Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай эмнелерди кылат?

Кудай эмнелерди кылат?

Кыйын учурда жакын досуңардын жардам беришин күтмөктүгүңөр шексиз. Ошондуктан айрымдар: «Кудай бизди жакшы көрбөйт, жакшы көрсө, жардам бермек да»,— дешет. Бирок, чынында, Кудай жыргалчылыгыбыз үчүн аябай көп нерсе кылган. Ошондой эле жакында көйгөйлөрүбүз менен азап-кайгынын баарын жок кылат. Ал эмнелерди ишке ашырат?

ЖАМАНДЫКТЫН БААРЫН ЖОК КЫЛАТ

Кудай жамандыктын баарын кантип жок кылат? Ан үчүн анын тамырын жок кылат. Жамандыкка ким себепкер экенин Ыйык Китептеги: «Бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз»,— деген сөздөрдөн көрүүгө болот (1 Жакан 5:19). Иса Машаяк Шайтанды «бул дүйнөнүн башкаруучусу» деп да атаган (Жакан 12:31). Ооба, Шайтандын адамзатка тийгизген терс таасиринен улам жер бетиндеги абал кейиштүү болууда. Кудай жагдайды оңдош үчүн кандай чара көрөт?

Ал жакында өзүнүн Уулун — Иса Машаякты — колдонуп, «Ибилисти... жок кылат» (Еврейлер 2:14; 1 Жакан 3:8). Ыйык Китепте жазылгандай, Шайтан өзү да «убактысынын аз калганын», жакында жок болорун билет (Аян 12:12). Кудай жаман иштерди кылгандарды да тукум курут кылат (Забур 37:9; Накыл сөздөр 2:22).

ЖЕРДИ БЕЙИШКЕ АЙЛАНТАТ

Жер бетин жамандыктан толугу менен тазалагандан кийин Жаратканыбыз өзүнүн адамзатка жана жерге байланышкан ой-ниетин аткарат. Ал убакта эмнелер болот?

Туруктуу тынчтык жана коопсуздук. «Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:11).

Сапаттуу жана мол тамак-аш. «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).

Ыңгайлуу үй-жай, кызыктуу жумуш. «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет... Менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт» (Ышая 65:21, 22).

Ошол заманды өз көзүңөр менен көргүңөр келеби? Ал убакта жашагандардын ар бири күн сайын ушул нерселерден ыракат алышат.

ООРУНУ, ӨЛҮМДҮ ЖОК КЫЛАТ

Бүгүнкү күндө оору, өлүм кыя өткөн бир да жан жок. Бирок келечекте булардан толугу менен арылабыз. Кудай жакында Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы жол ачкан жакшы нерселердин баарын ишке ашырат. Ал муну Исага «ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болушу» үчүн кылат (Жакан 3:16). Анын натыйжасы кандай болот?

Оору болбойт. «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет» (Ышая 33:24).

Эч ким жакынынан айрылбайт. «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышая 25:8).

Адамдар түбөлүк жашайт. «Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Римдиктер 6:23).

Өлгөн адамдар тирилет. «Адил адамдар... да, адил эмес адамдар... да тирилет» (Элчилер 24:15). Алар Кудайдын белеги болгон кундун аркасында кайрадан өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Кудай мунун баарын кантип ишке ашырат?

ЖЕТКИЛЕҢ ӨКМӨТ БИЙЛИК ЖҮРГҮЗӨТ

Кудай өзүнүн адамзатка жана жерге карата болгон эркин асмандагы өкмөтү аркылуу жүзөгө ашырат. Ал өкмөттүн башкаруучусу кылып Иса Машаякты дайындаган (Забур 110:1, 2). Иса Машаяк жолдоочуларына Кудайдан: «Асмандагы Атабыз,.. Падышалыгың келсин»,— деп тиленүү керектигин үйрөткөндө дал ошол өкмөт жөнүндө айткан (Матай 6:9, 10).

Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн бийлик кылып, бардык зар-муңду, азап-кайгыны жок кылат. Ал Падышалык — адамзат тарыхындагы эң мыкты өкмөт! Ошол себептен Иса Машаяк жерде жүргөндө «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» жарыялоого бүт күчүн жумшаган жана шакирттерин да ошентүүгө үндөгөн (Матай 4:23; 24:14).

Адамдарга болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам Жахаба Кудай алар үчүн ушундай кереметтүү нерселерди кылууну убада кылган. Бул силерге аны таанып-билүүгө, аны менен дос болууга түрткү бербейби? Эгер ошентсеңер, кандай пайда аласыңар? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.

КУДАЙ ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛАТ? Ооруну, өлүмдү жок кылат, адамзатты Падышалыктын башкаруусу алдында бириктирет, жерди бейишке айлантат