Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мен дайыма чындыгыңда жүрөм»

«Мен дайыма чындыгыңда жүрөм»

«Мени өз жолуңан чыкпоого үйрөт, оо, Жахаба. Мен дайыма чындыгыңда жүрөм» (ЗАБ. 86:11).

ЫРЛАР: 31, 72

1—3. а) Биз Ыйык Китептеги чындыкка кандай карайбыз? Мисал келтир. (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.) б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

САТЫЛЫП АЛЫНГАН буюм кайра кайтарылып берилген учурлар көп кездешет. Айрым билдирүүлөргө ылайык, кээ бир өлкөлөрдө дүкөндөн сатылып алынган нерселердин 9 пайыздайы, ал эми Интернет аркылуу сатылып алынгандардын 30дан ашуун пайызы кайра кайтарылат. Буга буюмдун аны сатып алган кишиге жакпай калганы же ал күткөндөй болбой калганы, же бир жеринде кемтиги болгону себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан аны башкасына алмаштырууну же акчасын кайра алууну чечишет.

2 Кээде сатып алган кайсы бир нерсени кайра кайтарып берсек да, Ыйык Китептеги чындык жөнүндөгү так билимди кайра эч качан кайтарып бергибиз, башкача айтканда, саткыбыз келбейт. (Оку: Накыл сөздөр 23:23; 1 Тим. 2:4.) Мурунку макалада айтылгандай, биз чындыкты таанып-билүүгө көп убактыбызды арнаганбыз. Андан сырткары, чындыкты сатып алыш үчүн мансаптан баш тартканбыз, жакын адамдарыбыздын жаман мамилесине туруштук бергенбиз, ой жүгүртүүбүздү, жүрүм-турумубузду өзгөрткөнбүз же Ыйык Китепке каршы келген каада-салттарга, үрп-адаттарга аралашпай калганбыз. Бирок мунун баары алган баталарыбызга салыштырмалуу эчтеке деле болбой калат.

3 Ыйык Китептеги чындыкка карата кандай сезимде экенибиз Иса Машаяктын бир мисалында айкын чагылдырылган. Ал Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты таанып-билгендер аны канчалык баалаарын көрсөтүш үчүн жакшы бермет издеп жер кезген соодагер жөнүндө айткан. Кымбат баалуу бир бермет тапканда соодагер аны сатып алыш үчүн дароо барып, «бардык нерсесин саткан» (Мт. 13:45, 46). Анын сыңарындай, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты жана Ыйык Китептеги башка кереметтүү чындыктарды укканыбызда алар бизге аябай жаккан. Ошондуктан аларга ээ болуу үчүн көп курмандыктарга барууга даяр болгонбуз. Чындыкты ушунчалык баалагандыктан биз аны эч качан «кайра сатпайбыз». Бирок, тилекке каршы, Кудайдын айрым кызматчылары өздөрү ээ болгон чындыкты баалабай калышкан, атүгүл аны сатып салышкан. Биз мындайга эч качан жол бербейли! Чындыкты дайыма жогору баалап, аны эч качан сатпаш үчүн Ыйык Китептеги «чындык жолунда жүрүүгө» карата берилген кеңешке кулак кагышыбыз керек. (Оку: 3 Жакан 2—4.) Чындык жолунда жүрүү деген өз ичине аны биринчи орунга коюуну жана ага ылайык жашоону камтыйт. Анда эмесе, буга байланыштуу төмөнкү суроолорду карап чыгалы: Айрымдар кандайча чындыкты кайра сатышы мүмкүн жана эмне үчүн? Андай олуттуу ката кетирүүдөн канткенде кача алабыз? «Чындык жолунда жүрүүгө» болгон чечкиндүүлүгүбүздү кантип чыңдай алабыз?

АЙРЫМДАР КАНДАЙЧА ЧЫНДЫКТЫ КАЙРА САТЫШКАН ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

4. 1-кылымда айрымдар эмне үчүн чындык жолунан кетип калышкан?

4 1-кылымда кээ бирлер Исанын окууларын башында жакшы кабыл алганы менен, кийин чындык жолунан кетип калышкан. Мисалы, бир жолу Иса калың элди керемет жолу менен тойгузгандан кийин, алар аны Галилея деңизинин аркы өйүзүнө чейин ээрчип барышкан. Ал жактан Иса элге: «Адам Уулунун денесин жеп, канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар»,— деген. Алар Исадан бул сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берүүнү сурагандын ордуна: «Бул эмне дегени?! Муну ким угуп тура алат?» — деп чалкасынан кетишкен. Натыйжада «көп шакирттери кайрадан мурунку иштери менен алектенип, Исаны жолдобой калышкан» (Жкн. 6:53—66).

5, 6. а) Айрымдар эмне үчүн чындык жолунан чыгып кетишет? б) Кимдир бирөө чындыктан кантип акырындык менен четтеп кетиши мүмкүн?

5 Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө да кээ бир ишенимдештерибиз чындык жолун таштап кетишет. Алардын айрымдары Ыйык Китептеги кээ бир билдирүүлөр жаңыча түшүндүрүлгөндүктөн же чоң жоопкерчиликти аркалаган бир туугандын айткан сөзүнөн же кылган ишинен улам мүдүрүлүп калышат. Башкалары Ыйык Китептин негизинде берилген кеңеш катуу тийгендиктен же кайсы бир ишенимдеши менен келише албагандыктан чындык жолунан кетип калышат. Дагы бирөөлөрү чындыктан четтегендердин же биздин окууларды бурмалагандардын тарабына өтүп кетишет. Мунун кесепетинде айрымдар билип туруп Жахабадан жана жыйналыштан «алыстай» башташат (Евр. 3:12—14). Андай кылгандын ордуна, алардын элчи Петирдей болуп, ишенимин бекем сактаганы жана Исага толук ишенгени алда канча жакшы болмок. Иса элчилеринен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сураганда, Петир дароо: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да»,— деп жооп берген (Жкн. 6:67—69).

6 Кээ бирлер чындык жолунан акырындап алыстап кетишет. Аны өздөрү да байкабай калышат. Аларды жээктен билинбей алыстай берген кайыкка салыштырууга болот. Акырындык менен болгон мындай өзгөрүү Ыйык Китепте «четтөө» деп берилген (Евр. 2:1). Чындыктан билип туруп алыстап кеткендерден айырмаланып, андан бара-бара четтегендер муну атайылап кылбайт. Анткен менен алар да Жахаба менен болгон мамилесин солгундатып алышат, атүгүл андан айрылып калышы мүмкүн. Мындай кейиштүү абалга кабылбаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

ЧЫНДЫКТЫ КАЙРА САТПАШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

7. Чындыкты кайра эч качан сатпаганга эмне жардам берет?

7 Чындык жолунда жүрүш үчүн Жахабанын айткандарынын баарын кабыл алып, аткарышыбыз талап. Жашообузда чындыкты биринчи орунга коюп, Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашашыбыз керек. Дөөтү падыша Жахабадан тиленип жатып: «Мен дайыма чындыгыңда жүрөм»,— деген (Заб. 86:11). Ал муну бекем чечип алган. Биз да Кудайдын чындыгында жүрүүгө чечкиндүү болушубуз кажет. Болбосо чындыкты сатып алуу үчүн төлөгөн акыбыз тууралуу терс ойлор келип, аны кайра алууга азгырылышыбыз мүмкүн. Бирок анын ордуна, чындык сөздөрүнө бекем карманышыбыз керек. Биз кайсы чындыкты кабыл алып, кайсынысын четке кагып койсо болорун тандай албайбыз. Анткени Кудайдын Сөзүндөгү чындыктардын баарын кабыл алып, аларды түшүнүүгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Жкн. 16:13). Анда эмесе, чындык үчүн төлөгөн акыга кирген беш нерсе тууралуу ой жүгүртүп көрөлү. Бул бизге ал акынын бир да бөлүгүн кайра албаганга чечкиндүү болууга көмөк кылат (Мт. 6:19).

8. Убактыбызды туура эмес колдонсок, кандайча чындыктан алыстап кетишибиз мүмкүн? Мисал келтир.

8 Убакыт. Чындыктан алыстап кетпеш үчүн убактыбызды туура колдонушубуз зарыл. Сак болбосок, көңүл ачууга, Интернетке же телевизорго көп убактыбызды корото башташыбыз мүмкүн. Ал нерселердин өзү жаман болбосо да, алар мурун өздүк изилдөөгө жана башка рухий иштерге арнаган убактыбызды уурдап алат. Мисалга Эмма * деген ишенимдешибизди алалы. Ал бала кезинен эле атка аябай кызыкчу жана мүмкүнчүлүк болору менен, ат мингени барып турчу. Кийинчерээк Эмма ага бүт убактысын кетирип жатканын ойлоп, тынчсыздана баштаган. Анан зарыл өзгөрүүлөрдү кылып, көңүл ачууда тең салмактуу болууга үйрөнгөн. Ага мурун ат үстүндө оюн коюп жүргөн Кори Уэлс деген бир туугандын айтып бергендери да дем-күч берген *. Эмма учурда рухий иштерге, чындык жолундагы үй-бүлөсүнө жана досторуна көбүрөөк убакыт бөлүп жатат. Азыр анын Жахаба менен болгон мамилеси абдан ынак жана убактысын акылдуулук менен колдонгондуктан, жан дүйнөсү тынч.

9. Материалдык нерселерди көздөө рухий иштерден кандайча алаксытышы мүмкүн?

9 Материалдык нерселер. Мындан ары да чындык жолунда жүрүш үчүн материалдык нерселерди биринчи орунга койбошубуз керек. Чындыкты таанып-билгенде биз рухий иштер аларга караганда алда канча маанилүү экенин түшүнгөнбүз. Ошондой эле чындык жолунда жүрүү үчүн материалдык нерселерден даярдуулук менен баш тартканбыз. Бирок убакыттын өтүшү менен башкалардын электрондук каражаттардын акыркы үлгүлөрүн сатып алганын же дагы башка кымбат нерселерден ырахат алып жатканын байкагандырбыз. Ошондон улам өзүбүздү көп нерседен куру калып жаткандай сезишибиз мүмкүн. Натыйжада жашоого зарыл нерселерге ыраазы болбой, рухий максаттарга караганда материалдык нерселерге көбүрөөк умтула башташыбыз ыктымал. Бул 1-кылымда жашаган Димасты эсибизге салат. Ал «бул дүйнө түзүлүшүн сүйүп», элчи Пабылды таштап кеткен (2 Тим. 4:10). Буга эмне себеп болгон? Балким, ал рухий иштерге караганда материалдык нерселерди артык көргөндүр же андан ары Пабыл менен чогуу кызмат кылгысы, мурункудай курмандыкка баргысы келбей калгандыр. Бирок Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Эч кимибиз жүрөгүбүздө дүнүйө-мүлккө болгон сүйүүнүн кайрадан жанданып, чындыкка болгон сүйүүбүздү басып салышын каалабайбыз.

10. Чындык жолунда жүрүш үчүн кимдердин кысымына каршы турушубуз керек?

10 Жакын адамдарыбыз менен болгон мамиле. Чындык жолунан тайбаш үчүн башкалардын кысымына туруштук беришибиз зарыл. Чындыкты таанып-билгенибизде Жахабага кызмат кылбаган туугандарыбыз, досторубуз менен болгон мамилебиз өзгөргөн. Айрымдары туура көз карашта болсо, башкалары катуу каршылык көрсөткөн (1 Пет. 4:4). Үйүбүздөгүлөргө түшүнүү менен, сылык-сыпаа мамиле кылсак да, аларга жагыш үчүн Ыйык Китептеги принциптерди бузуудан сак болушубуз керек. Албетте, алар менен жакшы мамиледе болууга мындан ары да аракет кыла беребиз. Бирок, 1 Корунттуктар 15:33кө ылайык, Жахабаны сүйгөндөр менен гана ынак дос болобуз.

11. Ыйык Китепке каршы келген иштерден канткенде кача алабыз?

11 Кудайга жакпаган ой жүгүртүү жана жүрүм-турум. Чындык жолунда жүргөндөрдүн баары ыйык болушу керек (Ыш. 35:8; оку: 1 Петир 1:14—16). Чындык жөнүндө окуп-билгенде баарыбызга Ыйык Китептеги бийик нормаларга ылайык жашаш үчүн өзгөрүүлөрдү кылууга туура келген. Кээ бирлерибиз чоң өзгөрүүлөрдү кылганбыз. Кандай болбосун, мындан ары да бул дүйнөнүн жийиркеничтүү адеп-ахлаксыз иштерине аралашпай, таза, ыйык бойдон калганыбыз маанилүү. Ыпылас иштерден канткенде кача алабыз? Жахабанын ыйык болушубуз үчүн канчалык кымбат баа төлөгөнү — биз үчүн өзүнүн Уулу Иса Машаяктын баа жеткис өмүрүн бергени — жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек (1 Пет. 1:18, 19). Кудайдын көз алдында таза бойдон калуу үчүн Исанын куткаруу курмандыгынын абдан баалуу экенин жүрөгүбүздө да, акылыбызда да бек сакташыбыз кажет.

12, 13. а) Майрамдарга карата Жахабаныкындай көз карашта болгонубуз эмне үчүн маанилүү? б) Кийинки бөлүмчөдө эмнени карап чыгабыз?

12 Кудайга жакпаган үрп-адаттар, каада-салттар. Үйдөгүлөрүбүз, чогуу иштешкендерибиз, классташтарыбыз бизге Жахабага жакпаган каада-салттарга, майрамдарга катышууга кысым көрсөтүшү мүмкүн. Алардын таасирине алдырбаганга эмне жардам берет? Ан үчүн Жахабанын андай иштерге кандай караарын дайыма эстеп жүрүшүбүз зарыл. Биздин адабияттардан көпчүлүккө белгилүү майрамдардын каяктан келип чыкканы жөнүндө жазылган макалаларды изилдеп көрүүнүн да пайдасы чоң. Ыйык Китепте майрамдарга катышпоого кандай себептер бар экенин эсибизге салып турганыбыз «Теңирге... жаккан» жолдо баратканыбызга ынанууга көмөк кылат (Эф. 5:10). Жахабага жана анын Сөзүндөгү чындыкка бекем ишенсек, «адамдардан коркпойбуз» (Накыл 29:25).

13 Чындык жолунда жүрүү — үзгүлтүксүз, түбөлүккө созулуучу процесс. Бул жолдон чыкпоого болгон чечкиндүүлүгүбүздү кантип чыңдай алабыз? Эмесе, мунун үч жолун карап көрөлү.

ЧЫНДЫК ЖОЛУНДА ЖҮРҮҮГӨ БОЛГОН ЧЕЧКИНДҮҮЛҮГҮҢДҮ ЧЫҢДА

14. а) Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты изилдей бергенибиз аны кайра сатпаганга болгон чечкиндүүлүгүбүздү кандайча чыңдайт? б) Акылмандык, акыл-насаат жана түшүнүк эмне үчүн абдан зарыл?

14 Биринчиден, Кудайдын Сөзүндөгү баа жеткис чындыктарды изилдеп, алар тууралуу ой жүгүртө беришибиз керек. Буга дайыма убакыт бөлгөнүбүз маанилүү. Мунун аркасында чындыкка болгон ыраазычылыгыбыз артып, аны эч качан кайра сатпаганга ого бетер чечкиндүү болуп калабыз. Накыл сөздөр 23:23тө чындыктан сырткары «акылмандыкты, акыл-насаатты жана түшүнүктү сатып алууга» чакырылабыз. Чындык жөнүндө билим алып коюу жетишсиз. Биз ага ылайык жашашыбыз керек. Түшүнүк бизге Жахабанын айткандарынын баары бири-бири менен кандай байланышта экенин аңдоого жардам берет. Ал эми акылмандык билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга түрткү берет. Кээде Кудайдын Сөзүндөгү чындык бизге «акыл-насаат» айтат, башкача айтканда, эмнелерди өзгөртүшүбүз керектигин көрсөтөт. Келгиле, анын жетекчилигине ар убак кулак кагалы. Ал күмүштөн алда канча баалуу (Накыл 8:10).

15. Каймана маанидеги курубуз бизди кандайча коргойт?

15 Экинчиден, күн сайын чындыкка ылайык жашоого чечкиндүү болушубуз керек. Ыйык Китепте айтылгандай, чындыкты курчанып алганыбыз маанилүү (Эф. 6:14). Байыркы убакта жоокердин куру анын белин, ички органдарын коргогон. Бирок ан үчүн ал курун бекем тартышы керек болгон. Куру бошоп калса, андан көп деле пайда болмок эмес. Каймана маанидеги курубуз — чындык — бизди кандайча коргойт? Эгер чындыкты бекем курчансак, ал бизди туура эмес ой жүгүртүүдөн сактап, акылдуулук менен чечим чыгарууга көмөк кылат. Азгырыкка же сыноого дуушар болгонубузда, Ыйык Китептеги чындык туура иш кылууга чечкиндүү болууга күч берет. Жоокер курун тагынбай туруп согушка барбагандай эле, биз да каймана курубузду эч качан чечпегенге, атүгүл аны бош такпаганга чечкиндүү бололу. Анын ордуна, чындыкка ылайык жашап, аны белибизге бекем курчанып жүрүш үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы. Жоокердин куру кылычын илгенге да ыңгайлуу болгон. Мунун чындык жолунда жүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдоо менен кандай байланышы бар? Анда ошого токтололу.

16. Башкаларга чындыкты окутуп-үйрөтүү чындык жолунда жүрүүгө чечкиндүү болууга кандайча жардам берет?

16 Үчүнчүдөн, башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты окутуп-үйрөтүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз зарыл. Мунун аркасында «рухтун кылычын, башкача айтканда, Кудай сөзүн» бекем кармап жүрөбүз (Эф. 6:17). «Чындык сөзүн туура үйрөтүү» үчүн баарыбыз окутуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтө беришибиз керек (2 Тим. 2:15). Башкаларга чындыкты сатып алууга жана жалган окууларды четке кагууга жардам берүүдө Ыйык Китепти колдонсок, анда жазылгандар акылыбыз менен жүрөгүбүздөн терең орун ала берет. Бул болсо чындык жолунда жүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдайт.

17. Чындыкты эмне үчүн баалайсың?

17 Чындык — Жахаба берген баа жеткис белек. Ал белектин аркасында эң баалуу нерсеге — асмандагы Атабыз менен болгон ынак мамилеге — ээ болдук. Кудай бизге көп нерселерди үйрөттү, бирок бул башталышы гана! Ал убада кылгандай, биз сатып алган чындыкка түбөлүктөн түбөлүккө жаңы нерселер кошула берет. Андыктан чындыкты кымбат берметтей жогору баалайлы. Мындан ары да «чындыкты... сатып ала» берели, аны эч качан кайра сатпайлы. Ошондо Дөөтү падышага окшоп: «Мен дайыма чындыгыңда жүрөм»,— деген убадабызды аткара алабыз (Заб. 86:11).

^ 8-абз. Ысмы өзгөртүлдү.

^ 8-абз. Муну JW телеберүүсүндөгү ДИЛ МАЕКТЕР ЖАНА ОКУЯЛАР > ЧЫНДЫК ЖАШООНУ ӨЗГӨРТӨТ деген бөлүктөн табууга болот.