Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Эмне үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек?

Эмне үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек?

«Дайыма ыраазы болгула» (КОЛ. 3:15).

46-ЫР: Ыракмат сага, Жахаба

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Иса айыктырган самариялык киши ыраазы экенин кантип көрсөткөн?

ОН КИШИНИН абалы зээн кейитерлик эле. Пес оорусу менен ооругандыктан алар жакшылыктан үмүтүн үзүп коюшкан болчу. Бирок бир күнү алыстан Улуу Окутуучу Исаны көрүшкөн. Алар Исанын ар кандай ооруларды айыктырганын уккандыктан аларды да сакайта аларына бекем ишенишкен. Ошондуктан: «Иса, Устат, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкыра башташкан. Анан ону тең сопсоо болуп калышкан. Баарынын Исанын боорукердигине ыраазы болгону шексиз. Бирок алардын бирөө ыраазы болуп эле койбостон, Исага ыраазычылык * билдирген. Самариялык ал киши Кудайды «үнүн бийик чыгара» даңктаганга түрткү алган (Лк. 17:12—19).

2, 3. а) Эмне үчүн кээде ыраазычылык билдирбей калышыбыз мүмкүн? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

2 Самариялык кишидей болуп, биз да жакшылык кылгандарга ыраазы экенибизди билдиргибиз келет. Бирок кээде ыраазычылыгыбызды сөзүбүз же ишибиз менен билдирүүнү унутуп калышыбыз мүмкүн.

3 Бул макалада кимдир бирөөгө ыраазы болуп жатканыбызды сөзүбүз же ишибиз аркылуу билдирүү эмне үчүн маанилүү экенин карап чыгабыз. Ошондой эле Ыйык Китептеги ыраазычылык билдирген жана билдирбеген айрым адамдардын мисалына токтолобуз. Андан соң ыраазычылыгыбызды кандай жолдор менен көрсөтсөк болорун талкуулайбыз.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРГЕНИБИЗ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

4, 5. Эмне себептен ыраазычылык билдиришибиз керек?

4 Жахаба ыраазычылык билдирүү жагынан бизге мыкты үлгү көрсөтөт. Мисалы, ал ага жаккандай иштерди кылгандарга батасын берет (2 Шем. 22:21; Заб. 13:6; Мт. 10:40, 41). Ыйык Китепте: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар»,— деп жазылган (Эф. 5:1). Ооба, баарыбыз Жахабадан үлгү алууну каалайбыз. Бул — ыраазычылык билдиришибиз керектигинин негизги себеби.

5 Биз башкаларга дагы бир себептен улам ыраазычылык билдиргибиз келет. Ыраазычылык сезими жакшы тамакка окшош. Башкача айтканда, аны бири-бирибиз менен бөлүшкөндө көбүрөөк кубаныч тартуулайт. Алсак, кимдир бирөө бизге ыраазычылык билдирсе, биз  кубанычка бөлөнөбүз. Ал эми биз башка бирөөгө ыраазычылык билдирсек, ал кубанат. Бизге жардам көрсөткөн же муктаж болгон нерсебизди берген кишиге ыраазычылык билдиргенибизде, ал кылган жакшылыгы чындап эле пайда алып келгенин билип сүйүнөт. Натыйжада достугубуз чыңдалат.

6. Ыраазычылык сөздөрү менен алтындан жасалган алманын кандай окшоштугу бар?

6 Башкаларга ыраазычылык билдиргенибиз абдан бааланат. Ыйык Китепте: «Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай»,— делет (Накыл 25:11). Алтындан жасалган алманы күмүш идишке салып койсо, канчалык кооз көрүнөрүн элестетип көрсөң. Анын абдан баалуу болмоктугуна да шек жок. Эгер ушундай белек алсаң, кандай сезимде болот элең? Сенин да кимдир бирөөгө айткан ыраазычылык сөздөрүң ал үчүн дал ушундай баа жеткис болору бышык. Айта кетчү дагы бир нерсе, алтындан жасалган алма көп жылдар бою сакталып тура берет. Ошо сыңары, сен ыраазычылык билдирген киши жылуу сөздөрүңдү жүрөгүндө өмүр бою сактап, баалап жүрүшү мүмкүн.

ЫРААЗЫ ЭКЕНИН КӨРСӨТКӨНДӨР

7. Забур 26:6—8-аяттарга ылайык, Дөөтү Кудайга болгон ыраазычылыгын кантип билдирген? Башка забурчулар Кудайга ыраазы экенин кантип билдиришкен?

7 Кудайдын байыркы учурдагы көптөгөн кызматчылары жүрөгүндөгү ыраазычылыгын сөзү же иши менен көрсөтүшкөн. Алардын бири Дөөтү болгон. (Окугула: Забур 26:6—8.) Ал чыныгы сыйынууну жогору баалаган жана аны иш жүзүндө көрсөтүүгө умтулган. Алсак, ибадаткананы куруу ишине абдан чоң тартуу кылган. Асаптын тукумдары да забурларды, тагыраак айтканда, даңктоо ырларын жазып, Кудайга канчалык ыраазы экенин билдиришкен. Бир забурда алар Кудайга ыраазычылык билдирип, анын «кереметтүү иштерине» суктанарын айтышкан (Заб. 75:1). Дөөтү да, Асаптын тукумдары да Жахабадан алган бардык баталары үчүн канчалык ыраазы экенин билдирүүнү каалашкан. Аларды кайсы жактардан туурасаң болору жөнүндө ойлонуп көр.

Пабылдын римдиктерге жазган катынан ыраазычылык билдирүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз? (8, 9-абзацтарды карагыла) *

8, 9. Ишенимдештерине ыраазы экенин Пабыл кантип көрсөткөн жана анын натыйжасы кандай болгону шексиз?

8 Элчи Пабыл ишенимдештерин аябай баалаган. Бул анын алар жөнүндө айткандарынан көрүнүп турат. Ал Кудайдан тиленгенде ар дайым алар үчүн ыраазычылык билдирчү. Ошондой эле ыраазы экенин кат аркылуу да жазып турган.Римдиктер китебинин 16-бөлүмүнүн алгачкы 15 аятында ал 27 ишенимдешинин атын айтып өткөн. Пабыл Прискила менен Акиланын ал үчүн «өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышканын» жазган. Фиби жөнүндө болсо: «Ал көптөрдү, алардын ичинде мени да коргогон»,— деген. Ырас, Пабыл күжүрмөн эмгектенген ошол сүйүктүү ишенимдештерин чын жүрөктөн мактаган (Рим. 16:1—15).

9 Албетте, Пабыл алардын жеткилең эмес экенин билген, ошентсе да катынын соңунда көңүлүн ишенимдештеринин жакшы сапаттарына топтоону чечкен. Пабылдын ал сөздөрү жыйналыштан окулганда, алардын канчалык бекемделгенин элестетип көрсөң! Ошонун аркасында Пабыл менен ого бетер ынак болуп калышканы шексиз. Сен да жыйналышыңдагыларга жылуу сөздөрү же кылган жакшылыгы үчүн дайыма ыраазычылык билдирип турасыңбы?

10. Исанын өзүнүн жолдоочуларына ыраазычылык билдиргенинен эмнеге үйрөнө алабыз?

10 Кичи Азиядагы айрым жыйналыштарга кайрылганда Иса Машаяк жолдоочуларына аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирген. Маселен, Тиатирадагы жыйналышка айткан сөзүн: «Мен сенин иштериңди, сүйүүңдү, ишенимиңди, кызматыңды, туруктуулугуңду жана акыркы иштериңдин мурунку иштериңен көп экенин билем»,— деп баштаган (Аян 2:19). Иса алардын мурункудан да көбүрөөк иштерди кылып жатканын айтып эле койбостон, ошондой кылууга түрткү берген сапаттары үчүн мактаган. Тиатирадагы жыйналыштын айрым мүчөлөрүнө кеңеш бериши керек болсо да, Иса сөзүнүн башында да, аягында да бекемдээрлик нерселерди айткан (Аян 2:25—28). Исанын бардык жыйналыштардын башчысы катары кандай бийликке ээ экенин ойлонуп көрсөң. Ал бизге өзү тапшырган иштерди аткарып жатканыбыз үчүн рахмат айтууга милдеттүү эмес. Ошентсе да дайыма ар кандай жолдор менен ыраазычылык билдирип турат. Ал аксакалдарга кандай сонун үлгү!

ЫРААЗЫ БОЛБОГОНДОР

11. Еврейлер 12:16дан көрүнүп тургандай, Эйсап ыйык нерселерге кандай караган?

11 Ыйык Китепте ыраазы болгонду билбеген адамдар тууралуу да айтылат. Мисалы, Эйсапты Жахабаны сүйгөн, аны терең урматтаган ата-энеси чоңойтсо да, ал ыйык нерселерди баалаган эмес. (Окугула: Еврейлер 12:16.) Бул эмнеден көрүнгөн? Ал ойлонбой туруп туңгучтук укугун иниси Жакыпка бир табак тамакка эле сатып жиберген (Башт. 25:30—34). Кийинчерээк ошондой чечим чыгарганына абдан өкүнгөн. Убагында колунда болгонду баалабагандыктан ал тун уулга берилчү батаны албай калганда нааразы болбошу керек болчу.

12, 13. Ысрайылдыктардын ыраазы боло билбегени эмнеден көрүнгөн жана мунун кесепети кандай болгон?

12 Ысрайылдыктарда Кудайга ыраазы болгонго көптөгөн себептер бар эле. Жахаба Мисирге он жаза жибергенден кийин аларды кулчулуктан бошоткон. Андан соң Мисирдин бүт аскерин Кызыл деңизге чөктүрүп, өз элин чоң каргашадан алып калган. Ошондо ысрайылдыктар ушунчалык ыраазы болгондуктан Жахабаны жеңиш ыры менен даңкташкан. Бирок алар ошол маанайын аягына чейин сакташканбы?

13 Өкүнүчтүүсү, жаңы кыйынчылыктарга кабылышканда Жахабанын алар үчүн кылган бардык жакшылыктарын бат эле унутуп коюшкан. Алардын жүрөгүндө ыраазычылык сезими жок экени айкын көрүнгөн (Заб. 106:7). Кандайча? «Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты чөлдө Муса менен Арунга наалый баштаган». Бирок, чындыгында, алар Жахабага наалышкан (Чыг. 16:2, 8). Жахаба элинин жакшылыкты баалабаганына абдан капа болгон. Ошондуктан кийинчерээк ал ошол муундагылардын ичинен Жашыя менен Калептен башкасынын баары чөлдө кырылып жок болорун алдын ала айткан (Сан. 14:22—24; 26:65). Анда эмесе, канткенде терс каармандарды эмес, жакшы үлгү көрсөткөндөрдү туурай аларыбызды карап көрөлү.

КАНТИП ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРСЕК БОЛОТ?

14, 15. а) Жубайлар бири-бирине ыраазы экенин кантип көрсөтө алышат? б) Ата-энелер балдарын ыраазы боло билгенге кантип үйрөтсө болот?

14 Үй-бүлөдө. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине ыраазычылык билдирип турганы бүт үй-бүлөгө пайда алып келет. Жубайлар бири-бирине ыраазы экенин канчалык бат-баттан айтып турса, алардын нике түйүнү ошончолук бекемделет. Ошондой эле кемчилик-каталарын кечириш оңой болот. Аялын баалаган күйөө анын жакшы сөздөрүн, жакшы иштерин байкап эле койбостон, «аны мактайт» (Накыл 31:10, 28). Ал эми акылдуу аял күйөөсүнө анын эмнесин өзгөчө баалаарын айтып турат.

15 Ата-энелер, балдарыңарды ыраазы боло билгенге кантип үйрөтө аласыңар? Балдарыңар силердин айткан сөздөрүңөрдү, кылган иштериңерди туураарын унутпагыла. Андыктан алар силер үчүн кандайдыр бир жакшы иш кылса, рахмат айтып, бул жагынан үлгү көрсөткүлө. Ошондой эле аларга жакшылык кылгандарга рахмат айтканды да үйрөткүлө. Балдарыңарга ыраазычылык сезими жүрөктөн тамыр аларын жана алардын жылуу сөзү башкаларга күчтүү таасир этерин түшүнүүгө жардам бергиле. Клэйди деген ишенимдешибиз мындай деп бөлүшөт: «Апам 32 жашында күтүлбөгөн жерден жалгыз калгандыктан үч баланы өзү тарбиялап-өстүргөн. Өзүм 32ге чыкканда ага ошол курагында канчалык кыйын болгону жөнүндө ой жүгүрттүм. Ошондуктан апама үчөөбүздү чоңойтуш үчүн көп нерседен баш тартканына миң мертебе ыраазы экенимди айтып турдум. Жакында эле апам менин сөздөрүм жүрөгүн абдан жылытарын жана алар тууралуу көп ойлонорун, бул ага дайыма кубанычтуу жүргөнгө жардам берерин айтты».

Балдарыңарды башкаларга ыраазычылык билдирүүгө үйрөткүлө (15-абзацты карагыла) *

16. Ыраазычылык билдиргенибиз башкаларга дем-шык берерин көрсөткөн мисал айтып бер.

16 Жыйналышта. Ишенимдештерибизге ыраазычылык билдирүү менен аларга дем-шык берип турабыз. Мисалга Жорж деген 28 жаштагы аксакалды алалы. Ал катуу ооруга чалдыгып, бир ай жыйналыш жолугушууларына бара албай калган. Кийин кайрадан бара баштаса да, тапшырма менен чыкканга дарманы жетчү эмес. Жорж мындай деп эскерет: «Мүмкүнчүлүктөрүм чектелүү болуп калгандыктан жана жыйналыштагы милдеттеримди аткара албай жаткандыктан өзүмдү эч пайдасы жоктой сезип жүрдүм. Бир жолу жыйналыштан кийин бир ишенимдешибиз: „Үй-бүлөмө көрсөткөн сонун үлгүң үчүн сага рахмат айткым келип жүргөн. Акыркы жылдары айткан баяндамаларың бизге канчалык жакканын элестете да албайт болушуң керек. Алар бизге рухий жактан өскөнгө жардам берди“,— деди. Ошондо тамагым буулуп, көзүмө жаш тегерене түштү. Мен так ошондой жылуу сөзгө муктаж болуп тургам».

17. Колосалыктар 3:15те айтылгандай, Жахабага берешендиги үчүн ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың?

17 Берешен Кудайыбызга ыраазычылык билдирүү. Жахаба бизге рухий тамакты мол берип келет. Мисалы, биз жыйналыш жолугушуулары, журналдар жана веб-сайтыбыз аркылуу пайдалуу көрсөтмөлөрдү алып турабыз. Баяндама укканда, макала окуганда же телеберүүнү көргөндө: «Мага так ушул керек болчу!» — деген учурларың болду беле? Анда Жахабага ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың? (Окугула: Колосалыктар 3:15.) Мунун бир жолу — тиленген сайын ага ушул белектери үчүн ыраазычылык билдирүү (Жкп. 1:17).

Падышалык залын жууп-тазалоого катышуу — ыраазычылык билдирүүнүн эң сонун жолу (18-абзацты карагыла)

18. Падышалык залдары үчүн ыраазычылык билдирүүнүн кандай жолдору бар?

18 Жахабага ыраазы экенибизди сыйынуу жайларын таза, тыкан кармоо менен да көрсөтө алабыз. Биз Падышалык залдарын тазалоого, оңдоп-түзөөгө дайыма катышканга аракет кылабыз. Үн күчөткүч жабдыктарга, электрондук шаймандарга жооптуу бир туугандар аларды аярлап колдонушат. Падышалык залдарына тийиштүү түрдө кам көрүп турсак, алар узак убакытка жакшы абалда сакталат жана көп жерин оңдоп-түзөөнүн зарылдыгы болбойт. Ошонун аркасында көбүрөөк акча-каражат дүйнө жүзү боюнча жаңы Падышалык залдарын курууга же жаңыртууга жумшалат.

19. Бир райондук көзөмөлчү менен жубайынын окуясынан эмнеге үйрөндүң?

19 Биз үчүн күжүрмөн эмгектенгендерге ыраазычылык билдирүү. Башкаларга ыраазычылык билдиргенибиз алардын кыйынчылыктарга болгон көз карашын өзгөртүшү мүмкүн. Бир райондук көзөмөлчү менен анын жубайынын окуясына токтололу. Алар кыштын кыраан чилдесинде бир күнү кечке кызматта жүрүп, үйгө бутун тарта албай келишкен. Үйдүн ичи ушунчалык суук болгондуктан, жубайы пальточон уктаган. Кийинки күнү эртең менен ал күйөөсүнө кыдыруучулук кызматты мындан ары аркалай албай турганын айткан. Бирок ошол эле күнү түшкө чейин филиалдан анын ысмына жазылган кат келген. Катта бир туугандар аны кызматы, туруктуулугу үчүн жылуу сөздөрдү айтып макташыптыр. Ошондой эле жума сайын улам бир жерге көчүп-конуу оңой эмес экенин түшүнөрүн жазышыптыр. Жолдошу: «Мактоо сөздөрү жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, аялым ошондон кийин кыдыруучулук ишти таштайлы деп айтпай калды. Атүгүл мен бир нече жолу кызматымды токтотоюн дегенде, ал токтотпой уланта берүүгө үндөдү»,— дейт. Ошентип, алар кыдыруучулук ишти дээрлик 40 жыл аркалашкан.

20. Күн сайын эмне кылууга аракет кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

20 Келгиле, күн сайын сөзүбүз же ишибиз менен башкаларга ыраазычылык билдирүүгө аракет кылалы. Чын дилден айткан жылуу сөзүбүз же кылган ишибиз жакшылыкты билбегендерге жык толгон азыркы дүйнөдө кимдир бирөөгө күнүмдүк түйшүгү же көйгөйү менен күрөшүүгө күч бериши мүмкүн. Ошондой эле ыраазычылык билдирүүнүн аркасында түбөлүккө созулуучу достук мамилелерди өрчүтөбүз. Андан да маанилүүсү, берешен жана ыраазы боло билген Жахаба Атабыздан үлгү алган болобуз.

20-ЫР: Жалгыз Уулуңду бердиң

^ 5-абз. Ыраазычылык билдирүү жагынан Жахабадан, Иса Машаяктан жана пес оорулуу самариялык кишиден эмнеге үйрөнө алабыз? Бул макалада алардын жана башкалардын үлгүсүн карап чыгабыз. Ошондой эле ыраазычылык билдирүү эмне үчүн маанилүү экенин жана аны кантип көрсөтсөк болорун талкуулайбыз.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Кимдир бирөөгө же бир нерсеге ыраазы болуу анын канчалык баалуу экенин түшүнүүнү, ал үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүнү туюнтат.

^ 55-абз. СҮРӨТ: Пабылдын каты Римдеги жыйналышта окулуп жатат; Акила, Прискила, Фиби жана башкалар өздөрүнүн ысмын угуп кубанууда.

^ 57-абз. СҮРӨТ: Апасы кызына аларга жакшы үлгү көрсөткөн улгайып калган бир тууганга ыраазычылык билдирүүгө жардам берип жатат.