Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жыныстык зомбулуктан жапа чеккендерди сооротуу

Жыныстык зомбулуктан жапа чеккендерди сооротуу

«Ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай... бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот» (2 КОР. 1:3, 4).

134-ЫР: Балдар — Кудайдын белеги

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Адамдардын төрөлгөнүнөн эле сооротууга муктаж экенин жана башкаларды соорото аларын кайсы мисал көрсөтүп турат? б) Кээ бир балдар кандай жараат алышат?

БААРЫБЫЗ ЭЛЕ төрөлгөнүбүздөн сооротууга муктажбыз. Ошол эле учурда биз башкаларды сооротуп-жубата алабыз. Мисалы, бала ойноп жатып тизесин сыйрып алса, ыйлаган бойдон апасын же атасын көздөй чуркайт. Ата-энеси жараатын айыктырып коё албаса да, аны соорото алышат. Алар баласынан эмне болгонун сурап, жашын аарчып, кучактап, эркелетет. Анан, зарыл болсо, ооруган жерине бир нерсе сыйпап же таңып коюшат. Көп өтпөй бала басылып калат, атүгүл кайрадан ойной башташы мүмкүн. Ал эми жарааты убакыттын өтүшү менен айыгып калат.

2 Бирок, өкүнүчтүүсү, кээде балдар аябагандай оор жараат алышат. Алсак, кээ бирлери жыныстык зомбулукка кабылышат. Айрым балдар андай зомбулукка бир эле жолу дуушар болсо, башкалары бир нече жыл бою дуушар болушу мүмкүн. Кандай болбосун, андай кордук баланын жан дүйнөсүнө оңой менен айыкпай турган так калтырат. Ошондой кылмыш кылгандардын кээ бирлери жазасын алышат. Ал эми башкалары адилеттүү жазадан кутулуп кеткендей сезилиши мүмкүн. Бирок кылмышкер дароо жазаланган күндө да, жапа чеккен бала чоңойгондон кийин деле кыйнала бериши ыктымал.

3. 2 Корунттуктар 1:3, 4тө айтылгандай, Жахаба эмнени каалайт жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Эгер бала кезинде жыныстык зомбулукка кабылган ишенимдешибиз чоңойгондон кийин да жан дүйнөсүндөгү жарааты айыкпай, кыйналып жатса, ага эмне жардам берет? (Окугула: 2 Корунттуктар 1:3, 4.) Жахаба койлорунун сүйүүгө бөлөнүшүн, зарыл учурда башкалардын аларды сооротушун, жардам беришин каалайт. Андыктан төмөнкү үч суроону карап чыгалы: 1) Бала кезинде жыныстык зомбулуктан запкы жегендер эмне үчүн сооротууга муктаж? 2) Аларды ким соорото алат? 3) Биз кантип сооротсок болот?

АЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН СООРОТУУГА МУКТАЖ?

4, 5. а) Балдардын чоңдордон айырмаланарын эске алганыбыз эмне үчүн маанилүү? б) Баланын жыныстык зомбулукка кабылганы башкаларга болгон ишенимине кандай таасир этет?

4 Бала кезинде жыныстык зомбулук көрсөтүлгөндөрдүн айрымдары бир топ жылдан кийин деле сооротууга муктаж болушат. Эмне үчүн? Муну түшүнүү үчүн балдардын чоңдордон аябай эле айырмаланарын эске алышыбыз керек. Жыныстык зомбулукту балдар чоңдорго караганда башкача кабыл алышат. Буга байланыштуу айрым ойлорго токтололу.

5 Балдар аларга кам көргөн, баш-көз болгон адамдар менен ынак болууну, аларга ишеним артууну каалашат. Андай мамиле балдарга өздөрүн коопсуз сезүүгө, аларды жакшы көргөндөргө ишеним артканды үйрөнүүгө жардам берет (Заб. 22:9). Өкүнүчтүүсү, балдарга көбүнчө өз үйүндө жыныстык зомбулук көрсөтүлөт жана аларды бузгандар адатта үйүндөгү жакын адамы же үй-бүлөсүнүн досу болот. Эгер баланы ишенген кишиси жыныстык жактан бузса, ага атүгүл көп жылдардан кийин да башкаларга ишеним артуу кыйын болуп калат.

6. Балдарды жыныстык жактан бузуу эмне үчүн ырайымсыздыкка жатат жана зыян алып келет?

6 Балдар өздөрүн коргой алышпайт, ошондуктан аларды жыныстык жактан бузуу ырайымсыздыкка жатат жана зыян алып келет. Баланы эч бир жагынан жетиле электе жыныстык адеп-ахлаксыз иштерди кылууга мажбурлоонун залакасы абдан чоң. Мисалы, бул анын жыныстык мамилеге карата болгон көз карашынын бузулушуна, өзүн эч нерсеге татыксыз сезишине, башкаларга ишенбей калышына алып келет.

7. а) Бузуку адамдар эмне үчүн балдарды оңой эле алдай алышат жана кантип алдашы мүмкүн? б) Алардын айткандары балдарга кандай таасир этет?

7 Балдардын ой жүгүртүү, жагдайды таразалай билүү жөндөмү өрчүй элек болот жана алар кооптуу нерселерди аңдай билип, алардан качууну үйрөнө элек болушат (1 Кор. 13:11). Ошондуктан бузуку адамдар аларды оңой эле алдап коюшат. Баланы жыныстык жактан бузган киши ага ар кандай калпты, алсак, буга өзү күнөөлүү экенин, болгон иш тууралуу эч кимге ооз ачпашы керектигин, эгер айтса, ага эч ким ишенбей да, жардам бербей да турганын айтышы мүмкүн. Ошондой эле чоң киши менен баланын ортосундагы жыныстык мамилени алардын бири-бирин чындап жакшы көрөрүнүн далили деп айтышы ыктымал. Ушундай жалган сөздөр баланын ой жүгүртүүсүн бузуп, анын айткандарына көп жылдар бою ишенип жүрө беришине себеп болот. Андай бала өзүн булгангандай, эч качан эч ким менен ынак мамиле өрчүтө албачудай, башкалардын сүйүү көрсөтүшүнө, сооротушуна татыксыздай сезип чоңоюшу мүмкүн.

8. Жан дүйнөсү жаралангандарды Жахабанын жубата аларына эмне үчүн толук ишенсек болот?

8 Жогоруда айтылгандар бала кезинде жыныстык зомбулукка кабылгандардын эмне себептен көп жылдар бою кыйналарын түшүнүүгө жардам берет. Ооба, баланы жыныстык жактан бузуу жеткен мыкаачылыкка жаткан кылмыш болуп эсептелет. Бул көйгөйдүн дүйнө жүзү боюнча кулач жайып жатканы акыркы күндөрдө — көптөр «жакындарын сүйбөгөн» жана «кара өзгөй адамдар, алдамчылар... барган сайын бузулуп» бараткан убакта — жашап жатканыбызды ырастап турат (2 Тим. 3:1—5, 13). Шайтан кара ниеттик менен ар кандай айла-амалдарды колдонуп келет. Айрымдардын ага жаккан иштерди кылып жатканын көрүү абдан кейиштүү. Бирок Жахаба Шайтандан жана анын каалоосун аткаргандардан алда канча күчтүү. Ал Шайтандын арам иштеринин баарын көрүп турат. Анын биздин кыйынчылыктарыбызды толугу менен билерине жана муктаж болгонубузда сооротуп-жубата аларына эч шектенбесек болот. Ал — «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай». «Кудай бизди кандай сооротсо, биз да ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондорду ошондой соорото алышыбыз үчүн, ал бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот». Ушундай Кудайга кызмат кылып жатканыбыз үчүн кандай гана бактылуубуз (2 Кор. 1:3, 4). Ал жан дүйнөсү жаралангандарды жубатуу үчүн кимдерди колдонот?

КИМДЕР СООРОТО АЛАТ?

9. Дөөтү падышанын Забур 27:10до жазылган сөздөрүнө ылайык, Жахаба ата-энеси кам көрбөгөн балдарга кантип жардам берет?

9 Ата-энеси жыныстык зомбулуктан коргобогон же жакын кишиси жыныстык жактан бузган балдар сооротууга өзгөчө муктаж болушу мүмкүн. Дөөтү падыша Жахабанын кыйналгандарды эң сонун жубата аларын жакшы билген. (Окугула: Забур 27:10.) Ошондой эле үй-бүлөсүндөгүлөрдөн сүйүү көрбөгөндөрдү Кудайдын кабыл аларына ишенген. Жахаба муну кантип кылат? Ал ишенимдүү кызматчыларын колдонот. Биз менен бирге Жахабага сыйынгандар — биздин рухий үй-бүлөбүз. Мисалы, Иса пайгамбар өзү менен чогуу Жахабага кызмат кылгандарды бир туугандарым, энем деп айткан (Мт. 12:48—50).

10. Пабыл аксакал катары эмне кылган?

10 Жыйналыштагылардын бизге үй-бүлөбүздөй кам көрөрүнө бир мисал карап көрөлү. Элчи Пабыл күжүрмөн эмгектенген ишенимдүү аксакал болгон. Ал бул жагынан мыкты үлгү көрсөткөндүктөн башкаларга ыйык рухтун жетеги менен: «Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла»,— деп айткан (1 Кор. 11:1). Анын: «Балдарын бөпөлөп баккан энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылганбыз»,— деген сөздөрүнөн болсо аксакалдык милдетин кандай аткарганы көрүнүп турат (1 Тес. 2:7). Бүгүнкү күндө да мээримдүү, камкор аксакалдар муктаж болгондорду Ыйык Жазманы колдонуп сооротуп жатканда жылуу-жумшак сүйлөшөт.

Жетилген эже-карындаштарыбыз сооротууга муктаж болгондорго жакшы жардам көрсөтө алышат (11-абзацты карагыла) *

11. Жан дүйнөсү кыйналгандарды аксакалдардан башкалар да соорото аларын кайдан билебиз?

11 Жыныстык зомбулуктан жапа чеккендерди аксакалдар гана соорото алабы? Жок. Бири-бирибизди жубатууга баарыбыз милдеттүүбүз (1 Тес. 4:18). Рухий жактан жетилген эже-карындаштарыбыз сооротууга муктаж болуп жаткан эже-сиңдилерине жакшы жардам көрсөтө алышат. Көңүлгө аларлык нерсе, Жахаба Кудай өзүн уулун соороткон энеге салыштырган. Бул абдан ылайыктуу (Ыш. 66:13). Ыйык Китепте да кыз-келиндердин башкаларды соороткону жөнүндөгү билдирүүлөр бар (Бий. 11:37—40). Жыйналыштагы эже-карындаштардын жан дүйнөсү жабыркаган ишенимдештерин сооротуп жатканын көргөндө Жахаба кандай гана кубанат! Кээде аксакалдар жетилген эже-карындаштардын биринен ошондой кыйынчылыкка кабылган ишенимдешине жардам бере алар-албасын өзүнчө сурашы мүмкүн *.

КАНТИП СООРОТСОК БОЛОТ?

12. Кимдир бирөөгө жардам берип жатканда эмнеден качышыбыз керек?

12 Ишенимдешибизге жардам берип жатканда ал айткысы келбеген нерселер тууралуу сурагандан качканыбыз оң (1 Тес. 4:11). Анда сооротууга, жардамга муктаж болуп жаткандарга кантип колдоо көрсөтсөк болот? Эмесе, мунун Ыйык Китепте жазылган беш жолун карап көрөлү.

13. 1 Падышалар 19:5—8-аяттарда жазылгандай, Жахабанын периштеси Илияс пайгамбарга кантип жардам берген жана биз андан кандай үлгү алсак болот?

13 Иш жүзүндө жардам көрсөтүү. Илияс пайгамбар жанын сактап калыш үчүн качып баратканда ушунчалык көңүлү чөгүп, өзүнө өлүм тилеген. Ошондо Жахаба ага кубаттуу периштесин жиберген. Периште пайгамбарга ал зар болуп турган жардамды көрсөткөн. Тактап айтканда, ага ысык нан, суу берип, кубаттанып алышы керектигин жылуу-жумшак айткан. (Окугула: 1 Падышалар 19:5—8.) Бул билдирүүдөн маанилүү бир нерсени биле алабыз: кээде жөнөкөй эле иш-аракеттин пайдасы чоң болот. Маселен, тамак-аш, чакан белек же жакшы ойлонуштурулган сөздөр жазылган открытка берүү менен көңүлү чөккөн ишенимдешибизди сүйүүбүзгө, ага кам көрөрүбүзгө ынандыра алабыз.

14. Илияс пайгамбар жөнүндөгү билдирүүдөн эмнени биле алабыз?

14 Жыныстык зомбулукка кабылган бир тууганга өзүн ыңгайлуу, коопсуз сезүүгө жардам берүү. Илияс пайгамбар жөнүндөгү билдирүүдө дагы бир маанилүү ой камтылган. Илияс Хореп тоосуна чейинки узак жолду басып өтө алышы үчүн, Жахаба керемет жолу менен ага керектүү жардамды көрсөткөн. Сыягы, пайгамбар ошол алыскы жерде — бир канча кылым мурун Жахаба өзүнүн эли менен келишим түзгөн жерде — өзүн коопсуз сезген көрүнөт. Ал, балким, көзүн тазалагысы келгендер жете албай турган жакка качып кеткенин ойлоп да тынчтанып калгандыр. Мындан эмнени биле алабыз? Эгер жыныстык зомбулуктан жабыр тарткандарды жубаткыбыз келсе, адегенде аларга өздөрүн коопсуз сезгенге көмөк кылышыбыз керек. Айталы, аксакалдар андай бир тууган менен Падышалык залында эмес, үйдө чай үстүндө отуруп сүйлөшкөндө, ал өзүн эркинирээк сезиши мүмкүн экенин эске алышы керек. Ал эми так эле ошондой кыйынчылыкка кабылган башка бир тууган, тескерисинче, Падышалык залында сүйлөшкүсү келиши мүмкүн.

Кунт коюп угуп, жалындуу тиленип, жубатарлык сөздөрдү айтуу менен жүрөгү жаралангандарды соорото алабыз (15—20-абзацтарды карагыла) *

15, 16. Башкаларды кунт коюп угуу эмнени билдирет?

15 Кунт коюп угуу. Ыйык Китепте: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын»,— деген кеңеш берилет (Жкп. 1:19). Биз башкаларды кунт коюп угабызбы? Айрымдар угуу деген сүйлөп жаткан кишини карап, эч үн катпай отурууну билдирет деп ойлошу мүмкүн. Бирок жакшы угуучу болуу ушуну эле билдирбейт. Алсак, Илияс пайгамбар жүрөгүн өйүгөн нерселерди айтып жатканда, Жахаба аны кунт коюп уккан. Жахаба анын коркуп, жалгызсырап, кылган эмгегинен эч кандай майнап чыкпагандай сезип жатканын түшүнгөн. Анан ага ошол терс сезимдерин жеңгенге мээримдүүлүк менен жардам берген. Ушундай жолдор менен Жахаба аны кунт коюп укканын көрсөткөн (1 Пад. 19:9—11, 15—18).

16 Ишенимдешибизди угуп жатканда ага кантип сүйүү, боорукердик көрсөтө алабыз? Кээде сылыктык менен эки-үч жылуу сөз айтып, кандай сезимде болуп жатканыбызды билдирсек болот. Маселен: «Аябай жаман болгон турбайбы. Бала кезде ушундайга кабылуу кандай гана жүрөк оорутат»,— десек болот. Жүрөгүндөгү ой-сезимдерин бөлүшүп жаткан бир туугандын айткандарын туура түшүнүп жатканыбызга ынаныш үчүн бир-эки суроо береттирбиз. Балким, андан: «Кечирип койчу, жакшы түшүнбөй калдым, кайра айтып коёсуңбу?» же: «Сенин айткандарыңды ушундай деп түшүндүм, туура эле түшүндүмбү?» — деп сурасак болоттур. Ушундай жылуу мамилебизден улам ал көңүл коюп угуп жатканыбызга, аны түшүнүш үчүн чын дилден аракет кылып жатканыбызга ынанышы мүмкүн (1 Кор. 13:4, 7).

17. Эмне үчүн «сүйлөгөнгө... шашпай», сабырдуу болушубуз керек?

17 Ошентсе да абайлап, «сүйлөгөнгө... шашпашыбыз» керек. Сезимдерин айтып жаткан кишинин сөзүн бөлүп, кеңеш бергендин же ой жүгүртүүсүн оңдоп киргендин ордуна, сабырдуу болгонубуз жакшы. Илияс пайгамбар Жахабага жүрөгүндөгүсүн төгүп жатканда өзүнүн канчалык оор абалга туш болгонун жаны кейип айтып берген. Жахаба анын ишенимин бекемдегенден кийин да, Илияс кайра эле ошол сөздөрдү айткан (1 Пад. 19:9, 10, 13, 14). Мындан эмнени билүүгө болот? Жан дүйнөсү жаралангандар кээде ичиндегисин кайра-кайра айтышы мүмкүн. Андайда, Жахабага окшоп, чыдамдуулук менен укканга даяр болушубуз керек. Аларга тигиндей же мындай кыл деп айткандын ордуна, боорукер болуп, жылуу-жумшак мамиле кылганыбыз кажет (1 Пет. 3:8).

18. Көңүлү чөккөн бир тууган менен чогуу тиленгенибиз эмне үчүн аны сооротот?

18 Көңүлү чөккөндөр менен чогуу тиленүү. Алар өздөрүн Жахабага кайрылганга татыксыз сезип, тилене албай калышы мүмкүн. Андай адамды сооротуунун бир жолу — аны менен чогуу атын айтып тиленүү. Тиленип жатканда Жахабага ал бир тууганды өзүбүз да, жыйналыштагылар да канчалык жакшы көрөрүн, баалаарын айтсак болот. Ошондой эле андан ошол баалуу кызматчысын жубатып-сооротушун сурансак да болот. Андай тиленүүлөр анын жан дүйнөсүн тынчтандырып, сооротору шексиз (Жкп. 5:16).

19. Кимдир бирөөнү сооротконго кантип даярдансак болот?

19 Жүрөктөгү жараатты айыктырып, соорото турган сөздөрдү тандоо. Сүйлөөрдөн мурун жакшылап ойлонуу зарыл. Ойлонбой айтылган сөз жүрөктү жаралайт, ал эми жумшак сөз айыктырат (Накыл 12:18). Андыктан Жахабадан жагымдуу, көңүлдү жубата турган сөздөрдү тапканга жардам беришин суранышыбыз керек. Эң эле күчтүү, таасирдүү сөздөрдү анын ойлору камтылган Ыйык Китептен таба аларыбызды эстен чыгарбаганыбыз маанилүү (Евр. 4:12).

20. Жыныстык зомбулуктан улам айрымдар өздөрү жөнүндө кандай ойдо болуп калышы мүмкүн жана аларды эмнеге ынандырышыбыз керек?

20 Бала кезинде көрсөтүлгөн жыныстык зомбулуктан улам айрымдар терс ойлорго алдырып, өздөрүн кир, эч нерсеге татыксыз, эч кимге кереги жоктой, башкалар аларды жакшы көрбөгөндөй сезишет. Бирок, чынында, андай эмес. Андыктан Ыйык Китепти колдонуп, аларга Жахабанын көз алдында абдан кымбат экенине ынанууга жардам беришибиз керек. (« Ыйык Китептеги соороторлук аяттар» деген кутучаны карагыла.) Даниел пайгамбар алсырап, көңүлү катуу чөгүп жүргөндө, периштенин аны кантип бекемдегенин эстесеңер. Жахаба Даниелдин анын сүйүктүү кызматчысы экенин, аны абдан баалаарын билишин каалаган (Дан. 10:2, 11, 19). Ал бүгүнкү күндө да жан дүйнөсү кыйналып жүргөн кызматчыларын жогору баалайт!

21. Өкүнбөгөн күнөөкөрлөр келечекте эмне болушат жана ал убак келгенге чейин биз эмне кыла беришибиз керек?

21 Башкаларды сооротуп-жубатканыбызда Жахабанын аларды канчалык жакшы көрөрүн эсине салабыз. Жахабанын адилеттүү Кудай экенин да эч качан унутпашыбыз керек. Жыныстык зомбулукка жаткан бир да иш анын көз жаздымында калбайт. Ал баарын көрүп турат жана өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү сөзсүз жазалайт (Сан. 14:18). Ал убак келгиче, ар бирибиз ошондой адамдардын айынан запкы жегендерге сүйүү көрсөтүү үчүн колубуздан келгендин баарын кыла берели. Жахабанын Шайтан менен анын дүйнөсүнүн айынан жабыр тарткан адамдардын жүрөгүндөгү жарааттарын толугу менен айыктырарын билүү кандай гана жубатат! Жакында андай жагымсыз нерселердин бири да эскерилбей калат, баары өткөндүн ишине айланат (Ыш. 65:17).

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

^ 5-абз. Бала кезинде жыныстык зомбулукка кабылгандар көп жылдар өткөндөн кийин деле кыйнала бериши мүмкүн. Бул макалада анын себептери талкууланат. Ошондой эле аларды ким соорото алары жана анын айрым натыйжалуу жолдору каралат.

^ 11-абз. Жыныстык зомбулуктан жапа чеккен киши тажрыйбалуу адистерден жардам алар-албасын өзү чечет.

^ 76-абз. СҮРӨТ. Жетилген ишенимдешибиз жан дүйнөсү жараланган бир тууганды жубатууда.

^ 78-абз. СҮРӨТ. Эки аксакал кыйналып жүргөн бир тууган менен сүйлөшүп жатат. Ал бир тууган жетилген ишенимдешибизден аны менен чогуу отурушун суранган.