Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Мыйзамда сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы

Мыйзамда сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы

«Ал адилдик менен акыйкаттыкты сүйөт. Жер Жахабанын мээримдүүлүгүнө толгон» (ЗАБ. 33:5).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Баарыбыз тең эмнени каалайбыз? б) Эмнеден шектенбесек болот?

БААРЫБЫЗ ЭЛЕ башкалардын бизди жакшы көрүшүн, адилеттүүлүк менен мамиле кылышын каалайбыз. Эгер кайра-кайра эле жаман мамилеге, адилетсиздикке дуушар боло берсек, өзүбүздү эч нерсеге татыксыз сезип, жакшылыктан үмүтүбүздү үзүп коюшубуз мүмкүн.

2 Жахаба ар бирибиздин сүйүүнү, адилеттүүлүктү эңсей турганыбызды билет (Заб. 33:5). Анын бизди абдан жакшы көрөрүнө, адилетсиз мамилеге кабылышыбызды такыр каалабай турганына шектенбесек болот. Муну ысрайыл элине Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды кененирээк карап чыгуунун аркасында айкын көрүүгө болот. Эгер жылуу мамилеге зар болуп жүрсөңөр же адилетсиздиктен улам жан дүйнөңөр сыздап жүрсө, Мусанын Мыйзамы * аркылуу Жахабанын өз элине кандайча кам көргөнүн карап чыгышыңарды өтүнөбүз.

3. а) Римдиктер 13:8—10-аяттарда түшүндүрүлгөндөй, Мусанын Мыйзамын изилдөө аркылуу эмнелерди билебиз? б) Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Мусанын Мыйзамын изилдөөнүн аркасында мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын камкор экенин сезе алабыз. (Окугула: Римдиктер 13:8—10.) Бул макалада ысрайыл элине берилген мыйзамдардын бир нечесине токтолуп, мындай суроолорго жооп алабыз: «Муса аркылуу берилген Мыйзам сүйүүгө негизделген деп эмне үчүн айта алабыз? Эмне себептен аны адилеттүүлүккө шарт түзгөн деп айтууга болот? Ошол кезде кандайдыр бир бийликке ээ болгондор Мыйзамды иш жүзүндө кантип колдонушкан? Мыйзам өзгөчө кимдерди коргогон?» Бул суроолордун жообу бизди сооротуп, жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө жана асмандагы мээримдүү Атабызга жакындоого жардам берет (Элч. 17:27; Рим. 15:4).

СҮЙҮҮГӨ НЕГИЗДЕЛГЕН МЫЙЗАМ

4. а) Эмне үчүн Мусанын Мыйзамы сүйүүгө негизделген деп айтууга болот? б) Матай 22:36—40-аяттарда Иса кайсы осуяттарды баса белгилеген?

4 Жахаба бардык ишин сүйүү менен кылгандыктан, Мусанын Мыйзамы да сүйүүгө негизделген деп айтууга болот (1 Жкн. 4:8). Ал Мыйзам эки негизги буйрукка — Кудайды жана жакыныбызды сүйүүгө — негизделген (Леб. 19:18; Мыйз. 6:5; окугула: Матай 22:36—40). Андыктан ысрайыл элине берилген 600дөн ашуун мыйзамдын ар бири Жахабанын сүйүүсүн айгинелеп турары бышык. Келгиле, ошого байланыштуу айрым мисалдарга токтололу.

5, 6. Жахаба жубайлардын эмне кылышын каалайт жана ал эмнени көрүп турат? Мисал келтиргиле.

5 Өмүрлүк жарыңарга берилгендик сактагыла жана балдарыңарга кам көргүлө. Жахаба жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсүн ысык сактап, аны өмүр бою өчүрбөшүн каалайт (Башт. 2:24; Мт. 19:3—6). Ойноштук өмүрлүк жарга каршы жасалган эң эле чоң жамандык болуп эсептелет. Ошондуктан Он осуяттын жетинчисинде ойноштук кылууга тыюу салынганы негиздүү болгон (Мыйз. 5:18). Ойноштукка барган киши «Кудайга каршы» күнөө кылат жана түгөйүнө ырайымсыздык кылган болот (Башт. 39:7—9). Андайда бейкүнөө тараптын жүрөгүндөгү жараат ондогон жылдар бою айыкпашы мүмкүн.

6 Жахаба жубайлардын бири-бирине кылган мамилесине кылдат байкоо салып турат. Байыркы учурда да ал ысрайылдыктардан аялдарына жакшы мамиле кылууну талап кылган. Мыйзамга бек карманган күйөө аялын сүйүп, болбогон себептерден улам аны менен ажырашмак эмес (Мыйз. 24:1—4; Мт. 19:3, 8). Бирок кандайдыр бир олуттуу көйгөйдөн улам ажырашууга туура келсе, ал аялына талак кат, башкача айтканда, ажырашуу күбөлүгүн бериши керек болчу. Ал күбөлүк аялды жыныстык адеп-ахлаксыздык кылды деген жалган айыптан сактамак. Андан тышкары, күйөөдөн аялына ал күбөлүктү берерден мурун шаардын аксакалдары менен кеңешүү талап кылынчу. Аксакалдар болсо аларга никесин сактап калууга жардам берүүгө аракет кылышмак. Эгер ысрайылдык киши өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп ажырашса, Жахаба дайыма эле кандайдыр бир жол менен, алсак, аксакалдар же пайгамбарлар аркылуу кийлигише берчү эмес. Ошентсе да ал күйөөсү таштап кеткен аялдын төккөн жашын, жүрөгүнүн канчалык сыздап жатканын көз жаздымында калтырчу эмес (Мал. 2:13—16).

(7, 8-абзацтарды карагыла) *

7, 8. а) Жахаба ата-энелерге эмне кылууну буйруган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.) б) Жогоруда айтылгандардан кандай жыйынтык чыгарса болот?

7 Мусанын Мыйзамынан Жахабанын балдардын да жыргалчылыгына абдан кызыкдар экенин көрүүгө болот. Ал ата-энелерге балдарына материалдык жактан эле эмес, рухий жактан да кам көрүүнү буйруган. Ата-энелер ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, балдарын Жахабаны жакшы көрүүгө жана анын Мыйзамын баалоого үйрөтүшү керек болгон (Мыйз. 6:6—9; 7:13). Жахабанын бүтүндөй ысрайыл элин жазалаганынын бир себеби алар балдарын аябастан, төбө чачты тик тургузган иштерди кылган (Жер. 7:31, 33). Ата-энелер балдарын уруп-сабаса боло турган же карабай таштап койсо боло турган жеке менчиги катары эмес, Жахаба берген жана жогору баалашы керек болгон мурас же белек катары көрүшү керек болчу (Заб. 127:3).

8 Жыйынтык. Жахаба жубайлардын бири-бирине кылган мамилесине кылдат байкоо салып турат. Ал ата-энелердин балдарын жакшы көрүшүн каалайт жана аларды балдарына кылган жаман мамилеси үчүн жоопко тартат.

9—11. Жахаба көз артууга тыюу салган мыйзамды эмне себептен берген?

9 Көз артпагыла. Он осуяттын акыркысында көз артууга, башка бирөөгө таандык нерсени самоого, тыюу салынган (Мыйз. 5:21; Рим. 7:7). Жахаба ал мыйзамды элин маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн берген: алар жүрөгүн, тактап айтканда, ойлорун, сезимдерин таза сакташы керек болгон. Анткени Жахаба жаман ойлор менен сезимдердин туура эмес ишке түртөрүн билген (Накыл 4:23). Эгер ысрайылдык киши жүрөгүндө жаман каалоолордун өрчүшүнө жол берип койсо, башкаларга катаал мамиле кыла башташы толук мүмкүн болчу. Буга Дөөтү падыша менен болгон окуя далил боло алат. Ал так ушундай тузакка түшүп калган. Негизи, ал жакшы киши болгон. Бирок бир жолу башка бирөөнүн аялына көзү түшүп, каалоосун тыйбагандыктан күнөө кылган (Жкп. 1:14, 15). Дөөтү ал аял менен ойноштук кылып, күнөөсүн жашырыш үчүн анын күйөөсүн алдоого аракет жасаган. Андан эч майнап чыкпаганда көзүн тазалаган (2 Шем. 11:2—4; 12:7—11).

10 Ысрайыл элинин арасынан кимдир бирөө көз артпоого байланыштуу берилген мыйзамды бузганда, Жахаба аны билип койчу. Анткени ал адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө алат (1 Жылн. 28:9). Көз артууга тыюу салган мыйзамга ылайык, ысрайылдыктар жаман жүрүм-турумга алып бара турган ойлордон жаа бою качышы керек болчу. Жахаба — кандай гана акылман жана мээримдүү Кудай!

11 Жыйынтык. Жахаба биздин сыртыбызды эле эмес, ички дүйнөбүздү, тагыраак айтканда, жүрөгүбүздү да көрүп турат (1 Шем. 16:7). Эч бир оюбуз, эч бир сезимибиз, эч бир ишибиз андан жашыруун эмес. Ал жакшы сапаттарыбызга көңүл топтоп, аларды өрчүтүшүбүздү каалайт. Ошол эле учурда жаман ойлорубузду, алар бизди жаман ишке түрткөнгө чейин аныктап, ооздукташыбызды каалайт (2 Жылн. 16:9; Мт. 5:27—30).

АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ҮНДӨГӨН МЫЙЗАМ

12. Мусанын Мыйзамынан дагы эмне көрүнүп турат?

12 Мусанын Мыйзамынан Жахабанын адилеттүүлүктү сүйөрү да көрүнүп турат (Заб. 37:28; Ыш. 61:8). Ал башкаларга адилеттүү мамиле кылуу жагынан жеткилең үлгү көрсөтөт. Ысрайылдыктар Жахабанын мыйзамдарына баш ийгенде, ал аларга батасын берчү. Ал эми анын адил нормаларын баркка албай койгондо, анын азабын тартышчу. Анда эмесе, Он осуяттын дагы экөөнө токтололу.

13, 14. Он осуяттын алгачкы экөөсүндө ысрайылдыктардан эмне талап кылынган жана аларга баш ийүү кандай пайда алып келген?

13 Жахабага гана сыйынгыла. Он осуяттын алгачкы экөөнө ылайык, ысрайылдыктар бир гана Жахабага толук берилгендик сактап, буркандарга сыйынбашы керек болгон (Чыг. 20:3—6). Жахаба ал осуяттарды өзүнүн эмес, элинин пайдасы үчүн берген. Мисалы, алар ага берилгендик сактаганда бардык жактан гүлдөп-өсүшкөн. Ал эми башка элдердин кудайларына сыйынып кетишкенде зыян тартышкан.

14 Канаандын тургундары жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Алар чыныгы жана тирүү Кудайга сыйынгандын ордуна, жансыз буркандарга табынышчу. Анын кесепетинде адамдык касиет-сапаттарынан ажырап калышкан (Заб. 115:4—8). Алардын сыйынуусу жийиркеничтүү адеп-ахлаксыз иштер менен жана балдарды курмандыкка чалуу сыяктуу дене бойду дүркүрөткөн каадалар менен коштолгон. Ошо сыяктуу эле, ысрайылдыктар Жахабанын айткандарын баркка албай, жалган кудайларга сыйынып кеткенде, өздөрү бузулгандан сырткары, үй-бүлөсүн да азапка салышкан (2 Жылн. 28:1—4). Андан сырткары, бийлиги барлар Жахабанын адилеттүүлүккө байланышкан нормаларын четке кагышкан. Алар бийлигин кыянат колдонуп, алсыз, болушар кишиси жок адамдарды эзишкен (Жез. 34:1—4). Бирок Жахаба ысрайылдыктарга коргой турган эч кимиси жок аялдар менен балдарды кысымга алгандарды жоопко тартарын эскерткен (Мыйз. 10:17, 18; 27:19). Ал эми Жахабага берилген бойдон калып, бири-бирине адилеттүүлүк менен мамиле кылгандар андан мол бата алышкан (1 Пад. 10:4—9).

Жахаба бизди жакшы көрөт жана адилетсиздиктен улам кыйналганыбызда көрүп турат (15-абзацты карагыла)

15. Жахаба жөнүндө эмнелерди билдик?

15 Жыйынтык. Кимдир бирөө Кудайга сыйынып жатам деп айтып, бирок анын адил нормаларына баш ийбесе жана элине зыян келтирсе, буга Кудай күнөөлүү эмес. Ал бизди жакшы көрөт жана адилетсиздиктен жапа чегип жатканыбызды билет. Чүрпөсүнүн кыйналып жатканын көргөндө эненин жүрөгү абдан сыздайт. Ал эми биз кыйналганда, Жахабанын жүрөгү андан да катуу сыздайт (Ыш. 49:15). Ал дароо жагдайга кийлигишпесе да, өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү башкаларга кылган мамилеси үчүн өз убагы келгенде жоопко тартат.

ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОНУЛУШУ

16—18. Мусанын Мыйзамында жашоонун кайсы тармактарына байланыштуу жол-жоболор берилген жана мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

16 Мусанын Мыйзамында ысрайылдыктардын жашоосунун көп тармагына байланыштуу жол-жоболор берилген. Ошондуктан дайындалган эл аксакалдарынын Жахабанын элине адилеттүү сот жүргүзгөнү маанилүү болгон. Алар Жахабага сыйынууга байланышкан иштерди эле эмес, келишпестиктерге жана ар кандай кылмышка байланышкан иштерди да чечип берүүгө жооптуу болушкан. Айрым жагдайларды мисалга алалы.

17 Эгер ысрайылдык киши кимдир бирөөнүн өмүрүн кыйса, дароо эле өлүм жазасына тартылчу эмес. Буга байланыштуу чечим чыгарганга чейин ал киши жашаган шаардын аксакалдары иштин чоо-жайын толугу менен териштирип чыгышчу (Мыйз. 19:2—7, 11—13). Ысрайыл элиндеги аксакалдар мүлккө байланышкан талаш-тартыштар же жубайлардын ортосундагы чыр-чатактар сыяктуу күнүмдүк турмуштагы көптөгөн көйгөйлөрдү да чечүүгө жардам беришчү (Чыг. 21:35; Мыйз. 22:13—19). Алар адилеттүүлүк менен сот жүргүзгөндө жана ар бир киши Мыйзамга баш ийгенде, бүт баары пайда алчу. Мунун аркасында бүтүндөй эл Жахабага даңк алып келчү (Леб. 20:7, 8; Ыш. 48:17, 18).

18 Жыйынтык. Жахаба жашообуздун ар бир тармагына байкоо салып турат. Ал биздин башкаларга адилеттүүлүк жана мээримдүүлүк менен мамиле кылышыбызды каалайт. Ошондой эле атүгүл жалгыз болгондо да кандай сүйлөөрүбүзгө, кандай иш кыларыбызга көңүл бурат (Евр. 4:13).

19—21. а) Аксакалдар менен соттор Кудайдын элине кандай мамиле кылышы керек эле? б) Жахаба элин коргош үчүн кандай мыйзамдарды берген жана мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

19 Жахаба өз элин тегерегиндеги элдердин терс таасиринен коргогусу келген. Ошондуктан аксакалдар менен соттордон алардай бет карама болбой, Мыйзамды адилеттүүлүк менен колдонууну талап кылган. Сот жүргүзүүгө бийлиги барлар Кудайдын элине катаал же орой мамиле кылбай, адилеттүүлүктү сүйүшү керек болгон (Мыйз. 1:13—17; 16:18—20).

20 Жахаба элин аягандыктан, эч кимге адилетсиз мамиле кылынбашы үчүн, мыйзамдарды бекиткен. Маселен, кимдир бирөөгө айып коюлганда анын чын-төгүнүн текшерүүгө шарт түзгөн көрсөтмөлөр болгон. Айыпталган киши аны ким күнөөлөп жатканын билүүгө укуктуу болчу (Мыйз. 19:16—19; 25:1). Ал күнөөлүү деп табылардан мурун, бери дегенде, эки күбөнүн ырастоосу талап кылынган (Мыйз. 17:6; 19:15). Ал эми кайсы бир ысрайылдык кишинин кылган кылмышын бир эле күбө көргөн болсочу? Андайда ал адам жазадан кутулуп кетерине үмүттөнө алмак эмес. Анткени Жахаба баарын көрүп турган. Үй-бүлөдөгү бийликти ала турган болсок, Жахаба башчылыкты аталарга берген, бирок алардын бийлиги чектелүү болгон. Үй-бүлөдөгү айрым көйгөйлөргө шаардын аксакалдары кийлигишип, акыркы чечимди алар чыгарышчу (Мыйз. 21:18—21).

21 Жыйынтык. Жахаба адилеттүүлүк жагынан жеткилең үлгү көрсөтөт. Анын иштеринин баары акыйкат (Заб. 89:14). Ал анын нормаларына берилгендик менен кармангандарга сыйлык берет, ал эми бийлигин кыянат пайдалангандарды жазасыз калтырбайт (2 Шем. 22:21—23; Жез. 9:9, 10). Кээ бирөөлөр жаман иш кылып, бирок жазаланбай жүргөндөй сезилиши мүмкүн. Анткен менен Жахаба өз учуру келгенде аларды соттойт (Накыл 28:13). Эгер өкүнүшпөсө, алар жакында «тирүү Кудайдын колуна түшүү коркунучтуу» экенине ынанышат (Евр. 10:30, 31).

ӨЗГӨЧӨ КИМДЕРДИ КОРГОГОН?

Чыр-чатакты чечүүдө аксакалдар Жахабанын өз элине болгон сүйүүсүн, адилеттүүлүгүн чагылдырышы керек болгон (22-абзацты карагыла) *

22—24. а) Жахаба Мыйзамы аркылуу өзгөчө кимдерди коргогон жана мындан ал жөнүндө кандай жыйынтык чыгарсак болот? б) Чыгуу 22:22—24-аяттарда кандай эскертүү жазылган?

22 Мусанын Мыйзамында өзүн коргой албагандарга, алсак, жетимдерге, жесирлерге жана бөтөн жерликтерге өзгөчө көңүл бурулчу. Андыктан Ысрайылдагы сотторго: «Келгиндин же жетимдин ишин карап жатканда чындыкты бурмалаба, жесирдин кийимин күрөөгө алба»,— деген буйрук берилген (Мыйз. 24:17). Жахаба коомдогу эң эле алсыз адамдарга назиктик менен кам көрчү. Аларга кордук көрсөткөндөрдү жоопко тартчу. (Окугула: Чыгуу 22:22—24.)

23 Жахаба Мыйзамда жакын туугандардын арасындагы жыныстык мамилеге тыюу салуу менен үй-бүлө мүчөлөрүн кылмышка жаткан ар кандай ыпылас иштерден коргогон (Леб. 18:6—30). Кошуна элдер ошондой адеп-ахлаксыздыкка жол бере беришчү, атүгүл аны боло жүргөн нерседей көрүшчү. Алардан айырмаланып, Жахабанын эли андай иштерге ал карагандай карашы, атап айтканда, аларды жийиркеничтүү нерседей көрүшү зарыл болчу.

24 Жыйынтык. Жахаба өзү жоопкерчилик арткан адамдардан алардын көзөмөлү алдындагы ар бир кишиге сүйүү менен мамиле кылышын күтөт. Ал зордуктоо, жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамиле, балдарды жыныстык жактан бузуу сыяктуу иштерди жек көрөт. Ошондой эле баарынын, айрыкча, алсыздардын корголушун каалайт. Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерди кылган киши Жахабанын алдында жооп берет.

«КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЖАКШЫ НЕРСЕЛЕРДИН... КӨЛӨКӨСҮ» БОЛГОН

25, 26. а) Сүйүү менен адилеттүүлүк аба менен өмүр сыяктуу деп эмне үчүн айтууга болот? б) Ушул катар макалалардын кийинкисинде эмне талкууланат?

25 Сүйүү менен адилеттүүлүк аба менен өмүр сыяктуу. Бири жок болсо, экинчиси да болбойт. Жахабанын бизге адилеттүүлүк менен мамиле кыларына бекем ишенсек, ага болгон сүйүүбүз өсөт. Ал эми ага жана анын адил нормаларына болгон сүйүүбүз башкаларды да сүйүүгө, аларга адилеттүүлүк менен мамиле кылууга түрткү берет.

26 Ооба, Мусанын Мыйзамы ысрайылдыктарга Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам берген. Бирок Иса Машаяк өз өмүрүн курмандыкка бергенден кийин, ал Мыйзам күчүн жоготуп, андан алда канча жакшы нерсеге алмаштырылган (Рим. 10:4). Элчи Пабыл Мыйзамдын «келечектеги жакшы нерселердин... көлөкөсү» болгонун жазган (Евр. 10:1). Ошол «жакшы нерселердин» айрымдары, ошондой эле сүйүү менен адилеттүүлүктүн жыйналышта маанилүү роль ойноору ушул макала менен байланышы бар жана кийинчерээк чыга турган үч макаланын биринде талкууланат.

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

^ 5-абз. Бул макала — Жахабанын бизге кам көрөрүнө эмне үчүн шектенбесек болору талкууланган төрт макаланын алгачкысы. Калган үчөө «Күзөт мунарасынын» 2019-жылдын май айындагы санына чыгат. Ал макалалардын биринде Жахабанын сүйүүсү менен адилеттүүлүгүн жыйналышта кандайча көрсөтүп жатканы жөнүндө сөз жүрөт. Ал эми экөөндө ата-энелер менен аксакалдар балдарды жыныстык жактан бузгандардан канткенде коргой алары жана бала кезинде ошондой каргашага туш болгондорду кантип сооротсок болору талкууланат.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Жахаба Муса пайгамбар аркылуу ысрайылдыктарга берген 600дөн ашык мыйзам «Мусанын мыйзамы», «Мыйзам» же «осуяттар» деп аталат. Ошондой эле Ыйык Китептин Башталыштан Мыйзамды кайталоого чейинки алгачкы беш китеби көп учурда «Мыйзам» деп аталат. Кээде бул сөз айкашы бүтүндөй Еврей Жазмаларына карата да колдонулат.

^ 60-абз. МУКАБАДАГЫ СҮРӨТ: Жахаба балдардын коопсуз болушун, ата-энелердин аларга мээримдүүлүк менен кам көрүшүн, окутуп-үйрөтүшүн каалайт.

СҮРӨТ. Ысрайылдык аял тамак жасап жатып кыздары менен көңүлдүү сүйлөшүүдө. Ары жакта күйөөсү баласын койлорго кам көрүүгө үйрөтүүдө.

^ 64-абз. СҮРӨТ. Соодагерден запкы жеген жесир аял уулу менен жардам сурап келгенде, байыркы Ысрайылдагы шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдар аларга боорукердик менен мамиле кылууда.