Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага жагыш үчүн жумшак бол

Жахабага жагыш үчүн жумшак бол

«Бүт жер бетиндеги мүнөзү жумшактар,.. Жахабаны издегиле,.. жумшактыкты издегиле» (СЕП. 2:3) *.

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Муса кандай адам болгон жана ал эмнелерди кылган? б) Жумшактык сапатын өрчүтүүгө кандай орчундуу себеп бар?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ: «Муса жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам эле»,— деп жазылган (Сан. 12:3). Бул анын жүүнү бош, чечкинсиз жана башкалардын каршылыгына туруштук бере албаган киши болгонун билдиреби? Айрымдар жумшак адам ушундай болот деп ойлошот. Бирок, чынында, андай эмес. Муса Кудайдын бекем, чечкиндүү жана кайраттуу кызматчысы болгон. Жахабанын колдоосу менен ал Мисирдин кубаттуу падышасынын алдына барган, үч миллиондой кишини чөлдө жетектеп жүргөн жана ысрайыл элине душмандарын жеңгенге жардам берген.

2 Албетте, биз Муса пайгамбардыкындай кыйынчылыктарга туш болбойбуз дечи, ошентсе да кээ бир адамдардан же жагдайлардан улам күн сайын жумшактыгыбыз сыналышы мүмкүн. Бизде бул сапатты өрчүтүүгө орчундуу себеп бар. Жахаба: «Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат»,— деп убадалайт (Заб. 37:11). Өзүңдү жумшак адаммын деп эсептейсиңби? Башкалар да сен жөнүндө ошондой ойдобу? Бул маанилүү суроолорго жооп берерден мурун жумшак болуу деген эмнени билдирерин карап көрөлү.

ЖУМШАКТЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

3, 4. а) Жумшактыкты эмнеге салыштырууга болот? б) Жумшак болуш үчүн кайсы төрт сапатты өрчүтүшүбүз керек жана эмне үчүн?

3 Жумшактыкты * көз жоосун алган сүрөткө салыштырууга болот. Эмне үчүн? Сүрөтчү кооз сүрөт жаратыш үчүн бир нече түстүү боёкту айкалыштыргандай эле, жумшак болушубуз үчүн бир нече жагымдуу сапатты чагылдырышыбыз зарыл. Алардын эң эле маанилүүлөрү — момундук, тил алчаактык, боорукердик жана кайраттуулук. Жахабага жагыш үчүн эмне себептен ошол сапаттарды өрчүтүшүбүз керек?

4 Момун адамдар гана Кудайдын эркине тил алчаактык менен баш ийишет. Ал эми Кудайдын эркине ылайык, биз боорукер болушубуз керек (Гал. 5:22). Анын эркин аткарганыбызда, Шайтан каарданат. Ошондуктан момун, боорукер болсок да, анын дүйнөсүндөгү көптөгөн адамдар бизди жек көрөт (Жкн. 15:18, 19). Ошо себептен Шайтанга каршы туруш үчүн бизден кайраттуулук талап кылынат.

5, 6. а) Шайтан эмне себептен жумшак адамдарды жек көрөт? б) Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

5 Жумшактыктын карама-каршысы болуп бой көтөрүүчүлүк, ачуусун тыя албагандык жана Жахабага баш ийбестик эсептелет. Бул Шайтанды таамай сүрөттөп турат. Анын жумшак адамдарды жек көрөрү таң калыштуу эмес. Себеби алардын жакшы сапаттарынан улам Шайтандын канчалык жаман экени ашкереленет. Андан тышкары, алар анын жалганчы экенин ырасташат. Кандайча? Шайтан эмне дебесин, эмне кылбасын, жумшак адамдардын Жахабага кызмат кылышына бөгөт коё албайт (Аюп 2:3—5).

6 Жумшак болуу кандай учурларда кыйынга турушу мүмкүн? Эмне үчүн ал сапатты өрчүтө беришибиз керек? Бул суроолорго жооп алыш үчүн Муса пайгамбардын, Бабыл кулчулугунда жүргөн үч еврей уландын жана Иса Машаяктын үлгүсүн карап чыгалы.

КАЙСЫ УЧУРЛАРДА ЖУМШАК БОЛУУ КЫЙЫН?

7, 8. Муса пайгамбар башкалардын ага урмат көрсөтпөгөнүнө кандай караган?

7 Бийликке ээ болгондо. Бийлиги барларга кээде, өзгөчө, кол алдындагы кимдир бирөө урмат көрсөтпөгөндө же чыгарган чечимине каршы пикир айтканда, жумшак болуу кыйынга турушу мүмкүн. Сен да ошондой жагдайга кабылдың беле? Үй-бүлөңдөн кимдир бирөө сени сыйлабагандай иш кылса же чечимиңди колдобосо, эмне кыласың? Муса пайгамбардын ушул сыяктуу жагдайда эмне кылганына токтололу.

8 Жахаба Мусаны ысрайыл элине жол башчы кылып дайындаган жана ага алар баш ийиши керек болгон мыйзамдарды жаздырган. Жахабанын аны колдоп жатканы айкын көрүнүп турган. Ошого карабай эжеси Мириям менен агасы Арун анын Куш жеринен аял алганына каршы болуп, аны сындашкан. Мусанын ордунда башка бирөө болсо, ачууланып, алардан өч алууга умтулушу мүмкүн болчу. Бирок Муса анткен эмес, атүгүл Жахабадан Мириямга ырайым кылып, аны кайра айыктырып беришин өтүнүп-жалбарган (Сан. 12:1—13). Ага жумшак бойдон калганга эмне жардам берген?

Муса пайгамбар Жахабадан Мириямга ырайым кылып, аны кайра айыктырып беришин өтүнгөн (8-абзацты карагыла)

9, 10. а) Жахаба Мусага эмнени түшүнүүгө жардам берген? б) Үй-бүлө башчылары менен аксакалдар Мусадан эмнеге үйрөнө алышат?

9 Муса Жахабанын аны калыпташына жол берген. 40 жылдай мурун Мисир падышасынын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп жүргөн кезде ал жумшак эмес болчу. Ачуусу ушунчалык чукул болгондуктан, бир кишини адилетсиздик кылды деп эсептеп, өлтүрүп койгон. Ал кылган ишим Кудайга жагат деп ойлогон. Бирок Жахаба ага ысрайыл элин жетектеш үчүн кайраттуу эле болбостон, жумшак да болушу керектигин түшүнүүгө 40 жыл бою жардам берген. Ал эми жумшак болуш үчүн ал момун, тил алчаак, боорукер да болушу керек эле. Муса пайгамбар муну жакшы түшүнгөндүктөн кийин мыкты жол башчы боло алган (Чыг. 2:11, 12; Элч. 7:21—30, 36).

10 Бүгүнкү күндө үй-бүлө башчыларынын жана аксакалдардын Мусадан үлгү алганы маанилүү. Башкалар урмат көрсөтпөгөндө, шак эле ачууланып кирбегиле. Момун болуп, ката-кемчиликтериңерди мойнуңарга ала билгиле (Нас. 7:9, 20). Көйгөйлөрдү чечүүдө Жахабанын жетекчилигине ылайык иш кылгыла. Ар дайым жумшактык менен жооп бергиле (Накыл 15:1). Ушундай үй-бүлө башчылары менен көзөмөлчүлөр Жахабага жагат, тынчтыкка шарт түзүшөт жана жумшак болуу жагынан башкаларга үлгү болушат.

11—13. Үч еврей улан кандай үлгү көрсөткөн?

11 Куугунтукталганда. Тарых бою башкаруучулар Кудайдын элин куугунтуктап келишет. Алар бизге ар кандай жалган айыптарды коюшат, бирок, чындыгында, буга «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийгенибиз» себеп болот (Элч. 5:29). Бийликтегилер бизди шылдыңдашы, түрмөгө камашы, ур-токмокко алышы мүмкүн. Бирок биз өч алууга умтулбай, Жахабанын жардамы менен сыноо бүтөр-бүткүчө сабырдуулук сактайбыз.

12 Бабылга туткундалып кеткен Ханания, Мишаел, Азария деген үч еврей уландын үлгүсүн карап көрөлү *. Бабыл падышасы аларга килейген алтын айкелге табынууну буйруган. Алар падышага айкелге эмне үчүн табынбай турганын жумшактык менен түшүндүрүшкөн. Падыша алоолонуп күйүп жаткан мешке ыргытарын айтып коркутса да, ал уландар Кудайга баш ие беришкен. Жахаба аларды дароо куткарууну чечкен. Бирок алар Жахаба сөзсүз куткарат деп күтпөстөн, ал эмнеге жол бербесин, баарына даяр болушкан (Дан. 3:1, 8—28). Ханания, Мишаел, Азария жумшак адамдар чындап кайраттуу болорун далилдешкен. Алардын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, атүгүл бийликтегилер Кудайдын мыйзамын бузууну буйруса да, башкалар коркутуп-үркүтсө да же жазага тартышса да, биз Жахабага «толук берилгендик» сактоого чечкиндүү болобуз (Чыг. 20:4, 5).

13 Кудайга болгон берилгендигибиз сыналганда, ошол үч еврей уландан кандай үлгү алсак болот? Момун болуп, Жахабанын кам көрөрүнө бекем ишене беришибиз керек (Заб. 118:6, 7). Бизди жамандагандарга жумшактык, урмат-сый менен жооп бергенибиз маанилүү (1 Пет. 3:15). Ошондой эле Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселердин эч бирин кылбаганыбыз зарыл.

Башкалар каршы болгондо, урмат-сый менен жооп беребиз (13-абзацты карагыла)

14, 15. а) Стресстен улам эмне кылып алышыбыз мүмкүн? б) Исанын стресске кабылганда жумшак бойдон калуу жагынан эң мыкты үлгү көрсөткөнү Ышая 53:7, 10дон кандайча көрүнүп турат?

14 Стресске кабылганда. Баарыбыз эле ар кандай себептерден улам, мисалы, мектепте сынак болордо же жумушта кайсы бир иш тапшырылганда тынчсызданабыз. Же болбосо ден соолугубузду текшерерде же дарыланарда сарсанаа болобуз. Адатта, стресске кабылганда жумшак болуу оңой эмес. Мурун анча деле маани бербеген нерселерге кыжырдана башташыбыз мүмкүн. Ошондон улам башкаларга катуу сүйлөп, орой мамиле кылып алышыбыз ыктымал. Андыктан стресс болгондо Исанын үлгүсүн эстегенибиз маанилүү.

15 Жердеги жашоосунун акыркы айларында Исанын ичи уйгу-туйгу болгон. Анткени өзүнүн өлүм жазасына тартылып, катуу азап чегерин билген (Жкн. 3:14, 15; Гал. 3:13). Өлөрүнө бир нече ай калганда ал кыйналып жатканын айткан (Лк. 12:50). Ал эми бир нече күн калганда: «Жаным кыйналып турат»,— деген. Анын Кудайдан: «Ата, мени ушул сааттан куткара көр. Бирок мен ушул саат үчүн келгем. Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленгенинен канчалык момун, тил алчаак болгонун көрүүгө болот (Жкн. 12:27, 28). Өлүм жазасына тартылар убагы келгенде, Иса Кудайдын душмандарынан качпай, кайраттуу болуп, өзүн кармап кетишине жол берген. Алар болсо аны болушунча кордоп, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Иса cанаасы санга бөлүнгөндө да, азап чеккенде да жумшак бойдон калып, Кудайдын эркин аткара берген. Ооба, стресске кабылганда жумшак бойдон калуу жагынан Иса эң мыкты үлгү көрсөткөн деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. (Окугула: Ышая 53:7, 10.)

Иса Машаяк — жумшак болуу жагынан эң мыкты үлгү (16, 17-абзацтарды карагыла) *

16, 17. а) Жакын досторунан улам Исанын жумшактыгы кантип сыналган? б) Исадан кандай үлгү алсак болот?

16 Жердеги жашоосунун акыркы түнүндө жакын досторунун жеткилеңсиздигинен улам Исанын жумшактыгы сыналган. Ошол түнү анын канчалык кыйналганын элестетсең. Ал аягына чейин ишенимдүү бойдон кала алабы? Мындан миллиарддаган адамдардын өмүрү көз каранды болгон (Рим. 5:18, 19). Андан да маанилүүсү, анын кандай иш кылары Атасынын аброюна таасир этмек (Аюп 2:4). Ушундай маанилүү учурда эң жакын достору болгон элчилери менен акыркы жолу дасторкон үстүндө отурганда, сөздөн-сөз чыгып отуруп, алар «кимиси баарынан чоң экени тууралуу катуу талашып киришкен». Иса алардын көз карашын көп жолу, анын ичинде ошол эле кечте бир аз мурунураак оңдогон эле. Көңүл бурарлык нерсе, Иса такыр кыжырданган эмес. Анын ордуна, жылуу-жумшак сүйлөгөн. Ал жумшактык менен, бирок олуттуу түрдө алардын кандай кылганы туура болорун дагы бир ирет түшүндүрүп берген. Андан соң ага берилгендик сактап, дайыма жанында болушканы үчүн аларды мактаган (Лк. 22:24—28; Жкн. 13:1—5, 12—15).

17 Ушу сыяктуу жагдайга туш болуп калсаң, сен кандай иш кылат элең? Стресске кабылганда да Исадан үлгү алып, сабырдуу бойдон калганга умтул. Кудайдын: «Көтөрүмдүү болгула»,— деген осуятын даярдуулук менен аткара бер (Кол. 3:13). Өзүңдүн да башкаларды сөзүң же ишиң менен кыжырдантып аларыңды унутпасаң, ал осуятты аткаруу оңоюраак болот (Накыл 12:18; Жкп. 3:2, 5). Мындан тышкары, алардын жакшы жактарын айтып мактаганга дайыма аракет кыл (Эф. 4:29).

МЫНДАН АРЫ ДА ЖУМШАК БОЛО БЕРГЕНИБИЗ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

18. Жахаба мүнөзү жумшак адамдарга туура чечим чыгарууга кантип жардам берет, бирок алардан эмне талап кылынат?

18 Туура чечимдерди чыгарабыз. Жашоодо олуттуу чечимдерди чыгарыш керек болгондо, Жахаба туура багыт берүүгө даяр. Ан үчүн бизден жумшак болуу талап кылынат. Ал «мүнөзү жумшактардын тилегин угарын» убада кылган (Заб. 10:17). Бирок ал тиленүүбүздү угуп эле койбойт. Ыйык Китепте: «Ал мүнөзү жумшактарга өзүнүн өкүмдөрүнө ылайык жүрүүгө жардам берет, аларды өзүнүн жолунда жүрүүгө үйрөтөт»,— деген убада жазылган (Заб. 25:9). Жахаба бизди Ыйык Китеп, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан даярдалган адабияттар *, видеотасмалар, жолугушуулар аркылуу окутуп-үйрөтөт (Мт. 24:45—47). Биз болсо Жахабанын жардамына муктаж экенибизди момундук менен моюнга алып, ал камсыз кылган нерселерди изилдешибиз жана окуп-билгендерибизди даярдуулук менен аткарышыбыз керек.

19—21. Кадеште Муса пайгамбар кандай ката кетирген жана мындан кандай сабак алсак болот?

19 Жаза басып алуудан качабыз. Кайрадан Муса пайгамбар жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ондогон жылдар бою ал жумшак бойдон калып, Жахабага жаккандай иштерди кылып келген. Тилекке каршы, чөлдөгү 40 жылга созулган азаптуу сапар соңуна чыгып калганда, Муса катаалданып кеткен. Мириям, кыязы, Мисирде анын өмүрүн аман алып калууга жардам берген эжеси, жаңы эле көз жумуп, Кадешке коюлган. Ошол убакта ысрайылдыктар суунун жоктугуна кайрадан наалып, «Мусаны урушушкан». Жахабанын Муса аркылуу көптөгөн кереметтерди кылганына жана Мусанын өз жанын аябай, бир топ жылдан бери элди жетектеп келгенине карабай, алар нааразы болушкан. Эл суунун жоктугуна нааразы эле болбостон, алардын суусап жатканына Муса күнөөлүү болгонсуп, аны айыптап киришкен (Сан. 20:1—5, 9—11).

20 Муса ушунчалык ачуулангандыктан сезимдерин башкара албай калган. Жахабанын буйругуна баш ийип, аскага сүйлөгөндүн ордуна, ал элге ачуулана сүйлөп, кереметти өз күчү менен кыла тургандай кылып көрсөтүп койгон. Анан асканы эки жолу чапканда, суу атырылып чыккан. Ошентип, текебердиктин жана ачууланганынын айынан Муса олуттуу ката кетирген (Заб. 106:32, 33). Бир саамга эле жумшак болбой калгандыктан ал Убадаланган жерге кирбей калган (Сан. 20:12).

21 Бул окуядан маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз. Биринчиден, дайыма жумшак адам болуш үчүн тынбай күч-аракет жумшашыбыз керек. Кыска убакытка эле жумшак болбой калсак, жүрөгүбүздөгү текебердик күч ала башташы мүмкүн. Бул болсо туура эмес сүйлөп, туура эмес иш кылууга түртөрү бышык. Экинчиден, стресске кабылганда тез эле кыжырданып кетишибиз ыктымал. Андыктан ошондой учурда да жумшак болууга аракет кылышыбыз керек.

22, 23. а) Эмне үчүн мындан ары да «жумшактыкты издей» беришибиз керек? б) Сепания 2:3тө жазылгандар эмнени көрсөтүп турат?

22 Жахаба бизди коргойт. Жакында Жахаба жер жүзүнөн бардык ыймансыздарды жок кылганда, мүнөзү жумшак адамдар гана калат. Ошондо жер бетине чыныгы тынчтык орнойт (Заб. 37:10, 11). Мүнөзү жумшак адамдардын арасында сен да болосуңбу? Ан үчүн Жахабанын Сепания пайгамбар аркылуу айттырган чакырыгын кабыл алганың маанилүү. Сепания: «Бүт жер бетиндеги мүнөзү жумшактар, анын мыйзамдарын аткаргандар, Жахабаны издегиле, адилдикти издегиле, жумшактыкты издегиле. Балким, каары төгүлгөн күнү Жахаба силерди жашырып калар»,— деп жазган (Сеп. 2:3).

23 Сепания 2:3тө эмне үчүн: «Балким,.. Жахаба силерди жашырып калар»,— деп жазылган? Бул сөздөр Жахабанын өзү жакшы көргөн, ага жаккысы келген адамдарды коргоого кудурети жетпейт дегенди билдирбейт. Бул өмүрүбүздү сактап калыш үчүн бизден да иш-аракет кылуу талап кылынарын көрсөтүп турат. Эгер азыркы учурда «жумшактыкты издеп», Жахабага жагууга аракет кыла берсек, анын «каары төгүлгөн күнү» аман калып, түбөлүк жашай алабыз.

120-ЫР: Машаяктан үлгү алып, момун бололу

^ 3-абз. Бул аят англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышынан которулду.

^ 5-абз. Эч кимибиздин мүнөзүбүз төрөлгөнүбүздөн эле жумшак болгон эмес. Биз ал сапатты өрчүтүшүбүз керек. Жоош, момун адамдар менен мамилелешкенде жумшак болуу оңой эле. Бирок текебер адамдар менен кагылышканда жумшак бойдон калуу кыйынга турушу мүмкүн. Бул макалада ал сапатты өрчүтүүгө тоскоолдук кылган айрым көйгөйлөрдү кантип жеңсе болорун карап чыгабыз.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Жумшактык. Жумшак киши башкаларга аяр мамиле кылат, кимдир бирөө кыжырына тийгенде да сабырдуу бойдон калат. Момундук. Момун адам текебер эмес, бой көтөрбөйт. Ал башкаларды өзүнөн жогору көрөт. «Момундук» деген сөз Жахабага карата айтылганда бул анын өзүнөн төмөн тургандарга сүйүү жана ырайымдуулук менен мамиле кыларын билдирет.

^ 12-абз. Бабылдыктар алардын ысмын Шадрах, Мешах, Абетнего деп өзгөртүп коюшкан (Дан. 1:7).

^ 18-абз. Мисалы, 2011-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасына» жарыяланган «Чыгарган чечимдериң Кудайга даңк алып келгидей болсун» деген макаланы карагыла.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Шакирттери кимиси чоң экени тууралуу талаша кетишкенде, Иса сабырдуу болуп, алардын көз карашын жумшактык менен оңдогон.