Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Байыркы убактагылар кеме менен жол жүрүш үчүн эмне кылышчу?

ЖАЛПЫСЫНАН айтканда, элчи Пабылдын күндөрүндө жүргүнчүлөрдү ташыган атайын кемелер болгон эмес. Бир жакка сапарга чыккан киши, адатта, башкалардан ал багыт алган жерге бара турган жана жүргүнчүлөрдү ала кетчү жүк ташуучу кеменин бар-жогун сураштырчу (Элч. 21:2, 3). Атүгүл кеме ал барчу жердин так өзүнө барбаса да, ал ага түшүп, жолдон кеме жайга токтогондо, көздөгөн жерине жакыныраак бара турган башка кемени издечү (Элч. 27:1—6).

Негизи, деңиз аркылуу жылдын белгилүү бир мезгилдеринде гана жол жүрүшчү жана кемелердин так графиги жок болчу. Кемечилер аба ырайы бузулгандыктан эле эмес, кээде ырым-жырымдан улам да жолго чыгышчу эмес. Мисалы, жел айдагыч кендир кездемеге байланган жиптерге кузгун конуп алып каркылдаса же жээктен кеменин сыныктарын көрүшсө, бул жамандыктын жышааны деп, сапарга аттанбай турушчу. Кеме айдоочулар шамалдын багытына да карашчу. Шамал керектүү багытка соккондо, алар дароо жөнөшчү. Жүргүнчү өзү түшө турган кемени тапкандан кийин жүгүн алып алып, кеме жайдын жанында кеменин кете турган убактысынын жарыяланышын күтчү.

«Римде жол азабын тарткан жүргүнчүлөрдүн кыйынчылыгын жеңилдете турган кызматтар бар эле,— дейт Лайонел Кассон аттуу тарыхчы.— Ал жактагы кеме жай Тибр дарыясынын деңизге куйган жеринен орун алган болчу. Ага жакын жердеги Остия шаарындагы чоң базар аянтында кеңселер жайгашкан эле. Алардын көбү ар кайсы кеме жайлардын жүк жөнөтүүчүлөрүнө караштуу болгон. Маселен, бири Нарбондун [азыркы Франциянын], дагы бири Карфагендин [азыркы Тунистин] жүк жөнөтүүчүсүнө,.. таандык болчу... Андыктан кеме менен жол жүрө турган киши кайсы шаарлар аркылуу өтпөсүн, керектүү маалыматты ошол кеңселерден эле алып алчу».

Деңиз менен жол жүрүү убакытты үнөмдөсө да, кооптуу жактары болгон. Алсак, Пабыл миссионердик сапарларында бир нече жолу кеме кырсыгына учураган (2 Кор. 11:25).