Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кынтыксыздыгыңдан жазба!

Кынтыксыздыгыңдан жазба!

«Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!» (АЮП 27:5).

34-ЫР: Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Бул абзацта айтылган үч ишенимдешибиз кандайча Жахабага болгон берилгендигин сакташты?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ туш болгон төмөнкү үч жагдайды элестетип көрсөң. 1) Мектепте окуган бир тууганыбыздын мугалими класстагы окуучулардын баарына майрамга катышышы керектигин айтат. Ал мугалимине майрамдын Кудайга жакпай турганын билгендиктен ага катышпасын сылыктык менен түшүндүрөт. 2) Уялчаак жаш ишенимдешибиз үймө-үй кабар айтып жүрөт. Ал кийинки үйдө мурун Жахабанын Күбөлөрүн шылдыңдап жүргөн классташы жашай турганын билет. Ошого карабай анын эшигин тыкылдатат. 3) Үй-бүлөсүн багыш үчүн кара жанын карч уруп иштеген бир тууганыбыздан жетекчиси алдамчылыкка жаткан же мыйзамга ылайык келбеген бир ишти кылууну суранат. Ал жумушунан айрылып калышы мүмкүн экенин билсе да, жетекчисине, Кудай кызматчыларынан мыйзамга баш ийишин жана чынчыл болушун талап кылгандыктан, андай ишке барбай турганын түшүндүрөт (Рим. 13:1—4; Евр. 13:18).

2. Кайсы суроолорго токтолобуз жана эмне үчүн?

2 Кандай деп ойлойсуң, ушул үч бир тууганыбыз кайсы сапатты көрсөтүштү? Балким, кайраттуулук, чынчылдык деген сыяктуу сапаттарды байкаган чыгарсың. Бирок алардын баары өзгөчө бир маанилүү сапатты — кынтыксыздыкты — чагылдырышты. Үчөө тең Кудайдын нормаларын бузуудан баш тартып, ага болгон берилгендигинен жазган жок. Ооба, кынтыксыздык сапаты аларга туура иш кылууга түрткү берди. Ошон үчүн Жахабанын алардын ар бири менен сыймыктанганы шексиз. Асмандагы Атабыздын биз менен да сыймыктанышын абдан каалайбыз. Андыктан: «Кынтыксыздык деген эмне? Кынтыксыз болгонубуз эмне үчүн маанилүү? Азыркы оор убакта кынтыксыздыгыбыздан тайбоого эмне жардам берет?» — деген суроолорго кененирээк токтололу.

КЫНТЫКСЫЗДЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. а) Кынтыксыздык деген эмне? б) Толук, кемтиги жок же бүтүн деген эмнени билдирерин түшүнүүгө кайсы мисалдар жардам берет?

3 Кынтыксыз экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Жахабаны чын жүрөктөн сүйүп, ага толук берилгендик сактоо менен жана анын натыйжасында дайыма ага жаккандай иш кылуу менен көрсөтөбүз. «Кынтыксыздык» деген сөздүн Ыйык Китепте кандай мааниде колдонулганын карап көрөлү. Ал сөз, негизинен, толуктук, кемтиги жоктук же бүтүн деген маанини туюнтат. Алсак, ысрайылдыктар Жахабага малдан курмандык чалышчу. Мыйзамда ал малдын эч кандай кемтиги болбошу керектиги айтылган * (Леб. 22:21, 22). Бир буту, кулагы же көзү жок же оорулуу малды курмандыкка чалууга тыюу салынган. Жахаба үчүн малдын эч жеринде кемтиги жок, мындайча айтканда, бүтүн болушу маанилүү болгон (Мал. 1:6—9). Жахабанын эмне үчүн ошону талап кылганы таң калыштуу эмес. Мисалы, биз мөмө-жемиш, китеп же шайман сатып алганыбызда алардын эч жеринде кемтиги жок, бүтүн болушун каалайбыз. Анын сыңарындай, Жахаба да биздин ага болгон сүйүүбүздүн, берилгендигибиздин, каймана мааниде айтканда, толук, бүтүн, кемтиксиз болушун каалайт.

4. а) Жеткилеңсиз адам да кынтыксыз боло алат деп эмне үчүн айта алабыз? б) Забур 103:12—14-аяттарда жазылгандай, Жахаба бизден эмнени күтөт?

4 Кынтыксыз болуш үчүн жеткилең болушубуз керекпи? «Кемчилик-каталарым аябай көп болсо, кантип кынтыксыз боло алам?» — деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок эмне үчүн антип ойлобошубуз керектигинин эки себебин карап көрөлү. Биринчиден, Жахаба биздин кемчилик-каталарыбызга көңүл топтобойт. Анын Сөзүндө: «Эгер сен, Жах, күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат?» — деп жазылган (Заб. 130:3). Жеткилең эмес, күнөөкөр пенде экенибизди жакшы билгендиктен Жахаба бизди айкөлдүк менен кечирет (Заб. 86:5). Экинчиден, ал мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин түшүнөт жана колубуздан келбей турган нерсени талап кылбайт. (Окугула: Забур 103:12—14.) Анда кандай мааниде толук, кемтиги жок же бүтүн боло алабыз?

5. Жахабанын кызматчыларына кынтыксыз болууга кандайча биринчи кезекте сүйүү жардам берет?

5 Жахабанын кызматчыларына кынтыксыз болууга биринчи кезекте сүйүү жардам берет. Асмандагы Атабызга болгон сүйүүбүз жана берилгендигибиз дайыма толук, кемтиги жок же бүтүн бойдон калышы керек. Атүгүл сыноого туш болгондо да сүйүүбүздү ошол бойдон сактасак, кынтыксыздыгыбыздан жазбаган болобуз (1 Жылн. 28:9; Мт. 22:37). Жогоруда айтылган үч ишенимдешибиздин окуясына кайрадан токтололу. Эмне үчүн алар ошондой иш кылышкан? Мектепте окуган бир тууганыбыз классташтары менен көңүл ачкысы келген эмеспи? Же берки жаш ишенимдешибиз чогуу окуган балага шылдың болгусу келгенби? Ал эми үй-бүлөсү бар бир тууган жумушунан айрылууну каалаганбы? Жок. Бирок үчөө тең Жахабанын нормалары адил экенин жакшы билишет жана ага жагууга жан-дили менен умтулушат. Жахабаны жакшы көргөндүктөн алар чечим чыгарарда анын эмнени туура көрөрүн дайыма эске алышат. Ушундай жол менен ал бир туугандар кынтыксыз экенин иш жүзүндө көрсөтүшөт.

КЫНТЫКСЫЗ БОЛГОНУБУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

6. а) Кынтыксыз болгонубуз эмне үчүн маанилүү? б) Адам ата менен Обо эне кантип кынтыксыздыгын сакташкан эмес?

6 Эмне үчүн ар бирибиздин кынтыксыз болгонубуз маанилүү? Анткени Шайтан Жахабаны да, бизди да каралаган. Ал козголоңчу периште Эйден багында Кудайга каршы чыгып, Шайтан, башкача айтканда, «Душман» болуп калган. Ал Жахабаны жаман, өзүмчүл, чынчыл эмес Башкаруучу катары көрсөтүп, анын ысмына көө жапкан. Тилекке каршы, Адам ата менен Обо эне Шайтандын тарабына ооп, Жахабага каршы иш кылышкан (Башт. 3:1—6). Аларда Эйден багында Жахабага болгон сүйүүсүн чыңдаганга чексиз мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок Шайтан азгырган убакта алардын сүйүүсү толук, кемтиги жок же бүтүн болбой калган. Кийинчерээк: «Адамдар Жахабага сүйүүсүнөн улам берилгендигин сактай алабы, башкача айтканда, кынтыксыз бойдон кала алабы?» — деген дагы бир суроо көтөрүлгөн. Бул Аюп пайгамбардын убагында болгон.

7. Аюп 1:8—11-аяттардан көрүнүп тургандай, Жахаба Аюптун кынтыксыз болгонуна кандай караган? Ал эми Шайтанчы?

7 Аюп пайгамбар ысрайылдыктар Мисирде кулчулукта жүргөн маалда жашаган. Анын күндөрүндө башка бир да адам андай кынтыксыз болгон эмес. Албетте, ал биздей эле жеткилеңсиз болгон, ката кетирген. Анткен менен Жахаба аны кынтыксыздыгы үчүн жакшы көргөн. Сыягы, Шайтан ага чейин эле Жахабанын алдында башка адамдардын кынтыксыздыгын талашка салып келген көрүнөт. Ошондуктан Жахаба анын көңүлүн Аюп пайгамбарга бурган. Аюп Шайтандын жалганчы экенин жашоосу менен көрсөтүп келген. Шайтан Жахабадан Аюптун кынтыксыздыгын сынап көрүүгө жол беришин талап кылган. Жахаба досу Аюпка ишенгендиктен ага жол берген. (Окугула: Аюп 1:8—11.)

8. Шайтан Аюпка кантип кол салган?

8 Шайтан мыкаачы жана киши өлтүргүч. Ал Аюптун мал-мүлкүнө, байлыгына кол салып, баарынан айрылткан, кулдарын өлтүрүп, эл арасындагы жакшы атын булгаган. Ошондой эле үй-бүлөсүнө да чабуул жасап, жанындай көргөн он баласын күм-жам кылган. Андан соң анын өзүн таманынан төбөсүнө чейин жан сыздаткан жара менен жабыркатып, ден соолугунан ажыраткан. Катуу күйүттөн кабыргасы кайышкан аялы болсо: «Кудайды карга да, өл» — деп, аны Кудайдан баш тартууга үндөгөн. Аюп өзү да жашоого тоюп кеткен. Ошонун баарына карабай кынтыксыздыгынан жазган эмес. Шайтан ошону менен тим болбостон, ага дагы башка жактан кол салган. Бул жолкусунда Аюптун үч досун колдонгон. Алар анын жанында бир канча күн болушкан. Бирок аны сооротуп-жубаткандын ордуна, катуу сындап, чучукка жеткен сөздөрдү айтышкан. Ошондой эле аны Кудай жазалап жатат, анын кынтыксыздыгын сактаар-сактабасы ал үчүн баары бир деп, жанын кейитишкен. Атүгүл жеткен мыйзамсыз киши болгондуктан башына ушундай мүшкүл түштү деген сыяктуу ойду айтышкан (Аюп 1:13—22; 2:7—11; 15:4, 5; 22:3—6; 25:4—6).

9. Оор сыноолорго туш болгондо Аюп эмне кылган эмес?

9 Ушундай оор сыноолорго туш болгондо Аюп кандай иш кылган? Ал күнөөкөр пенде болгон. Ошондуктан сооротумуш болгон үч досуна ачуусу келген жана кийин өзү мойнуна алгандай, туура эмес сүйлөп алган. Ал Кудайдын эмес, өзүнүн адилдигин көбүрөөк жактаган (Аюп 6:3; 13:4, 5; 32:2; 34:5). Анткен менен жагдайы жан чыдагыс болуп кеткенде да, Жахаба Кудайдан баш тарткан эмес. Ал жалган досторунун калпына ишенген эмес. Аларга: «Силерди адил дебей калайын! Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!» — деген (Аюп 27:5). Бул сөздөр Аюптун, кандай сыноо болбосун, кынтыксыздыгын сактоого абдан чечкиндүү болгонун көрсөтүп турат. Ал багынган эмес. Биз да ошенте алабыз.

10. Аюп пайгамбарга байланыштуу көтөрүлгөн талаш маселенин кандайча ар бирибизге тиешеси бар?

10 Аюп пайгамбарга байланыштуу Шайтан көтөргөн талаш маселенин ар бирибизге тиешеси бар. Кандайча? Шайтан, мындайча айтканда: «Сен чындап Жахаба Кудайды сүйбөйсүң. Өз жаныңды сактап калыш үчүн, керек болсо, кызматыңды токтотуп коёсуң. Кынтыксыздыгыңды сактай албайсың!» — деп ниетибизге шек туудурат (Аюп 2:4, 5; Аян 12:10). Мындай сөздөрдүн сага катуу тиери шексиз. Бирок бул тууралуу ойлонуп көрсөң: Жахаба сага аябай ишенгендиктен Шайтанга сени сыноого жол берип, кынтыксыз экениңди далилдөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк берүүдө. Ал кынтыксыздыгыңдан жазбай турганыңа жана Шайтандын жалганчы экенин далилдөөгө өз салымыңды кошо аларыңа бекем ишенет. Ошондой эле сага бул жагынан өзү жардам берерин убада кылат (Евр. 13:6). Ааламдын Эгедеринин ишенимине ээ болуу кандай зор сыймык! Кынтыксыз болуу канчалык маанилүү экенин көрө алдыңбы? Кынтыксыздыгыбыздан жазбасак, Шайтандын калпын төгүнгө чыгарабыз, асмандагы Атабыздын ыйык ысмын коргойбуз жана анын башкаруусун колдойбуз. Анда бул сапатты кантип чыңдасак болот?

АЗЫРКЫ ООР УЧУРДА КЫНТЫКСЫЗДЫГЫБЫЗДЫ КАНТИП САКТАЙ АЛАБЫЗ?

11. Аюп пайгамбардан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Шайтан азыркы коогалаңдуу «акыркы күндөрдө» Кудайдын кызматчыларына чабуулун күчөтүүдө (2 Тим. 3:1). Ушундай караңгы дүйнөдө кынтыксыздыгыбызды сактоого чечкиндүү болууга эмне жардам берет? Аюп пайгамбардан бул жагынан да көп нерсеге үйрөнсөк болот. Чоң сыноого туш болгонго чейин эле ал ар кандай жагдайларда кынтыксыздыгын сактап келген. Анда эмесе, Аюптан кайсы үч жактан үлгү алсак болорун карап көрөлү. Бул бизге да кынтыксыздыгыбыздан жазбоого жардам берет.

Кынтыксыз бойдон калууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдоонун айрым жолдору кайсылар? (12-абзацты карагыла) *

12. а) Аюп 26:7, 8, 14-аяттарга ылайык, Аюпка Жахабаны кастарлоого, урматтоого эмне жардам берген? б) Жүрөгүбүз Кудайга болгон кастарлоо сезимине толушу үчүн, эмне кылсак болот?

12 Аюп пайгамбар Жахабага болгон кастарлоо сезимин өрчүтүү менен сүйүүсүн чыңдаган. Аюп Жахабанын колунан бүткөн кереметтүү нерселер тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөн. (Окугула: Аюп 26:7, 8, 14.) Ал жер, асман, булуттар жана күндүн күркүрөгөнү жөнүндө ойлонгондо кастарлоо сезимине чулгана турган. Бирок Жахаба жараткан сан жеткис нерселер туурасында аябай эле аз билерин түшүнгөн. Аюп Жахабанын сөздөрүн да жогору баалаарын көрсөтүп: «Өзүмөн талап кылынгандан да көптү аткарам»,— деген (Аюп 23:12). Жахабанын иштерине ушунчалык суктангандыктан аны кастарлоого, урматтоого түрткү алган. Ал асмандагы Атасын жакшы көргөн жана ага жагууга умтулган. Бул ага кынтыксыздыгын сактоого ого бетер чечкиндүү болууга жардам берген. Биздин андан үлгү алганыбыз абдан маанилүү. Биз Жахаба жараткан кереметтүү нерселер тууралуу Аюптун күндөрүндөгү адамдарга караганда алда канча көптү билебиз. Ошондой эле ыйык рухтун жетеги менен жазылган жана Жахабанын кандай Кудай экенин ачып берген толук Ыйык Китебибиз бар. Андан окуп-билгендерибиздин аркасында жүрөгүбүз кастарлоо сезимине чулганат. Ал эми Жахабаны кастарлап, урматтап-сыйлаганыбыз өз кезегинде аны сүйүүгө, ага баш ийүүгө түрткү берет жана кынтыксыздыгыбызды сактоого болгон каалообузду арттырат (Аюп 28:28).

Порнографияны четке кагуу менен кынтыксыздыгыбыздан жазбоого болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдай алабыз (13-абзацты карагыла) *

13, 14. Аюп 31:1ден Аюп пайгамбардын Кудайга баш ийгени кандайча көрүнүп турат? б) Аюптан эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Эмне иш кылбасын, дайыма Кудайга баш ийгени Аюп пайгамбарга кынтыксыздыгынан жазбоого жардам берген. Ал кынтыксыз болуш үчүн Жахабага баш ийиши керектигин түшүнгөн. Негизи, Кудайга баш ийген сайын, кынтыксыздыгыбызды сактоого болгон чечкиндүүлүгүбүз чыңдала берет. Аюп күндөлүк турмушунда Кудайга баш ийүүгө бүт күчүн жумшаган. Мисалы, ал кыз-келиндерге мамиле кылууда өтө сак болгон. (Окугула: Аюп 31:1.) Жубайы бар болгондуктан, ал бөлөк аялдарга орунсуз түрдө көңүл бурбашы керектигин жакшы билген. Азыркы дүйнө жыныстык адеп-ахлаксыздыкка түрткөн ар кандай азгырыктарга жык толгон. Аюптай болуп, биз да жубайыбыз болбогон адамга орунсуз мамиле кылуудан качабызбы? Адепсиз же порнографиялык материалдардын бардык түрүнөн оолак болобузбу? (Мт. 5:28). Күн сайын өзүбүздү кармай билүүгө бүт күчүбүздү жумшасак, кынтыксыздыгыбызды сактоого чечкиндүү болобуз.

Дүнүйө-мүлккө карата тең салмактуу көз карашта болуу кынтыксыздыгыбыздан жазбоого болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдайт (14-абзацты карагыла) *

14 Аюп пайгамбардын дүнүйө-мүлккө карата болгон көз карашынан да анын Жахабага баш иери көрүнүп турган. Ал, эгер дүнүйө-мүлккө таяна турган болсо, бул олуттуу күнөөгө жатмактыгын жана жазаланууга тийиш болмоктугун түшүнгөн (Аюп 31:24, 25, 28). Бүгүнкү тапта көптөр байлыкты туу тутушат. Эгер, Ыйык Китепте кеңеш кылынгандай, акчага жана мүлккө карата тең салмактуу көз караш өрчүтсөк, кынтыксыздыгыбызды сактоого болгон чечкиндүүлүгүбүз чыңдалат (Накыл 30:8, 9; Мт. 6:19—21).

Үмүтүбүздү тунук сактоо менен кынтыксыздыгыбыздан жазбоого болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдай алабыз (15-абзацты карагыла) *

15. а) Аюпка кынтыксыз бойдон калууга кайсы үмүтү жардам берген? б) Ошол үмүттү эсибизде бек сактаганыбыз бизге эмне кылууга жардам берет?

15 Аюп пайгамбар Кудайдын сыйлык берерине үмүттөнүп, ошого көңүл топтогондуктан кынтыксыздыгынан жазган эмес. Ал кынтыксыздыгын сактаганы Кудай үчүн абдан маанилүү экенин билген (Аюп 31:6). Башына ар кандай мүшкүл түшкөнүнө карабай, ал Жахабанын ага акыр-аягы сыйлык берерине бекем ишенген. Бул ага кынтыксыздыгынан жазбоого күч бергени шексиз. Анын кынтыксыздыгын сактаганы Жахабанын жүрөгүн ушунчалык кубанткан. Ошондуктан Жахаба ага, ал дагы деле жеткилеңсиз болсо да, батасын мол берген (Аюп 42:12—17; Жкп. 5:11). Бирок Аюпту алдыда андан да зор баталар күтүп турат. Сен да кынтыксыз болгонуң үчүн Жахабадан сыйлык аларыңа бекем үмүттөнөсүңбү? Кудай андан бери эч өзгөргөн жок (Мал. 3:6). Эгер Жахабанын кынтыксыздыгыбызды жогору баалаарын унутпасак, жаркын келечекке болгон үмүтүбүздү жүрөгүбүздө тунук сактай алабыз (1 Тес. 5:8, 9).

16. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

16 Андыктан кынтыксыздыгыңдан жазбоого чечкиндүү бол. Кээде тегерегиңдегилердин эч кимиси кынтыксыздыгын сактабай жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок сен жалгыз эмессиң, анткени дүйнө жүзү боюнча кынтыксыздыгынан жазбай келаткан миллиондогон ишенимдештериң бар. Ошондой эле Кудайдын байыркы учурда жашаган жана өлүм менен беттешкенде да кынтыксыз бойдон калган кызматчыларынын баары сен тарапта (Евр. 11:36—38; 12:1). Анда эмесе, келгиле, баарыбыз Аюптун: «Кынтыксыздыгыман жазбаймын!» — деген сөздөрүнө ылайык жашоого чечкиндүү бололу. Андан тышкары, дайыма кынтыксыз бойдон калып, Жахабаны түбөлүктөн түбөлүккө даңктай берели!

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

^ 5-абз. Кынтыксыздык деген эмне? Жахаба кызматчыларынын кынтыксыз болгонун эмне үчүн баалайт? Ар бирибиздин ушул сапатка ээ болгонубуз эмне үчүн маанилүү? Бул макаладан ушул суроолорго Ыйык Китептин негизинде жооп алабыз. Ошондой эле күнүгө кынтыксыздыгыбызды сактоого чечкиндүү болууга эмне жардам берерин тереңирээк түшүнөбүз. Кынтыксыз болуу менен Кудайдан мол бата алабыз.

^ 3-абз. Жаныбарларга карата колдонулган жана «кемтиги жок» деп берилген еврей сөзү адамдарга карата колдонулган «кынтыксыз» деген сөз менен маанилеш.

^ 50-абз. СҮРӨТ. Аюп пайгамбар жашыраак кезинде балдарына Жахаба жараткан кереметтүү нерселер жөнүндө айтып берүүдө.

^ 52-абз. СҮРӨТ. Чогуу иштешкендери порнография көрүүгө азгырганда, ишенимдешибиз четке кагууда.

^ 54-абз. СҮРӨТ. Ишенимдешибиз зарылдыгы жок, акчасы жетпей турган чоң, кымбат телевизорду алууга үндөгөн сатуучунун сунушунан баш тартууда.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Ишенимдешибиз Бейишке болгон үмүтү тууралуу тиленүү менен ой жүгүртүүдө.