Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жыйналышта сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы

Жыйналышта сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы

«Бири-бириңердин түйшүгүңөрдү көтөргүлө, ошентип Машаяктын мыйзамын аткаргыла» (ГАЛ. 6:2).

12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кайсы эки нерседен шектенбесек болот?

ЖАХАБА КУДАЙ кызматчыларын жакшы көрөт. Анын аларга болгон сүйүүсү эч качан өчпөйт. Ал акыйкаттыкты, башкача айтканда, адилеттүүлүктү да сүйөт (Заб. 33:5). Андыктан эки нерседен шектенбесек болот: 1) кызматчылары адилетсиздикке кабылганда, Жахабанын жүрөгү ооруйт; 2) ал адилеттүүлүктү толугу менен орнотот. Бул катар макалалардын биринчисинде * талкуулаганыбыздай, Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу ысрайыл элине берген Мыйзамы сүйүүгө негизделген. Ал Мыйзам элди баарына, атүгүл болушар кишиси жокторго да адилеттүү мамиле кылууга үндөгөн (Мыйз. 10:18). Андагы жол-жоболордон Жахабанын өз кызматчыларына канчалык кам көрөрү айкын көрүнүп турат.

2. Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Б.з. 33-жылы Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенде, Мусанын Мыйзамы күчүн жоготкон. Бул Машаяктын жолдоочулары баш ие турган жана сүйүүгө негизделген, адилеттүүлүккө үндөгөн мыйзам жок болуп калды дегенди билдиргенби? Түк да. Аларга жаңы мыйзам, Машаяктын мыйзамы, берилген. Бул макалада алгач ушул жаңы мыйзамдын эмнени билдирерин карап чыгабыз. Андан соң төмөндөгү суроолорго жооп алабыз: Эмне себептен жаңы мыйзамды сүйүүгө негизделген деп айта алабыз? Эмне үчүн адилеттүүлүккө үндөйт деп айтса болот? Ал мыйзамга ылайык, бийлиги барлар башкаларга кандай мамиле кылышы керек?

«МАШАЯКТЫН МЫЙЗАМЫ» ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Галатиялыктар 6:2де айтылган «Машаяктын мыйзамына» эмнелер кирет?

3 Окугула: Галатиялыктар 6:2. Машаяктын жолдоочулары «Машаяктын мыйзамына» баш ийишет. Иса жолдоочуларына мыйзамдар жыйнагын берген эмес. Анын ордуна, алар жетектелиши керек болгон принциптерди, көрсөтмөлөрдү, осуяттарды берген. «Машаяктын мыйзамы» өз ичине Иса үйрөткөндөрдүн баарын камтыйт. Кийинки абзацтардан бул мыйзам тууралуу дагы көбүрөөк билебиз.

4, 5. Иса кандай жолдор менен жана качан окуткан?

4 Иса кандай жолдор менен окуткан? Биринчиден, сөзү менен окуткан. Анын сөздөрү таасирдүү болгон, анткени ал Кудай жөнүндөгү чындыкты жарыялаган, жашоонун маңызы эмнеде экенин, Кудайдын Падышалыгы адамдар кабылып жаткан азап-кайгынын баарын жок кыларын айткан (Лк. 24:19). Экинчиден, үлгүсү менен окуткан. Иса жолдоочулары кандай жашоо өткөрүшү керектигин өзүнүн жашоосу менен көрсөткөн (Жкн. 13:15).

5 Иса качан окуткан? Жерде кызмат кылып жүргөндө (Мт. 4:23). Ал шакирттерин тирилгенинен көп өтпөй да окуткан. Мисалы, бир жолу шакирттерине, сыягы, 500дөн ашык кишиге көрүнүп, аларга «шакирт даярдоого» буйрук берген (Мт. 28:19, 20; 1 Кор. 15:6). Асманга кеткенден кийин да жыйналыштын башчысы катары жолдоочуларын окутуп-үйрөтө берген. Алсак, ал майланган жолдоочуларын болжол менен б.з. 96-жылы элчи Жакан аркылуу бекемдеп, кеңеш берген (Кол. 1:18; Аян 1:1).

6, 7. а) Исанын окуулары каякта жазылган? б) Машаяктын мыйзамына баш иерибизди кантип көрсөтөбүз?

6 Исанын окуулары каякта жазылган? Анын жерде жүргөндө айткан сөздөрү менен кылган иштеринин көбү төрт Инжилде жазылган. Грек Жазмаларына кирген башка китептер да Исанын ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жардам берет. Себеби аларды «Машаяктын акылына ээ» болгон жана ыйык рухка жетектелген адамдар жазышкан (1 Кор. 2:16).

7 Жыйынтык. Исанын окуулары жашоонун бардык тармагына тиешелүү. Машаяктын мыйзамы бизге үйдө, жумушта, мектепте же жыйналышта болобу, кандай иш кылсак туура болорун көрсөтүп турат. Ал мыйзамды Грек Жазмаларын окуп жана окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү менен тереңирээк түшүнө алабыз. Ага баш иерибизди Грек Жазмаларында камтылган принциптерге, көрсөтмөлөргө, осуяттарга ылайык жашоо менен көрсөтөбүз. Машаяктын мыйзамына баш ийгенибизде мээримдүү Кудайыбыз Жахабага баш ийген болобуз. Анткени Иса өзү окуткан нерселердин баарын Жахабадан үйрөнгөн (Жкн. 8:28).

СҮЙҮҮГӨ НЕГИЗДЕЛГЕН МЫЙЗАМ

8. Машаяктын мыйзамы эмнеге негизделген?

8 Пайдубалы бекем, жакшы салынган үйдө жашагандар өздөрүн коопсуз сезишет. Ошо сыңары, туруктуу нерсеге негизделген жакшы мыйзам ага ылайык жашагандардын өздөрүн коопсуз сезишине өбөлгө түзөт. Машаяктын мыйзамы эң жакшы нерсеге — сүйүүгө — негизделген. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

Башкаларга сүйүү менен мамиле кылсак, «Машаяктын мыйзамына» баш ийген болобуз (9—14-абзацтарды карагыла) *

9, 10. Машаяктын дайыма сүйүүгө жетектелип иш кылганы эмнелерден көрүнгөн жана биз андан кандай үлгү алсак болот?

9 Биринчиден, эмне иш кылбасын, Иса баарын сүйүү менен кылган. Сүйүү, адатта, боорукердик, назик сезимдер менен чагылдырылат. Боору ооругандыктан Иса көптөрдү окуткан, оорулууларды айыктырган, ачка болгондорду тойгузган жана өлгөндөрдү тирилткен (Мт. 14:14; 15:32—38; Мр. 6:34; Лк. 7:11—15). Мындай иштер көп убактысын, күчүн алса да, Иса элдин кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон. Андан тышкары, ал башкалар үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалып, сүйүүсүнүн канчалык күчтүү экенин көрсөткөн (Жкн. 15:13).

10 Жыйынтык. Биз да башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору койсок, Исаны туураган болобуз. Андан үлгү алганыбыз аймагыбыздагыларга боорукердик менен мамиле кылганыбыздан да көрүнөт. Эгер кабар айтуу жана окутуу ишине адамдарга боорубуз ооругандыктан катышсак, Машаяктын мыйзамына баш ийген болобуз.

11, 12. а) Жахабанын бизге кам көрөрү эмнеден көрүнүп турат? б) Канткенде Жахабаныкындай сүйүү көрсөтө алабыз?

11 Экинчиден, Иса Атасынын сүйүүсү тууралуу билүүгө жардам берген. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал Жахабанын өзүнүн кызматчыларына канчалык кам көрөрүн көп жолу айкын кылган. Мисалы, асмандагы Атасы тууралуу төмөнкүдөй терең ойлорду айткан: Жахаба ар бирибизди жогору баалайт (Мт. 10:31). Ошондой эле жоголгон кою өкүнүп, жыйналышка кайтып келгенде, аны кучак жайып тосуп алат (Лк. 15:7, 10). Ал өзүнүн Уулун биз үчүн кун катары берип, зор сүйүүсүн далилдеген (Жкн. 3:16).

12 Жыйынтык. Канткенде Жахабаныкындай сүйүү көрсөтө алабыз? (Эф. 5:1, 2). Биз да ар бир ишенимдешибизди жогору баалашыбыз жана «жоголгон кой» Жахабага кайтып келгенде, аны кучак жайып тосуп алышыбыз керек (Заб. 119:176). Бир туугандарыбыздан, өзгөчө, алар муктаж болгондо убактыбызды, күчүбүздү аябасак, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз (1 Жкн. 3:17). Башкаларга сүйүү менен мамиле кылсак, Машаяктын мыйзамын аткарган болобуз.

13, 14. а) Жакан 13:34, 35те жазылгандай, Иса шакирттерин эмнеге үндөгөн жана ал осуят эмне үчүн жаңы деп айтылган? б) Жаңы осуятка баш иерибизди кантип көрсөтө алабыз?

13 Үчүнчүдөн, Иса шакирттерин жан аябастык менен сүйүү көрсөтүүгө үндөгөн. (Окугула: Жакан 13:34, 35.) Иса ал осуятты жаңы деп айткан. Себеби, ага ылайык, ысрайыл элине берилген Мыйзамда айтылгандагыдан күчтүү сүйүү көрсөтүшүбүз, тактап айтканда, ишенимдештерибизди Иса бизди сүйгөндөй сүйүшүбүз талап кылынат. Ал эми бул үчүн жан аябастык менен сүйүү * көрсөтүү зарыл. Биз өзүбүзгө караганда бир туугандарыбызды көбүрөөк сүйүшүбүз керек. Иса сүйүүсүнөн улам биз үчүн өмүрүн бергендей эле, биздин да ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүз алар үчүн өмүрүбүздү берүүгө даяр болгончолук күчтүү болушу кажет.

14 Жыйынтык. Канткенде Иса берген жаңы осуятка баш ийген болобуз? Бир сөз менен айтканда, бир туугандар үчүн курмандыктарга баруу менен. Биз аларга болгон сүйүүбүздү өз өмүрүбүздөн кечкенге даяр болуу менен эле эмес, анча чоң эмес иштерибиз аркылуу да көрсөтө алабыз. Маселен, кары бир тууганды жыйналышка алып барып турууга аракет кылганда, жакын адамыбызды кубантыш үчүн өз кызыкчылыгыбыздан баш тартканда же табигый кырсыктан жапа чеккендерге көмөк көрсөтүш үчүн жумуштан өргүү алганда Машаяктын мыйзамына баш иерибизди көрсөтөбүз. Жыйналыштын ар бирибиз үчүн бейкут, коопсуз жай болушуна салым кошуу менен да ушул мыйзамды аткарган болобуз.

АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ҮНДӨГӨН МЫЙЗАМ

15—17. а) Исанын адилеттүүлүккө болгон көз карашы иш-аракетинен кандайча көрүнүп турган? б) Канткенде Машаяктан үлгү алган болобуз?

15 Ыйык Китепте «адилеттүүлүк» деп берилген сөз, негизинен, Кудай туура деп эсептеген нерсени кылууну жана бет карамалык кылбоону билдирет. Эмне себептен Машаяктын мыйзамы адилеттүүлүккө үндөйт деп айта алабыз?

Иса аялдарга, анын ичинде башкалар киши ордуна көрбөгөндөргө да урмат-сый менен, жумшак мамиле кылчу (16-абзацты карагыла) *

16 Биринчиден, Исанын адилеттүүлүккө болгон көз карашы иш-аракетинен кандайча көрүнүп турганына токтололу. Анын күндөрүндө жүйүттөрдүн диний жетекчилери башка улуттагыларды жек көрүшчү, карапайым элди теңине алышчу эмес, аялдарды басынтышчу. Ал эми Иса эч кимге бет карамалык кылбай, баарына бирдей мамиле кылчу. Ал ага ишенген бөтөн элдик кишилерден да жардамын аячу эмес (Мт. 8:5—10, 13). Иса бай-кедей деп бөлбөй, бардыгына кабар айткан (Мт. 11:5; Лк. 19:2, 9). Ал аялдарга эч качан орой же катаал мамиле кылчу эмес. Тескерисинче, аларга, анын ичинде башкалар киши ордуна көрбөгөндөргө да урмат-сый менен, жумшак мамиле кылчу (Лк. 7:37—39, 44—50).

17 Жыйынтык. Эч кимге бет карамалык кылбасак жана уккусу келген бардык адамдарга, алардын тек-жайына, туткан динине карабай кабар айтсак, Исадан үлгү алган болобуз. Машаякты жолдогон эркектер болсо аялдарга урмат-сый менен мамиле кылып, аны туурашат. Ушундай иш-аракеттерди кылсак, Машаяктын мыйзамына баш ийген болобуз.

18, 19. Иса адилеттүүлүк жөнүндө эмне деп окуткан жана мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

18 Экинчиден, Исанын адилеттүүлүк жөнүндө эмне деп окутканына көңүл буралы. Ал жолдоочуларына башкаларга адилеттүүлүк менен мамиле кылууга жардам бере турган принциптерди үйрөткөн. Мисалы, алтын эреже жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү (Мт. 7:12). Ар бирибиз эле башкалардын бизге адилеттүү мамиле кылышын каалайбыз. Андыктан өзүбүз да башкаларга ошондой мамиле кылышыбыз керек. Эгер ошентсек, алар да бизге адилеттүү мамиле кылууга түрткү алышы мүмкүн. Ал эми адилетсиз мамилеге дуушар болуп жатсакчы? Иса жолдоочуларына Жахабанын «өзүнө күнү-түнү жалынган тандалгандар үчүн адилеттикти орноторуна» шектенбесе болорун айткан (Лк. 18:6, 7). Ал муну айтуу менен адилеттүү Кудайыбыздын азыркы акыркы күндөрдө кабылып жаткан ар бир кыйынчылыгыбызды билерин жана өз убагы келгенде адилеттүүлүктү орноторун убада кылгандай эле болгон (2 Тес. 1:6).

19 Жыйынтык. Иса үйрөткөн принциптерди колдонсок, башкаларга адилеттүү мамиле кылабыз. Эгер Шайтандын дүйнөсүндө адилетсиздикке кабылып жатсак, Жахабанын биз үчүн адилеттүүлүктү орноторун билгенибиз бизди сооротот.

БИЙЛИГИ БАРЛАР БАШКАЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛЫШЫ КЕРЕК?

20, 21. а) Бийлиги барлар башкаларга кандай мамиле кылышы керек? б) Үй-бүлө башчысы аялына кантип жан аябастык менен сүйүү көрсөтө алат жана ал балдарына кандай мамиле кылышы зарыл?

20 Машаяктын мыйзамына ылайык, бийлиги барлар башкаларга кандай мамиле кылышы керек? Ал мыйзам сүйүүгө негизделгендиктен, бийлиги барлар өздөрү кам көргөн адамдардын кадыр-баркын сыйлап, аларга сүйүү менен мамиле кылышы зарыл. Алар Машаяктын жолу сүйүүнүн жолу экенин унутпашы кажет.

21 Үй-бүлөдө. Күйөө аялын «Машаяк... жыйналышты сүйгөндөй» сүйүшү керек (Эф. 5:25, 28, 29). Ал Машаяктыкындай жан аябас сүйүү көрсөтүп, аялынын муктаждыктары менен кызыкчылыктарын өзүнүкүнөн жогору коюшу талап. Кээ бир эркектер үчүн бул кыйынга турушу мүмкүн. Буга алардын адилеттүүлүк, сүйүү өкүм сүрбөгөн чөйрөдө чоңойгону себеп болушу ыктымал. Көнүп калган адаттардан арылуу оңой болбосо да, алардын Машаяктын мыйзамына баш ийүү үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү кылганы маанилүү. Жан аябас сүйүү көрсөткөн күйөө аялынын урмат-сыйына ээ болот. Балдарын чындап жакшы көргөн ата аларга сөзү же иши менен катуу тийбейт (Эф. 4:31). Анын ордуна, балдары өздөрүн коопсуз сезиши үчүн, аларды жакшы көрөрүн, баалаарын билдирип турат. Андай ата балдарынын сүйүүсүнө жана ишенимине татыйт.

22. 1 Петир 5:1—3-аяттарда жазылгандай, койлор кимге таандык жана аларга кандай мамиле кылынышы керек?

22 Жыйналышта. Аксакалдар жыйналыштагы «койлордун» аларга таандык эмес экенин унутпашы керек (Жкн. 10:16; окугула: 1 Петир 5:1—3). «Кудайдын... отору», «Кудайдын аманаты» деген сөз айкаштары койлордун Жахабага таандык экенин аксакалдардын эсине салып турат. Жахаба өзүнүн койлоруна сүйүү менен, назик мамиле кылынышын каалайт (1 Тес. 2:7, 8). Койлорго кам көрүүдө өздөрүнүн милдетин мээримдүүлүк менен аткарган аксакалдар Жахабага жагат. Андай аксакалдар ишенимдештеринин сүйүүсүнө, урмат-сыйына да ээ болот.

23, 24. а) Олуттуу күнөө кылгандардын ишин кароодо аксакалдар кандай роль аткарышат? б) Андай жагдайларда аксакалдар эмнелерди эске алышы керек?

23 Олуттуу күнөө кылгандардын ишин кароодо аксакалдар кандай роль аткарышат? Алардын ролу ысрайыл элине берилген Мыйзамга баш ийген соттор менен аксакалдардыкынан айырмаланат. Ал Мыйзамга ылайык, дайындалган соттор менен аксакалдар сыйынууга байланыштуу нерселерди гана эмес, жарандык маселелерди жана кылмыш иштерин да карашчу. Ал эми Машаяктын мыйзамына баш ийген аксакалдар, кимдир бирөө олуттуу күнөө кылганда, анын Жахаба менен жана жыйналыштагылар менен болгон мамилесине байланыштуу нерселерди гана карашат. Алар Кудайдын жарандык маселелерди жана кылмыш иштерин кароо укугун жогорку бийликтегилерге бергенин жакшы түшүнүшөт. Бийликтегилер күнөөкөргө каршы айып пул төлөтүү же түрмөгө отургузуу сыяктуу жазалоо чараларын колдонууга да укуктуу (Рим. 13:1—4).

24 Кимдир бирөө олуттуу күнөө кылганда, аксакалдар эмне кылышат? Иштин чоо-жайын жакшылап иликтеп, туура чечим чыгарыш үчүн Ыйык Жазманы колдонушат. Алар Машаяктын мыйзамы сүйүүгө негизделерин эсинде бек сакташат. Сүйүү аксакалдарга күнөөкөрдүн иш-аракетинен улам запкы жеген бир туугандардын ар бирине кантип жардам берсе болорун ойлонууга түрткү берет. Ошондой эле алар күнөө кылган адам тууралуу: «Ал өкүнүп жатабы? Ага Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө жардам бере алабызбы?» — деп ой жүгүртүшөт.

25. Эмки макалада эмне талкууланат?

25 Машаяктын мыйзамы үчүн Кудайга кандай гана ыраазыбыз! Ал мыйзамды аткарууга баарыбыз бүт күчүбүздү жумшасак, жыйналыштын сүйүү өкүм сүргөн, келгендердин ар бири өзүн керектүү, коопсуз сезген жай болушуна өбөлгө түзөбүз. Азыркы убакта биз «кара өзгөй адамдар... барган сайын бузулуп» бараткан дүйнөдө жашап жатабыз (2 Тим. 3:13). Андыктан дайыма сак болушубуз керек. Балага жыныстык зомбулук көрсөтүлгөндө, жыйналышта Кудайдын адилеттүүлүгү кандайча чагылдырылат? Бул суроо эмки макалада талкууланат.

15-ЫР: Жахабанын Туңгучун тосуп алгыла!

^ 5-абз. Ушул жана кийинки 2 макала Жахабанын сүйүүнүн жана адилеттүүлүктүн Кудайы экенине эмне үчүн шектенбесек болору талкууланган 4 макаланын ичине кирет. Жахаба өзүнүн элине адилеттүү мамиле кылынышын каалайт, ошондой эле азыркы бузулган дүйнөдө адилетсиз мамилеге дуушар болгондорду сооротот.

^ 1-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2019-жыл, февраль, «Мыйзамда сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы» деген макала.

^ 13-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Жан аябастык менен көрсөтүлчү сүйүү бизге башкалардын жыргалчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюуга түрткү берет. Ошондой сүйүү өрчүтсөк, кимдир бирөөгө жардам бериш үчүн же анын пайдасы үчүн кайсы бир нерседен баш тартууга даяр болобуз.

^ 61-абз. СҮРӨТ. Иса жалгыз уулунан айрылган жесир аялга боору ооруп, анын уулун тирилткен.

^ 63-абз. СҮРӨТ. Иса Симон аттуу фарисейдикинде конокто отурат. Бир аял анын бутун көз жашы менен жууп, чачы менен сүртүп, жыпар жыттуу май менен майлайт. Сыягы, ал сойку болгон. Симон ал аялдын кылганын жактырбай жатат, ал эми Иса аны коргоп жатат.