Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба «оомийн» деп айтканыбызды баалайт

Жахаба «оомийн» деп айтканыбызды баалайт

ЖАХАБА ага сыйынганыбызды жогору баалайт. Ал кызматчыларын «кунт коюп угат» жана аны даңкташ үчүн кылган ар бир ишин, ал канчалык кичинекей болбосун, көз жаздымында калтырбайт (Мал. 3:16). Мисалга «оомийн» деген сөздү алалы. Биз аны далай жолу айтабыз. Ушул жөнөкөй эле сөздү айтканыбызды Жахаба баалайбы? Ооба, абдан баалайт. Мунун себебин билиш үчүн, келгиле, «оомийн» деген сөздүн эмнени билдирерине жана Ыйык Китепте кандай мааниде колдонулганына токтололу.

«БҮТ ЭЛ: „ООМИЙН!“ — ДЕСИН»

«Оомийн» деген сөз «ушундай болсун», «туура» деген маанини туюнтат. Ал еврей тилиндеги «ишенимдүү болуу», «ишеничтүү болуу» дегенди билдирген сөздөн келип чыккан. Бул сөз кээде сот иштеринде колдонулчу. Кимдир бирөө ант бергенде айтканы чындык экенин тастыкташ үчүн жана анын натыйжасы кандай болбосун, баарына даяр экенин көрсөтүш үчүн «оомийн» деп айта турган (Сан. 5:22). Ал киши эл алдында «оомийн» деп айтканда сөзүнө турууга ого бетер жооптуу болуп калчу (Нек. 5:13).

«Оомийн» деген сөздүн таасирлентерлик түрдө айтылганы Мыйзам 27-бөлүмдө жазылган. Убадаланган жерге киргенден көп өтпөй ысрайылдыктар Эбал тоосу менен Гаризим тоосунун ортосуна Мыйзамдын окулганын угуш үчүн чогулушкан. Эл Мыйзамды угуп эле койбостон, ага баш иерин билдириши керек болчу. Муну алар баш ийбестиктин кесепеттери окулган сайын «оомийн!» деп айтуу менен көрсөтүшкөн (Мыйз. 27:15—26). Миңдеген эркектердин, аялдардын, балдардын ушул сөздү бир добуштан жер жаңырта айтып жатканын элестетип көрсөңөр (Жаш. 8:30—35). Ошол күнү айткан сөздөрүн алар эч качан унуткан эмес болуш керек. Ал ысрайылдыктар берген убадасына турушкан, анткени Ыйык Жазмада: «Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Жахабанын Ысрайыл үчүн жасаган иштеринин баарын көргөн жана Жашыя өлгөндөн кийин да жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, ысрайыл эли Жахабага кызмат кылды»,— деп айтылат (Жаш. 24:31).

Иса да айткандарынын ишенүүгө татыктуу экенин көрсөтүш үчүн «оомийн» деген сөздү колдонгон. Бирок аны өзгөчө жол менен, башкача айтканда, жооп иретинде эмес, бир нерсени айтардан мурун анын чындык экенин баса белгилеш үчүн колдоно турган. Анын сөзү кыргыз тилинде «силерге айтып коёюн», «ишенип койгула», «силерге чындыкты айтып коёюн» деп берилген. Исанын ал сөздү кайталап айткан учурлары да болгон (Мт. 5:18; Мт. 6:5; Жкн. 1:51). Муну менен ал угармандарын айткандарынын талашсыз чындык экенине ынандырган. Иса ошентип ишенимдүү сүйлөй алган, себеби ал гана Кудайдын бардык убадаларын аткарууга бийлик алган (2 Кор. 1:20; Аян 3:14).

«БҮТ ЭЛ: „ООМИЙН!“ — ДЕДИ ДА, ЖАХАБАНЫ ДАҢКТАДЫ»

Ысрайылдыктар «оомийн» деген сөздү Жахабаны даңктаганда жана ага кайрылып тиленгенде да айтышчу (Нек. 8:6; Заб. 41:13). Тиленүүдөн кийин «оомийн» деп айтуу менен угуп тургандар өздөрүнүн тиленүүгө кошуларын көрсөтүп, Жахабага ушундай жол менен сыйынып жатышканына сүйүнүшчү. Дөөтү падыша Жахабанын келишим сандыгын Иерусалимге алып келгенде, так ошондой болгон. Сандык алынып келгенден кийин өткөрүлгөн азем учурунда Дөөтү ыр түрүндө жүрөк козгоорлук тиленүү айткан. Ал 1 Жылнаама 16-бөлүмдүн 8—36-аяттарында жазылып калган. Дөөтүнүн тиленүүсү аземге катышкандарга ушунчалык таасир эткендиктен, бүт эл: «Оомийн!» — деген да, «Жахабаны даңктаган». Ооба, баарынын бир үндөн ошентип айтканы алардын кубанычына кубаныч кошкон.

Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары да Жахабаны даңктап-мактаганда «оомийн» деген сөздү айтышкан. Анын Ыйык Китепти жазууга катышкан шакирттери да каттарында ошол сөздү көп колдонушкан (Рим. 1:25; 16:27; 1 Пет. 4:11). Аян китебинде атүгүл асмандагы рухий жаратуулардын: «Оомийн! Жахты даңктагыла!» — деп, Жахабаны даңазалап жатышканы баяндалат (Аян 19:1, 4). Исанын алгачкы жолдоочулары жолугушууларында айтылган тиленүүлөрдөн кийин «оомийн» деп айтышчу (1 Кор. 14:16). Бирок алар аны ойлонбой эле айта беришчү эмес.

«ООМИЙН» ДЕП АЙТУУ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

«Оомийн» деген сөздүн таржымалын карап чыгуунун аркасында тиленүүнү ошол сөз менен аяктоо эмне үчүн маанилүү экенин көрө алдык. Тиленүүбүздүн аягында «оомийн» деп айтуу менен сөздөрүбүздүн чын жүрөктөн чыкканын бышыктаган болобуз. Ал эми эл алдында айтылган тиленүүнүн соңунда үнүбүздү чыгарып же ичибизден «оомийн» дегенде айтылгандарга кошуларыбызды көрсөтөбүз. Анда бул сөздүн дагы эмне үчүн зор мааниге ээ экенине токтололу.

Жахабага сыйынууга терең маани берерибизди айгинелейбиз. «Оомийн» деген сөздү чын ыкластан айткыбыз келгендиктен тиленүүгө олуттуу карайбыз жана аны дит коюп угабыз. Биз «оомийн» деп айтуу менен эле эмес, тиленүү учурунда ага бүт көңүлүбүздү топтоо менен да Жахабага сыйынган болобуз.

Жахабанын кызматчылары катары биримдүү экенибизди көрсөтөбүз. Жолугушууларда кайсы бир ишенимдешибиз тиленгенде, анын айткандарын бүтүндөй жыйналыш кунт коюп угат (Элч. 1:14; 12:5). Анан баары бир үндөн «оомийн» деп айтканда, ортодогу биримдик ого бетер чыңдалат. Үн чыгарып болобу же ичибизденби, эл алдында айтылган тиленүүнүн соңунда баарыбыз «оомийн» десек, Жахаба топ катары айткан өтүнүчүбүзгө жооп берүүгө түрткү алышы мүмкүн.

«Оомийн» деп айтканыбыз Жахабанын даңкталышына шарт түзөт

Жахабаны даңктайбыз. Жахаба ага сыйыныш үчүн кылган кенедей иштерибизди да байкайт (Лк. 21:2, 3). Ал ниетибизди жана жүрөгүбүздө эмне бар экенин көрүп турат. Жолугушууну телефон аркылуу угууга туура келсе да, «оомийн» деп айтканыбызга анын көңүл бурарына эч шектенбесек болот. Ал сөздү айтуу менен биз башкаларга кошулуп Жахабаны даңктаган болобуз.

«Оомийн» деп айтканыбыз анча маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн. Бирок андай эмес. «Жазманы түшүнүү» эмгегинде айтылгандай, Кудайдын кызматчылары «ушул бир эле сөздү айтуу менен бекем ишенимин, толук макулдугун, жүрөгүнөн терең орун алган үмүтүн чагылдырышат». Анда эмесе, «оомийн» деген ар бир сөзүбүз Жахабага жаккандай болсун! (Заб. 19:14).