Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, жашооңорду маңыздуу кыла аласыңар

Жаштар, жашооңорду маңыздуу кыла аласыңар

«Мага өмүр жолун үйрөтөсүң» (ЗАБ. 16:11).

ЫРЛАР: 133, 89

1, 2. Тонинин жашоосунан көрүнүп тургандай, адам кандай өзгөрүүлөрдү кыла алат?

ТОНИ атасыз өсүп-чоңойгон. Окууга көңүлү келбегендиктен, жогорку класстарда окуп жүргөндө мектепти бүтөр-бүтпөсү арсар болуп калган. Ал дем алыш күндөрү кино көрчү же достору менен убакыт өткөрчү. Тони зордук-зомбулукка жаткан иштерге аралашчу эмес, баңгизат да колдончу эмес. Болгону эле, жашоодо эч кандай максаты жок болчу. Ошондой эле Кудайдын бар экенине шектене берчү. Бир күнү ал Жахабага кызмат кылган жубайларга жолугуп калып, жүрөгүн өйүгөн суроолорун берген. Алар ага «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо», «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепчелерди беришкен.

2 Бир туугандар кийинки жолу келгенде, Тонинин көз карашы бир топ өзгөрүп калган. Ал китепчелерди кайра-кайра окугандыктан, барактары бырышып, бурчтары бүктөлүп калган эле. Тони жубайларга: «Чын эле, Кудай бар окшойт»,— деген. Анан Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Аны изилдөөнүн аркасында жашоого болгон көз карашы акырындык менен өзгөрө баштаган. Андан тышкары, начар окуучудан мыкты окуучуга айланган. Буга атүгүл мектептин деректири да таң калган. Ал Тонинин жаңы диний ишеними жөнүндө билгендиктен андан: «Сенин маанайың да, алган бааларың да аябай жакшырды. Буга Жахабанын Күбөлөрү менен пикир алышканың себеп болуудабы?» — деп сураган. Тони ошондой экенин айтып, ага эң сонун күбөлөндүргөн. Ал мектепти мыкты баалар менен аяктап, учурда үзгүлтүксүз пионер жана кызмат жардамчысы болуп кызмат кылууда. Мээримдүү Атасын — Жахабаны — тапканына ал чексиз ыраазы (Заб. 68:5).

ЖАХАБАГА БАШ ИЙСЕҢ, ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕСИҢ

3. Жахаба жаштардын эмне кылышын каалайт?

3 Тонинин башынан өткөндөр Жахабанын жаштардын жыргалчылыгына абдан кызыкдар экенин эсибизге салат. Ал сенин да чыныгы ийгиликке жетишиңди, жашооңдун маңыздуу болушун каалайт. Ошондуктан: «Жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деп чакырат (Нас. 12:1). Бул кеңешке ылайык иш кылуу азыркы дүйнөдө дайыма эле оңой боло бербейт, бирок Кудайдын жардамы менен мүмкүн. Ага таянсаң, ийгилик сени жаш чагыңда эле эмес, өмүр бою коштоп жүрөт. Буга байланыштуу ысрайылдыктардын Кудай убада кылган жерди басып алганынан жана Дөөтүнүн Голиат менен беттешкенинен эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү.

4, 5. Ысрайыл элинин Канаанды басып алганынан жана Дөөтүнүн Голиат менен беттешкенинен кандай маанилүү нерсеге үйрөнсөк болот? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.)

4 Ысрайыл эли убада кылынган жерге жакындап калганда, Кудай аларга согушка керектүү жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүнү же машыгууну буйруган эмес (Мыйз. 28:1, 2). Анткендин ордуна, аларга анын осуяттарын аткарып, ага таянышы керектигин айткан (Жаш. 1:7—9). Пенделик көз караш менен караганда, анын кеңеши эч пайда алып келбечүдөй көрүнгөн. Бирок ал эң мыкты кеңеш болгон. Анткени ысрайылдыктар ага ылайык иш кылгандыктан, Жахаба аларды жеңиш артынан жеңишке жеткирип, канаандыктарды багындырып алууга жардам берген (Жаш. 24:11—13). Жахабага баш ийиш үчүн ишеним керек, бирок так ошол ишеним дайыма ийгиликке жеткирет. Бул чындык андан бери эч өзгөргөн жок, азыр да ошондой.

5 Голиат бою дээрлик 3 метрге жеткен, согушта дасыккан, жакшы куралданган жоокер болчу (1 Шем. 17:4—7). Ал эми Дөөтү эки нерсе менен: салмоору жана Жахаба Кудайына болгон ишеними менен «куралданган». Ишеними жокторго Дөөтүнүн кылганы акылсыздыктай көрүнгөнү шексиз. Бирок алар кандай гана жаңылган! Чынында, ал эмес, Голиат акылсыз болгон (1 Шем. 17:48—51).

6. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

6 Мурунку макалада ийгиликке жетип, бактылуу болушубузга өбөлгө түзгөн төрт нерсени талкуулаганбыз. Аларга рухий муктаждыктарыбызды канааттандыруу, Кудай берген досторубузду баалоо, арзырлык максаттарды коюу жана Кудай берген эркиндикти жогору баалоо кирет. Бул макалада 16-забурда жазылган айрым принциптерге токтолуп, ошол төрт нерсени дагы кененирээк карап чыгабыз.

РУХИЙ МУКТАЖДЫГЫҢДЫ КАНААТТАНДЫР

7. а) Рухий адамды кантип сыпаттайт элең? б) Дөөтү «үлүшүм» деп эмнени айткан жана ал ага кандай таасир эткен?

7 Рухий адам Кудайга ишенет жана бардык нерсеге карата аныкындай көз карашта болот. Ал Кудайдан жетекчилик издеп, ага баш иет (1 Кор. 2:12, 13). Бул жагынан Дөөтү падыша жакшы үлгү көрсөткөн. Ал: «Жахаба — менин үлүшүм, энчим. Ал чөйчөгүмдү толтурат»,— деп ырдаган (Заб. 16:5). Дөөтү «үлүшүм» деп Кудай менен болгон ынак мамилесин айткан. Ал дайыма Кудайды баш маана кылган (Заб. 16:1). Анын натыйжасы кандай болгон? Дөөтү: «Жаным шаттанат»,— деген. Ооба, ага Кудай менен болгон мамилеси өзгөчө кубаныч тартуулаган. (Оку: Забур 16:9, 11.)

8. Жашообуздун маңыздуу болушуна шарт түзгөн нерселердин айрымдары кайсылар?

8 Шапар тээп, көңүл ачууну жана дүнүйө-мүлк топтоону көздөгөндөр Дөөтүнүкүндөй кубанычты тата алышпайт (1 Тим. 6:9, 10). Канадалык бир ишенимдешибиз: «Жашоодо каалаган нерсебизге жеткенде эмес, жакшы белектердин баарын берген Жахаба Кудайга бир нерсе бергенибизде гана чыныгы канааттануу алабыз»,— деген (Жкп. 1:17). Ырас, Жахабага ишеним өрчүтүп, ага кызмат кылсаң, жашооң маңыздуу болуп, канааттануу аласың. Ишенимди кантип өрчүтсө болот? Ан үчүн дайыма Жахаба менен чогуу убакыт өткөрүшүң керек. Тактап айтканда, анын Сөзүн окуп, жаратылышына байкоо салып, касиет-сапаттары, анын ичинде сага болгон сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртүп турганың маанилүү (Рим. 1:20; 5:8).

9. Дөөтүгө окшоп, Кудайдын Сөзүнө ылайык калыптаныш үчүн эмне кылышың керек?

9 Кудай кээде бизди ата катары оңдоп-түзөө менен да сүйүүсүн көрсөтөт. Дөөтү анын мээримдүүлүк менен берген кеңештерин абдан баалаган. Ал: «Мага кеңеш берген Жахабаны алкайм. Жан дүйнөм мени түнкүсүн да үйрөтүп турат»,— деген (Заб. 16:7). Дөөтү Кудайдын ойлору тууралуу ой жүгүртүп, аларды кан-жанына сиңирип алган жана аларга ылайык калыптанган. Эгер сен да ошентсең, Кудайга болгон сүйүүң, ага баш ийүүгө болгон каалооң өсөт. Ошондой эле рухий жактан жетилип, күчтүү болосуң. Кристина деген бир тууганыбыз: «Окугандарым тууралуу ой жүгүртүп, изилдөө жүргүзгөндө Жахаба аларды мен үчүн жаздырып койгондой сезимде болом»,— деген.

10. Ышая 26:3кө ылайык, жашоого рухий көз караш менен кароо эмнеси менен пайдалуу?

10 Жашоого карата рухий көз карашта болуу менен билимге, түшүнүккө ээ болосуң деп айтуу аша чапкандыкка жатпайт. Анткени анын аркасында азыркы дүйнөгө, анын келечегине Кудайдын көз карашы менен кароого үйрөнөсүң. Кудай сага ушундай түшүнүк менен билим берүүнү эмне үчүн каалайт? Себеби ал сенин жашоодо маанилүү нерселерди биринчи орунга коюшуңду, акылдуулук менен чечим чыгарышыңды, келечекке ишенимдүү карашыңды каалайт. (Оку: Ышая 26:3.) Кошмо Штаттарда жашаган Жошуа Жахаба менен ынак мамиледе болуу эмне маанилүү, эмне маанилүү эмес экенин айкын ажырата билүүгө жардам берерин айткан. Анын сөздөрүндө калет жок. Биз да Жахаба менен ынак болсок, чыныгы канааттануу алабыз.

ЧЫНЫГЫ ДОСТОРДУ ТАП

11. Дөөтү чыныгы досторду кимдердин арасынан издеген?

11 Оку: Забур 16:3. Дөөтү чыныгы досторду кантип тапса болорун жакшы билген. Ал Жахабаны сүйгөндөр менен дос болуудан чоң кубаныч алган. Алардын «ыйыктар» деп аталганы адеп-ахлактык жактан таза, адил адамдар болушканын көрсөтүп турат. Дагы бир забурчу да дос тандоого байланыштуу аныкындай көз карашта болгон. Ал Кудайга: «Мен сенден корккондордун, буйруктарыңды аткаргандардын баарына досмун»,— деген (Заб. 119:63). Мурунку макалада айтылгандай, сен да Жахабадан корккон, ага баш ийген адамдардын арасынан ар кандай курактагы көптөгөн жакшы досторду таба аласың.

12. Дөөтү менен Жонатандын достугу эмнеге негизделген?

12 Дөөтү өзү теңдүүлөр менен гана достошкон эмес. Анын «даңктуулар» деп аталган сүйүктүү досторунун биринин аты ким болгону эсиңдеби? Анын аты Жонатан болгон. Ал экөөнүн достугу Ыйык Китепте жазылган суктантарлык достук мамилелердин бири болгон. Жонатандын Дөөтүдөн 30 жаштай улуу болгонун билчү белең? Анда алар эмнеден улам дос болуп калышкан? Экөө тең Кудайга ишенген, бири-бирин терең урматтап-сыйлаган жана бири-биринин Кудайдын душмандары менен согушууда көрсөткөн кайраттуулугун баалаган (1 Шем. 13:3; 14:13; 17:48—50; 18:1).

13. Досторуң көп болушу үчүн, эмне кылсаң болот? Мисал келтир.

13 Дөөтү менен Жонатанга окшоп, биз да Жахабаны сүйгөн, ага ишенген адамдар менен достошуудан кубаныч ала алабыз. Кудайга бир канча жылдан бери кызмат кылып келаткан Киира: «Мен дүйнөнүн чар тарабында жашаган, тек-жайы, маданияты ар түрдүү бир туугандар менен досмун»,— деп бөлүшөт. Эгер сен да ар кандай ишенимдештериң менен достошсоң, Кудайдын Сөзүнүн жана ыйык рухунун ортодогу биримдикти чыңдаган күчүн сезе аласың.

АРЗЫРЛЫК МАКСАТТАРГА УМТУЛ

14. а) Арзырлык максаттарды коюуга эмне жардам берет? б) Рухий максаттарды коюуга байланыштуу айрым жаш ишенимдештерибиз эмне деген?

14 Оку: Забур 16:8. Дөөтү Жахабага кызмат кылууну жашоосунда эң башкы орунга койгон. Сен да биринчи кезекте Жахабага кызмат кылууну көздөсөң жана максат коюуда дайыма анын эркин эске алсаң, жашоодон чындап канааттануу аласың. Стивен деген ишенимдешибиз: «Койгон максатымды ишке ашыруу үчүн аракет кылып, ага жеткенимде, анын аркасында кылган ийгиликтеримди ойлоп, канааттануу алам»,— деп айткан. Ал эми учурда башка өлкөдө кызмат кылып жаткан германиялык жаш бир тууганыбыз: «Кийин артка кылчая карап, өмүр бою керт башымды гана ойлоп жашаганымды көргүм келбейт»,— дейт. Сен да ушундай ойдосуңбу? Эгер ошондой болсо, шык-жөндөмүңдү Кудайды даңкташ үчүн жана башкалардын пайдасы үчүн колдон (Гал. 6:10). Алдыңа рухий максаттарды коюп, Жахабадан аларга жетүүгө жардам беришин суран. Ал андай тиленүүлөргө жооп берүүгө ынтызар (1 Жкн. 3:22; 5:14, 15).

15. Алдыңа кандай максаттарды койсоң болот? (« Айрым максаттар» деген кутучаны кара.)

15 Кандай максаттарды койсоң болот? Мисалы, жыйналыштан өз сөзүң менен жооп берүүнү, пионер болууну же Бейтелде кызмат кылууну максат кылсаң болот. Же, балким, бөтөн тилдеги аймакта кызмат кылыш үчүн башка тилди үйрөнөттүрсүң. Толук убакыт кызмат кылган Барак: «Күн сайын эртең менен ойгонуп, бүт күчүмдү Жахабага берип жатканымды ойлогондо жүрөгүм башкача бир кубанычка толот. Башка бир да иштен андай кубаныч ала албайсың»,— дейт.

КУДАЙ БЕРГЕН ЭРКИНДИГИҢДИ ЖОГОРУ БААЛА

16. Дөөтү Жахабанын адил нормаларына кандай караган жана эмне үчүн?

16 Мурунку макалада талкуулангандай, Кудайдын адил мыйзам-принциптерине ылайык жашасак, жакшылыкты сүйүп, жамандыкты жек көрүүгө үйрөнөбүз. Анын аркасында чындап эркин болобуз (Амос 5:15). Дөөтү падыша Жахабанын жакшылыгы мол экенин айткан (Заб. 31:19). Жакшылык кылуу — бул бийик адеп-ахлактык сапат. Дөөтү Кудайдан үлгү алууга, жакшылыкка карата аныкындай көз карашта болууга бүт күчүн жумшаган. Ал Кудай жек көргөн нерселерди жек көрүүгө да үйрөнгөн. Алардын бири — бурканга табынуучулук. Андай ишти кылгандар адамдык касиетин жоготуп, Жахабага таандык даңкты кимдир бирөөгө же кайсы бир нерсеге ыйгарышат (Ыш. 2:8, 9; Аян 4:11).

17, 18. а) Дөөтү жалган сыйынуунун кесепети жөнүндө эмне деген? б) Бүгүнкү күндө эмнеден улам көптөрдүн «азап-кайгысы көбөйүүдө»?

17 Байыркы убакта жалган сыйынуу көбүнчө жийиркеничтүү жыныстык адеп-ахлаксыз иштер менен коштолчу (Ош. 4:13, 14). Андай сыйынуу күнөөкөр денесинин каалоосуна жетеленгендерге жага турган. Бирок алар ошондон улам бактылуу болушканбы? Кайдан. Дөөтү: «Башка кудайдын артынан чуркагандардын азап-кайгысы көбөйөт»,— деген. (Оку: Забур 16:4.) Жалган кудайларга сыйынгандар канчалаган балдарды курмандыкка чалышкан (Ыш. 57:5). Андай мыкаачылык Жахаба үчүн жийиркеничтүү болгон (Жер. 7:31). Эгер сен ошол убакта жашасаң, ата-энеңдин Жахабага ишенип, ага баш ийгенине абдан ыраазы болмоктугуң шексиз.

18 Бүгүнкү күндө да жалган сыйынууну жактагандардын көбү жыныстык адеп-ахлаксыздыкты, атүгүл гомосексуализмди акташат. Алар каалаганын кылып, өздөрүн эркин сезгени менен, байыркы убактагылардай эле, анын кесепетин тартууда (1 Кор. 6:18, 19). Өзүң байкагандай, андай адамдардын «азап-кайгысы көбөйгөндөн» көбөйүүдө. Андыктан асмандагы Атаңдын айткандарына кулак как. Ага баш ийсең, өзүңө эле жакшы болоруна бекем ишен. Туура эмес иштен убактылуу рахат алганың менен, анын азабын далай тартарыңды унутпа (Гал. 6:8). Жогоруда сөз кылынган Жошуа: «Биз эркиндигибизди каалагандай колдоно алабыз, бирок аны туура эмес колдонуу эч качан канааттануу алып келбейт»,— деп айткан.

19, 20. Жахабага ишенген, ага баш ийген жаштар кандай баталарды алышат?

19 Иса Машаяк шакирттерине: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жкн. 8:31, 32). Ал айткан эркиндикке жалган динден, түркөйлүктөн, ырым-жырымдан эркин болуу кирет. Бирок ал ошону менен эле чектелбейт. Келечекте «Кудайдын балдары» «даңктуу эркиндикке» ээ болушат (Рим. 8:21). Машаяктын «сөздөрү» — окуулары — боюнча жашап, ал эркиндиктин даамын азыртадан эле тата бер. Ошентсең, «чындыкты таанып-билесиң», тактап айтканда, аны окуп-изилдеп эле койбой, ага ылайык жашаган болосуң.

20 Жаштар, Кудай берген эркиндикти жогору баалагыла. Аны акылдуулук менен колдонуп, келечегиңерге жакшы негиз салгыла. Бир жаш ишенимдешибиз мындай деген: «Жаштайыңан эркиндикти акылмандык менен колдонгонуң кийин чоңураак чечимдерди чыгарууда, мисалы, ылайыктуу жумуш табууда, үй-бүлө курууну же кайсы бир убакытка чейин бойдок жүрүүнү чечүүдө да жардам берет».

21. «Чыныгы жашоого» алып бара турган жолдон чыкпаганга эмне жардам берет?

21 Азыркы дүйнөдө көптөрдүн жашоосу жыргалдай көрүнсө да, ал бат эле өзгөрүп кетиши мүмкүн. Алардын келечеги да бүдөмүк. Эртең эмне болорун эч кимибиз билбейбиз (Жкп. 4:13, 14). Ошондуктан «чыныгы жашоого» — түбөлүк өмүргө — алып бара турган жолдо жүрсөң, эң туура кылган болосуң (1 Тим. 6:19). Албетте, Кудай бизди ал жолдо жүрүүгө мажбурлабайт. Муну ар ким өзү чечет. Андыктан акылдуулук менен чечим чыгарып, Жахабаны «үлүшүң» кылып ал. Анын сага кылган көптөгөн жакшылыктарын баала (Заб. 103:5). Жахабанын сенин «кубанычка бөлөнүп», түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшүңдү каалаарына эч шектенбе (Заб. 16:11).