Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде Шайтандын тузагына түшпөйбүз?

Канткенде Шайтандын тузагына түшпөйбүз?

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР Иордан дарыясынан өтүп, Кудай убадалаган жерге кирүүгө даярданып жатышканда, бөтөн жерлик аялдар келишкен. Алар Ысрайыл уулдарын өздөрү менен чогуу майрам өткөрүүгө чакырышкан. Балким, ысрайылдыктар муну өзгөчө мүмкүнчүлүк катары көрүшкөндүр. Жаңы досторду табуу, бийлөө, чүйгүн тамак-аштан даам сызуу сыяктуу нерселер аларга аябай кызыктуу көрүнгөндүр. Ал аялдар карманган адеп-ахлак нормалары, каада-салттар Кудайдын Мыйзамында айтылгандардан таптакыр айырмаланса да, айрым ысрайылдык эркектер: «Биз алардын таасирине алдырбайбыз. Сак болобуз»,— деп ойлошсо керек.

Бирок алар ойлогондой болгонбу? Ыйык Китепте: «Ысрайылдыктар Мааптын кыздары менен бузуктук кыла башташты»,— деп жазылган. Бөтөн жерлик аялдар, чынында, ысрайылдык эркектердин өздөрү менен чогуу жалган кудайларга сыйынышын каалашкан. Өкүнүчтүүсү, ал кишилер азгырыкка туруштук бере алышкан эмес. Ошол себептен «аларга Жахабанын каары кайнаган» (Сан. 25:1—3).

Алар ошондо Кудайдын Мыйзамындагы эки осуятты бузушкан, тагыраак айтканда, буркандарга табынышкан жана жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барышкан. Кудайдын тилин албагандыктан миңдегендер өмүрүнөн айрылган (Чыг. 20:4, 5, 14; Мыйз. 13:6—9). Бул окуя дагы эмнеси менен кейиштүү болгон? Алар абдан орчундуу убакта туура эмес иш кылышкан. Эгер Кудайдын Мыйзамын бузушпаса, көп өтпөй баары Иордан дарыясын кечип өтүп, Убадаланган жерге киришмек (Сан. 25:5, 9).

Ошол окуялар тууралуу элчи Пабыл: «Алардын башынан өткөндүн баары башкаларга сабак болушу үчүн болгон, ал эми дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган»,— деген (1 Кор. 10:7—11). Ысрайылдыктардын айрымдары ошондой олуттуу күнөө кетирип, Убадаланган жерге кирүүгө татыксыз болуп калганда, Шайтандын чырагына май тамганы шексиз. Ал биздин да Кудай орното турган жаңы дүйнөгө кирбей калышыбызды көксөйт. Ошондуктан ысрайылдыктардын катасынан сабак алганыбыз абдан маанилүү.

КОРКУНУЧТУУ ТУЗАК

Шайтан Кудайдын кызматчыларын олжо кылыш үчүн өзү жакшы билген жана көптөрдү тузакка түшүрүүдө колдонуп келаткан ыкмаларын колдонот. Жогорудан көргөнүбүздөй, ал ысрайылдыктарды жыныстык адеп-ахлаксыздык аркылуу азгырган. Жыныстык адеп-ахлаксыздык азыркы учурда да коркунучтуу тузак болуп эсептелет. Шайтандын ага түшүрүш үчүн колдонгон күчтүү куралдарынын бири — порнография.

Бүгүнкү күндө порнографияны эч кимге байкатпай эле көрүү мүмкүн болуп калды. Мындан ондогон жылдар мурун порнография көргүсү келгендер кинотеатрга барышы же андай китеп-журналдарды атайын дүкөндөн сатып алышы керек болчу. Сыягы, көптөр башкалар көрүп калат деп уялгандыктан, андай жерлерге барчу деле эмес. Азыр болсо Интернетке кире алган киши порнографияны жумушунан, атүгүл машинесинен деле көрө алат. Көп өлкөлөрдө эркектер да, аялдар да ыпылас нерселерди үйүндө отуруп эле көрө беришет.

Андан сырткары, чөнтөк телефон сыяктуу электрондук каражаттар порнография көрүүнүн жолун жеңилдетип койгондуктан, айрымдар көчөдө же коомдук унаада кетип баратып эле телефонунан уятсыз нерселерди көрө алышат.

Адеп-ахлаксыз нерселерди көрүү да, аны жашыруу да оңой болуп калгандыктан, порнографиядан мурдагыга караганда көбүрөөк киши зыян тартууда. Анын торуна түшкөн сансыз адамдардын никесине, өзүн өзү сыйлоо сезимине, абийирине доо кетүүдө. Баарынан жаманы, алардын Кудай менен болгон достугуна коркунуч туулууда. Ооба, порнография көрүүнүн залакасы чоң экени айдан ачык. Анын тийгизген терс таасиринен адам узак убакыт бою, кээ бирлер атүгүл өмүр бою толугу менен арыла албашы мүмкүн.

Бирок Жахабанын бизди Шайтандын бул тузагынан коргогусу келерин унутпашыбыз керек. Эгер Жахабанын бизди коргошун кааласак, байыркы ысрайылдыктардай болбой, ага «толугу менен баш ийишибиз» зарыл (Чыг. 19:5). Ошондой эле анын порнографияны жек көрөрүн эстен чыгарбашыбыз кажет. Порнографиянын Жахабанын көз алдында жийиркеничтүү экенин кайдан билебиз?

ЖАХАБА ЖЕК КӨРГӨНДӨЙ ЖЕК КӨР

Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: Жахабанын ысрайыл элине берген мыйзамдары ошол убактагы башка элдердин баарынын мыйзамдарынан башкача болчу. Дубал сыңары, ал мыйзамдар ысрайылдыктарды кошуна элдердин таасиринен жана ыпылас иштеринен коргоп турчу (Мыйз. 4:6—8). Ал мыйзамдардан маанилүү чындык — Жахабанын жыныстык адеп-ахлаксыздыкты жек көрөрү — айкын көрүнүп турган.

Коңшу элдердин ыпылас иштерин санап өткөндөн кийин Жахаба ысрайылдыктарга: «Мен силерди алып бараткан Канаан жериндегилер кылган иштерди... кылбагыла... Алардын жери... булганды. Мен анын тургундарын күнөөсү үчүн жазалайм»,— деген. Канаандыктар ушунчалык көңүл иренжиткен иштерди кылгандыктан, ысрайылдыктардын ыйык Кудайы алар жашаган жерди таза эмес, булганган деп эсептеген (Леб. 18:3, 25).

Жахаба канаандыктарды жазаласа да, башка элдер адеп-ахлаксыз иштерди кыла беришкен. Ошондон 1500 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин элчи Пабыл Машаяктын жолдоочуларына башка элдердин «уят-сыйытты жыйыштырып» койгонун жазган. Алар «ар кандай ыпылас иштерди ач көздүк менен жасаш үчүн уятсыз жүрүм-турумга берилип кетишкен» (Эф. 4:17—19). Бүгүнкү күндө да адеп-ахлаксыз иштерди кылуудан такыр уялбаган адамдар арбын. Ал эми Кудайдын кызматчылары бул дүйнөдөгүлөр кылган ыпылас иштерди көрүүдөн мүмкүн болушунча качышы керек.

Порнографияга байланышы бар нерселердин баары Кудайдын алдында олуттуу күнөө болуп эсептелет. Анткени Жахаба адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан. Ошондой эле эмне туура, эмне туура эмес экенин ажырата билүү жөндөмүн берген. Акылмандыгынан улам ал жыныстык мамилелерге байланыштуу белгилүү бир чектерди койгон. Себеби жыныстык мамиленин никеде турган жубайларга ырахат тартуулашын каалаган (Башт. 1:26—28; Накыл 5:18, 19). Андыктан порнографиялык материалдарды чыгаргандар же аларды жайылткандар тууралуу эмне десе болот? Алар Кудайдын адеп-ахлак нормаларын тебелеп-тепсөөдө. Ооба, порнографиянын кулач жайышына шарт түзүп жаткандар Жахабага тил тийгизүүдө. Адеп-ахлаксыз материалдарды чыгарып же жайылтуу менен Кудайдын нормаларын четке кагып жаткандарды ал жоопко тартат (Рим. 1:24—27).

Ал эми порнографиялык материалдарды атайын окугандар же көргөндөр тууралуу эмне дешке болот? Алардын айрымдары порнографияны зыянсыз көңүл ачуу деп ойлошу мүмкүн. Бирок, чынында, алар Жахабанын адеп-ахлак нормаларын баркка албагандарды колдоп жатышат. Балким, алар башында порнографияны жаман ою жок эле көрө баштагандыр. Кандай болбосун, Ыйык Китепте чыныгы Кудайдын кызматчылары порнографиядан жаа бою качышы керектиги айкын-так жазылган. Анда: «Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө»,— деп эскертилет (Заб. 97:10).

Анткен менен такыр порнография көргүсү келбегендерге да андай азгырыкка каршы туруу дайыма эле оңой боло бербейт. Себеби биз жеткилең эмеспиз, ошондуктан адеп-ахлаксыздыкка түрткөн каалоолор менен күрөшүүгө туура келиши ыктымал. Андан тышкары, анткор жүрөгүбүз бизди Кудайдын мыйзамын бузууга азгырышы мүмкүн (Жер. 17:9). Бирок Исанын көптөгөн жолдоочулары бул күрөштө жеңишке жетүүдө. Эгер сен да ушундай күрөш жүргүзүп келатсаң, муну билүү дем-күч берери шексиз. Анда Кудайдын Сөзү порнографиянын тузагына түшпөөгө кандайча жардам берерин карап көрөлү.

ЫПЫЛАС НЕРСЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНО БЕРБЕ

Буга чейин билгенибиздей, көптөгөн ысрайылдыктар жаман каалоолоруна жетеленгенинин айынан чоң каргашага туш болушкан. Бүгүн да ушундай болушу мүмкүн. Бул тууралуу Исанын уялаш бир тууганы Жакып: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырыл[ат]... Кумар түйүлүп, күнөө туулат»,— деп жазган (Жкп. 1:14, 15). Эгер кимдир бирөө жүрөгүндөгү адеп-ахлаксыз каалоолорун ооздуктабаса, бир күнү күнөө кылып алышы толук мүмкүн. Андыктан ыпылас ойлорду өрчүтө бербей, аларды дароо сүрүп чыгарышыбыз керек.

Эгер өзүңдүн адеп-ахлаксыз нерселер жөнүндө ойлоно берериңди байкасаң, тезинен иш-аракет кыл. Иса: «Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер... Эгер көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер»,— деген (Мт. 18:8, 9). Муну менен ал бизди өзүбүзгө зыян келтирүүгө чакырган эмес. Ал жаман каалоолордун пайда болушуна эмне себеп болуп жатканын аныктап, тез арада жана чечкиндүү түрдө зарыл өзгөрүүлөрдү кылуу керектигин айткысы келген. Исанын бул кеңешин порнографияга карата кантип колдоно алабыз?

Эгер күтүүсүз жерден порнография көрсөтүлүп калса: «Бул мага таасир этпейт»,— деп ойлобо. Жүзүңдү шарт буруп, башка жакты кара. Телевизор болобу, компьютерби же электрондук каражатпы, аны дароо өчүр. Оюңду таза нерсеге бур. Ошентсең, жаман каалоого алдырбай, ой жүгүртүүңдү башкара аласың.

МУРДА КӨРГӨНДӨРҮҢ ОЮҢА КЕЛЕ БЕРСЕЧИ?

Порнографияны таптакыр көрбөй калгандан кийин да мурда көргөн ыпылас нерселер кээде оюңа келе берсечи? Негизи, порнография көргөн адамдын акылында адеп-ахлаксыз сүрөттөр же ойлор көп убакытка чейин сакталып калышы жана күтпөгөн учурда эле пайда боло бериши мүмкүн. Эгер ошондой болуп жатса, мастурбация сыяктуу таза эмес иштерди кылууга азгырылышың ыктымал. Ошондуктан андай ыпылас ойлордун күтүүсүздөн пайда болорун эске алып, аларды дароо жок кылганга даяр бол.

Жахаба каалагандай ой жүгүрткөнгө жана иш-аракет кылганга чечкиндүү бол. «Дене[син] сабап, кулга айландырган» элчи Пабылдан үлгү ал (1 Кор. 9:27). Ыпылас каалоолордун сени башкарып алышына жол бербе. «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билиш» үчүн, акылыңды жаңыртып, өзгөр (Рим. 12:2). Күнөөкөр дененин каалоолоруна жетеленгенде эмес, ой жүгүртүүң менен иш-аракетиң Кудайга жаккандай болгондо гана чындап бактылуу болоруңду унутпа.

Күнөөкөр дененин каалоолоруна жетеленгенде эмес, ой жүгүртүүң менен иш-аракетиң Кудайга жаккандай болгондо гана чындап бактылуу болосуң

Ыйык Китептеги айрым аяттарды жаттаганга аракет кыл. Ыпылас ойлор келгенде, ошол аяттар тууралуу ой жүгүрт. Мисалы, Забур 119:37, Ышая 52:11, Матай 5:28, Эфестиктер 5:3, Колосалыктар 3:5 жана 1 Тесалоникалыктар 4:4—8-аяттар порнографияга карата Жахабаныкындай көз карашта болууга, ошондой эле анын сенден эмнени күтөрүн түшүнүүгө жардам берет.

Эгер адеп-ахлаксыз нерселерди көрүүгө же алар тууралуу ойлонууга азгырылып, туруштук берүү кыйын болуп жатсачы? Андай учурда Исадай иш кылганың маанилүү (1 Пет. 2:21). Ал чөмүлгөндөн кийин, Шайтан аны бир нече жолу сынаган. Ошондо Иса эмне кылган? Ал бир нече аятты колдонуп, Шайтандын азгырыктарын кайра-кайра четке каккан. Иса ага: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деген. Ошондо Шайтан анын жанынан кеткен. Иса Шайтанга каршы тургандай эле, сен да ага каршы тура аласың (Мт. 4:1—11). Шайтан жана анын дүйнөсү акылыңды ыпылас ойлорго толтурууга тынымсыз аракет кыла берет, бирок багынба. Жахабанын жардамы менен душманыңдын мизин майтарып, жеңишке жете аласың.

ЖАХАБАДАН ТИЛЕН ЖАНА АГА БАШ ИЙ

Дайыма Жахабадан тиленип, андан жардам сура. Элчи Пабыл: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деген (Флп. 4:6, 7). Кудайдын тынчтыгы туура эмес иштерден качууга күч берет. Эгер Жахабага жакындасаң, ал да сага жакындайт (Жкп. 4:8).

Өзүбүздү Шайтандын тузактарынан коргоонун эң жакшы жолу — Ааламдын Эгедери менен ынак мамиледе болуу. Иса: «Бул дүйнөнүн башкаруучусу келатат. Менин үстүмөн анын бийлиги жок»,— деген (Жкн. 14:30). Ал эмне үчүн ушинтип айта алган? Мунун себебин: «Мени жиберген мени менен. Ал мени жалгыз калтырган жок, анткени мен ар дайым ага жакканды кылам»,— деп түшүндүргөн (Жкн. 8:29). Ар убак Жахабага жаккандай иш кылсаң, ал сени да эч качан таштабайт. Порнографиядан алыс болсоң, Шайтан сени тузагына түшүрө албайт.