр Жахабанын ал элге чыгарган өкүмүн Хабакуктун же анын замандаштарынын көзү тирүүсүндө ишке ашырарын көрсөтүп турган. Чыдамы кетип, зар какшаган пайгамбарына Жахаба ал күткөндөн башкача жооп берген. Анын сөздөрү бүтүндөй Жүйүт аймагында азап-кайгынын ого бетер көбөйөрүн билдирген. Анткени каздимдиктер (бабылдыктар) Жахабанын нормаларын билген ысрайыл элинен алда канча зөөкүр, жеткен ырайымсыз болушкан. Жахаба өз элинин башына алаамат түшүрүш үчүн эмне себептен мыкаачы, бутпарас элди колдонмок? Кудайдын ошондой өкүмүн укканда сен кандай сезимде болот элең?

9. Хабакук Жахабага дагы кандай суроолорду берген?

9 Оку: Хабакук 1:12—14, 17. Тегерегиндеги ыймансыз адамдарды жазалаш үчүн Жахабанын Бабылды колдонгону жатканын билгенден кийин да Хабакук иштин чоо-жайын түшүнө албай кыжалат боло берген. Ошентсе да ал Жахабага момундук менен кайрылып, аны «Аскасы» катары көрөрүн айткан (Мыйз. 32:4; Ыш. 26:4). Ал чыдамдуу болуп, Кудайдын сүйүүсүнө, мээримдүүлүгүнө таяна берген. Ошонун аркасында Жахабага кайрадан коркпой кайрылып, ага: «Эмне үчүн Жүйүт жериндеги жагдайдын оорлошуна жол берип жатасың? Эмне үчүн дароо иш-аракет кылбайсың? Күчүң чексиз болсо да, эмнеге жамандыктын көбөйгөнүнө чыдап жатасың? Ыймансыздар үстөмдүк кылып жатса, эмне үчүн унчукпайсың?» — деген сыяктуу суроолорду берген. Ал Жахабанын «Ыйык» экенин жана көздөрү таптаза болгондуктан жамандыкты карап тура албасын билгендиктен ошентип сураган.

10. Эмне үчүн кээде Хабакуктукундай сезимде болушубуз мүмкүн?

10 Баарыбыз эле кээде Хабакуктукундай сезимде болушубуз мүмкүн. Биз Жахабанын айткандарын угабыз. Ага толук таянабыз, анын Сөзүн окуп-изилдейбиз. Мунун аркасында үмүтүбүз жанданууда. Кудайдын уюму берген билим аркылуу анын убадалары жөнүндө көбүрөөк билип жатабыз. Анткен менен дагы деле: «Азап-кайгыдан качан арылабыз?» — деп ойлонушубуз ыктымал. Хабакуктун кийинки кылган иш-аракетинен эмнеге үйрөнө алабыз?

ЖАХАБАНЫ КҮТ

11. Жахабанын сөздөрүн уккандан кийин Хабакук эмне кылууну чечкен?

11 Оку: Хабакук 2:1. Жахаба менен сүйлөшкөндөн кийин Хабакуктун көңүлү жай алып калган. Ошондуктан анын чара көрүшүн ишенимдүүлүк менен күтүүнү чечкен. Бул анын сезимдерге алдырып чыгарган убактылуу чечими болгон эмес. Себеби кийинчерээк: «Элдердин башына алаамат түшө турган күндү мен дүрбөлөңгө түшпөй күтөм» — деп, дагы деле чечкиндүү экенин айкын кылган (Хаб. 3:16). Кудайдын башка ишенимдүү кызматчылары да анын иш-аракет кыла турган күнүн чыдамдуулук менен күтүшкөн жана бизди да ошого үндөшкөн (Мик. 7:7; Жкп. 5:7, 8).

12. Хабакуктан эмнелерге үйрөнө алабыз?

12 Хабакуктун чечкиндүүлүгүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? Биринчиден, башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, Жахабадан тиленгенибизди эч качан токтотпошубуз керек. Экинчиден, анын өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу айткандарына кулак салганыбыз абзел. Үчүнчүдөн, көйгөйлөрүбүздү өзү туура көргөн убакта чечип берерине ишеним артып, аны чыдамдуулук менен күткөнүбүз маанилүү. Эгер, Хабакуктай болуп, ар дайым Жахабага жүрөгүбүздөгүнү төксөк жана анын айткандарын угуп, чыдамдуулук менен күтө билсек, биздин да жан дүйнөбүз тынч болот. Мунун аркасында туруктуу болобуз. Ошондой эле үмүтүбүздү бекем сактасак, чыдамдуу болобуз. Чыдамдуулук болсо бардык сыноолорго карабай кубанычыбызды жоготпогонго жардам берет. Үмүтүбүз асмандагы Атабыздын өз убагында иш-аракет кыларынан шектенбөөгө да көмөк кылат (Рим. 12:12).

13. Хабакук 2:3тө жазылгандар бизди эмнеге ынандырат?

13 Оку: Хабакук 2:3. Жахаба Хабакуктун аны күтүүнү чечкенине абдан кубанган. Ал анын канчалык кыйналып жатканын толук түшүнгөн. Ошондуктан пайгамбарын чын ыкластан берген суроолоруна жооп аларына мээримдүүлүк, жумшактык менен ынандырып, аны соороткон. Жахаба көп өтпөй аны тынчсызданууларынан арылтмак. Ал, мындайча айтканда, Хабакукка: «Чыдамдуу бол, мага таян. Создуктурулуп жаткандай сезилсе да, сага сөзсүз жооп берем!» — деген. Жахаба өз убадаларын белгиленген убакта ишке ашырарын анын эсине салган. Ошондой эле ага ал убакты чыдамдуулук менен күтүүнү кеңеш кылган. Ооба, пайгамбардын күткөнүнүн акыбети кайтмак.

Жахабага колубуздан келишинче кызмат кылууга эмне үчүн чечкиндүүбүз? (14-абзацты кара)

14. Кыйынчылыкка кабылганда эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

14 Жахабаны чыдамдуулук менен күтүү жана анын айткандарына терең маани берүү ага таянууга, ар кыл сыноолорго карабай жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууга жардам берет. Иса Машаяк бизди Жахаба ачып бере элек убакыт-мөөнөттөрдү билүүгө умтулбай, анын өз убагында иш-аракет кыларына толук ишенсек болорун айткан (Элч. 1:7). Андыктан багынып калбай, Жахабага кызмат кылыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып, убактыбызды акылдуулук менен колдонуп, аны момундук, бекем ишеним, чыдамдуулук менен күтө берели (Мр. 13:35—37; Гал. 6:9).

ЖАХАБАГА ТАЯНГАНДАРДЫ ТҮБӨЛҮК ӨМҮР, КЕРЕМЕТТҮҮ КЕЛЕЧЕК КҮТҮП ТУРАТ

15, 16. а) Хабакук китебинде кандай убадалар жазылган? б) Алардан эмнени биле алабыз?

15 Жахаба ага таянгандарга байланыштуу: «Адил адам... ишенимдүүлүгүнүн аркасында жашайт... Жер Жахабанын даңкы жөнүндөгү билимге толот»,— деген убадаларды берген (Хаб. 2:4, 14). Ооба, чыдамдуулук көрсөтүп, Кудайга таянгандар түбөлүк өмүр сыйлыгын алышат.

16 Хабакук 2:4тө жазылган убада, бир караганда, жалпы эле айтылгандай сезилиши мүмкүн. Бирок Жахабанын соороторлук ал сөздөрү абдан маанилүү болгондуктан, элчи Пабыл аларды үч жолу цитата кылган (Рим. 1:17; Гал. 3:11; Евр. 10:38). Адил адам кандай көйгөйгө кабылбасын, Кудайга болгон ишениминин жана ага таянганынын аркасында анын ой-ниетинин аткарылышын өз көзү менен көрөт. Жахаба бизди азыркы нерселерге эмес, келечекке көңүл топтоого үндөйт.

17. Хабакук китебинде жазылгандар бизди эмнеге ынандырат?

17 Хабакук китебинде азыркы акыркы күндөрдө жашап жаткандардын баары үчүн пайдалуу ойлор камтылган. Жахаба ага ишенген, таянган адил адамдарга түбөлүк өмүр берет. Андыктан кандай кыйынчылыкка дуушар болбойлу, эмнени ойлоп тынчсызданбайлы, ага болгон ишенимибизди чыңдап, мындан ары да ага таяна берели. Хабакук пайгамбар аркылуу Жахаба бизди колдооруна жана куткарарына ынандырат. Ал ага таянууга жана өзү белгилеген убакты — Падышалыгынын башкаруусу алдында жер бети бактылуу, тынчтыкка умтулган кызматчыларына толо турган учурду — чыдамдуулук менен күтүүгө мээримдүүлүк менен чакырууда (Мт. 5:5; Евр. 10:36—39).

ЖАХАБАГА ТАЯНЫП, КУБАНЫЧ АЛ

18. Жахабанын айткандары Хабакукка кандай таасир эткен?

18 Оку: Хабакук 3:16—19. Жахабанын сөздөрү Хабакукка күчтүү таасир эткен. Ал Жахабанын өз эли үчүн кылган кереметтүү иштери жөнүндө ой жүгүрткөн. Натыйжада ага мурдагыдан да көбүрөөк таяна баштаган. Ал Кудайдын жакын арада чара көрөрүн жакшы билген. Ошондуктан өзүнүн кыйынчылыктары дагы кайсы бир убакытка чейин созуларын билсе да, жан дүйнөсү тынч болгон. Башында шектенип, Кудайга арыз-муңун айтып жаткан пайгамбар эми анын куткарууга кудуреттүү экенине толук ишенип, жүрөгү кубанычка бөлөнгөн. Ошондон улам Жахабага ушунчалык бекем таянарын көрсөткөн эң эле күчтүү сөздөрдү айткан. Айрым окумуштуулардын айтымында, 18-аяттагы сөздөр түзмө-түз: «Теңирди ойлоп кубанганыман секирем, Кудайды ойлоп шаттангандыктан тегерене бийлейм»,— деген маанини туюнтат. Чынында эле, Хабакук 3:16—19-аяттарда кандай гана ынандырарлык сөздөр жазылган! Жахаба кереметтүү убадаларды бергенден тышкары, бизди улуу ой-ниетин жакында аткарыш үчүн азыртадан иш-аракет кылып жатканына ынандырууда.

19. Жахаба бизди да сооротушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

19 Ырас, Жахабага таянуу — Хабакук китебинде камтылган абдан маанилүү ой (Хаб. 2:4). Кудайга дайыма толук таянышыбыз үчүн аны менен болгон мамилебизди чыңдашыбыз керек. Ан үчүн 1) Жахабадан ар убак тиленип, ага бардык тынчсызданууларыбызды айтышыбыз зарыл, 2) анын Сөзүндө жазылгандарга жана уюму аркылуу берилген жетекчиликке кулак кагышыбыз кажет, 3) аны бекем ишеним, чыдамкайлык менен күткөнүбүз абзел. Хабакук так ушундай кылган. Анын китеби кайгылуу сөздөр менен башталса да, Кудайга таянарын, жүрөгүндөгү кубанычын чагылдырган сөздөр менен аяктаган. Эгер Хабакуктан үлгү алсак, биз да Жахабанын мээримдүү атадай болуп кучактап жатканын сезе алабыз! Чылк караңгылык чулгаган азыркы дүйнөдө мындан өткөн сооронуч барбы?!