Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Куугунтукка азыртадан даярдангыла

Куугунтукка азыртадан даярдангыла

«Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат» (2 ТИМ. 3:12).

129-ЫР: Туруктуу бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Куугунтукка даярданганыбыз эмне үчүн маанилүү?

ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА тартылар алдындагы түнү Иса Машаяк анын шакирти болгусу келгендердин баары жек көрүндү болорун айткан (Жкн. 17:14). Ошондон тартып Жахабанын ишенимдүү кызматчылары чыныгы сыйынууга каршы болгондор тарабынан куугунтукка дуушар болуп келишет (2 Тим. 3:12). Биз бул дүйнөнүн аягы жакындаган сайын душмандар каршылыгын ого бетер күчөтөрүн билебиз (Мт. 24:9).

2, 3. а) Коркуу сезими жөнүндө эмнени унутпашыбыз керек? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Куугунтукка кантип даярданышыбыз керек? Алдыда кабылышыбыз мүмкүн болгон жагдайлардын баарын элестете берүүнүн кажети жок. Эгер элестете берсек, тынчсызданып, коркунучка алдырып, сыноо келе электе эле багынып калышыбыз мүмкүн (Накыл 12:25; 17:22). Коркуу сезими — душманыбыз Ибилис бизге каршы колдонгон күчтүү куралдардын бири (1 Пет. 5:8, 9). Анда куугунтук учурунда кайратыбыздан жазбаш үчүн азыртадан эмне кылсак болот?

3 Бул макалада Жахаба менен болгон мамилебизди кантип бекемдесек болорун жана муну азыр кылганыбыз эмне үчүн маанилүү экенин карап чыгабыз. Ошондой эле кайраттуулугубузду кантип чыңдай аларыбызды жана башкалар жек көргөндө эмне кылышыбыз керектигин талкуулайбыз.

КАНТКЕНДЕ ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕРДИ БЕКЕМДЕЙ АЛАСЫҢАР?

4. Еврейлер 13:5, 6га ылайык, эмнеден шектенбешибиз керек жана эмне үчүн?

4 Жахабанын силерди жакшы көрөрүнөн жана эч качан таштабай турганынан шектенбегиле. (Окугула: Еврейлер 13:5, 6.) Мындан көп жылдар мурун «Күзөт мунарасында»: «Кудайды аябай жакшы билген киши сыноо учурунда ага бекем таянат»,— деп жазылган. Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Куугунтук учурунда туруктуу болуш үчүн Жахабаны жакшы көрүшүбүз, ага толугу менен таянышыбыз жана анын бизди сүйөрүнөн такыр шек санабашыбыз керек (Мт. 22:36—38; Жкп. 5:11).

5. Жахабанын сүйүүсүн сезгенге эмне жардам берет?

5 Ыйык Китепти күн сайын окуганда Жахаба менен болгон мамилеңерди бекемдөөнү көздөгүлө (Жкп. 4:8). Аны окуп жатканда Жахабанын сапаттарына көңүл топтогула. Алсак, анын айткан сөздөрү, кылган иштери жөнүндө окуганда силерге болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экенин сезгенге аракет кылгыла (Чыг. 34:6). Башкалардан сүйүү көрбөгөндүктөн айрымдарга Кудайдын аларды жакшы көрөрүнө ишенүү кыйын болушу мүмкүн. Эгер бул силер үчүн да кыйын болсо, Жахабанын силерге кандай жолдор менен кайрымдуулук жана боорукердик көрсөткөнүн күн сайын жазып тургула (Заб. 78:38, 39; Рим. 8:32). Башыңардан өткөргөн нерселериңер жана Ыйык Китептен окугандарыңар тууралуу ой жүгүртсөңөр, Жахабанын силерге кылган көптөгөн жакшылыктарын баамдай аласыңар. Анын кылган жакшылыктарын канчалык бааласаңар, аны менен болгон мамилеңер ошончолук бекемделет (Заб. 116:1, 2).

6. Забур 94:17—19-аяттарда жазылгандай, чын жүрөктөн тиленүү кандайча жардам берет?

6 Үзгүлтүксүз тиленгиле. Мээримдүү атасынын кучагындагы баланы элестетип көрсөңөр. Ал атасынын жакшы көрөрүн сезгендиктен, ага таянат. Ошо себептен ага ошол күнү өзү менен болгон жакшы да, жаман да нерселерди коркпой айта алат. Эгер Жахабадан күн сайын чын жүрөктөн тиленсеңер, силер да аны менен ошондой ынак мамиледе боло аласыңар. (Окугула: Забур 94:17—19.) Мээримдүү Атабыз Жахабадан тиленгенде ага жүрөгүңөрдөгүнү «суудай төгүп», корккон же тынчсыздандырган нерселериңерди майда-чүйдөсүнө чейин айткыла (Ый 2:19). Анын натыйжасы кандай болот? Ыйык Китепте жазылгандай, «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» сезесиңер (Флп. 4:6, 7). Жахабага ичиңердегинин баарын айтып тиленген сайын, ага ого бетер жакындай бересиңер (Рим. 8:38, 39).

Жахабага жана анын Падышалыгына бекем ишенсек, кайраттуу болобуз

Стэнли Жонско Кудайдын Падышалыгына бекем ишенгени күч берген (7-абзацты карагыла)

7. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтылган убадаларга эмне үчүн бекем ишенишибиз керек?

7 Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтылган убадалардын аткарыларына бекем ишенгиле (Сан. 23:19). Эгер алардын аткарыларына болгон ишенимиңер солгундап калса, Шайтан менен анын таламдаштары силерди оңой эле коркутуп алат (Накыл 24:10; Евр. 2:15). Кудайдын Падышалыгына болгон ишенимиңерди азыртадан кантип чыңдасаңар болот? Ан үчүн Падышалыкка байланышкан убадалар жана алардын ишке ашарына эмне үчүн шектенбесеңер болору жөнүндө изилдөө жүргүзгүлө. Мунун кандай пайдасы бар? Ишеними үчүн жети жыл түрмөдө отурган Стэнли Жонс бир туугандын үлгүсүн карап көрөлү *. Ага сыноолорго сынбаганга эмне жардам берген? Ал: «Кудайдын Падышалыгын, анын эмнелерди ишке ашырарын жакшы билгендиктен жана буга кымындай да шектенбегендиктен, эч ким мени ишенимден тайдыра алган жок»,— деген. Эгер Жахабанын убадаларынын жүзөгө ашарына такыр күмөн санабасаңар, аны менен ынак болуп, коркунучка алдырбайсыңар (Накыл 3:25, 26).

8. Жолугушууларды канчалык баалаганыбыздан эмне көрүнөт? Түшүндүргүлө.

8 Жыйналыш жолугушууларын калтырбагыла. Жолугушууларыбыз Жахабага жакындоого өбөлгө түзөт. Аларды канчалык баалаганыбыздан куугунтукка кабылганда канчалык ишенимдүү болорубуз көрүнөт (Евр. 10:24, 25). Эмне үчүн минтип айта алабыз? Эгер азыр болор-болбос эле себептерден улам жыйналышты калтырып жатсак, кийин ишенимдештерибиз менен жолугушуу үчүн өмүрүбүздү тобокелге салууга туура келген учурларда эмне кылабыз? Ал эми эчтекеге карабай жыйналышка барууга дайыма чечкиндүү болсок, каршылаштарыбыз тыюу салганда да, жолугушууларыбызды калтырбайбыз. Андыктан азыртан жыйналыш жолугушууларын баалоого үйрөнгөнүбүз маанилүү. Жыйналышка барганды жакшы көрсөк, эч бир каршылыкка, атүгүл өкмөттүн тыюу салганына карабай адамдарга эмес, Кудайга баш ие беребиз (Элч. 5:29).

Аяттарды, Падышалык ырларын азыр жаттап алсак, куугунтук учурунда аларды эстеп, күч-кубатка толобуз (9-абзацты карагыла) *

9. Аяттарды жаттоону куугунтукка даярдануунун жакшы жолу деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Жакшы көргөн аяттарыңарды жаттап алгыла (Мт. 13:52). Эс тутумуңар жеткилең болбосо да, Жахаба өзүнүн кубаттуу ыйык рухун колдонуп, ал аяттарды эсиңерге сала алат (Жкн. 14:26). Мисалга Чыгыш Германиядагы бир кишилик камерага отуруп чыккан ишенимдешибизди алалы. Ал: «Ошол убакка чейин эки жүздөн ашык аят жаттап алганыма аябай кубангам. Жалгыз отурган ошол күндөрү Ыйык Китептеги ар кандай билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртө алдым»,— деп бөлүшкөн. Эстеп калган аяттары бир тууганыбызга Жахабадан алыстабаганга, ишенимдүү бойдон калганга жардам берген.

(10-абзацты карагыла) *

10. Эмне үчүн ырларды жатташыбыз керек?

10 Жахабаны даңктоо ырларын жаттагыла жана аларды ырдап тургула. Элчи Пабыл менен Сылас Филипиде түрмөдө отурганда рухий ырларды ырдашкан (Элч. 16:25). Мурунку Советтер Союзундагы ишенимдештерибиз Сибирге сүргүнгө айдалганда бекем болуш үчүн алардыкындай иш-аракет кылышкан. Мария Федунь деген бир тууган: «Биз ыр китебиндеги жатка билген ырларыбыздын баарын ырдачубуз»,— деген. Ошондой эле ал ырлардын дем-күч берип, Жахаба менен ынак мамиледе болууга жардам бергенин айткан. Ыр китептеги же сайттагы жакшы көргөн рухий ырларыңарды ырдаганда силер да дем-шык аласыңарбы? Анда аларды жаттап алгыла. (« Кайрат берчи» деген кутучаны карагыла.)

КАЙРАТТУУ БОЛУШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

11, 12. а) 1 Шемуел 17:37, 45—47-аяттардан көрүнүп тургандай, Дөөтү эмне үчүн кайраттуу болгон? б) Андан эмнени үйрөнө алабыз?

11 Куугунтукка туруштук бериш үчүн кайраттуу болушубуз зарыл. Эгер бул сапатты жакшы өрчүтө элек экениңерди байкасаңар, эмне кылышыңар керек? Адамдын чындап кайраттуу экени көлөмүнөн, күчүнөн же шык-жөндөмүнөн көз каранды эмес экенин унутпагыла. Жаш Дөөтүнүн Голиат менен беттешкенин эстесеңер. Алп Голиаттын жанында ал кенедей, алсыз, начар куралданган жаш улан болчу. Атүгүл кылычы да болгон эмес. Ошого карабай ал аябай кайраттуу болгон. Ошондуктан эч коркпостон, кекирейген Голиат менен салгылашуу үчүн аны көздөй чуркап жөнөгөн.

12 Анын ушунчалык кайраттуу болгонунун себеби эмнеде эле? Дөөтү Жахабанын аны менен экенине бекем ишенген. (Окугула: 1 Шемуел 17:37, 45—47.) Ал өзүнө салыштырмалуу Голиаттын канчалык чоң экенине эмес, Голиаттын Жахабага салыштырмалуу канчалык кичинекей экенине көңүл топтогон. Бул билдирүүдөн эмнени үйрөнө алабыз? Эгер Кудуреттүү Кудайдын биз менен экенине жана каршылаштарыбыздын анын көз алдында кичинекей эле экенине бекем ишенсек, кайраттуу болобуз (2 Жылн. 20:15; Заб. 16:8). Кайраттуулук сапатын азыр, куугунтукка туш болгонго чейин, кантип өстүрсөк болот?

13. Кайраттуулугубузду кантип чыңдасак болот? Түшүндүргүлө.

13 Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаган сайын, кайраттуу боло беребиз. Кандайча? Башкаларга кабар айтуунун аркасында Жахабага таянганга жана адамдардан коркпогонго үйрөнөбүз (Накыл 29:25). Көнүгүү жасаганда булчуңдарыбыз чыңалгандай эле, үймө-үй, эл көп жерде же ишкер аймакта кабар айтканыбызда жана расмий эмес күбөлөндүргөнүбүздө, кайраттуулугубуз чыңдалат. Азыр эр жүрөктүк менен кабар айта берсек, кийин ишибизге тыюу салынганда да кабар айта берүүгө даяр болобуз (1 Тес. 2:1, 2).

Бийликтегилер тыюу салганда да, Нэнси Юэн кабар айта берген (14-абзацты карагыла)

14, 15. Нэнси Юэн менен Валентина Гарновскаядан кандай үлгү алсак болот?

14 Биз катуу сыноо учурунда да кайратынан кайтпаган эки ишенимдүү бир тууганыбыздан көп нерсени үйрөнө алабыз. Алардын бири — Нэнси Юэн. Боюнун узундугу 1,5 метрден ашпаганы менен, ал жүрөгү жалтанбаган бир тууган болгон *. Бийликтегилер тыюу салганда да, ал багынбай, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айта берген. Ошондон улам Кытайда 20 жылдан ашуун убакыт түрмөдө отурган. Cуракка алган полиция кызматкерлери аны «өлкөдөгү эң баш ийбес аял» деп айтышкан.

Валентина Гарновская Жахабанын аны менен экенине эч шектенген эмес (15-абзацты карагыла)

15 Валентина Гарновская деген бир тууган болсо мурунку Советтер Союзунда үч жолу кесилип, жалпы жонунан 21 жылдай эркинен ажыратылган *. Эмне үчүн? Ал кабар айта берүүгө чечкиндүү болгондуктан, аны «эң коркунучтуу кылмышкер» деген айып менен түрмөгө камашкан. Бул эки ишенимдешибизге кайраттуу болууга эмне жардам берген? Экөө тең Жахабанын алар менен экенине бекем ишенген.

16. Чындап кайраттуу болуунун сыры эмнеде?

16 Кайраттуулук сапатын өрчүтүүдө өзүбүздүн күчүбүзгө жана шык-жөндөмүбүзгө таянбашыбыз керек. Анын ордуна, Жахабанын биз менен экенине жана биз үчүн күрөшөрүнө толук ишенишибиз зарыл (Мыйз. 1:29, 30; Зак. 4:6). Чындап кайраттуу болуунун сыры мына ушунда.

БАШКАЛАР ЖЕК КӨРГӨНДӨ ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

17, 18. Жакан 15:18—21-аяттарда жазылгандай, Иса жолдоочуларына эмнени эскерткен? Түшүндүргүлө.

17 Албетте, баарыбыз эле башкалардын бизди урматтап-сыйлашын каалайбыз. Бирок көпчүлүк биз жөнүндө терс ойдо болсо, баалуулугубуз төмөндөп калат деп ойлоо жаңылыштык болуп калмак. Иса: «Башкалар силерди адам Уулу үчүн жек көрүшсө, куушса, кордошсо, жаманатты кылышса, бактылуусуңар»,— деген (Лк. 6:22). Ал муну менен эмнени айткысы келген?

18 Иса жолдоочуларынын элге жек көрүндү болгону үчүн кубанышарын айткан эмес. Ал, болгону, аларга ошондой кыйынчылыктарга даяр болушу керектигин эскерткен. Биз бул дүйнөгө таандык эмеспиз жана Исанын окууларына ылайык жашап, ал айткан кабарды айтабыз. Ошондуктан бул дүйнө бизди жек көрөт. (Окугула: Жакан 15:18—21.) Биз Жахабага жагууну каалайбыз. Эгер башкалар бизди асмандагы Атабызды жакшы көргөнүбүз үчүн жек көрсө, тынчсызданып, жаман болбойбуз.

19. Элчилерди кантип туурасак болот?

19 Башкалар эмне дебесин, эмне кылбасын, Жахабанын Күбөсү болгонуңар үчүн уялбагыла (Мик. 4:5). Мисалы, Иса өлүм жазасына тартылгандан көп өтпөй эле, Иерусалимдеги элчилердин эмне кылганын карап көрөлү. Алардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү адамдардан коркпогонго жардам берет. Элчилер жүйүттөрдүн диний жетекчилери аларды канчалык жек көрөрүн жакшы билишчү (Элч. 5:17, 18, 27, 28). Ошентсе да күн сайын ибадатканага барып, элге кабар айтуу менен өздөрүнүн Исанын шакирттери экенин ачык көрсөтүшкөн (Элч. 5:42). Алар коркунучка алдырып, кызматын токтотуп коюшкан эмес. Биз да жумушта болобу, мектептеби же жашаган жерибиздеби, Жахабанын Күбөсү экенибизди жашырбай, дайыма ачык билдирсек, адамдардан коркуу сезимин жеңе алабыз (Элч. 4:29; Рим. 1:16).

20. Элчилер жек көрүндү болгонуна карабай эмне үчүн кубанышкан?

20 Элчилер эмне үчүн кубанышкан? Алар өздөрүнүн эмне себептен жек көрүндү болуп жатканын жакшы билишкен жана Жахабанын эркин аткаруу үчүн жаман мамилеге кабылышканын сыймык катары көрүшкөн (Лк. 6:23; Элч. 5:41). Кийинчерээк элчи Петир: «Силер адилдик үчүн азап чеккен күндө да бактылуу болосуңар»,— деп жазган (1 Пет. 2:19—21; 3:14). Башкалар бизди туура нерсени кылганыбыз үчүн жек көрүп жатканын түшүнсөк, алардан эч качан коркпойбуз жана Жахабага кылган кызматыбызды токтотпойбуз.

ДАЯРДАНУУНУН ПАЙДАСЫ

21, 22. а) Куугунтукка даярданыш үчүн эмнелерди кылайын деп жатасыңар? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

21 Биз качан куугунтук башталарын же ишибизге качан тыюу салынарын билбейбиз. Бирок Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдеп, кайраттуулугубузду чыңдап, бизди жек көргөндөрдөн коркпогонго үйрөнө берсек, ал сыноолорго даяр болорубузду билебиз. Азыртадан даярданганыбыз келечекте бекем бойдон калганга жардам берет.

22 Ал эми учурда ишибизге тыюу салынган болсочу? Кийинки макалада ушундай жагдайда да Жахабага кызмат кыла бергенге көмөк кыла турган принциптерди талкуулайбыз.

118-ЫР: «Ишенимибизди арттыра көр»

^ 5-абз. Биз башкаларга жек көрүндү болгубуз келбейт. Бирок, эртеби же кечпи, баарыбыз куугунтукка кабылабыз. Бул макала куугунтук учурунда кайраттуу болгонго жардам берет.

^ 7-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1965-жыл, 15-декабрь, 756—767-беттер, англ.

^ 14-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1981-жыл, 1-январь, 4—7-беттер, ор.; JW телеберүүсүнө чыккан «Нэнси Юэн. Жахабанын ысмы баарына белгилүү болот» деген видеотасма. (Жолу: ДИЛ МАЕКТЕР ЖАНА ОКУЯЛАР > СЫНООЛОРДО СЫНБАГАНДАР.)

^ 15-абз. Карагыла: «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби», 2008-жыл, 191, 192-беттер, ор.

^ 67-абз. СҮРӨТ. Үй-бүлөлүк изилдөө учурунда ата-энеси карточкаларды колдонуп, балдарына аяттарды жаттаганга жардам берүүдө.

^ 70-абз. СҮРӨТ. Үй-бүлө жыйналышка баратып Падышалык ырларын ырдап көнүгүүдө.