Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшылыктан үмүт үзбөөгө негиз бар

Жакшылыктан үмүт үзбөөгө негиз бар

Файзэлдин аялы каза болгондон бир жылдай өткөндөн кийин эле, жүрөгүнө татаал операция жасалышы керек болгон. Ал: «Аюп китебин окуганда Жахабанын аны бекеринен жаздырып койбогонун түшүндүм. Ыйык Китептен өзүбүздүкүндөй жагдайга кабылгандар жөнүндө окуганда, жүрөгүбүздөгү кайгы басаңдай түшөт»,— дейт. Анан: «Ооба, жакшылыктан үмүт үзбөй, андан ары да жашай бергенге негиз бар»,— деп кошумчалайт.

Тэрша апасынан айрылганда эмне жардам бергени жөнүндө мындай дейт: «Жаратканымды билгеним көп кыйынчылыкка карабай жашоомду маңызга толтуруп, үмүткө, кубанычка ээ болууга жардам берип келет. Жахабанын бизди жашоого керектүү нерселер менен камсыз кылып, күн сайын колдоп турарынан шектенбесек болот».

МУРУНКУ макалаларда айтылгандай, ар кандай олуттуу көйгөйлөрдөн улам кээде жашообуз азапка айланып калышы ыктымал. Эгер кыйынчылыгыңарды жалгыз көтөрүп келатсаңар, силерге да андан ары жашоонун зарылдыгы жоктой же эч кимге керегиңер жоктой туюлушу мүмкүн. Бирок кыйынчылык тартып жатканыңар Кудай үчүн баары бир эмес экенин унутпагыла. Силер анын көз алдында абдан кымбатсыңар.

86-забурду жазган киши Кудайга таянарын көрсөтүп: «Кыйналган күнү сени чакырам, анткени мага жооп бересиң»,— деген (Забур 86:7). Балким, силер: «Кыйналган күнү Кудай мага кантип жооп берет?» — деп ойлоноттурсуңар.

Кудай бардык көйгөйлөрүңөрдү бир заматта чечип бербесе да, кыйынчылыкты көтөрө алышыңар үчүн, жан дүйнө тынчтыгын берерине Ыйык Китеп аркылуу ынандырат. Анда мындай делет: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7). Төмөнкү аяттардын Кудайдын силерге назиктик менен кам көрөрүн кандайча далилдеп турарына көңүл бурсаңар.

Кудай силерге кам көрөт

«Кудай [таранчылардын] бирин да унутпайт... Силер топ таранчыдан да баалуусуңар» (Лука 12:6, 7).

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР. Таранчы сыяктуу майда чымчыктарды адамдар көзүнө деле илбеши мүмкүн, ал эми Кудай аларга да кам көрөт. Атүгүл кымындай болгон бир таранчы да анын көз жаздымында калбайт. Кудай алардын ар бирин тирүү жандык катары абдан баалайт. Анда адам баласы ал үчүн ого бетер баалуу эмеспи?! Жердеги жандуу-жансыз жаратуулардын ичинен адамдар эң эле өзгөчөсү болуп эсептелет. Анткени Кудай аларды өзүнө окшоштуруп жана анын кереметтүү сапаттарын өрчүтүүгө, чагылдырууга жөндөмдүү кылып жараткан (Башталыш 1:26, 27).

«Оо, Жахаба, сен мени изилдегендиктен билесиң... Оюмду алыстан эле баамдайсың... Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорду бил» (Забур 139:1, 2, 23).

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР. Кудай силерди жакшы билет. Ал жүрөгүңөрдүн түпкүрүндөгү ой-сезимдериңерди да билип турат. Башыңардан эмнелер өтүп жатканын башкалар байкабаса да, Кудай баарын билет жана силерге жардам бергиси келет. Бул — жакшылыктан үмүт үзбөй, жашооңорду уланта бергенге эң сонун негиз.

Багынбаганга себеп бар

«Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук, муң-зарым сага жетсин... Мага кулак сал, мен чакырган күнү жооп берүүгө шашыл. Ал жардылардын тиленүүсүнө көңүл бурат» (Забур 102:1, 2, 17).

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР. Жер бетинде жамандык башталгандан тартып эле, Жахаба адамдардын азап-кайгыдан улам төккөн ар бир көз жашын каймана мааниде китебине жазып келет (Забур 56:8). Ал силердин көз жашыңарды да жазып коёт. Кудай силерди жогору баалагандыктан тарткан кыйынчылыгыңардын, төккөн жашыңардын бирин да унутпайт.

«Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем... Мен, Кудайың Жахаба... Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин» (Ышая 41:10, 13).

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР. Кудай силерге жардам бергиси келет. Кыйынчылыктан улам мүңкүрөгөнүңөрдө, ал жөлөп-таяйт.

Жаркын келечекке болгон үмүт

«Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16).

КӨҢҮЛ БУРСАҢАР. Кудай силерди ушунчалык баалагандыктан өзүнүн Уулун, Иса Машаякты, силер үчүн курмандыкка берген. Мунун аркасында келечекте түбөлүккө маңыздуу, бактылуу өмүр сүрүшүңөргө жол ачылган *.

Кайгы-муңга батып, жашоодон тажап жатсаңар, Кудайдын Сөзүн кылдат изилдеп, анын убадаларына болгон ишенимиңерди бекемдегенге аракет кылгыла. Бул силерге кубаныч тартуулайт жана жакшылыктан үмүт үзбөй жашай бергенге жардам берет.

^ Исанын куткаруу курмандыгы силерге кандай пайда алып келерин билиш үчүн www.pr418.com/ky сайтындагы «Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү» деген видеотасманы көргүлө. (Жолу: БИЗ ЖӨНҮНДӨ > ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ.)