Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Тыюу салынганда да Жахабага сыйына берели

Тыюу салынганда да Жахабага сыйына берели

«Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз» (ЭЛЧ. 4:19, 20).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Ишибизге тыюу салынса, эмне үчүн таң калбашыбыз керек? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

ИШИБИЗГЕ тыюу салынган же катуу чектөө коюлган өлкөлөрдө жашаган жарчылардын саны 2018-жылы 223 000ден ашты. Биз буга таң калбайбыз. Себеби, мурунку макалада айтылгандай, Исанын чыныгы жолдоочуларынын куугунтукка дуушар болорун билебиз (2 Тим. 3:12). Кайсы жерде жашабайлы, өкмөттөгүлөр эскертпей туруп эле бир заматта мээримдүү Кудайыбыз Жахабага сыйынышыбызга тыюу салып коюшу мүмкүн.

2 Эгер силердин өлкөдө ушундай болгон болсо, балким: «Кудайдын ырайымынан айрылып калдыкпы? Мындан ары Жахабага сыйына албай калабызбы? Ага эркин кызмат кылыш үчүн башка өлкөгө көчүп кетишим керекпи?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар. Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз. Ошондой эле тыюу салынган убакта кызматыбызды уланта берүүгө эмне жардам берерине жана эмнелерден качышыбыз керектигине токтолобуз.

КУУГУНТУКТАЛГАНЫБЫЗ КУДАЙДЫН ЫРАЙЫМЫНАН АЙРЫЛЫП КАЛГАНЫБЫЗДЫ БИЛДИРЕБИ?

3. 2 Корунттуктар 11:23—27-аяттарга ылайык, элчи Пабыл кандай кыйынчылыктарга туш болгон жана анын башынан өткөндөрдөн эмнени биле алабыз?

3 Мамлекет башчылары ишибизге тыюу салса, Кудайдын ырайымынан айрылып калгандыктан ушундай болду деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок таптакыр андай эмес. Элчи Пабыл тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Жахаба аны жогору баалаган. Ал аны Грек Жазмаларына кирген 14 катты жазуу сыймыгына ээ кылган жана башка элдерге элчи кылып дайындаган. Ошентсе да Пабыл катуу куугунтукка туш болгон. (Окугула: 2 Корунттуктар 11:23—27.) Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба кээде өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын куугунтукталышына жол берет.

4. Дүйнө бизди эмне үчүн жек көрөт?

4 Иса биздин эмне себептен каршылыкка дуушар болорубузду түшүндүрүп: «Силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан,.. дүйнө силерди жек көрөт»,— деген (Жкн. 15:18, 19). Андыктан куугунтукталганыбыз Кудайдын ырайымынан айрылып калганыбызды билдирбейт. Тескерисинче, ага жаккандай иш кылып жатканыбызды айгинелейт.

ТЫЮУ САЛЫНСА, ЖАХАБАГА КЫЛГАН КЫЗМАТЫБЫЗ ТОКТОП КАЛАБЫ?

5. Адамдар Жахабага кылган кызматыбызды толугу менен токтото алабы? Мисал келтиргиле.

5 Адамдар кудурети чексиз Жахабага кылган кызматыбызды толугу менен токтото албайт. Буга көптөр аракет кылган, бирок ийгиликке жеткен эмес. Маселен, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кандай болгонуна көңүл буралы. Ошол маалда көп өлкөлөрдө Кудайдын эли катуу куугунтукталган. Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине Германиянын нацисттик партиясы эле эмес, Австралиянын, Канаданын жана башка өлкөлөрдүн өкмөтү да тыюу салган. Бирок анын натыйжасы кандай болгон? 1939-жылы согуш оту тутанганда, дүйнө жүзү боюнча 72 475 жарчы бар болчу. Ал эми 1945-жылы согуш аяктаганда, отчёттордон жарчылардын саны 156 299га жеткени айкын болгон. Ооба, Жахаба батасын бергендиктен, жарчылардын саны эки эсе өскөн.

6. Куугунтук болгондо, Кудайдын эли эмне кылат? Мисал келтиргиле.

6 Куугунтук болгондо, Кудайдын эли коркунучка алдырып койбойт, тескерисинче, ага көбүрөөк кызмат кылганга чечкиндүү болуп калат. Мисалга ишибизге тыюу салынган өлкөдө жашаган, кичинекей баласы бар жубайларды алалы. Алар куугунтуктан коркуп, азыраак кызмат кылып калышканбы? Жок. Кайра, экөө тең үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштаган. Ан үчүн аялы атүгүл маянасы жакшы жумушун таштаган. Күйөөсү болсо тыюу салынгандан кийин көптөр Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө билгиси келгенин, анын аркасында изилдөө баштоо оңоюраак болуп калганын айткан. Ишибизге тыюу салынганы дагы бир жагынан пайдалуу болгон. Ошол эле өлкөдө кызмат кылган бир аксакал жигердүү эмес болуп калган көптөгөн жарчылардын кайрадан жыйналышка келип, кабар айтуу ишине катыша баштаганын айткан.

7. а) Лебилер 26:36, 37де биз үчүн кандай сабак камтылган? б) Тыюу салынып калса, эмне кыласыңар?

7 Душмандар тыюу салуу менен жүрөгүбүздүн үшүн алып, Жахабага кылган кызматыбызды токтотууну көздөйт. Андан тышкары, биз тууралуу ар кандай жалган маалыматтарды таратышы, өкүлдөрүн үйлөрүбүздү тинтүүгө жибериши, сотко алып барышы, атүгүл айрымдарыбызды түрмөгө каматышы ыктымал. Алар бир нечебизди түрмөгө отургузуу менен калгандарыбызды коркутуп коёбуз деп ойлошот. Эгер коркунучка алдырсак, кызматыбызга өзүбүз «тыюу салып» коюшубуз мүмкүн. Эч кимибиз Лебилер 26:36, 37де айтылган адамдардай болуп калгыбыз келбейт. (Аяттарды окугула.) Биз коркуу сезиминен улам рухий иштерге азыраак катышууну же аларды токтотуп коюуну каалабайбыз. Анын ордуна, толугу менен Жахабага таянабыз жана дүрбөлөңгө түшпөйбүз (Ыш. 28:16). Андан тиленип, жетекчилик издейбиз. Бизге бут тосууга аракет кылган өкмөт канчалык күчтүү болбосун, Жахабанын колдоосу менен ишенимдүү кызмат кыла беребиз (Евр. 13:6).

БАШКА ЖАККА КӨЧҮП КЕТИШИМ КЕРЕКПИ?

8, 9. а) Кудайдын ар бир кызматчысы өзүнө же үй-бүлөсүнө байланыштуу эмнени чечиши керек болот? б) Акылдуулук менен чечим чыгарууга эмне жардам берет?

8 Эгер силер жашаган өлкөдө ишибизге тыюу салынган болсо: «Жахабага эркин кызмат кылыш үчүн башка өлкөгө көчүп кетишим керекпи?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Муну ар бир жарчы өзү чечет. Айрымдар чечим чыгарардан мурун Исанын 1-кылымда жашаган жолдоочуларынын куугунтукка кабылганда эмне кылышканын изилдөөнү туура көрүшү ыктымал. Душмандар Степанды таш бараңга алып өлтүргөндөн кийин, Иерусалимдеги шакирттер Жүйүт жерине, Самарияга, атүгүл тээ алыскы Финикияга, Кипрге жана Антиохияга көчүп кетишкен (Мт. 10:23; Элч. 8:1; 11:19). Ал эми кээ бир ишенимдештерибизге чечим чыгарууга элчи Пабылдын үлгүсү жардам береттир. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары дагы бир жолу куугунтукка кабылганда, Пабыл башка жакка кетпей эле коюуну чечкен. Өмүрүнө коркунуч туулса да, ал кабар айта берген жана катуу каршылык көрсөтүлүп жаткан шаарлардагы ишенимдештерин бекемдеген (Элч. 14:19—23).

9 Бул билдирүүлөрдөн кандай жыйынтык чыгарсак болот? Башка өлкөгө көчөр-көчпөсүн ар бир үй-бүлө башчысы өзү чечиши керек. Бирок чечим чыгарарда Жахабадан тиленип, үй-бүлөсүнүн жагдай-шарты тууралуу кылдат ойлонушу кажет. Ошондой эле чечиминин оң жана терс жактарын таразалап көргөнү зарыл. Бул маселеде Кудайдын ар бир кызматчысы «өз жүгүн өзү көтөрүүгө» тийиш (Гал. 6:5). Биз башкаларды чыгарган чечими үчүн сындабашыбыз керек.

ТЫЮУ САЛЫНГАН УБАКТА ЖАХАБАГА КАНТИП СЫЙЫНАБЫЗ?

10. Тыюу салынган убакта филиал жана аксакалдар бизди кантип жетектейт?

10 Ишибизге тыюу салынганда Жахабага андан ары да сыйына берүүгө эмне жардам берет? Андай учурда филиал жергиликтүү аксакалдарга рухий тамакты алууга, жолугушууларды өткөрүүгө жана кабар айтууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү берет. Эгер филиал аксакалдар менен байланыша албай калса, анда аксакалдар силерге жана жыйналыштагы бардык бир туугандарга Жахабага сыйына берүүгө көмөк көрсөтүшөт. Алар көрсөтмөлөрүн Ыйык Китепке жана адабияттарыбызга негиздешет (Мт. 28:19, 20; Элч. 5:29; Евр. 10:24, 25).

11. Рухий тамактан өксүбөй турганыбызга эмне үчүн шектенбесек болот жана аны сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек?

11 Жахаба өзүнүн кызматчыларын рухий тамактан өксүтпөй турганын убада кылган (Ыш. 65:13, 14; Лк. 12:42—44). Андыктан анын уюму ишенимиңерден тайбаш үчүн зарыл болгон нерсенин баарын береринен шектенбесеңер болот. Анткен менен силерден да иш-аракет кылуу талап кылынат. Ишибизге тыюу салынганда, Ыйык Китебиңерди жана колуңарда болгон адабияттарды катканга ылайыктуу жер тапкыла. Кагаз түрүндө болобу же электрондук түрдөбү, баа жеткис адабияттарыбызды оңой эле таап ала турган жерге катпагыла. Рухий жактан бекем бойдон калыш үчүн ар бирибиз колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек.

Жахабанын жардамы менен жолугушууларыбызды коркпой өткөрө беребиз (12-абзацты карагыла) *

12. Аксакалдар жолугушууларды башкаларга билинбегидей кылып кантип уюштурушат?

12 Ал эми жолугушууларыбыз тууралуу эмне айтууга болот? Аксакалдар жолугушууларды башкаларга билинбегидей кылып уюштурушат. Алар чакан топ болуп чогулууну жана жолугушуулардын убактысын, жерин бат-баттан алмаштырып турууну айтышы мүмкүн. Жолугушууга келатканда же кетип баратканда акырын сүйлөө менен ишенимдештерибиздин коопсуз болушуна шарт түзөбүз. Ошондой эле башкалардын көңүлүн бурдурбаш үчүн жыйналыштан башка учурдагыдай кийинишибиз керек болушу ыктымал.

Ишибизге тыюу салынса да, кабар айтканыбызды токтотпойбуз (13-абзацты карагыла) *

13. Мурунку Советтер Союзундагы бир туугандардан кандай үлгү алсак болот?

13 Кабар айтуу иши жөнүндө айта турган болсок, ар кайсы өлкөдө жагдай-шарт ар кандай болгондуктан, кээ бир жерлерде бир туугандар өтө жашырынбай эле кызмат кыла берсе, башкаларында көбүрөөк сак болуу талап кылынышы мүмкүн. Жахабаны сүйгөндүктөн жана анын Падышалыгы жөнүндө башкалар менен сүйлөшкөндү жакшы көргөндүктөн кабар айтуунун жолдорун табарыбыз шексиз (Лк. 8:1; Элч. 4:29). Мурунку Советтер Союзундагы Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу иши тууралуу Эмили Баран деген бир тарыхчы мындай деп белгилеген: «Өкмөт ишеними тууралуу башкаларга айтууга тыюу салганда, Күбөлөр кошуналары, чогуу иштешкендери, достору менен маектеше башташкан. Ошондон улам түзөтүү-эмгек абагына жөнөтүлүшкөн. Ал жактан Күбөлөр өздөрүнүн дини жөнүндө абакта чогуу отургандарга айтуунун жолдорун издешчү». Ооба, тыюу салынганына карабай Советтер Союзундагы бир туугандар кабар айтканын токтотушкан эмес. Эгер өлкөңөрдө кабар айтуу ишине тыюу салынып калса, силер да алардай чечкиндүү болгула!

ЭМНЕЛЕРДЕН КАЧЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

Кайсы учурда унчукпаш керектигин баамдай билишибиз керек (14-абзацты карагыла) *

14. Забур 39:1де жазылгандар эмнеден качууга жардам берет?

14 Башкалар менен сүйлөшкөндө сак болгула. Тыюу салынган маалда качан «унчукпай турган убак» экенин баамдай билишибиз кажет (Нас. 3:7). Купуя маалыматтарды, айталы, бир туугандардын аты-жөнүн, чогулган жерлерибизди, кантип кабар айтып жатканыбызды же рухий тамакты кантип алып жатканыбызды башкалар менен бөлүшкөндөн сак болушубуз зарыл. Андай нерселерди бийлик өкүлдөрүнө эле эмес, бизди колдогон туугандарыбызга же досторубузга, алар кайсы өлкөдө жашабасын жана Жахабанын Күбөсү болобу, жокпу, айтпашыбыз керек. Болбосо ишенимдештерибиздин коопсуздугуна коркунуч туудурабыз. (Окугула: Забур 39:1.)

15. Шайтан эмне кылууга аракет кылат жана анын тузагына түшпөш үчүн эмне кылышыбыз керек?

15 Болор-болбос көйгөйлөрдүн ынтымагыбызды ыдыратышына жол бербегиле. Шайтан «ич ара бөлүнгөн үйдүн» урай турганын жакшы билет (Мр. 3:24, 25). Ал ортодогу биримдигибизди бузууга тынбай аракет кыла берет. Ошондой жол менен бизди ага эмес, бири-бирибизге каршы чыгарууну көздөйт.

16. Гертруд Пётцингер кандай үлгү калтырган?

16 Атүгүл Кудайдын рухий жактан күчтүү кызматчылары да бул тузакка түшүп калуудан этият болушу керек. Гертруд Пётцингер жана Эльфриде Лёр деген майланган бир туугандардын мисалына токтололу. Ал эки эже башка Күбөлөр менен бирге нацисттик концлагерге жөнөтүлгөн. Гертруд эже Эльфриде бир туугандын ишенимдеш эже-сиңдилерин бекемдеп сөз сүйлөгөнүнө ичи тардык кыла берчү. Кийинчерээк ошенткенине уялып, Жахабадан жардам беришин суранган. Ал: «Башкалардын бизге караганда жөндөмдүүрөөк экенин же көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болгонун туура кабыл алганды үйрөнүшүбүз керек»,— деп жазган. Гертруд көрө албастыгын кантип жеңген? Ал Эльфриденин жакшы сапаттарына, жароокердигине көңүл топтогон. Мунун аркасында аны менен кайрадан жакшы мамиледе болуп калган. Экөө тең концлагерден аман-эсен чыгып, жердеги жашоосу аяктаганга чейин, Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кылышкан. Эгер бир туугандар менен болгон келишпестиктерди чечүүгө умтулсак, биримдигибиздин бузулушуна жол бербейбиз (Кол. 3:13, 14).

17. Уюмдан келген көрсөтмөлөргө дайыма карманганыбыз эмне үчүн маанилүү?

17 Өзүм билемдик кылбагыла. Жоопкерчиликтүү бир туугандар берген көрсөтмөлөргө бек кармансак, көптөгөн кыйынчылыктардан кача алабыз (1 Пет. 5:5). Бир окуяга көңүл буралы. Ишибизге тыюу салынган бир өлкөдө жоопкерчиликтүү бир туугандар жарчыларга расмий эмес күбөлөндүрсө болорун, бирок эч кимге адабият бербеши керектигин айтышкан. Анткен менен бир пионер кандай кылышты жакшыраак билем деп ойлогондуктан, ал көрсөтмөгө карманбай, адабият тараткан. Натыйжасы кандай болгон? Кызматы аяктагандан кийин, аны жана аны менен чогуу жүргөн айрым бир туугандарды полиция кызматкерлери суракка алышкан. Көрсө, бийлик өкүлдөрү алардын артынан аңдып, тараткан адабияттардын баарын чогултуп жүрүшүптүр. Бул окуядан кандай сабак алсак болот? Берилген көрсөтмөлөр бизге анча туура эместей көрүнсө да, аларга так карманганыбыз маанилүү. Жетекчиликти колго алууга дайындалган бир туугандар менен кызматташканыбызда, Жахаба дайыма батасын берет (Евр. 13:7, 17).

18. Зарылдыгы жок эрежелерди чыгаруудан эмне үчүн качышыбыз керек?

18 Зарылдыгы жок эрежелерди чыгарбагыла. Аксакалдар кереги жок эрежелерди чыгара берсе, жагдай ого бетер оорлошу мүмкүн. Мурунку Чехословакияда ишибизге тыюу салынган маалда эмне болгону жөнүндө Юрай Каминский деген бир тууган мындай деген: «Жоопкерчиликтүү бир туугандар менен көптөгөн аксакалдар түрмөгө камалганда, жыйналыштарда жана райондордо жетекчиликти колго алгандардын айрымдары жарчыларга эмне кылышы жана эмне кылбашы керектигин айтып, өздөрүн алып жүрүүгө карата ар кандай эрежелерди чыгарышкан». Белгилей кетчү нерсе, Жахаба бизге башкалар үчүн чечим чыгарууга укук берген эмес. Ашыкча эрежелерди чыгаргандар ишенимдештеринин коопсуздугуна өбөлгө түзбөй эле, алардын ишенимине «үстөмдүк кылган» болот (2 Кор. 1:24).

ЖАХАБАГА СЫЙЫНГАНЫҢАРДЫ ЭЧ КАЧАН ТОКТОТПОГУЛА

19. Шайтан кандай тоскоолдук жаратпасын, 2 Жылнаама 32:7, 8ге ылайык, эмнеге бекем ишенсек болот?

19 Башкы душманыбыз Шайтан Ибилис Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын куугунтуктай берери айдан ачык (1 Пет. 5:8; Аян 2:10). Ал өзүнүн таламдаштары менен Жахабага сыйынышыбызга тыюу салууга аракет кылат. Бирок коркунучка алдырышыбызга эч кандай себеп жок (Мыйз. 7:21). Анткени Жахаба биз тарапта жана ишибизге тыюу салынса да, ал бизди колдой берет. (Окугула: 2 Жылнаама 32:7, 8.)

20. Силер эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

20 Келгиле, баарыбыз 1-кылымдагы ишенимдештерибиздей чечкиндүү бололу! Алар өздөрүнүн күндөрүндөгү башкаруучуларга: «Кудайдын алдында Аны эмес, силерди укканыбыз туура болобу? Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешкен (Элч. 4:19, 20).

73-ЫР: Кайраттуу кыла көр

^ 5-абз. Бийликтегилер Жахабага сыйынышыбызга тыюу салып койсо, эмне кылышыбыз керек? Бул макалада ошондой учурда кызматыбызды уланта бериш үчүн эмнелерди кылып, эмнелерден качышыбыз керектигине байланыштуу пайдалуу кеңештерди карап чыгабыз.

^ 59-абз. СҮРӨТ. Бардык сүрөттөрдө ишибизге чектөө коюлган өлкөлөрдө кызмат кылган бир туугандардын иш-аракеттери чагылдырылды.

^ 61-абз. СҮРӨТ. Бир туугандардын чакан тобу ишенимдешибиздин кампасында жолугушуу өткөрүүдө.

^ 63-абз. СҮРӨТ. Бир келин менен сүйлөшүп жаткан бир тууган (сол жакта) ага кабар айтууга мүмкүнчүлүк издөөдө.