Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

1-кылымдагы синагога: Компьютердин жардамы менен тартылган бул сүрөттө Галилея деңизинин түндүк-чыгышынан 10 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Гамладан табылган жана 1-кылымга таандык синагоганын айрым өзгөчөлүктөрү чагылдырылды. Бул байыркы учурдагы синагоганын кандай болгонун элестетүүгө жардам берет

Синагога каяктан келип чыккан?

ГРЕК ТИЛИНЕН алынган «синагога» деген сөз «жыйналыш» же «чогулуу» деген маанини туюнтат. «Синагога» деген аталыш абдан ылайыктуу болгон, себеби байыркы учурдан бери эле ал жайларда жүйүт жамааттары көрсөтмөлөрдү алып туруш үчүн жана Кудайга сыйыныш үчүн чогулуп турушкан. Еврей Жазмаларында синагога жөнүндө ачык айтылбаса да, Грек Жазмаларынан айкын көрүнүп тургандай, андай жайлар б.з. 1-кылымына чейин эле болгон.

Көптөгөн окумуштуулардын ою боюнча, синагогалар жүйүт эли Бабылда туткунда жүргөндө пайда болгон. «Жүйүт элинин энциклопедиясында» мындай делет: «Бөтөн жерде сүргүндө жүргөн жүйүттөр кыйынчылыктардан улам сооронууга муктаж болушкан. Ибадаткана жок болгондуктан, алар маал-маалы менен, кыязы, Ишембиде чогулуп, Ыйык Жазманы окуп турушкан». Туткундан бошогондон кийин жүйүттөр тилениш үчүн жана Ыйык Жазманы окуш үчүн чогулганын уланта беришкен көрүнөт. Алар отурукташкан жерлеринин баарына синагогаларды курушкан.

Ошентип, б.з. 1-кылымына чейин эле синагогалар Жер Ортолук деңиздин тегерегине, бүтүндөй Ортоңку Чыгышка жана Израилге чачырап кеткен жүйүт жамааттарынын диний жана коомдук жашоосунда маанилүү орунду ээлеп калган. Иерусалимдеги Еврей университетинде эмгек кылган профессор Ли Лавиндин айтымында, ал жайлар изилдөөгө, Ишембиде жана майрам күндөрү тамактанууга, сот жүргүзүүгө, тартуу салууга жана аларды сактоого, саясий жана коомдук жолугушууларды өткөрүүгө колдонулчу. Профессор: «Бирок, албетте, ал жакта биринчи кезекте диний иштер аткарылчу»,— деп кошумчалайт. Ошондуктан Иса Машаяктын синагогаларга көп барганы таң калыштуу эмес (Мр. 1:21; 6:2; Лк. 4:16). Ал жактан Иса келгендерди окутуп-үйрөтүп, жакшы иштерге үндөп, бекемдээрлик сөздөрүн айтчу. Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенден кийин, элчи Пабыл да синагогаларда көп кабар айта турган. Кудайга жакындагысы келгендер адатта синагогаларга барып турушчу. Андыктан Пабыл, кайсы шаарга барбасын, эң алгач синагогаларга барып кабар айтчу (Элч. 17:1, 2; 18:4).