Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чөмүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?

Чөмүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?

«Филип менен төрө сууга киришти да, Филип аны чөмүлдүрдү» (ЭЛЧ. 8:38).

52-ЫР: Кудайга арналуу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Адам ата менен Обо эне эмнеден айрылып калышкан жана анын кесепети кандай болгон?

ЭМНЕ жакшы, эмне жаман экенин ким чечиши керек деп ойлойсуң? Жакшы менен жаманды таанытып-билдире турган дарактын жемишинен жегенде Адам ата менен Обо эне Жахабага таянбай турганын жана анын нормаларын баркка албай турганын айкын көрсөтүшкөн. Алар эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүнү тандашкан (Башт. 3:22). Бирок ал экөөнүн эмнеден айрылганы тууралуу ойлонуп көрсөң. Алар Жахаба менен болгон достугунан кол жууп калышкан. Түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылып, тукумдарына күнөө менен өлүмдү өткөрүп беришкен (Рим. 5:12). Ооба, алардын чечими азап-кайгы гана алып келген.

Исанын ролун түшүнгөндөн кийин эфиопиялык төрө дароо чөмүлгүсү келген (2, 3-абзацтарды кара)

2, 3. а) Филип кабар айтканда, эфиопиялык төрө эмне кылган? б) Чөмүлүүнүн аркасында кандай баталарды алабыз жана бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Шакирт Филип кабар айткан эфиопиялык төрөнүн, Адам ата менен Обо энеден айырмаланып, кандай иш кылганына көңүл бурсаң. Ал төрө Жахаба менен Иса Машаяктын ал үчүн кылган жакшылыктарына абдан ыраазы болгондуктан дароо чөмүлгөн (Элч. 8:34—38). Өзүбүздү Кудайга арнаганда жана эфиопиялык төрөгө окшоп чөмүлгөндө Жахабанын жана Исанын биз үчүн кылган жакшылыктарына чексиз ыраазы экенибизди айкын көрсөтөбүз. Ошондой эле Жахабага таянарыбызды жана эмне жаман, эмне жакшы экенине байланыштуу нормаларды ал гана бекитиши керектигин түшүнөрүбүздү айгинелейбиз.

3 Жахабага кызмат кылуунун аркасында кандай баталарды аларыбыз жөнүндө ойлонуп көрсөң. Мисалы, Адам ата менен Обо эне жоготкон нерселердин баарына, анын ичинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болобуз. Ошондой эле Иса Машаякка ишенгендиктен, Жахаба кемчилик-каталарыбызды кечирип, таза абийир берет (Мт. 20:28; Элч. 10:43). Андан тышкары, Жахабанын кереметтүү келечекке үмүттөнгөн жана анын ырайымына ээ болгон кызматчыларынан турган үй-бүлөнүн мүчөсү болобуз (Жкн. 10:14—16; Рим. 8:20, 21). Ушундай баталарды аларыбыз айкын болуп турса да, Жахабаны таанып-билгендердин айрымдары эфиопиялык төрөнүкүндөй кадам жасабай, создуктуруп жүрө беришет. Аларга чөмүлүүгө эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн? Ал тоскоолдуктарды жеңүүгө эмне жардам берет?

ЧӨМҮЛҮҮГӨ ТОСКООЛДУК КЫЛГАН АЙРЫМ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

Айрымдарга чөмүлгөнгө эмнелер тоскоолдук кылат?

Өзүн ишенимсиз сезүү (4—5-абзацтарды кара) *

4, 5. Эйвери жана Анна кандай кыйынчылыкка кабылышкан?

4 Өзүн ишенимсиз сезүү. Эйвери деген баланын ата-энеси — Жахабанын Күбөлөрү. Анын атасы камкор ата жана милдетин мыкты аткарган аксакал катары таанымал. Ошого карабай Эйвери чөмүлгөндөн коркуп жүрчү. Эмне үчүн? Ал: «Мен атамдай боло албайм деп ойлочумун»,— дейт. Кийин жыйналыштан ээ болушу мүмкүн болгон жоопкерчиликтерин да ойлоп тынчсызданганы жөнүндө ал мындай дейт: «Эл алдында тиленүү, баяндама айтуу же кабар айтуу тобун жетектөө тапшырылып калса, эмне кылам деп сарсанаа боло берчүмүн».

5 18 жаштагы Анна өзүн аябай ишенимсиз сезчү. Ата-энеси чындык жолунда болсо да, ал Жахабанын нормаларына ылайык жашай аларынан шектене берчү. Эмне себептен? Ал өзү жөнүндө өтө эле төмөн ойдо болчу. Кээде өзүн ушунчалык жаман сезгендиктен өзүнө атайылап зыян келтире турган. «Ошентип жүргөнүмдү эч кимге, атүгүл ата-энеме да айтчу эмесмин,— дейт Анна.— Өзүмө өзүм зыян келтиргендиктен, Жахаба мени эч качан кызматчысы кылгысы келбейт болуш керек деп ойлочумун».

Достордун таасири (6-абзацты кара) *

6. Ванесса эмнеден улам чөмүлө албай жүргөн?

6 Достордун таасири. 22 жаштагы Ванесса: «Дээрлик он жылдан бери ынак болуп келаткан жакшы досум бар болчу»,— дейт. Бирок досу ал ишенген нерселерге кызыкчу эмес жана ага чөмүлөм деген максатына жетүүгө колдоо көрсөтчү эмес. Ошондон улам Ванесса жаман болчу. Ал сөзүн мындай деп улайт: «Мен үчүн дос табуу оңой эмес. Ошондуктан аны менен болгон мамилемди үзүп койсом, башка ынак дос таба албайм деп ойлочумун».

Күнөө кылып алам деп коркуу (7-абзацты кара) *

7. Мекайле эмнеден коркчу жана эмне үчүн?

7 Күнөө кылып алам деп коркуу. Агасы жыйналыштан чыгарылып калганда, Мекайле 5 жашта болчу. Ал ошондон бери агасынын айынан ата-энесинин канчалык кыйналганын көрүп келген. «Эгер чөмүлсөм, мен да күнөө кылып, жыйналыштан чыгарылып, ата-энемди ого бетер азапка салбаймбы деп корко берчүмүн»,— дейт Мекайле.

Каршылыктан коркуу (8-абзацты кара) *

8. Майлс деген бала эмнеден коркчу?

8 Каршылыктан коркуу. Майлстын атасы менен өгөй энеси Жахабага кызмат кылчу, ал эми өз энеси Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Майлс мындай деп бөлүшөт: «Өз апам менен 18 жыл чогуу жашадым. Ага чөмүлгүм келерин айткандан корко берчүмүн. Анткени атам чындык жолуна түшкөндө, апамдын канчалык каршы болгонун көргөм. Ошондуктан мага да каршылык көрсөтөт деп коркуп жүрдүм».

КАНТКЕНДЕ ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖЕҢЕ АЛАСЫҢ?

9. Жахабанын канчалык чыдамдуу, мээримдүү экени жөнүндө көбүрөөк билгениңдин натыйжасы кандай болот?

9 Адам ата менен Обо эне Жахабага күчтүү сүйүү өрчүтпөгөндүктөн ага кызмат кылгысы келген эмес. Ошого карабай Жахаба алардын узакка өмүр сүрүп, балалуу болуп, балдарын өздөрү туура көргөндөй тарбиялашына жол берген. Алардын Жахабадан көз карандысыз болууну чечкени көп өтпөй эле терс натыйжаларды берген. Мындан алардын канчалык акылсыз иш кылганы көрүнүп турган. Тун уулу бейкүнөө инисинин өмүрүн кыйган. Бара-бара зордук-зомбулук, өзүмчүлдүк күч алып, адам баласынын жашоосун ууландыра баштаган (Башт. 4:8; 6:11—13). Анткен менен Жахаба Адам ата менен Обо эненин ага кызмат кылгысы келген урпактарынын баарын аман алып калуунун жолун ойлонуштурган (Жкн. 6:38—40, 57, 58). Жахабанын канчалык чыдамдуу, мээримдүү экени жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүң арта берет. Анын аркасында түпкү ата-энебиздин жолуна түшпөй, өзүңдү Жахабага арноону каалай баштайсың.

Андай кыйынчылыктарды кантип жеңсе болот?

(9—10-абзацтарды кара) *

10. Забур 19:7де жазылгандар тууралуу ой жүгүртүү Жахабага кызмат кылууга жардам берет деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Жахаба жөнүндө көбүрөөк биле бер. Аны жакшыраак таанып-биле берсең, ага жемиштүү кызмат кыла аларыңа болгон ишенимиң өсө берет. Жогоруда сөз кылынган Эйвери: «Забур 19:7ни изилдеп, ал жерде жазылган убада тууралуу ой жүгүртүү өзүмдү ишенимдүү сезгенге жардам берди»,— дейт. (Аятты оку.) Ал Жахабанын ошол убадасын кантип аткарып жатканын көргөн сайын, ага болгон сүйүүсү тереңдей берген. Жахабага болгон сүйүү өзүбүздү ишенимдүү сезүүгө эле эмес, ал жек көргөн иштерден качып, ага жаккан иштерди кылууга да жардам берет. Жогорку абзацтардын биринде айтылган Анна: «Ыйык Китепти өз алдымча окуп-изилдөөнүн аркасында өзүмө зыян келтиргенде Жахабанын жүрөгүн оорутарымды түшүндүм»,— деп айтат (1 Пет. 5:7). Ошентип, ал Кудайдын сөзүн «аткаруучулардан болгон» (Жкп. 1:22). Мунун натыйжасы кандай болгон? Ал: «Жахабага баш ийгеним өзүмө кандай пайда алып келип жатканын көргөндө, аны ого бетер жакшы көрүп калдым. Азыр жардамга муктаж болгонумда, Жахабанын дайыма жол көрсөтөрүнө шектенбейм»,— деп кошумчалайт. Анна мурункудай болуп өзүнө зыян келтирбей калган. Ал ошол жаман адатын жеңип, өзүн Жахабага арнап, чөмүлгөн.

(11-абзацты кара) *

11. Ванесса жакшы досторду табыш үчүн эмне кылган жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

11 Досторду акылдуулук менен танда. Мурунураак кеп кылынган Ванесса убакыттын өтүшү менен досунун ага Жахабага кызмат кылууга тоскоолдук кылып жатканын түшүнгөн. Ошондуктан аны менен болгон мамилесин үзгөн. Бирок ал ошону менен эле чектелбей, жыйналыштагылардын арасынан дос табыш үчүн бүт күчүн жумшаган. Ага Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсүнүн үлгүсү да жардам берген. Бул тууралуу ал: «Нухтун үй-бүлөсү Жахабаны сүйбөгөн адамдардын курчоосунда жашаган. Бирок алар бири-бири менен жакшы пикир алышып турушкан»,— дейт. Чөмүлгөндөн кийин Ванесса пионер болгон. «Бул мага өзүмдүн эле эмес, башка жыйналыштардан да жакшы досторду табууга көмөк кылды»,— деп кошумчалайт ал. Жахаба тапшырган ишке мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуу менен сен да жакшы досторду таба аласың (Мт. 24:14).

(12—15-абзацтарды кара) *

12. Адам ата менен Обо эне коркуу сезиминин кандай түрүн өрчүтүшкөн эмес жана анын натыйжасы кандай болгон?

12 Коркуу сезиминин туура түрүн өрчүт. Коркуу сезиминин туура түрүн өрчүтсөк, өзүбүзгө пайда алып келет. Мисалы, биз Жахабага жакпай калуудан коркушубуз керек (Заб. 111:10). Эгер Адам ата менен Обо энеде ошондой коркуу сезими болсо, Жахабага каршы чыгышмак эмес. Бирок алар ага каршы иш кылышкан. Ошондон кийин алардын «көзү ачылып», өздөрүнүн күнөө кетиргенин толук түшүнүшкөн. Ал экөө урпактарына мураска күнөө менен өлүмдү гана калтырышкан. Алар өздөрүнүн кандай абалда экенин түшүнгөндө жылаңач экенинен уялып, белинен ылдый жалбырактар менен жаап алышкан (Башт. 3:7, 21).

13, 14. а) 1 Петир 3:21ге ылайык, эмне үчүн өлүмдөн өтө эле корко бербешибиз керек? б) Жахабаны сүйүшүбүзгө кандай себептер бар?

13 Ооба, Жахабадан коркуу сезимин өрчүткөнүбүз бизге пайда алып келет. Ал эми тукум кууп өткөн күнөөдөн улам өлүмгө моюн сунарыбызды ойлоп өтө эле корко берүү туура эмес болуп калат. Анткени Жахаба түбөлүк өмүр сүрүшүбүз үчүн чара көргөн. Эгер күнөө кылып алсак, бирок чын жүрөктөн өкүнсөк, ал кечирүүгө даяр. Ал биздин күнөөлөрүбүздү Уулунун куткаруу курмандыгына болгон ишенимибиздин негизинде кечирет. Ал эми ишенимибизди көрсөтүүнүн негизги жолу — өмүрүбүздү Кудайга арнап, чөмүлүү. (Оку: 1 Петир 3:21.)

14 Бизде Жахабаны жакшы көрүүгө көптөгөн себептер бар. Ал бизге күн сайын рахат тартуулап жаткан жакшы нерселерди мол бергенден тышкары, өзү жана ой-ниети жөнүндөгү чындыкты окутуп-үйрөтүүдө (Жкн. 8:31, 32). Ошондой эле бизди жетектеп, колдоп туруш үчүн жыйналыштарды уюштуруп берген. Ал азыркы күндө кыйынчылыктарыбыз менен күрөшүүгө көмөк кылууда, ал эми келечекте телегейи тегиз шарттарда түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет (Заб. 68:19; Аян 21:3, 4). Эгер Жахабанын бизди сүйөрүн көрсөтүү үчүн буга чейин канчалык көп жакшылык кылганы жөнүндө ой жүгүртсөк, аны сүйүүгө түрткү алабыз. Ошол сүйүүбүз өз кезегинде коркуунун туура түрүн өрчүтүүгө жардам берет, башкача айтканда, биз өзүбүз абдан жакшы көрүп калган Кудайыбыздын жүрөгүн оорутуудан качабыз.

15. Мекайлеге күнөө кылып алам деп тынчсыздана бербегенге эмне жардам берген?

15 Буга чейин айтылган Мекайле Жахаба Кудайдын канчалык кечиримдүү экенин түшүнгөндө күнөө кылып алышы мүмкүн экенин ойлоп мурункудай өтө тынчсызданбай калган. Ал мындай дейт: «Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбыздын эле жаза басып аларыбызды түшүндүм. Бирок ошол эле учурда Жахабанын бизди абдан жакшы көрөрүнө жана күнөөлөрүбүздү куткаруу курмандыгынын негизинде кечирерине да ынандым». Жахабага болгон сүйүүсү Мекайлеге өзүн ага арноого жана чөмүлүүгө түрткү берген.

(16-абзацты кара) *

16. Майлска апасынын каршылыгына карабай туура чечим чыгарууга эмне көмөк кылган?

16 Чөмүлүшүнө апасынын каршы болорун ойлоп коркуп жүргөн Майлс бир райондук көзөмөлчү менен кеңешкен. «Анын апасы да чындык жолуна түшкөн эмес экен,— дейт Майлс.— Ал мага атам мажбурлагандыктан эмес, өз эрким менен чөмүлгүм келип жатканын апама кантип түшүндүрүп берсем болору жөнүндө ойлонууга түрткү берди». Майлстын апасы анын чечимин колдогон эмес. Акыры, ага апасынан бөлөк жашоого туура келген. Бирок ал чөмүлөм деген чечимине бек карманган. Майлс мындай деп кошумчалайт: «Жахабанын мен үчүн кылган жакшылыктары тууралуу билгенде жүрөгүм ушунчалык козголду. Исанын куткаруу курмандыгы жөнүндө терең ой жүгүртүүнүн аркасында Жахабанын мени канчалык жакшы көрөрүн түшүндүм. Бул мага өзүмдү Жахабага арноого жана чөмүлүүгө түрткү берди».

ЧЕЧИМИҢЕ БЕК КАРМАН

Жахабага жакшылыктары үчүн ыраазы экенибизди көрсөтө алабыз (17-абзацты кара)

17. Бизде кандай мүмкүнчүлүк бар?

17 Обо эне Эйден багындагы тыюу салынган дарактын жемишинен жегенде асмандагы Атасына каршы иш кылган. Ал эми Адам ата аялынын тилине кирүү менен Жахабанын ага кылган жакшылыктарын такыр баалабай турганын көрсөткөн. Баарыбызда түпкү ата-энебиздин жолуна түшкүбүз келбей турганын көрсөтүүгө жана Жахабанын жакшылыктарына ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Чөмүлүү менен биз асмандагы Атабыздын эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу нормаларды бекитүүгө укуктуу экенине ишенерибизди айгинелейбиз. Ошондой эле аны жакшы көрөрүбүздү жана ага таянарыбызды далилдейбиз.

18. Канткенде Жахабага ийгиликтүү кызмат кыла аласың?

18 Чөмүлгөндөн кийин бизге олуттуу жоопкерчилик артылат, тактап айтканда, биз күн сайын өзүбүздүн эмес, Жахабанын нормаларына ылайык жашашыбыз керек. Кудайдын миллиондогон кызматчылары ал жоопкерчилигин жылдан жылга ийгиликтүү аркалап келатышат. Бул сенин да колуңан келет. Ан үчүн Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепти терең изилдей беришиң, ишенимдештериң менен дайыма пикирлешип турушуң жана асмандагы мээримдүү Атаң жөнүндө билгендериңди башкаларга айтууга дилгир болушуң керек (Евр. 10:24, 25). Чечим чыгарарда Жахабанын өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу берген кеңештерине кулак сал (Ыш. 30:21). Ошондо бардык иштериңде ийгиликке жетесиң (Накыл 16:3, 20).

19. Эмнеге ынана бергениң маанилүү жана эмне үчүн?

19 Жахабанын жетекчилигине баш ийүү канчалык пайдалуу экенине ынанган сайын, ага болгон сүйүүң өсүп, нормаларын жогору баалай бересиң. Ошондо Шайтан сунуш кылган эч бир нерсе Жахабага кызмат кылышыңа тоскоолдук кыла албайт. Өзүңдүн миң жылдан кийинки жашооңду элестетип көрсөң. Ошол убакта артка кылчая карап, чөмүлгөнүң өмүрүңдөгү эң туура чечим болгонуна сүйүнөсүң!

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

^ 5-абз. Чөмүлүүгө байланыштуу чыгарган чечимиң жашооңдогу эң маанилүү чечим болуп эсептелет. Эмне үчүн? Бул макала ушул суроого жооп алууга жардам берет. Ошондой эле чөмүлүү жөнүндө ойлонуп жүргөндөргө ал кадамды жасоого тоскоолдук кылган кыйынчылыктарын жеңүүгө көмөк кылат.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Өзүн ишенимсиз сезүү. Жыйналыштан жооп бергенден тартынган бала.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Дос тандоо. Жаш ишенимдешибиз терс таасир эткен досу менен кетип баратып башка жарчыларды көргөндө ыңгайсыз болууда.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Күнөө кылып алам деп коркуу. Агасы жыйналыштан чыгарылып, үйүнөн кетип баратканда, кичинекей кыз өзүнүн да ошентип калышы мүмкүн экенин ойлоп тынчсызданууда.

^ 62-абз. СҮРӨТ. Каршылык. Баласы Жахабага кызмат кылбаган апасынын көзүнчө коркуп тиленип жатат.

^ 65-абз. СҮРӨТ. Өзүн ишенимсиз сезүү. Бала өздүк изилдөөсүнүн сапатын жакшыртууда.

^ 67-абз. СҮРӨТ. Дос тандоо. Жаш ишенимдешибиз Жахабанын Күбөсү экенине сыймыктанууга үйрөнүүдө.

^ 69-абз. СҮРӨТ. Күнөө кылып алам деп коркуу. Кичинекей кыз чындыкты терең түшүнүп, чөмүлүүдө.

^ 71-абз. СҮРӨТ. Каршылык. Баласы ишенген нерселери жөнүндө апасына коркпой айтып берүүдө.