Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын үнүнө кулак салалы

Жахабанын үнүнө кулак салалы

«Бул — менин... Уулум... Уулумду уккула» (МТ. 17:5).

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Жахаба адамдар менен кантип пикирлешип келген? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

ЖАХАБА биз менен пикирлешкенди аябай жакшы көрөт. Мурунку убактарда өзүнүн ойлорун адамдарга жеткириш үчүн ал пайгамбарларды, периштелерди жана Уулу Машаяк Исаны колдонгон (Амос 3:7; Гал. 3:19; Аян 1:1). Азыркы убакта болсо биз менен өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китеп аркылуу сүйлөшөт. Ал Ыйык Китепти бизге анын ой жүгүртүүсүн, жолдорун билип, аларды түшүнө алышыбыз үчүн берген.

2 Иса Машаяк жерде жашап жүргөндө, Жахаба асмандан үч жолу сүйлөгөн. Келгиле, ошол үч жагдайда Жахабанын эмне деп айтканына, андан эмнеге үйрөнө аларыбызга жана кандай пайда аларыбызга токтололу.

«СЕН МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ УУЛУМСУҢ»

3. Марк 1:9—11-аяттарда жазылгандай, Иса чөмүлгөндө, Жахаба эмне деген жана ошол маанилүү сөздөрдөн эмнени билүүгө болот?

3 Жахаба асмандан сүйлөгөн биринчи учур Марк 1:9—11-аяттарда жазылган. (Аяттарды окугула.) Ал: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деген. Атасынын аны жакшы көрөрүн, ага толук ишенерин айтканын укканда, Исанын жүрөгү аябай козголсо керек. Жахабанын сөздөрү Исага байланыштуу үч маанилүү нерсени ачып берүүдө. Биринчиден, Иса — Жахабанын Уулу. Экинчиден, Жахаба Уулун жакшы көрөт. Үчүнчүдөн, ал Уулун колдогон. Анда ушул үч маанилүү ойдун ар бирин тереңирээк карап чыгалы.

4. Иса чөмүлгөндө кандайча жаңы мааниде Кудайдын Уулу болгон?

4 «Сен менин... Уулумсуң». Бул сөздөрдү айтканда Жахаба өзү менен сүйүктүү Уулунун ортосунда жаңыча мамиле түзүлгөнүн көрсөткөн. Иса жерге келгенге чейин эле Кудайдын рухий Уулу болчу. Бирок чөмүлгөндө ал ыйык рух менен майланган. Ошондо Кудай Исанын анын майланган Уулу болгонун, ошондой эле ал дайындаган Падыша жана Башкы дин кызматчы болуш үчүн асманга кайтып баруу үмүтүнө ээ болгонун көрсөткөн (Лк. 1:31—33; Евр. 1:8, 9; 2:17). Ошондуктан Иса чөмүлгөндө, асмандагы Атасынын: «Сен менин... Уулумсуң»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (Лк. 3:22).

Башкалар бизди мактап, бекемдегенде, канат байлап калабыз (5-абзацты карагыла) *

5. Кимдир бирөөнү жакшы көрөрүбүзгө, колдоорубузга ынандыруу жагынан Жахабадан эмнеге үйрөнсөк болот?

5 «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң». Жахаба Уулун жакшы көрөрүнө, аны баалаарына ынандырган. Анын үлгүсү башкаларга дем-шык берүүнүн жолдорун издешибиз керектигин эсибизге салып турат (Жкн. 5:20). Жакшы көргөн адамдарыбыз бизге сүйүү көрсөткөндө жана жакшы иштерибиз үчүн мактаганда, кадимкидей канат байлап калабыз. Ишенимдештерибиз да, үйдөгүлөрүбүз да биздин сүйүүбүзгө, жылуу сөздөрүбүзгө муктаж. Аларды мактаганда ишенимин бекемдеп, Жахабага берилгендик менен кызмат кыла берүүгө күч беребиз. Ата-энелердин балдарын кубаттап турганы өзгөчө маанилүү. Алар балдарын чын ыкластан мактап, жылуу сезимдерин көрсөтүп турушса, балдары бардык жактан гүлдөп-өсүшөт.

6. Иса Машаякка эмне үчүн ишеним артсак болот?

6 «Мен сени колдойм». Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жахаба Исанын анын эркин берилгендик менен аткарарына толук ишенген. Эгер ал өзүнүн Уулуна ушунчалык ишенсе, анда биз да Исанын Жахаба берген бардык убадаларды толугу менен ишке ашырарына бекем ишенсек болот (2 Кор. 1:20). Исанын жашоосу тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында андан үлгү алууга жана анын изи менен так жүрүүгө ого бетер чечкиндүү болуп калабыз. Жахаба Уулуна кандай ишенсе, кызматчыларынын да топ катары анын Уулунан үлгү ала берерине ошондой ишенет (1 Пет. 2:21).

«УУЛУМДУ УККУЛА»

7. Матай 17:1—5-аяттарга ылайык, Жахаба экинчи жолу качан сүйлөгөн жана эмне деген?

7 Окугула: Матай 17:1—5. Жахаба асмандан экинчи жолу Исанын «көрүнүшү өзгөргөн» учурда сүйлөгөн. Иса Петирди, Жакыпты жана Жаканды ээрчитип алып, бийик тоого чыккан. Ал жакта алар кереметтүү көрүнүшкө күбө болушкан: Исанын жүзү менен сырт кийими көз уялта жаркыраган. Анан Муса жана Илияс пайда болуп, Иса менен анын жакын арада өлөрү, кайра тирилери жөнүндө сүйлөшө башташкан. Ага чейин «уйку басып жатса» да, элчилер көрүнүштү «уйкусу ачылгандан» кийин көрүшкөн (Лк. 9:29—32). Бир маалда аларды жаркыраган булут каптап, булуттун ичинен Кудайдын үнү угулган. Иса чөмүлгөндө, Жахаба: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деп айтуу менен аны жакшы көрөрүнө, ага ишенерине ынандырган болчу. Ал эми бул жолкусунда Жахаба: «Уулумду уккула»,— деп кошумчалаган.

8. Көрүнүш Исага жана анын шакирттерине кандай таасир эткен?

8 Бул көрүнүш аркылуу Исанын келечекте Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары кандай даңкка, бийликке ээ болору көрсөтүлгөн. Анын аркасында Машаяк күч-кубатка толуп, азап тарта турган жана мыкаачылык менен өлтүрүлө турган убакка даяр болуп калганы шексиз. Ал көрүнүш шакирттердин да ишенимин бекемдеген. Алар кынтыксыздыгы сынала турган жагдайларга жана бир топ жыл бою аркалай турган олуттуу ишти аткарууга даяр болуп калышкан. 30 жылдай өткөндөн кийин элчи Петир Исанын көрүнүшү өзгөргөнү тууралуу кеп кылган. Бул анын ошол окуяны дагы деле эсинде бек сактап жүргөнүн көрсөткөн (2 Пет. 1:16—18).

9. Иса шакирттерине кандай кеңештерди берген?

9 «Уулумду уккула». Жахаба Уулунун сөздөрүнө кулак салышыбызды жана аларга ылайык иш кылышыбызды каалаарын айкын көрсөткөн. Иса жерде жүргөндө эмнелерди айткан? Ал шакирттери кулак кагышы керек болгон абдан маанилүү нерселерди айткан. Мисалы, аларга жакшы кабарды кантип айтса болорун мээримдүүлүк менен үйрөткөн жана сергек болууну кайра-кайра эскерткен (Мт. 24:42; 28:19, 20). Аларды Кудайдын эркин аткарууга бүт күчүн жумшоого, багынбоого үндөгөн (Лк. 13:24). Ошондой эле алардын бири-бирин сүйгөнү, дайыма биримдүү болгону жана анын осуяттарын аткарганы маанилүү экенин баса белгилеген (Жкн. 15:10, 12, 13). Иса шакирттерине кандай гана жакшы кеңештерди берген! Ал кеңештер ошол убакта канчалык пайдалуу болсо, бүгүнкү күндө да ошондой эле пайдалуу.

10, 11. Машаяктын үнүнө кулак саларыбызды кантип көрсөтө алабыз?

10 Иса: «Ким чындык тарапта болсо, ал менин үнүмө кулак салат»,— деп айткан (Жкн. 18:37). Эгер: «Көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылсак, Исанын үнүнө кулак салган болобуз (Кол. 3:13; Лк. 17:3, 4). Ошондой эле анын үнүн угуп жатканыбыз «ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да» жакшы кабарды таратканыбыздан көрүнөт (2 Тим. 4:2).

11 Иса: «Менин койлорум үнүмө кулак салат»,— деп да айткан (Жкн. 10:27). Машаяктын үнүнө кулак саларыбызды анын сөздөрүн угуп эле койбостон, аларды иш жүзүндө колдонуу аркылуу көрсөтө алабыз. Айталы, биз «турмуш түйшүктөрүнө» алаксыбаганга аракет кылабыз (Лк. 21:34). Анын ордуна, атүгүл кыйын кезеңде да Исанын осуяттарын аткарууну баарынан маанилүү деп эсептейбиз. Көптөгөн ишенимдештерибиз оор кыйынчылыктардын, алсак, душмандардын каршылыгынын, жакырчылыктын, табигый кырсыктардын айынан азап тартып жатышат. Ушунун баарына карабай алар, башынан эмнени кечирүүгө туура келбесин, Жахабага болгон ишенимдүүлүгүнөн жазбай келатышат. Иса аларды: «Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт. Ал эми мени сүйгөндү Атам сүйөт. Аны мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем»,— деп ынандырууда (Жкн. 14:21).

Кабар айтуу кызматы мындан ары да Исанын үнүнө кулак салууга жардам берет (12-абзацты карагыла) *

12. Исаны угуп жатканыбызды көрсөтүүнүн дагы бир жолу кайсы?

12 Исаны угуп жатканыбызды көрсөтүүнүн дагы бир жолу — ал жетекчиликти колго алууга дайындаган бир туугандар менен кызматташуу (Евр. 13:7, 17). Кудайдын уюму акыркы жылдары көптөгөн өзгөрүүлөрдү киргизди. Маселен, кызматта жаңы куралдар менен ыкмалар колдонула баштады жана иш күндөрүндөгү жолугушууларга, Падышалык залдарын курууга, оңдоп-түзөөгө, күтө билүүгө байланыштуу көп нерселер өзгөрдү. Сүйүүгө негизделген, жакшы ойлонуштурулган ошондой көрсөтмөлөр үчүн кандай гана ыраазыбыз! Уюмдан өз убагында берилген жетекчиликке баш үйүү үчүн жумшаган аракетибизге Жахаба батасын берерине эч шектенбесек болот.

13. Иса окутуп-үйрөткөн нерселерге кулак салуунун кандай пайдалары бар?

13 Ооба, биз Иса окутуп-үйрөткөн нерселердин баарына кулак салуу менен көп пайда алабыз. Иса шакирттерине анын окуулары аларды сергитерин убада кылган. «Мен силерди сергитем. Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деп айткан ал (Мт. 11:28—30). Кудайдын Сөзүндө жазылгандар, анын ичинде Исанын жашоосу, кызматы туурасындагы билдирүүлөр жаныбызды сергитип, кайрадан рухий күч-кубатка толууга жана акылдуу болууга жардам берет (Заб. 19:7; 23:3). Иса: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лк. 11:28).

«ДАГЫ ДА ДАҢКТАЙМ»

14, 15. а) Жакан 12:27, 28де жазылгандай, Жахаба асмандан үчүнчү жолу кандай жагдайда сүйлөгөн? б) Эмне үчүн Жахабанын сөздөрү Исага дем-шык берген деп айтууга болот?

14 Окугула: Жакан 12:27, 28. Жакандын Инжилинде Жахабанын асмандан үчүнчү жолу сүйлөгөнү жазылган. Өлөрүнө бир нече күн калганда Иса Иерусалимге акыркы жолу Пасах майрамына барган болчу. Ал: «Жаным кыйналып турат»,— деп айтып, анан Кудайдан: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленген. Ошондо асмандан Атасы: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деп айткан.

15 Исанын жаны кыйналганын себеби анын мойнуна абдан чоң жоопкерчилик артылган эле: ал өмүрүнүн акырына чейин Жахабага ишенимдүүлүгүн сакташы керек болгон. Иса катуу сабалып, мыкаачылык менен өлтүрүлөрүн жакшы билген (Мт. 26:38). Бирок ал үчүн Атасынын ысмын даңктоо баарынан маанилүү болгон. Исаны Кудайга акарат кылды деп айыпташкандыктан, ал өзүнүн өлүмү Кудайга тил тийгизиши мүмкүн экенин ойлоп тынчсызданган. Ушуларды эске алганда, Жахабанын асмандан сүйлөгөнү ага ушунчалык дем-шык берсе керек. Ал сөздөрдүн Исага Атасынын ысмы даңкталарына толук ишенүүгө негиз бергени, ошондой эле көңүлүн жубатып, алдыдагы кыйынчылыктарга тике караганга күч бергени шексиз. Ошол учурда Жахабанын сөздөрү эмнени билдирерин бир гана Иса түшүнсө керек. Ошентсе да Жахаба ал сөздөрдүн Ыйык Китепке баарыбыз үчүн жазылып калышына кам көргөн (Жкн. 12:29, 30).

Жахаба өзүнүн ысмын даңктайт жана элин куткарат (16-абзацты карагыла) *

16. Кээде эмнеден улам Жахабанын ысмы караланып жатканына тынчсызданышыбыз мүмкүн?

16 Исадай болуп, биз да Жахабанын ысмы караланып жатканына тынчсызданышыбыз мүмкүн. Же, балким, ага окшоп, адилетсиз мамилеге туш болуп жаткан чыгарбыз. Же болбосо душмандардын биз жөнүндө ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатканын жана анын айынан Жахабанын ысмына, анын уюмуна сөз тийип жатканын ойлоп сарсанаа болушубуз ыктымал. Ушундай учурларда Жахабанын Жакан 12:28де жазылган сөздөрү бизди жубатат. Бизге өтө тынчсыздануунун зарылдыгы жок. «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгү[бүз] менен акылы[бызды] Машаяк Иса аркылуу сактай» турганына эч шектенбесек болот (Флп. 4:6, 7). Жахаба өз ысмын даңктап келген, дагы да даңктай берет. Ал өзүнүн кызматчыларына Шайтан менен анын дүйнөсү келтирген зыянды Падышалык аркылуу толугу менен жоёт (Заб. 94:22, 23; Ыш. 65:17).

ЖАХАБАНЫН ҮНҮНӨ КУЛАК САЛУУДАН КАНДАЙ ПАЙДА АЛАБЫЗ?

17. Ышая 30:21ге ылайык, Жахаба бизге кантип сүйлөп жатат?

17 Жахаба бизге бүгүнкү күндө да сүйлөп жатат. (Окугула: Ышая 30:21.) Албетте, ал асмандан түзмө-түз сүйлөбөйт. Бирок бизге көрсөтмөлөрдү берип туруш үчүн өзүнүн Сөзүн — Ыйык Китепти — жаздырып койгон. Андан тышкары, ыйык руху аркылуу «ишенимдүү... башкаруучуга» кызматчыларына өз убагында тамак берип турууга түрткү берип келет (Лк. 12:42). Ырас, рухий тамак бизге мол берилүүдө. Алардын ичинде кагаз жүзүндөгү, онлайн түрүндөгү материалдар, видеолор жана аудиожаздыруулар бар.

18. Жахабанын сөздөрү кандайча ишенимибизди бекемдеп, кайрат берет?

18 Келгиле, Жахабанын өзүнүн Уулу жерде жүргөндө айткан сөздөрүн көңүлүбүзгө түйүп алалы. Кудайдын Ыйык Китепке жазылган сөздөрү анын бардык нерсени көзөмөлдөп турарына, ошондой эле Шайтан менен анын ыймансыз дүйнөсү келтирген бүт залаканы жок кыларына бекем ишенүүгө жардам бере берсин. Ар бирибиз Жахабанын сөздөрүн дит коюп укканга чечкиндүү бололу. Эгер ошентсек, азыркы күндө кабылып жаткан жана келечекте туш боло турган кыйынчылыктардын баарын туруктуулук менен көтөрүп кете алабыз. Ыйык Китепте: «Кудайдын эркин аткарып, убадаланганды алышыңар үчүн, силерге туруктуулук керек»,— деп жазылган (Евр. 10:36).

4-ЫР: «Жахаба — менин Койчум»

^ 5-абз. Иса Машаяк жерде жүргөндө, Жахаба асмандан үч жолу сүйлөгөн. Бир жолкусунда ал Машаяктын шакирттерине: «Уулумду уккула»,— деген. Бүгүнкү күндө Жахаба бизге өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу сүйлөйт. Анын Сөзүндө Исанын окуулары да камтылган. Бул макалада Жахабаны жана Исаны угуунун аркасында кандай пайдаларды аларыбызды талкуулайбыз

^ 52-абз. СҮРӨТ. Аксакал кызмат жардамчысынын Падышалык залын тазалап жатканын, адабияттарга байланышкан жоопкерчилигин аткарып жатканын байкап, аны чын жүрөктөн мактоодо.

^ 54-абз. СҮРӨТ. Сьерра-Леонеде жашаган жубайлар балыкчыга жыйналышка чакыруу баракчасын берүүдө.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Ишибизге чектөө коюлган өлкөдө Жахабанын Күбөлөрү менчик үйдө жолугушуу өткөрүп жатышат. Алар өздөрүнө көңүл бурдурбаш үчүн жыйналыштан башка учурдагыдай кийинип алышкан.