Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кызматта канткенде боорукер боло алабыз?

Кызматта канткенде боорукер боло алабыз?

«Иса... аларга боору ооруду... Анан аларды көп нерсеге окута баштады» (МР. 6:34).

70-ЫР: Татыктууларды издейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Исанын кайсы сапаты жүрөгүбүздү өзгөчө козгойт? Түшүндүргүлө.

ИСА МАШАЯКТЫН жеткилең эмес адамдар туш болгон кыйынчылыктарды толугу менен түшүнө билгени жүрөгүбүздү өзгөчө козгойт. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал «кубангандар менен кубанып», «ыйлагандар менен ыйлаган» (Рим. 12:15). Маселен, 70 шакирти кабар айтуу кызматынан сүйүнүп кайтып келгенде, Иса «ыйык рухка толуп, кубанган» (Лк. 10:17—21). Ал эми каза болгон Лазардын жакындарынын ботодой боздоп жатканын көргөндө «Исанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап кеткен» (Жкн. 11:33).

2. Исага башкаларга боор ооруу менен мамиле кылууга эмне түрткү берген?

2 Жеткилең Исага күнөөкөр пенделерге боор ооруу менен, аяр мамиле кылууга эмне түрткү берген? Баарынан да, адамдарга болгон сүйүүсү. Буга чейинки макаладан окуганыбыздай, анын кубанычы «адам баласына байланыштуу болгон» (Накыл 8:31). Ошол сүйүүсүнөн улам ал адамдардын ой жүгүртүүсүн жакшы түшүнгөнгө умтулган. Бул тууралуу элчи Жакан: «Ал адамдын жүрөгүн көрүп турган»,— деп жазган (Жкн. 2:25). Иса адамдарга карата жылуу сезимдерди туйгандыктан, алар анын сүйүүсүн сезип, Падышалык жөнүндөгү кабарды жакшы угушкан. Биз да, Исага окшоп, кызматта жолуктурган адамдарга канчалык көп боорукердик көрсөтсөк, кызматыбыз ошончолук натыйжалуу болот (2 Тим. 4:5).

3, 4. а) Адамдарга боор ооруй билүү кызматыбызга болгон көз карашыбызга кандай таасир этет? б) Бул макалада эмнелерди карайбыз?

3 Элчи Пабыл кабар айтуу ишин өзүнүн милдети катары эсептеген, биз да ошондой ойдобуз (1 Кор. 9:16). Бирок адамдарга боор ооруй билсек, кызматыбызды тек гана милдет катары көрбөйбүз. Биз алардын жыргалчылыгына чындап кызыкдар экенибизди жана жардам берүүгө дилгир экенибизди иш жүзүндө көрсөтүүнү каалайбыз. Анткени «алганга караганда берген бактылуу» экенин жакшы билебиз (Элч. 20:35). Кабар айтуу ишин ушул принципти эске алып аткарганыбызда андан көбүрөөк кубаныч алабыз.

4 Бул макалада кызматта башкалардын камын ойлоорубузду кандай жолдор менен көрсөтсөк болорун карап чыгабыз. Адегенде Исанын адамдарга карата болгон көз карашынан эмнеге үйрөнсөк болоруна токтолобуз. Андан соң аны кайсы төрт жактан туурасак болорун талкуулайбыз (1 Пет. 2:21).

ИСА КЫЗМАТТА БАШКАЛАРГА БООРУКЕРДИК КӨРСӨТКӨН

Боор ооруу сезими Исага көңүлдү жубата турган кабарды айтууга түрткү берген (5, 6-абзацтарды карагыла)

5, 6. а) Исанын кимдерге боору ооруган? б) Ышая 61:1, 2деги пайгамбарлыкка ылайык, Исанын өзү кабар айткан адамдарга эмне үчүн боору ачыган?

5 Исанын башкаларга кантип боорукердик көрсөткөнүнө токтололу. Бир жолу Иса жана анын шакирттери керээли кечке кабар айтып, аябай чарчашкан. Алардын атүгүл «тамак ичкенге да убактысы болгон» эмес. Ошондуктан ал шакирттери менен «бир аз эс алып», «өздөрүнчө болуш үчүн... ээн жерге кеткен». Бирок эл алардын каякка барарын билип алып, ал жакка алардан мурун барып калган. Иса аркы өйүзгө жетип, көп элди көргөндө кандай сезимде болгон? Ыйык Китептен: «Аларга боору ооруду *. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Анан аларды көп нерсеге окута баштады»,— дегенди окуйбуз (Мр. 6:30—34).

6 Исанын эмне үчүн элге жаны ачыган? Ал алардын «койчусу жок койлордой» экенин көргөн. Балким, Иса топ элдин арасында үй-бүлөсүн багыш үчүн жанын сабап иштеген жакырларды же жакынынан айрылгандыктан мүңкүрөп жүргөндөрдү байкагандыр. Ал ошондой бечаралардын абалын жакшы түшүнө алган. Себеби, буга чейинки макаладан билгенибиздей, андай кыйынчылыктардын айрымдарын өз башынан өткөрсө керек. Ырас, башкалардын камын ойлогондуктан Иса муктаж болгондорду сооротуп-жубаткысы келген. (Окугула: Ышая 61:1, 2.)

7. Канткенде Исаны туураган болобуз?

7 Исанын үлгүсүнөн биз эмнеге үйрөнө алабыз? Анын күндөрүндөгүдөй эле, бүгүн да көптөр «койчусу жок койлордой» болуп мүңкүрөп жүрүшөт. Алар көптөгөн кыйынчылыктар менен алпурушуп жатат. Биз болсо алар зар болгон нерсени — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды — билебиз (Аян 14:6). Андыктан, Мырзабыздан үлгү алып, «бечара менен жакырды аягандыктан» кабар айтабыз (Заб. 72:13). Адамдарга болгон аёо сезими аларга жардам бериш үчүн колубуздан келгенди кылууга түрткү берет.

КАНТИП БООРУКЕР БОЛО АЛАБЫЗ?

Ар бир кишинин муктаждыгын эске алгыла (8, 9-абзацтарды карагыла)

8. Башкаларга боорукердик менен мамиле кылуунун бир жолу кайсы? Мисал келтиргиле.

8 Кызматта жолуктурган адамдарга боорукердик менен мамиле кылууга бизге эмне жардам берет? Ан үчүн өзүбүздү алардын ордуна коюп көрүүгө жана өзүбүзгө кандай мамиле кылынышын кааласак, аларга да ошондой мамиле кылууга аракет кылышыбыз керек * (Мт. 7:12). Келгиле, мунун төрт жолун карап көрөлү. Биринчиден, ар бир адамдын эмнеге муктаж экени жөнүндө ойлонгула. Жарчыны доктурга салыштырсак болот. Адатта, жакшы доктур ар бир бейтапка жекече көңүл бурат. Ага суроолорду берип, бейтап өзүнүн ал-акыбалын, оорусунун белгилерин айтып жатканда, кунт коюп угат. Дароо эле дарыларды жазып кирбестен, оорунун себебин аныкташ үчүн кошумча анализдерди тапшырууга жөнөтөт. Ошондон кийин гана дарылануунун ыкмасын сунуштайт. Ошол сымал, кабарда жүргөндө баарына бирдей эле ыкманы колдонбошубуз керек. Анын ордуна, ар бир адамдын жагдайын, көз карашын эске алып кабар айтканыбыз маанилүү.

9. Эмнеден качышыбыз керек? Түшүндүргүлө.

9 Кимдир бирөөгө кабар айтканда анын жагдай-шартына, эмнеге ишенерине жана ага эмне үчүн ишенерине байланыштуу дароо тыянак чыгарбагыла (Накыл 18:13). Андан көрө, сылыктык менен суроолорду берип, жүрөгүндөгүсүн «сузуп алгыла» (Накыл 20:5). Эгер маданиятыңарга каршы келбесе, анын жумушу, үй-бүлөсү, тек-жайы, көз караштары тууралуу сурагыла. Суроо берүү менен анын чынында эмнеге муктаж экенин биле алабыз. Мунун аркасында, Исадай болуп, ага муктаждыгына жараша мээримдүүлүк менен жардам көрсөтө алабыз. (Салыштыргыла: 1 Корунттуктар 9:19—23.)

Кабар айткыңар келген адамдын жашоосун элестетип көргүлө (10, 11-абзацтарды карагыла)

10, 11. 2 Корунттуктар 4:7, 8ден көрүнүп тургандай, боорукердик көрсөтүүгө түрткү берген экинчи нерсе эмне? Мисал менен бышыктагыла.

10 Экинчиден, кабарда жолуктурган адамдардын жашоосун элестетип көргүлө. Биз алардын жагдайын кандайдыр бир деңгээлде түшүнө алабыз. Анткени биз да башка жеткилеңсиз адамдардыкындай эле көйгөйлөргө туш болуудабыз (1 Кор. 10:13). Азыркы дүйнөдө жашоо абдан кыйын. Башыбызга түшкөн кыйынчылыктарды Жахабанын жардамы менен гана көтөрүп келебиз. (Окугула: 2 Корунттуктар 4:7, 8.) Ал эми Жахаба менен дос болбогондордун жашоосу канчалык оор экенин ойлоп көрсөңөр. Исага окшоп, биздин да аларга боорубуз ооругандыктан «жакшылык жөнүндө жакшы кабар айткыбыз» келет (Ыш. 52:7).

11 Сергей деген бир туугандын окуясын мисалга алалы. Чындыкты таанып-билгенге чейин ал абдан уялчаак, түнт болчу. Оюн ачык айта алчу эмес. Кийин ал Ыйык Китепти изилдей баштаган. Сергей мындай дейт: «Ыйык Китепти изилдеп жатып, Исанын жолдоочулары ишеними тууралуу башкаларга айтышы керектигин билдим. Мен эч качан анте албайм деп ойлочумун». Ошентсе да ал чындыкты уга элек, Жахабаны тааныбаган адамдардын жашоосу канчалык кыйын экени тууралуу ойлонгон. Ал: «Ыйык Китептен жаңы нерселерди билген сайын, жүрөгүмө тынчтык орноп, кубанычым арта берди. Башкалар да чындыкты таанып-билсе дечүмүн»,— деп кошумчалайт. Боор ооруу сезиминен улам ал коркунучун жеңип, кабар айтууга чечкиндүү болуп калган. «Таң калыштуусу, билгендерим тууралуу башкаларга айткандын аркасында өзүмдү ишенимдүүрөөк сезе баштадым. Ошондой эле ишенимим бекемделди»,— дейт Сергей *.

Айрымдарга рухий жактан өсүш үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн (12, 13-абзацтарды карагыла)

12, 13. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга эмне үчүн чыдамдуулук менен мамиле кылышыбыз керек? Мисал келтиргиле.

12 Үчүнчүдөн, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга чыдамдуулук менен мамиле кылгыла. Балким, алар силер жакшы билген ыйык китептик окуулардын айрымдары тууралуу эч качан ойлонуп көрбөгөндүр. Көптөрдүн буга чейин ишенип келген нерселери жүрөгүнөн терең орун алганын унутпагыла. Алар тутуп келген динин үй-бүлөсү, маданияты, өздөрү жашаган аймактагы адамдар менен бириктирип турган түйүн катары көрүшү мүмкүн. Анда аларга кантип жардам бере алабыз?

13 Мындай салыштырууга көңүл бурсаңар: көпүрө эскирип, жарактан чыга баштаганда, эмне болот? Көп учурда жаңысы курула баштайт. Бирок ал курулуп бүткүчө, эскиси колдонула берет. Жаңысы бүткөн соң, эскисин алып салышат. Анын сыңарындай, кимдир бирөөнү кастарлап келген «эски» диний ишениминен баш тартууга дароо эле үндөп кирбегиле. Андан көрө, ага мурун билбей жүргөн жана Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында билген «жаңы» чындыктарды жогору баалоого жардам бергиле. Ошондо гана ал мурунку көз карашынан арылууга даяр болот. Ушундай өзгөрүүлөрдү кылыш үчүн көптөргө убакыт талап кылынышы мүмкүн (Рим. 12:2).

14, 15. Жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоо жөнүндө азыноолак эле билген же таптакыр билбеген адамдарга кантип жардам берсе болот? Мисал келтиргиле.

14 Кызматта жолуктурган адамдарга чыдамдуулук менен мамиле кылсак, Ыйык Китептеги чындыкты угар замат эле түшүнөт же кабыл алат деп күтпөйбүз. Анын ордуна, боорукер болуп, бир канча убакыт бою Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу кылдат ой жүгүртүүгө жардам беребиз. Маселен, кимдир бирөө менен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоо жөнүндө кантип талкууласа болорун карап көрөлү. Көптөр бул тууралуу азыноолак эле билишет же таптакыр билишпейт. Алар өлүм менен баары бүтөт же жакшы адамдардын баары асманга кетет деп ишениши мүмкүн. Аларга кантип жардам бере алабыз?

15 Бир бир тууган кызматта мындай ыкманын натыйжалуу экенине ынанган: адегенде ал үй ээсине Башталыш 1:28ди окуп берет. Анан андан Кудайдын адамдардын каякта жана кандай шартта жашашын каалаганын сурайт. Бул суроого көптөр: «Жерде, жакшы шарттарда жашашын каалаган экен»,— деп жооп беришет. Андан кийин ал Ышая 55:11ди окуп: «Кудайдын ой-ниети өзгөрүлүптүрбү?» — деп сурайт. Көп учурда: «Жок»,— деп жооп беришет. Аягында ал Забур 37:10, 11ди окуйт да, адамдардын келечеги кандай болорун сурайт. Ыйык Китепти колдонуп ушундай талкуу жүргүзүүнүн аркасында ал бир канча кишиге Кудайдын дагы деле жакшы адамдардын жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашын каалаарын түшүнүүгө жардам берген.

Бекемдээрлик кат жазуу сыяктуу кичинекей эле иштин таасири чоң болушу мүмкүн (16, 17-абзацтарды карагыла)

16, 17. Накыл сөздөр 3:27де кеңеш кылынгандай, башкалардын жыргалчылыгына кызыкдар экенибизди кантип көрсөтсөк болот? Мисал келтиргиле.

16 Төртүнчүдөн, башкалардын жыргалчылыгына кызыкдар экениңерди көрсөтүүнүн жолдорун издегиле. Мисалы, үй ээсинин колу бошобой жаткан учурда барып калсак, эмне кылганыбыз оң? Сылыктык менен кечирим сурап, ага ыңгайлуу боло турган башка убакта келерибизди айтсак болот. Эгер үй ээсине кайсы бир ишин кылууга жардам керек болуп жатканын көрсөкчү? Же үйүнөн чыга албагандыктан кимдир бирөө кайсы бир жактан жардамга муктаж болуп жатсачы? Андай учурларда көмөк көрсөткөнгө умтулганыбыз жакшы. (Окугула: Накыл сөздөр 3:27.)

17 Бир ишенимдешибиз анча маанилүү эместей көрүнгөн бир ишинин аркасында жакшы натыйжага жеткен. Ал баласы төрөлгөн күнү эле чарчап калган бир үй-бүлөгө боору ооруп, кат жазган. Катына Ыйык Китептен жубатарлык бир нече аят да камтыган. Анын каты ошол үй-бүлөгө кандай таасир эткен? Күйүт тарткан эне мындай деп жооп жазган: «Кечээ ичим туз куйгандай ачышып, аябай кыйналып жаткам. Сиздин катыңыз үй-бүлөбүзгө канчалык таасир эткенин элестете да албайт болушуңуз керек. Көңүлүбүздү ушунчалык жубаткан катыңыз үчүн аябай ыраазымын. Мен аны кечээ, бери дегенде, 20 жолу окудум окшойт. Жазган сөздөрүңүздөн ушунчалык жылуулук, камкордук сезилип турду. Кадимкидей дем-күч алдык. Сизге чын жүрөктөн ыраазыбыз». Ооба, өзүбүздү азап тартып жаткандардын ордуна коюп көрүүгө жана аларга жардам берүүгө умтулсак, жакшы натыйжага жетерибиз шексиз.

ТЕҢ САЛМАКТУУ КӨЗ КАРАШТА БОЛГУЛА

18. 1 Корунттуктар 3:6, 7де жазылгандай, кызматтагы ролубузга карата кандай тең салмактуу көз карашта болушубуз керек?

18 Өзүбүздүн кызматта аткарган ролубузга карата тең салмактуу көз карашта болгонубуз маанилүү. Башкалардын Жахаба жөнүндө билишине салым кошо алсак да, негизги ишти биз аткарбайбыз. (Окугула: 1 Корунттуктар 3:6, 7.) Аларды чындык жолуна биз эмес, Жахаба алып келет (Жкн. 6:44). Анын үстүнө, кимдир бирөөнүн жакшы кабарга кандай жооп кайтарары анын жүрөгүнөн көз каранды (Мт. 13:4—8). Тарыхтагы эң улуу Окутуучу болгон Исанын айткандарын да көптөр кабыл албаганын унутпагыла. Ошондуктан жардам бергибиз келген адамдардын көбү жакшы кабарга кулак какпай жатса, көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек.

19. Кызматта башкаларга боорукердик көрсөтүүнүн кандай пайдасы бар?

19 Кызматыбызда башкаларга боор ооруй билсек, жакшы натыйжага жетерибиз күмөнсүз. Алсак, кабар айтуу ишинен көбүрөөк кубаныч алабыз. Бергендин аркасында өзүбүздү бактылуураак сезебиз. Ошондой эле «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго» жакшы кабарды кабыл алууга шарт түзөбүз (Элч. 13:48). Андыктан, келгиле, «мүмкүнчүлүк барда, баарына... жакшылык кыла» берели (Гал. 6:10). Ошондо асмандагы Атабыз Жахабаны даңктап жатканыбыз үчүн кубанычка бөлөнөбүз (Мт. 5:16).

64-ЫР: Түшүм жыйноого кубаныч менен катышалы

^ 5-абз. Башкаларга боор ооруу менен мамиле кылганыбызда кызматтан көбүрөөк кубаныч алабыз жана көптөр кабарыбызды жакшыраак угушу мүмкүн. Эмне үчүн? Бул макаладан Исадан эмнеге үйрөнсөк болорун, ошондой эле кызматта жолуктургандарга кандай төрт жол менен боорукердик көрсөтө аларыбызды билебиз.

^ 5-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Бул аяттардагы «боор ооруу» деген сөз айкашы азап чегип жаткан же кордук көргөн кимдир бирөөгө карата назик сезимдерди туюуну билдирет. Мындай сезим кыйналып жаткан кишиге жардам бериш үчүн колдон келгендин баарын кылууга түрткү берет.

^ 8-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2014-жыл, 15-май, «Кызматта „алтын эрежени“ колдон» деген макала.

^ 11-абз. Сергей Ботанкин жөнүндөгү «Эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө!» деген видеотасманы көргүлө. (Жолу: JW телеберүүсү > Дил маектер жана окуялар > Чындык жашоону өзгөртөт.)