Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жыйналышта Жахабаны даңктап-макта

Жыйналышта Жахабаны даңктап-макта

«Жыйналышта сени даңкта[йм]»(ЗАБ. 22:22).

59-ЫР: Жахты даңктайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Дөөтү Жахаба жөнүндө кандай сезимде болгон жана бул ага эмне кылууга түрткү берген?

ДӨӨТҮ ПАДЫША: «Жахаба улуу, ал зор даңкка татыктуу»,— деп ырдаган (Заб. 145:3). Ал Жахабаны жакшы көргөн, бул болсо ага аны «жыйналышта» даңктоого түрткү берген (Заб. 22:22; 40:5). Сен да Жахабаны жакшы көрөрүң жана: «Атабыз Ысрайылдын Кудайы Жахаба, түбөлүктөн түбөлүккө даңктала бер»,— деп айткан Дөөтүнүн сөздөрүнө кошуларың шексиз (1 Жылн. 29:10—13).

2. а) Жахабаны кантип даңктай алабыз? б) Айрымдар кандай кыйынчылыктарга туш болушат жана эмнени карап чыгабыз?

2 Бүгүн Жахабаны даңктоонун бир жолу — жыйналыштан жооп берүү. Анткен менен көп бир туугандар үчүн бул аябай эле кыйын. Алар талкууга жакшы эле катышкысы келет, бирок кол көтөргөндөн коркот. Анда коркунучту кантип жеңсе болот? Башкаларды бекемдегидей жооп бериш үчүн баарыбызга кандай кеңештер жардам берет? Бул суроолорго жооп алардан мурун, келгиле, жыйналыштан эмне үчүн жооп беришибиз керектигине байланыштуу төрт маанилүү ойго токтололу.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖООП БЕРЕБИЗ?

3—5. а) Еврейлер 13:15ке ылайык, жолугушууларда эмне үчүн жооп беребиз? б) Баарыбыздан бирдей деңгээлде жооп берүү талап кылынабы? Түшүндүр.

3 Жахаба баарыбызга аны даңктоо сыймыгын берген (Заб. 119:108). Жыйналыштагы жоопторубуз «мактоо курмандыгына» кирет. Ал курмандыкты биздин ордубузга эч ким бере албайт. (Оку: Еврейлер 13:15.) Жахаба ар бирибизден бирдей курмандык алып келишибизди, башкача айтканда, жоопторубуздун бирдей деңгээлде болушун талап кылабы? Албетте, жок!

4 Жахаба ар бирибиздин жөндөмдүүлүктөрүбүз, жагдай-шартыбыз ар кандай экенин билет. Андыктан, кандай тартуу алып келбейли, аны жогору баалайт. Ысрайылдыктар алып келген курмандыктардын түрлөрү жөнүндө ойлонуп көрсөң. Айрым ысрайылдыктар кой же эчки алып келишчү. Бирок колунда жоктор «эки бактек же эки жаш көгүчкөн» алып келе алышкан. Эгер эки канаттуу алып келгенге шарты жок болсо, Жахаба тартуу катары «эң жакшы ундан эйфанын ондон бир бөлүгүн» алып келсе болорун айткан (Леб. 5:7, 11). Ун арзаныраак болсо да, Жахаба ошол курмандыкты да баалачу. Болгону, ал ун «эң жакшы ундан» болушу керек болчу.

5 Боорукер Кудайыбыз андан бери эч өзгөргөн жок. Жооп берип жатканыбызда ал бизден Аполостой чечен болушубузду же Пабылдай ынандырарлык сүйлөшүбүздү талап кылбайт (Элч. 18:24; 26:28). Эң негизгиси, Жахаба колубуздан келишинче жакшы жооп бергенге аракет кылышыбызды каалайт. Наркы өтө төмөн эки тыйын тартуу кылган жесир аялды эстесең. Жахаба аны жогору баалаган, анткени ал колунда болгонунун эң мыктысын берген (Лк. 21:1—4).

Жооп бергенде өзүбүз да пайда алабыз, башкалар да бекемделет (6, 7-абзацтарды кара) *

6. а) Еврейлер 10:24, 25ке ылайык, башкалардын жообу бизге кандай таасир этет? б) Сени бекемдеген жоопторго ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың?

6 Жоопторубуз менен бири-бирибизди бекемдейбиз. (Оку: Еврейлер 10:24, 25.) Жолугушуулардан ар кандай жоопторду угуу баарыбызга эле жагымдуу. Мисалы, кичинекей баланын жөнөкөй сөздөр менен чын жүрөктөн жооп бергени кубандырбай койбойт. Кимдир бирөөнүн жакында эле жаңы бир ойду таап, ошол тууралуу сүйүнүп айтып берип жатканын угуу да бизди абдан бекемдейт. Ошондой эле табиятынан уялчаактардын же тилибизди жаңы эле үйрөнүп жаткандардын «кайраттанып», жыйналыштан жооп бергенин укканда суктанбай койбойбуз (1 Тес. 2:2). Бир туугандарыбыздын жооп бериш үчүн кылган аракетин баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Бекемдээрлик жообу үчүн жолугушуудан кийин ыраазычылык билдирсек болот. Өзүбүз да жооп берсек, алардын жоопторуна ыраазы экенибизди көрсөтө алабыз. Ошондо өзүбүз эле бекемделбестен, башкаларга да дем-күч беребиз (Рим. 1:11, 12).

7. Жооп берүүдөн өзүбүз кандай пайда алабыз?

7 Жооп бергенде өзүбүз да пайда алабыз (Ыш. 48:17). Кандайча? Биринчиден, жооп берүүнү максат кылып алсак, жакшы даярданганга көбүрөөк аракет кылабыз. Жакшы даярданганыбызда Кудайдын Сөзүн тереңирээк түшүнөбүз. Ал эми канчалык терең түшүнсөк, билгендерибизди ошончолук жакшы колдонобуз. Экинчиден, талкууга жакшы катышкандыктан жолугушуудан көбүрөөк кубаныч алабыз. Үчүнчүдөн, жооп берүүгө күч-аракет жумшагандыктан айткан ойлорубузду, жолугушуу бүткөндөн кийин бир топ убакыт өтсө да, эстеп жүрөбүз.

8, 9. а) Малаки 3:16да айтылгандай, Жахаба жооп бергенибизге кандай карайт деп ойлойсуң? б) Айрымдар кандай кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн?

8 Ишенимибизди жоопторубуз аркылуу билдиргенде, Жахабанын жүрөгү кубанат. Жахабанын бизди угарына жана жолугушууларда жооп берүүгө аракет кылып жатканыбызды жогору баалаарына эч шектенбесек болот. (Оку: Малаки 3:16.) Анын жүрөгүн кубантууга бүт күчүбүздү жумшап жатканыбызды көргөндө ал бизге батасын берет. Бул — анын бизге ыраазы болуп жатканынын далили (Мал. 3:10).

9 Ооба, жолугушууларда жооп берүүгө бизде орчундуу себептер бар. Ошентсе да айрымдар жолугушуудан колун көтөргөндөн тартынышы мүмкүн. Эгер сенин да жагдайың ушундай болсо, анда көңүлүңдү чөгөрбө. Келгиле, баарыбызга талкууга көбүрөөк катышууга жардам бере турган айрым ыйык китептик принциптерди, бир нече адамдын мисалын жана иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди карап көрөлү.

КОРКУНУЧТУ ЖЕҢҮҮ

10. а) Көбүбүз жооп берүүгө байланыштуу эмнелерди ойлоп тынчсызданабыз? б) Жооп бергенден коркконубуз эмнени көрсөтүп турушу мүмкүн?

10 Жооп бериш үчүн кол көтөрүш керек дегенди ойлогондо эле жүрөгүң дүкүлдөй баштайбы? Эгер ошондой болсо, сен жалгыз эмессиң. Ачыгын айтканда, жооп берерде көбүбүз эле тынчсызданабыз. Коркунучту жеңиш үчүн адегенде анын себебин аныктап алганың маанилүү. Балким, айтам деген сөздөрүмдү унутуп калам же туура эмес жооп берип алам деп коркоттурсуң. Же болбосо башкалардай жакшы жооп бере албайм деп тынчсызданаттырсың. Чынында, коркуп жатканың момун экениңди жана башкаларды өзүңдөн жогору көрөрүңдү көрсөтүп турат. Жахаба момундарды жогору баалайт (Заб. 138:6; Флп. 2:3). Ошентсе да Жахаба сенин жооп берип аны даңкташыңды, ошондой эле ишенимдештериңди бекемдешиңди каалайт (1 Тес. 5:11). Ал сени жакшы көрөт жана кайраттуу кыла алат.

11. Ыйык Китептеги кайсы ойлор тынчсызданууларды жеңүүгө жардам берет?

11 Жогоруда айтылган тынчсызданууларды жеңүүгө байланыштуу Ыйык Китептеги ойлорго токтололу. Ыйык Китепте баарыбыздын тең жаңылып сүйлөп аларыбыз айтылган (Жкп. 3:2). Жахаба бизден жеткилеңдикти талап кылбайт; бир туугандар да антпейт (Заб. 103:12—14). Алар рухий үй-бүлөбүз жана бизге жакшылык гана каалайт (Мр. 10:29, 30; Жкн. 13:35). Кээде туура эмес жооп берип алсак да, бизди түшүнүшөт.

12, 13. Некемия менен Жунустун окуясынан эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Ыйык Китептеги айрым адамдардын мисалы жөнүндө да ойлонуп көрөлү. Некемияны эстесең. Ал ошол кездеги кубаттуу падышанын ак сарайында кызмат кылчу. Бир күнү Некемия суук кабар угуп, кайгыга батат. Анткени Иерусалимдин дубалдары менен дарбазалары урап жаткан эле (Нек. 1:1—4). Падыша күтүүсүз жерден андан эмнеге кабагы бүркөө экенин сураганда, анын канчалык коркуп кеткенин элестетип көрсөң! Некемия жооп берерден мурун дароо тиленген. Мунун аркасында падыша Кудайдын элине чоң жардам көрсөткөн (Нек. 2:1—8). Эми Жунус пайгамбар менен болгон окуяга токтололу. Жахаба аны нинебиликтерге кабарын жарыялоого жибергенде, ал ушунчалык корккондуктан таптакыр башка жакка качып кеткен (Жун. 1:1—3). Ошентсе да кийинчерээк Жунус пайгамбар Жахабанын жардамы менен тапшырмасын аткара алган. Натыйжада нинебиликтер ал айткан кабарга кулак кагып, туура эмес жолунан бурулушкан (Жун. 3:5—10). Корутундулай турган болсок, Некемия пайгамбардан жооп берердин алдында тиленүүнүн маанилүүлүгүн үйрөнө алабыз. Ал эми Жунустун мисалынан Жахабанын бизге, жүрөгүбүздү коркунуч бийлеп алганына карабай, анын эркин аткарууга жардам берерин билүүгө болот. Чынын айтканда, жыйналышта жооп берүү Нинебиге барып кабар айтуудан алда канча оңой эмеспи?!

13 Жыйналышта бекемдээрлик жоопторду бериш үчүн кайсы кеңештер жардам берет? Алардын кээ бирлерин карап чыгалы.

14. Эмне үчүн кылдат даярданышыбыз керек жана муну качан кылсак болот?

14 Ар бир жолугушууга жакшы даярдан. Жыйналыштарга алдын ала жана кылдат даярдансаң, жооп бергенде өзүңдү ишенимдүүрөөк сезесиң (Накыл 21:5). Албетте, баарыбыздын күн тартибибиз бирдей эмес. Маселен, 80ден өтүп калган жесир ишенимдешибиз Элоиза «Күзөт мунарасын» изилдөөгө жуманын башында эле даярдана баштайт. Ал: «Алдын ала даярдансам, жыйналыштан көбүрөөк кубаныч алам»,— дейт. Жумасына беш күн иштеген Жой болсо изилдөө макаласына ишемби күнү даярданат. Ал: «Жыйналышка бир күн калганда даярданганымда маалыматты жакшы эстеп каларымды байкадым»,— деп бөлүшөт. Ал эми пионер болуп кызмат кылган жана иши чачтан көп болгон Айк деген аксакал мындай дейт: «Мен үчүн бир отуруп көп убакыт даярдангандан көрө, жуманын ичинде макаланы бөлүп-бөлүп даярданган ыңгайлуураак».

15. Кантип жыйналышка жакшы даярдана алабыз?

15 Жыйналышка жакшы даярдануу эмнени билдирет? Ар бир изилдөөнүн алдында алгач Жахабадан ыйык рух беришин суран (Лк. 11:13; 1 Жкн. 5:14). Андан соң жалпы макалага көз жүгүрт. Макаланын аталышын, бөлүмчөлөрүн, сүрөттөрдү жана кутучаларды карап чык. Ар бир абзацты изилдеп жатканда мүмкүн болушунча Ыйык Китептен келтирилген аяттардын баарын окуганга аракет кыл. Окуган маалымат тууралуу ой жүгүрт, жооп бергиң келген ойлорго өзгөчө көңүл бур. Канчалык жакшы даярдансаң, ошончолук көбүрөөк пайда аласың жана жооп берүү оңоюраак болот (2 Кор. 9:6).

16. Изилдегенге жардам берген кандай куралдар бар жана сен аларды кантип колдонуп жатасың?

16 Мүмкүн болсо, өзүң түшүнгөн тилдеги изилдөөгө жардам берген электрондук куралдарды колдон. Жахаба жолугушууларга даярданганга жардам бериш үчүн өзүнүн уюму аркылуу бизди электрондук куралдар менен камсыз кылууда. JW Library® тиркемесинин жардамы менен изилдөөгө арналган макалаларды электрондук каражатыбызга көчүрүп алсак болот. Ошонун аркасында макаланы каалаган учурда, каалаган жерде изилдей алабыз же, жок эле дегенде, окуй же уга алабыз. Айрымдар JW Library® тиркемесин колдонуп, жумуштагы, мектептеги түшкү тыныгуу маалында же жол жүрүп баратканда изилдешет. Ал эми «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасы» менен «Онлайн китепкана»тереңирээк билгибиз келген ойлорду казып изилдегенге шарт түзөт.

Жыйналышка кайсы убакта даярданасың? (14—16-абзацтарды кара) *

17. а) Эмне үчүн бир канча жооп даярдап алганың жакшы? б) «Жахаба Кудай менен дос бол. Жооп бергенге даярдан» деген мультфилмден эмнени үйрөндүң?

17 Колдон келсе, бир нече жооп даярдап ал. Эмне үчүн? Анткени кол көтөргөнүңдө сени сурабай калышы мүмкүн. Бир учурда бир нече киши кол көтөргөндүктөн, жолугушууну алып барып жаткан бир тууган сени эмес, башка бирөөнү тандашы ыктымал. Жолугушуу өз убагында бүтүшү үчүн, ага кээде азыраак бир тууганды сурап, айрым ойлорго кыскача эле токтолгонго туура келет. Ошондуктан сени башында сурабаса, таарынууга шашпа, көңүлүңдү да чөгөрбө. Эгер бир канча жооп даярдап алсаң, талкууга катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгүң болот. Балким, жоопторуңдун биринде аят окуп береттирсиң. Бирок колуңан келсе, өз сөзүң менен жооп бергенге да аракет кыл *.

18. Эмне үчүн кыска-нуска жооп беришибиз керек?

18 Кыска-нуска жооп бер. Адатта, эң эле бекемдээрлик жооптор кыска жана жөнөкөй болот. Андыктан кыска жооп берүүгө умтул. Жоопторуңду болжол менен 30 секундадан ашырбаганга аракет кыл (Накыл 10:19; 15:23). Көп жылдан бери жооп берип келатсаң, маанилүү нерсени кыла аласың, атап айтканда, кыска-нуска жооп берүү жагынан жакшы үлгү көрсөтө аласың. Эгер бир нече мүнөткө созулган татаал жоопторду берсең, башкалар сендей сүйлөй албайм деп коркуп, кол көтөргөндөн тартынышы мүмкүн. Андан тышкары, ар бирибиз кыска жооп бергенге умтулсак, талкууга көбүрөөк киши катыша алат. Өзгөчө биринчи жооп бергендердин кыска жана так жооп бергени жакшы. Жообубузга абзацтагы бардык ойлорду камтуунун зарылдыгы жок. Абзацтагы негизги ой талкуулангандан кийин, кошумча ойлорду айтсаң болот. (« Кантип жооп берсең болот?» деген кутучаны кара.)

19. Алып бара турган бир тууган сага кантип жардам бере алат, бирок ан үчүн эмне кылышың керек?

19 Алып бара турган бир тууганга кайсы абзацка жооп бергиң келерин билдирип кой. Эгерде ушундай кылам деп чечсең, ага жыйналыш башталганга чейин айтып коюшуң керек. Анан жооп бере турган абзацка келгенде, ал бир тууган көрө алышы үчүн, колуңду дароо бийик көтөр.

20. Кандайча жыйналыш жолугушууларын жакшы досторуң менен дасторкондон чогуу даам сызганга салыштырууга болот?

20 Жыйналыш жолугушууларын жакшы досторуң менен бирге дасторкондон даам сызганга салыштырууга болот. Эгер жыйналыштагы досторуң сени чогуу эс алууга чакырып, жегенге анча-мынча бир нерсе жасай кел деп суранышса, эмне кылат элең? Бир аз тынчсызданмак болушуң керек. Бирок баарына жага турган даамдуу бир нерсе жасаш үчүн колуңдан келгенди кылмактыгың шексиз. Бизди конокко чакырган Жахаба жолугушууларда даамдуу тамак-ашка толгон кенен дасторконун жаят (Заб. 23:5; Мт. 24:45). Жөнөкөй, бирок колубуздан келишинче эң жакшы белек алып келсек, ал абдан сүйүнөт. Андыктан жыйналышка жакшы даярдан жана мүмкүн болсо, көбүрөөк жооп бер. Ошондо Жахабанын дасторконунан өзүң эле азыктанбастан, жыйналыштагыларга да белек ала келген болосуң.

2-ЫР: Сенин ысмың — Жахаба

^ 5-абз. Дөөтү падышадай болуп, биз Жахабаны жакшы көрөбүз жана аны даңктоо бизге рахат тартуулайт. Жыйналыштан жооп берүү — Жахабага болгон сүйүүбүздү көрсөтүүнүн өзгөчө жолу. Бирок айрымдарыбызга жооп берүү оңойго турбайт. Эгер бул сен үчүн да кыйын болсо, ушул макала сага жооп бергенден эмне үчүн коркуп жатканыңды аныктаганга жана коркунучуңду жеңгенге жардам берет.

^ 17-абз. jw.org/ky сайтынан «Жахаба Кудай менен дос бол. Жооп бергенге даярдан» деген мультфилмди көр. (Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > БАЛДАР.)

^ 63-абз. СҮРӨТ: Бир туугандар «Күзөт мунарасын» изилдөөгө кубаныч менен катышууда.

^ 65-абз. СҮРӨТ: Биринчи сүрөттөгү «Күзөт мунарасын» изилдөөгө катышып жаткандардын айрымдары. Ар кимдин жагдай-шарты ар башка болсо да, алар убакыт бөлүп, жолугушууга даярданып жатышат.